Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Каптагаев: 7-ноябрь идеологиялык маанисин жоготту


"Азаттыктын" архивинен: 22-апрель, 2010-жыл, Бишкек
"Азаттыктын" архивинен: 22-апрель, 2010-жыл, Бишкек

Кыргызстан - Улуу Октябрь социалисттик революциясын майрамдаган постсоветтик бирден бир өлкө. 7-ноябрды иш күн эмес деп жарыялап, календарга кызыл белги коюунун бүгүнкү маани-маңызын "Азаттык" президенттин кеңешчиси Эмил Каптагаевден сурады.

Каптагаев: Баарыбыз билебиз, Совет доорунда 7-ноябрь идеологиялык улуу майрам болчу. Анткени Улуу Октябрь революциясы дал ушул 7-ноябрда болуп, социалисттик доор орногон.

Азыр идеологиялык жактан бул майрамдын маани-мазмуну жок. Анткени коммунисттик идеология банкрот болду, социалисттик лагерь кулады, Советтер Союзу ыдырады. Ушундай шартта бул майрамдын маани-маңызы жок. Бир аз жыл мурда коммунисттер партиясынын фракциясы да бар болчу. “Ак жол” партиясы баарын бир добуштан өткөрүп турган убакта оппозициялык фракциянын да сунушу өтүп жатат деген мааниде өткөрүп коюшкан.

Октябрь революциясын бул майрамга байлабай алсак, 1917-жылкы февралдагы буржуазиялык жана октябрь революциясы Кыргызстандын тарыхындагы бурулуш учур болгон. Ошол эки революция болбосо кыргыз эли, мамлекети сакталып калары оор болмок. Анткени 1916-жылдагы кыргын саясатынан кийин кыргыз элинин сакталып калышы мүмкүн эмес болчу. Бүгүн Кыргызстан, кыргыз эли деген түшүнүк болмок эмес. Бул жагынан алганда революциялардын мааниси бар.

Андан кийинки социалисттик доор да кыргыз эилинин калыптанышына, өнүгүшүнө чоң өбөлгө түздү. Маданиятыбыз, сабатыбыз, илимибиз өстү. Мамлекеттүүлүгүбүздү түптөп алып, ошонун негизинде 91-жылы эгемендикке жетиштик. Бул тарыхый мааниси жагынан...

"Азаттык": Сиз айткандай ошол советтик доордун Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон ошол учурларын эске алып, майрам күн деп белгилөөгө муктаждыр. Мисалы, Орусияда тилектештик күн деп белгиленет экен.

Каптагаев: Эми Орусияда Ельциндин убагында советтик доордон кете албай, атын өзгөртүп, майрам катары сактап калды да. Биз үчүн 7-ноябрды бардык башка эл аралык күндөр сыяктуу эле Октябрь революциясынын күнү деген сыяктуу эле сактап, лекциялар, талкуулар аркылуу гана болгон таасирин, маанисин ачып көрсөтүп турушубуз керек. Бирок мамлекеттик майрам катары кармап туруунун эч зарылдыгы жок.

"Азаттык": Кыргызстан уникалдуу өлкө деп көп айтылат. 7-ноябрь ошонун бир көрүнүшү сыяктуу да. Мисалы, бул күнү укук коргоочулар репрессия курмандыктарын эскерип атышса, коммунисттер Лениндин эстелигине гүл коюп атышат. Сизге кандай таасир калтырды?

Каптагаев: Эми укук коргоочулар ошол Октябрь революциясы күнүнө альтернатива катары атайын акция катары уюштуруп атышат. Коом чынында бир беткей өнүкпөйт экен да. Мисалы, социалисттик доор кыргыз элинин улут катары, мамлекет катары калыптанышына кандай шарт түзсө, ошол эле мезгилде 20-30-жылдары кыргыз улутунан чыккан эң чыгаан уул-кыздары түрмөгө түшүп, атылып, жок болуп кетпедиби.

Бул коомдун ошол кездеги татаал өнүгүшү, карама-каршылыгы. Ошонун кесепетинен Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Абдыкерим Сыдыков өндүү жүздөгөн эр-азаматтарыбыз атылып кетти да. Биз муну да эскеришибиз керек. Бирок, ошол эле мезгилде кыргыз элинин маданияты социалисттик доор аркылуу дүйнөлүк маданияттын эң чокусуна чыккыдай өнүктү. Ошон үчүн советтик доорду бир беткей жакшы же жаман деп айтууга болбойт.

"Азаттык": 7-ноябрь кызыл менен белгиленбесе да медиа каражаттарынын, журналисттердин күнү катары көбүрөөк таасирдүү болуп жаткан жокпу? Же мен журналист болгон үчүн ушундай сезип атамбы?

Каптагаев: Жок, бул жагы туура. Кечээтен берки куттуктоолордо деле, прессада деле, эл ичинде деле Улуу Октябрь революциясынын күнү менен деп куттуктагандар жок. Бул күндүн, менимче, журналистика күнү катары мааниси көбүрөөк.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG