Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Борбордук Азия

Казакстан: “Тырмактууга тептирбей бапестеген” кайын атага жооп

22.05.2009

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин “Кесеп кайын ата” (“Крестный тесть”) аттуу китеби көптөн бери созулуп келаткан үй-бүлөлүк жаңжалдын отуна май тамызгандай болду.

Рахат Алиев өз китебинде президентти диктатор деп атап, кайын атасын жана анын айланасындагылардын сырларын ачкан. Казакстандын башкы прокуратурасы Рахат Алиевди кызмат абалынан пайдаланып кат алышууда, телефон сүйлөшүүлөрүндө жана башка мааалыматтарда камтылган сырды шардана кылды деп кылмыш ишин козгоду. Мындан тышкары прокуратура гезит, журналдарды китептеги маалыматты басып чыгаруу үчүн кылмыш жазасы караларын эскертти.

“Кесеп кайын ата”
аттуу китебинде президенттин мурдагы күйөө баласы, көп жылдан бери мамлекеттик кызматтарда иштеген Рахат Алиев Назарбаевдин жеке турмушун жана мамлекеттик сырларды ачкандай болду.

Учурда Австриянын Вена шаарында бозгунда жүргөн Алиев өз мекенинде 40 жылга эркинен ажыратылган. Ага коррупцияга жана адам уурдоого тийешеси бар, мамлекеттик чыккынчылык кылган деген айып тагылган.

540 барактан турган китеп - орус жана немис тилдеринде жарык көрдү. Казакстандын Башкы прокуратурасы мамлекеттик сырларды шардана кылды деген айып менен Алиевге каршы дагы бир кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Сапарбек Нурпейисов китептеги маалыматты басып чыгарган массалык маалымат каражаттары да кылмыш жообуна тартыларын эскертти:

- Эгерде бизге казак жараны бул китепти сатып алганы, же сатканы тууралуу маалымат түшсө, ал кылмышкер Рахат Алиев менен кызматташкандыгы үчүн сот жообуна тартылат. Бул китепте мамлекеттик сырлар камтылган. Бул сырларды билүүгө уруксаты жок адам китептин мазмуну менен таанышууга укугу жок.

Назарбаев мурдагы күйөө баласы Алиевден ушундай кадамды күттү болду бекен...
“Кесеп кайын ата” аттуу китебинде Рахат Алиев өзүн “белгилүү саясий ишмер, Казакстандын Австриядагы мурдагы элчиси, Казакстандын ЕККУ, БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы чабарманы, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жогорку өкүлү” деп тааныштырган.

Китепте Алиев менен Назарбаевдин бетме-бет сүйлөшүүлөрү үтүр-чекитине чейин жазылган. Алиев бир жолу Назарбаев менен сүйлөшүүгө диктафонду жашыруун ала барганын айтат. Китепте Назарбаевдин башка өлкөнүн лидерлери, ырасмий адамдары менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү, жашыруун каттардын копиялары да тиркелген.

Алиев өз китебин “даректүү роман” деп атап, андагы маалыматтар, келтирилген жүйөлөр жана кишилердин ысымдары турмуштагыдай өзгөртүлбөй берилгенин айтат.

Рамат Алиев өз китебинде “1991-жылдан бери Казакстанды башкарып келаткан Назарбаев алсыз өлкөдөгү демократияны муунтту” деп жазат.

Рахат Алиев “кесеп кайын атага каршы чыгуу мүмкүн эмес. Себеби ал жашыруун полицияны түзүп, коррупциялашкан сот, тергөөчүлөр жана журналисттер анын айтканын айткандай орундатат. Парламент, сот, интернет – булардын бардыгы президенттин көзөмөлүндө. Оппозиция жок кылынды” деп жазат.

“Азаттык” үналгысынын Казак кызматына берген маегинде Рахат Алиев бул китептин айланасындагы чууну мындайча чечмелейт:

- Мага каршы дагы бир кылмыш ишинин козголушу – бул китепте келтирилген жүйөлөр чындык болгонун дагы бир ирээт тастыктайт.

