Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 11:17

Кыргызстан

Жолу татаал легитимизация...

Бийликтен четтетилген Курманбек Бакиев ыйгарым укуктарын таштабай турганын, өзүн дале президент деп эсептээрин айтууда. Убактылуу өкмөт өзүнүн коллегиялык чечимин (декрет) чыгарып, негизги жетекчилик кызматтардын баарын алмаштырган. Бийликти толук легитимдештирүүгө дагы алты ай бар. Ага чейин Убактылуу өкмөт өлкөнү кандай башкарат?

Текст көлөмү - +
Убактылуу өкмөт мыйзамдык жактан абдан татаал абалда турат. Бийликтен четтетилген президент Курманбек Бакиев ыйгарым укуктарын таштабай турганын, өзүн күнөөлүү деп сезбесин айтууда. Өкмөттү башкарып келген Данияр Үсөнов арыз жазууга аргасыз болуп, өкмөт таркады. Дээрлик басымдуу бөлүгү К.Бакиевдин “Ак жолунан” турган парламентти жаңы бийлик Декрет кабыл алып, жоюп жиберди. Он төрт адамдан турган Убактылуу өкмөт ушул тапта Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, президенттин да ыйгарым
Баш мыйзамдын долбоорун талкууну мүмкүн болушунча ачык жүргүзгөнгө аракет кылабыз. 
Өмүрбек Текебаев
укуктарын аткарып калды. Сексен ашуун адамдын өмүрүн жеген окуядан соң бардык бийликти колго кармап турган он төрт адам алты ай ичинде убада кылынып аткан олуттуу реформаларды жасай алышабы? Ага чейин өлкө кандай башкарылат?

Толук легитимдүү жолго түшүү үчүн Убактылуу өкмөт жаңы баш мыйзам кабыл алып, алты ай аралыгында жаңы шайлоолорду өткөрүшү керек. Убактылуу өкмөттө Конституциялык реформа багытын жетектеген Өмүрбек Текебаевдин айтымында, эми үч ай аралыгында Убактылуу өкмөттүн чечими менен элдик референдум жарыяланып, баш мыйзам кабыл алынат. Андан соң шайлоолор белгиленет. Ага чейин баш мыйзамдын долбоору ачык тулкууга коюлмакчы:

- Эми демократиялык, саясий атаандаштыкка жол берген, экономикадагы эркиндикти камсыз кылган, массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыздаган баш мыйзам болот.

Баш мыйзамдын долбоорун талкууну мүмкүн болушунча ачык жүргүзгөнгө аракет кылабыз. Бириккен улуттар уюмунун, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Европа кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушканда биз ушул маселелер жаатында жардам берүүлөрүн сурандык. Алар каржылык жактан дагы, эксперттик кеңеш жагынан дагы, талкууну уюштуруп, жалпы элге чыгарып аны жыйноо жагынан дагы бизге жардам беришерин бизге убада кылышты.


Мындай легитимдешүү процесстери бүткөнгө чейин жалпы бийликти он төрт адамдан турган Убактылуу өкмөт жүргүзөт. Убактылуу өкмөттүн Декретине ылайык, жаңы баш мыйзам кабыл алынганга чейин 2007-жылдын 21-октябрында К.Бакиев элдик референдум аркылуу өткөрүп алган баш мыйзам юридикалык күчүн сактап турат.

Президенттик Институтка кирген Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги, президенттин аппараты, катчылыгы, Коопсуздук жана коргонуу боюнча президенттин мамлекеттик кеңешчисинин кызматы, Президенттик кеңешме жана Өнүктүрүү кеңеши жоюлду. Андан тышкары Мамлекеттик тышкы иштер министри деген кызмат орду да жоюлду.
Мен өзүмдү күнөөлүү сезбейм. Менин күнөөм - ошол кан төгүлүп канчалаган балдар каза болду, ошону алдын-ала билбегенимде...
  К.Бакиев

Ал эми калган бардык мамлекеттик түзүмдөрдү Убактылуу өкмөт түз тескеп, жетекчилерди бекитүү жана алуу эрежелери өкмөттүн декреттери (Убактылуу өкмөттүн жардыгы) аркылуу жүргүзүлөт.

