Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Эл үнү / Коом жана турмуш

Берлин дубалы жана Чыгыш Европа: Эл пикиринде эмне өзгөрүү?

Жыйырма жыл мурда чек арадагы темир коргондун кулашын кубаныч менен тосуп алган венгерлер арасында ушу тапта коммунисттик доорго салыштырмалуу азыр материалдык жактан уттурдук деп эсептегендер басымдуулук кылат.

Жыйырма жыл мурда чек арадагы темир коргондун кулашын кубаныч менен тосуп алган венгерлер арасында ушу тапта коммунисттик доорго салыштырмалуу азыр материалдык жактан уттурдук деп эсептегендер басымдуулук кылат.

Соңку ирет жаңыртылган учуру: 08.11.2009 21:10
Улан Эшматов

Берлин дубалынын ураганына 9-ноябрда жыйырма жыл толду. Бул окуяны утурлай кезинде Темир көшөгөнүн артында жашаган мурдагы коммунисттик өлкөлөрдө жүргүзүлгөн сурамжылоолого караганда, эл арасында андан бери орун алган өзгөрүүлөргө карата канааттанган да, нааразы да маанайлар бар.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан "Пю" изилдөө борбору (the Pew Research Center) өзүнүн азыркы сурамжылоосун Германиянын чыгышында (мурдагы ГДР аймагында),  Болгария, Венгрия, Словакия, Чехия, Польша, Литва жана Орусия менен Украинада быйыл август жана сентябрь айларында өткөргөн. Аталган өлкөлөрдүн тургундарына бул ирээт да 1991-жылы коммунисттик түзүлүш биротоло кыйраар замат жүргүзүлгөн сурамжылоо учурунда берилген суроолор жолдонгон.

"Пю" изилдөө борборунун баяндамасында белгиленгендей, акыркы сурамжылоонун жыйынтыгын 1991-жылкы сурамжылоонун тыянактары менен салыштыра келгенде, ал өткөрүлгөн өлкөлөрдүн көбүндө калктын басымдуу бөлүгү жалпысынан 20 жыл мурдагы жашоосуна караганда, азыркы турмушуна көбүрөөк ыраазы. Бирок демократия менен капитализмди колдогондордун катары ошол учурдагыга салыштырмалуу суюлган.

Изилдөө акыркы жыйырма жыл ичи орун алган өзгөрүүлөргө курагы 50 жашка чейинки жарандар алардан улгайгандарга салыштырмалуу көбүрөөк канаатанарын көргөздү.

Муундар арасындагы мындай ажырым өзгөчө Болгария менен Орусияда байкалган. Аталган өлкөлөрдө көп партиялуу системаны курагы 65 тен ашкан адамдардын үчтөн бир бөлүгүнөн азы (27%ы), ал эми 18-29 жаш курактагылар арасынан үчтөн эки бөлүгү (65%) жакташат.

Чыгыш жана Борбордук Европадан мекени демократияны көздөй оогонуна кубангандардын көбү - Чехиянын, Польшанын жана мурдагы Чыгыш Германиянын жарандары.

Ал эми мындай жараянга нааразы пикирлерин көбүнесе Орусия, Украина жана Болгариянын тургундары билдиришкен.

Дегеле демократия менен капитализм жашоосуна алып келген өзгөрүүлөргө канааттанбангандардын эң калың катмары украиналыктар арасында катталган. Эгерде "Пью" изилдөө борборунун 1991-жылкы сурамжылоосу элдин үч чейрегине жакыны (72%) демократиянын кубаттаганын көргөзсө, азыр мындайлардын саны калктын үчтөн бир бөлүгүнө да (30%) жетпейт.

1991-жылы украиналыктардын жарымынан көбү (52%) өлкө капитализмге көчкөнүн жакташса, азыр мындай турумду кармангандар элдин үчтөн бир бөлүгүнөн (36%) бир аз гана ашат. Ошондой эле соңку сурамжылоодо украиндердин 62%ы 1991-жылга чейин азыркыдан жакшы жашаганын айтышкан.

Мындан сырткары "Пю" изилдөө борборунун сурамжылоосу 1990-жылдары экономикасы өргө чаап бара жаткандай көрүнгөн Венгриянын калкы арасында коммунисттик доорго караганда материалдык жактан азыр көбүрөөк уттурдук деп эсептегендер эң арбын экенин ачыктады. Жогорудагыдай пикирди суралган венгерлердин 72%ы айткан. Ага катар капитализмди колдогондор саны Венгрияда 1991-жылы 80% болсо, азыр 46%га түшкөн.