Алиев “Кесеп кайын ата” аттуу китебинде “2012-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу нийетимди билдиргеним үчүн жана Назарбаевдин Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу чечимине каршы чыкканым үчүн мен номур биринчи душман аталдым” деп жазат.

Китептин автору президент өз атаандаштарын жок кылуу ыкмасын мыкты өздөштүргөнүн, Казакстандын Коопсуздук кызматы белгилүү оппозиционер Алтынбек Сарсенбаев жана анын эки өнөктөшүн өлтүргөн деп ырастайт.

Президенттин жеке турмушуна да токтолгон Алиев өз китебинде Назарбаев президенттик орунду 28 жаштагы үчүнчү аялынын баласына өткөрүп берүү тууралуу нийети болгонун жазат. Алиев 2035-жылы ал бала 30 жашка толгондо Назарбаев аны мураскор деп жарыяларын айтат.

Алиев өзүн чоң кызматтарга коюп, “тырмактууга тептирбей, мүйүздүүгө сүздүрбөй бапестеген кайын атасы, президент Назарбаевди коркунучтуу, ачкөз, тайманбас жана ырайымсыз адам катары сүрөттөйт.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: ///
26.05.2009 18:37
kulcha ischtep bijshe jur deit. al adam 5 ajal alyp bijlese da jarashat. al turgany mamleket kancha onoldu. anyn janynda kyrgystan shimkirigin tarta albagan baladai. al emi rahat aliev nasarbaev menen kancha kelishpegen kunu da mamlekettin syryn achpash kerek bolchu. al emne bolgondo da kazak. myndai adamdar urushtary ozulorunun ortosunda da gana boluu kerek. satkynchy eken. erkek emes.

кимден: Алмаз каяктан: Казахстан
26.05.2009 13:59
Биринчиден Элдин турмушун ойлоп, анан өзүнүкүн ойлогон адам Назарбаев, ар кандай сөздөр айтылганы, китептер жазылганы менен Казахстан Кыргызстандан бир топ жагынан өтө алгалап кетти. Ар кандай кытмыр иштерди баардык эле эл башчылары кылышы мүмкүн.

кимден: Кыргыз
26.05.2009 07:08
Болгон иш болду. Казахстандын бийликтердеги адамдардын "аркасы" ачылды. Бир жактан Казахстанга кызганып жатам. Бир жолу аркасы ачылды, эмкисинде ойлонуп аракет кылышат. Эмне болсо дагы: Казах Кыргыз Туугандар. Эмне болбосун, Биз Кыргыздар, Казах Боордошторубузга колдон келишинче жардам беребиз, деп ойлойм!!! Тынч Бол Кыргыз! Тынч Бол Казах!

кимден: Айзат каяктан: Бишкек
25.05.2009 10:27
Мен бул маалыматтар менен биринчи жолу тааныш болуп жатам. Чынын айтсам, Н.Назарбаев мен үчүн биринчи идеальный саясий ишмер адам болуп саналат. Бирок үй-бүлөлүк жана саясаттагы кытмыр иштерин ким билет. Албетте, карама-каршы иштери болсо болуп жаткандыр, бирок элин деле ошондой карап жатпайбы? Мен бир жаш аялы бар деп уккам, бирок үчүнчү да аялы бар экенин биринчи жолу угуп жатам. Жанагы 2035-жылы баласы 30ка чыгып калат да, аны мураскор катары жарыялайт дегени чындык болуш керек. Анткени президент Н.Назарбаевдин биринчи аялынан бир да эркек баласы жок, болгону үч кызы бар жана неберелери бар. Чынында эле Казакстан-2030 деп бекеринен жарыяланбаптыр да. Казакстандагы бүткүл стратегиялык өнүгүш 2030-жылы курулуп бүтүш керек деп жарыяланган да, бунун дагы бир мааниси өзүнүн баласын мураскор кылат турбайбы?!

кимден: Адилет каяктан: Москва
25.05.2009 01:36
Сен менин досумсун бирок чындык сенден да артык турат деген эң туура
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)