Жаңы өкмөттүн кадрдык баш-аламандыгы жана кеткиси келбеген К.Бакиев

Бирок дал ошол жетекчилерди алуу жана бекитүү маселеси талаштуу болушу ыктымал. Анткени алты ай аралыгында маанилүү чоң кызматтарга Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ар кимиси өз кишисин коюп калууга жан үрөп, ич-ара чыр-чатак ырбашы мүмкүн дешет. Маселен, 8-апрелден бери Бажы кызматынын жетекчиси үч жолу алмашканы буга мисал дешет.

8-апрелде Т.Сариев Бажы кызматынын жетекчилигине Дмитрий Феодоровду коюп кеткен. 9-апрелде А.Бекназаров барып Эрнис Акматовду койгон. Бүгүн А.Атамбаев Бажы кызматына барып, жетекчиликке Кубаныч Кулматовду дайындады. “Мындай баш аламандыкка Бажы кызматынын өздүк курамы нааразы”,- дейт А.Молдобаев.

Ошентсе да Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Алмазбек Атамбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип атып, өлкөдөгү оор кырдаалга байланыштуу кадр маселесинде башында аз-маз түшүнбөстүктөр болуп кеткенин, учурда жаңы дайындоолор бардык өкмөт мүчөлөрүнүн жана өкмөт жетекчисинин макулдугу менен жүргүзүлүп атканын, кадрдык маселелерде талаш-тартыш жок экенин билдирди:

- Кичине башында баш-аламандык болуп атты. Кырдаал ошондой болчу. Мен да Москвада жүрүп аттым. А болбосо бардык маселелер өкмөттүн ичинде, бир пикирге келип туруп, төрайымдын макулдугу менен чечип атабыз.

Ал арада бийликтен четтетилген президент Курманбек Бакиев “Азаттыкка” берген маегинде, аны 77 пайыз эл былтыркы шайлоодо колдогонун, жакында эле өткөн Ынтымак курултайы да анын реформалык багыттарын кубаттаганын, бийликти куралчан төңкөрүшчүлөр басып алганын, ыйгарым укуктарын таштабасын белгиледи:

- Бир 10-15 киши эле төңкөрүштү уюштуруп, кан төгүп... Эми мен кетсем өзүмдү күнөөлүү сезишим керек. Мен өзүмдү күнөөлүү сезбейм. Менин күнөөм - ошол кан төгүлүп канчалаган балдар каза болду, ошону алдын-ала билбегенимде...

Ал эми Баш прокурордун милдетин аткарып аткан Байтемир Ибраев бүгүн журналисттерге маалымат берип, ушул тапта өкмөт К.Бакиевди кармоо боюнча декрет чыгарууга камынып атканын, тиешелүү чечим чыккан соң К.Бакиевдин кол тийбестиги күчүн жоготуп, аны кармоо операциясы жүргүзүлөөрүн билдирди. Өз кезегинде К.Бакиев жаңы бийлик менен сүйлөшүүгө даяр экенин, аны кармоого аракеттер жасалса дагы кан төгүлүп кетерин эскертүүдө. Ушундай шартта өлкөнүн толук легитимдүү багытка бурулушуна дагы алты ай бар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Бакай каяктан: Бишкек
13.04.2010 21:58
Бийликтен ажырап шок болуп отурган бакиевчилер "тирилип" алып азыр информациялык чабуулга ото баштады. Алардын акчасы коп, кимди болсо сатып алат. КТР, Кыргыз Туусу жана башка гезиттер ТВ, Радиолордо булардын коп кишилери калган. Аларды эски министрлер, Акжолчулар комуско координациялап, чабуулга откону жатышат. Сак бололу, бакиевчил, акаевчил вечный "дежурлар": Жумагулов, Тумонбаева, Аблесов, Мамакеев, Эгембердиев (Шоро),
жазуучулар,илимпоздор жана башкалар (билгенинерди кошкула) жаны окмоттун да башын айлантып жолдон бурушат.(Мактаганды жаман коргон кишини коро элекмин). Алардын эл озу тузгон списогу Азаттыкта дайыма илинип турушун каалайт элем. Сак болгула: "Дужурлор" деген рубрикада. "Дужурдук" психологиядан тазаланышыбыз керек.