Бир кезде реформалардын лидери катары эсептелген Венгрияда мындай маанай өкүм сүрүшүнүн себеби эмнеде? Биз менен кыргызстандык илимпоз, учурда Будапеште илимий долбоору менен алектенип жаткан Сайрагүл Матикеева ой бөлүштү:

- Менин баамыма караганда, бул жерде элдин жашоо деңгээли, экономиканын өнүгүүсү Европанын башка мамлекеттерине салыштырмалуу төмөнүрөөк, жакырчылык жогорураак. Бул дароо эле көзгө көрүнүп турат. Атайын изилдөө өткөрбөгөндөн кийин элдин мынча пайызы жакшы, мынча пайызы жаман жашайт деп айта албайм. Бирок аймактын башка өлкөлөрүнө караганда, абал кыйын экени ачык байкалат. Ошол эле мезгилде венгерлер менен сүйлөшүп, пикир алышып калганда, менин байкашымча, коммунизм жөнүндө көпчүлүгү тескери пикирди айтышат. Бизди социализмге байлап койбогондо, Батыштын мамлекеттери менен тең эле даражада өнүгөт болчук деген өкүнүч сөздөрдү көп эле уктум.

Орусияда "Пю" изилдөө борборунун сурамжылоосуна караганда, калктын жарымына жакыны (45%) жыйырма жыл мурунку турмушун суктануу менен эстешет экен. Ага катар капитализм алып келген өзгөрүүлөрдү азыр орусиялыктардын жарымы эле (50%) колдошсо, ошол эле сандагысы (53%) демократияга көз карашы түз экенин билдиришкен.

Бирок иликтөө көргөзгөндөй Орусияда 1991-жылдан бери улутчулдук маанайы күчөгөн. Азыр орустардын жарымынан көбү (54%) “Орусия орустар үчүн “ деген ураанды кубаттайт. 1991-жылы мындайды жактагандар элдин бир чейрегинен (26%) гана бир аз ашчу.

Тасмада: Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл

Берлин дубалы ураганына жыйырма жыл толду. Бул окуяны утурлай Бишкектин көчөлөрүндө "Сиз бул тууралуу кабардарсызбы?" деген суроо узаттык. MiT.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Мугалим каяктан: Баткен
08.11.2009 21:49
Жаштарга. Берлин дубалы шарттуу түрдө дүйнө жүзүн экиге болуп турган. Бир тарабында - демократия жолунда көптөгөн эрежелерди күндөлүк турмушка сиңире алган өлкөлөр. Булар башында АКШ турган Батыш өлкөлөрү, Япония, Түштүк Корея, Түштүк Африка Республикасы жана бир топ Азия өлкөлөрү.

Экинчи тарапта - коммунисстик караңгылыкта жашаган, ошол эле Гитлердин фашисттик идеяларын башка өңүттө тутунган СССР баш болгон, социалисттик өлкөлөр.
Бул эки тараптын жарышуусу эмне менен бүткөнүн билесиңер. Акыйкат жеңди - коммуннофашисттик Совет режими кулады. Бирок КПСС дүйнө жүзүнө көптөгөн проблемаларды мураска калтырып кетти. Булардын эң оору - Ооганстан ооруусу. Орустардын улутчул-империялык саясаты Ооганстан аркылуу дүйнө жүзүнө боштондукка умтулган элдердин айласы кеткенде чечкиндүү кадамдарга бара турганын турмуш көрсөттү. Аны орустар эми экстремисттер деп жатат. Орустар бүгүн да аттан түшсө дагы ээрден түшкүсү келбей жатат. Ага кошомат кылган куурчактар өз кызыкчылыгы үчүн орустарга өз элин да сатканга даяр экендигин да көрдүк.

Ошентип Берлин дубалы ураган менен изи дале кетелек. Бул өтө узун аңгеме. Мен жаштарга бул багытта көп маалымат топтоп өз алдынча ой жүгүртүп, оз позициясын тактап алганга чакырып кетет элем. Билгенге эч ким милдеттүү эмес, бирок билбестик биздин келечегибизди туура эмес тарапка буруп кетиш коркунучу бар. Ошондуктан кимдин жүрөгү элим деп соксо, баарын үйрөнүп билүүгө умтулган жакшы.
     
Текст көлөмү - +

Мултимедиа

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)