Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

БЭК: Бар бололу же жок бололу...

06.02.2010
Илим Жанузаков

Бириккен элдик кыймылы демократиялык-укуктук мамлекет куруу жолунда чечүүчү күрөшкө чыгууну пландоодо. Бул тууралуу БЭКтин 6-февралдагы жыйынында айтылды. Айрым саясий ишмерлердин айтымында, БЭКтин мүчөлөрү бийликке келсе эле заман оңолуп кетпейт.

Бириккен элдик кыймылдын кезектеги жыйынында өлкөдөгү кырдаал талкууланып, кыймылдын иштери талданды. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров жыйында өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал, камап-сабоолор, саясий куугунтуктар тууралуу кеңири баяндама жасады.

Айрылыш жол

Азимбек Бекназаровдун айтымында, бир топтон бери өлкөнү Курманбек Бакиев башкарбай эле анын кичүү уулу Максим Бакиев менен иниси Жаныш Бакиев башкарып калган. Бирөөсү бүтүндөй каржы тармагын колго алса, экинчиси күч органдарын былкылдатпай башкарып келатат. Анын пикиринде, “Түндүкэлектр”, “Кыргызтелеком” сыяктуу өлкөнүн стратегиялык тармактары да бийликте турган бир үй-бүлөнүн жана аларды жандап жүргөндөрдүн кызыкчылыгы үчүн сатылууда. Оппозицияны да биротоло талкалоо планы иштеп атканына токтолгон А. Бекназаров, 20-февралда боло турчу кеңири жыйында бардык маселелерди кабыргасынан коюп, “үй-бүлөлүк бийлик менен күрөшүүдө же бар бололу же жок бололу” деген сунуш киргизди.
 Биз боло турган, же болбой тургандай бир чечимге келип, анан аракет кылышыбыз керек.
А. Бекназаров

А.Бекназаровдун айтымында, бириккен оппозиция дагы өз ара ынтымактуу боло албай, бийликке сөз ташыгандар менен жеке кызыкчылыгын көздөгөндөрдү арасына киргизип алган. Бул маселеге Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев да токтолуп, былтыркы президенттик шайлоодо оппозициянын ичинен саткындар чыкканын баса белгиледи.

А. Бекназаров ошондой эле бийлик 23-мартта Ынтымак курултайын чакырып атканын, ага жооп кылып бириккен оппозиция 24-мартта чыныгы элдик курултай өткөрүүсү керектигин сунуштады:

- Бир нерсени айтып коёюн. Булар 23-мартта курултай өткөргөн атышат. Биз 24-мартта чыныгы элдик курултай өткөрсөк болот. Ошондуктан ушул айдын жыйырмасында же боло турган, же болбой тургандай кылып бир чечимге келип, анан аракет кылышыбыз керек.



"Оюнчук оппозиция" чыгабы?

БЭКтин мүчөлөрү кыйладан бери оппозицияны бөлүп-жаруу аракети жүрүп келатканын да ачык сүйлөшүп алышты.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, бийликтин саясий технологдору БЭКти саясий аренадан сүрүп чыгуу максатында жасалма оппозиция түзүү менен алек болушууда. Ынтымак курултайы аркылуу дал ошол жасалма оппозиция өзүн көрсөтмөкчү:

- Акыркы айларда тилекке каршы оппозицияны такыр эле бөлүп-жаруу аракети болуп атат. Керек болсо жанагы Масаулов сыяктуу ак үйдүн жигиттери чыгып айтып атышат, “конструктивдүү оппозиция бар, алар курултайга барат, алар БЭК менен чогуу жүрбөйт” деп. Анткени бул бийликке каршы ачык чыккан жалгыз гана БЭК болуп атат.

Бизге таза система керек. Таза системаны биз таза адамдар менен гана кура алабыз 
Н. Нышанов

Кыргызстан патриоттук кыймылынын төрагасы Назарбек Нышановдун пикиринде, азыркы бийликке оппозициябыз деп жүргөн БЭКтин мүчөлөрү деле бийликке келсе абал өзгөрбөйт. Андыктан, мурдагы бийликтин да, азыркы бийликтин да камчысын чаппаган таза адамдар керек:

- Булардын азыркы бийликти сындап аткандары жакшы. Бирок булар бийликке келсе, азыркы бийликтен айырмасы болбойт. Тымтыракай болушат. Анткени бирөөлөрү мурда Акаевди жактап жүргөн болсо, башкалары Бакиевди жактап жүргөндөр. Мындайлардын бийликке келишин биз каалабайбыз. Ошондуктан биз таза, чыныгы патриот, Акаевдик да Бакиевдик да системага малынбаган уул-кыздарыбызды бийликке алып келишибиз керек. Системаны өзгөртүш керек. Бизге таза система керек. Ал эми таза системаны биз таза адамдар менен гана кура алабыз.

20-февралда кеңири курамда жыйналмакчы болгон БЭК ошентип эки жолдун айрылышында турганын айтышууда. “Бар бололу же бололу” дегендер 2005-жылдан бери ыңкылап күнү катары белгиленип келаткан 24-мартта Ынтымак курултайына атаандаш элдик курултай өткөрүп калуусу да ыктымал. Ал арада Ынтымак курултайын уюштуруу менен алек болгон бийлик өкүлдөрү, курултайга оппозициялык маанайдагылар да кирерин айтышууда. Талдоочулар мындай шартта пайда болгон оппозиция, оңой башкарылган оюнчук оппозиция болорун айтышат.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
кимден: narun каяктан: narun
17.02.2010 14:38
atambaev jon ele es alup otstovkaga ketpeisinbi emne jürosun saga biilik jaraschpait eken

кимден: jok каяктан: al dagu
17.02.2010 14:37
muna saga kuzuk ubagunda 200 somgo aldanup schailap alup azur kaira tyschyro albai ybara menin oiumcha BEKNAZAROV jana ISMAIL ISAKOV TEKEBAEV ychoo koscholup chogyy araket kuluschsa en sonun bomok

кимден: boxa каяктан: moskva
09.02.2010 18:36
Эмне кыргызстанда О.Текебаевден башка киши жокпу.Анын эл башчы болушуна эч кандай моралдык укугу калбады.Өзүнүн напсисин тыя албаган кишиден эмнени күтсө болот.

кимден: Кенеш каяктан: Ош
09.02.2010 17:09
Мурат катырыпсың!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
09.02.2010 16:12
Бу Муратка окшогондор бар үчүн, Бакиев бийликте отурат. Текебаев башында эле Бакиевке каршы чыккан, кандай айтса иш жүзүндө ошондой болуп келатат,Текебаев келечекти көрө билген саясатчы, КОЛДОШ КЕРЕК АНЫ

кимден: Тилек каяктан: Талас
09.02.2010 16:11
Русланды колдойм тигил бул дебей бул тойбостордон кутулалы,анан таза шайлоо өткөрүп ким күчтүү болсо эл өзү тандап алат.

кимден: Руслан каяктан: Ош
09.02.2010 15:45
Туугандар уятко Текебаев Бекназаров деп талашканыңар,Бекназаров айтып жатпайбы Кыргыз элинин байлыгын саткан маңкуртарга каршы туралы деп анан биз эмитен эле экиге бөлүнүп алып Текебаев Бекназаров деп андан көрү давайте БЭкти колдоп байлыгыбызды сактап калайлы.

кимден: Мурат каяктан: Эл суктанган-Ноокаттан!
09.02.2010 14:41
Абдусалам!Сен көп нерседен кабарын жок адамдардан экенсиң.Ошондуктан силерге окшогондорду саясатчылар каалагандай колдонуп,анан аста-секин "кидать" этип басып кетишет!Алардын ширин сөзүнө көп алдана бербе-алар өз максатына жеткиче жакшы сүйлөшүшөт.Андан көрө ар кимибиз өз билген ишибизди жасайлы.Ноокат-Бишкек эмес,бирок эли,жери меймандос.

кимден: Мурат каяктан: Ноокат
09.02.2010 14:30
Ноокаттан болсом эле артта калгандыкбы?Видеону чын экен деп Эшимканов айтты го кайсы бир гезитке.Экөө даже мушташып,араң Чолпон Жакупова арага түшүп ажыратыптыр.Клинтон да эркектигин далилдейм деп аз жерден камалып кете турган болду.Бирок эркек экен мойнуна алып,кечирим сурады.Так что чындыкты болгон болсо моюнга алып,мындан ары таза жүрөм десе эл арасында аз-маз болсо да аброю калмак.А сен айткан "аватар" мультфильмди көргөнгө менин убактым жок,ишим көп!Акты ак деп,караны кара деп жүрөлү,кыкелер.А Текебаев Президент боло албайт-эмоциясын кармай албайт,сынды көтөрө албайт...

кимден: Алмазбек Абдыганы тегин
09.02.2010 13:47
Оппозиция лидерлерине айтаар элем. Алгач, араңарда олку-солку погодага карап өзгөргөн, патриотко окшогондорду тазалаш керек. Тазалап иш баштабаса сөөк ыргыткан жакка кете беришет. Мына ошолор силердин патриоттуулугуңарды пайдаланып, көздөгөн максатына жеткен соң эмне болот?. Байгы эле БАКИЕВ болот да.
    Кийинки 
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)