Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

Жеңиш колдо, түйшүк алдыда


52 жаштагы Барак Обама экинчи мөөнөткө президент шайланды. Көпчүлүк талдоочулар Ак үй үчүн болгон саясий эрөөлдө ким жеңерин так болжой албай жатышкан.

Республикачыл Митт Ромни жеңилгенин тастыктап, атаандашын жеңиши менен куттуктаганын жаамы журтка жарыя кылды. Обаманын демейде демократтардын таянычы эсептелген аймактардан башка да “арсар" шаттарда, бөтөнчө, Огайодо көп добуш алганы анын жеңиши үчүн маанилүү болду.

Барак Обама добуш берүүнүн жыйынтыгын Чикаго шаарындагы үйүндө күттү. Ал жеңгени маалым болгондон кийинки кайрылуусунда республикачыл Митт Ромни менен жакынкы жумаларда кездешип, Кошмо Штаттарды алга сүрөө үчүн кантип чогуу иштөө жагын масилеттешерин билдирди. Обама ошондой эле Американын түптөөчүлөрүнүн өлкө жарандары өңү-түсү, теги, мүлк-дүйнөсүнө карап бөлүнбөсүн, баары бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болсун деген аруу тилеги аткарылып жатканын эскерте кетти:

- Биздин мамлекетти негиздөөчүлөрдүн эгер чымыркана эмгектенгенге даяр болсоң, сенин ким экениң, кайдан келгениң, кимге окшошуң, кимди сүйгөнүң маанилүү эмес деген осуятын аткара алабыз деп ишенем. Сен аксыңбы же карасыңбы, испансыңбы же азиялыксыңбы, же тегиң америкалыкпы, жашсыңбы же карысыңбы, байсыңбы же жардысыңбы, дениң сообу же майыпсыңбы, кумсасыңбы же жубардай адамсыңбы - маанилүү эмес. Сен Америкада аракет эле кылганга даяр болсоң, баарын жасай аласың.

Митт Ромни президенттик таймашта уттурганын Бостон шаарындагы шайлоо штабында мойнуна алып, Барак Обаманы куттуктады:

- Мен эми эле президент Обаманы жеңиши менен куттуктадым. Анын колдоочулары жана өнөктөштөрү да куттуктоого арзышты. Мен алардын баарына, айрыкча, президентке, биринчи айымга жана кыздарына бар жакшылыкты каалайм. Азыр Американын алдында чоң милдеттер турат. Мен президент биздин мамлекетти ийгиликтүү жетектөөсү үчүн дуба кылам.

Барак Обаманын өгөй чоң энеси небересинин жеңишине ишенген.
Барак Обаманын өгөй чоң энеси небересинин жеңишине ишенген.
Президент Обаманын Кениядагы чоң энеси Сара Обама кабарчылар менен кездешүүдө небересинин жеңишинен күмөн санабаганын айтып: “Аны үйү күтөт. Мен небереме ишенип шайлаган элиңе мыкты кызмат кыл деп гана тилек айтам” деди.

Барак Обаманын алдында опол тоодой саясий-экономикалык милдеттер турат. Азыр АКШнын эмгекке жарамдуу калкынын 7,9 проценти жумушсуз жүрөт. Экономикалык өсүш 2 процентке жетип-жетпейт. Банктарды реформалоо планы чала турат. Саламаттык жаатында эки жыл мурда бекитилген реформа 2014-жылы иштей баштоосу үчүн тийиштүү финансылык даярдык керек. Тез көбөйүп бараткан иммигранттар маселеси да бар.

Обаманын кеңсеси баштаган реформаларын аягына чыгаруусу жана жаңыларына киришүүсү үчүн Конгресстин республикачылар үстөмдүк кылган Өкүлдөр палатасы менен мунаса табышы лаазим.

Талдоочулар климаттын өзгөрүүсү, 2014-жылы Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү, Иранды талаштуу ядролук программасынан баш тарттыруу, Азия-Тынч океан алкагындагы өлкөлөр арасындагы аскерий-экономикалык тирешүү - мунун баары Обама үчүн жандырмагы катаал маселе экенин айтышат.

​Барак Обама төрт жылдан соң артында калтырчу саясий мурасы жөнүндө да азыртадан кам көрүшү зарыл. Бул президент башындагы партияны да тынчсыздандырчу проблема экенин айтат АКШдагы атактуу Като изилдөө борборунун коргонуу жана тышкы саясат программасынын директору Христофер Пребл:

- Эгер президент тышкы саясатта коомчулук каалабаган бир нерсе жасачу болсо, башкаруучу партияга олуттуу зыян тийгизиши ыктымал. Менимче, алар бул жагын ойлошууда. Биз мындай фактыны кенже Жорж Буштун экинчи мөөнөтүндө көрдүк. Президент Буш тышкы саясатта кээ бир өзгөрүүлөрдү жасаганга аракет кылган. Бирок 2005-2006-жылдары коомчулук Ирактагы согушка кошумча күч жөнөтүүсүнө карамандай каршы чыккан. Коомдук пикирге каршы баруу 2006-2008-жылдары Республикалык партияга ачыктан ачык зыян келтирди деп ойлойм.

Серепчилердин байкашынча, Вашингтон-Москва мамилесинде чоң өзгөрүүлөр болбойт. АКШ бирок Азия-Тынч океан регионундагы Жапония, Түштүк Корея, Австралия сыяктуу эски союздаштары менен ымаланы жакшыртып, ошол эле мезгилде Вьетнам, Индонезия жана Филиппин менен жакындашканга аракет кылат деп болжолдонууда.

АКШдагы эң ири AFL-CIO кесиптик кошуунунун штаб-квартирасында шайлоочулардын кубанычын Жаңыл Жусупжан видеого түшүрүп алды.

XS
SM
MD
LG