кимден: кыргыз жигити каяктан: Стамбул
13.04.2010 18:58
Булар деле келип жалчытпайт, келип келе элек эле бийлик талашып, кресло болушуп баштагандан кийин эртен эле кайра оздорунун чонтокторуно иштей башташат. Мен буларгада, булардан мурдакыларга да, булардан кийин келе тургадарга да ишенбейм. Аткаминерлер адам болбойт...

кимден: озгон каяктан: ош
13.04.2010 18:36
эээ кыргыздар бийликке шашылбай элдин камын ойлогула,

кимден: KG
13.04.2010 18:24
Таластык Айнагүл туптуура айткансың, бул жерде толугу менен Бакиев күнөөлүү эмес!!!
Ошол эле учурда азыркы бийликке келгендер да өздөрүнүн камын ойлогондор го... себеби жогоруда айтылгандай, биринчи кезекте өлкөнү тынчытып албай эле орундарды бөлүштүргөнүн кантесиң...?

кимден: Мелис каяктан: Бишкек
13.04.2010 13:58
Бугунку кундогу бийликтегт эски адамдар булардын баарын кетириш керек, бул бир акаырдан тамак жеп же башкача айтканда алып конуп калаган ала берет.Менин оюм боюнча адамдын ан сезимин ондош керек.Бул жашодо адам бир машина, бир уй, Үй-бүлөлүк бакыт жана артында изи калыш жакшы жагынан эски кадырлар бүт кетиш керек

кимден: damir каяктан: bishkek
13.04.2010 13:36
en negizgisi Bakiev ketti, al emi azirki biylikke jardam bereli, mayda bechek kemchilikter ge koz juma turali, je baarybiz prezident bolup alalibi?ushintip bat ele oppozitsyaga oto berbeykichine ozubuzdu ozubuz tynchyta turali, je bolboso koshunalarga shermende bolobuz , kirgiz kalkim.biylik bir kundo ornoboyt, bakiev dele bashinda eki jil ushunday azaptardi tartkan , borok jenip chikkan .birok akili kichine jetpey kirgizdi mal oylop eereden jigildi.jigilgan kuroshko toyboyt bolup jurboybu tantyraktagan oylordu aytip, borbordukotorom dep, kotorsun emi korolu.uyunon urushup koshunani jardamga chakirgan erkek da erkekpi.tushtuk menen tundukty biribirine tukurup atat.tunduk ani ech kachan kabil albayt ushunu bile jursun , oz mekeninde bilbeym kanday boloorun....

кимден: кыргызга куйгон
13.04.2010 13:25
Силердин уй булонор менен уятынар жок экен,Эмне байлыкты коорунорго алып кетесинерб?Тийсин силерге элдин каргышы,озунор ок аттыргандан дагы катту тийсин.Кичине наркы дуйнону ойлоп койбойсунарбы.

кимден: Айнагул каяктан: Талас
13.04.2010 13:21
Урматтуу Бакиев Курманбек Салиевич бул болуп откон элдик толкундоодо сиздин эч кандай куноонуз жок.Мен куноолу деп ойлоймун убактылуу окмот башчыларыны себеби ушунтип элди тополонго чыгарбай эле курултайга барып ачык айтып оздорунун ойлорун билдиргенде эл мынчалык кыйналбайт эле .Бул жигиттердин олумуно сиз куноолу эмессиз урматтуу КР ажосу эл сиз менен.

кимден: Белгисиз каяктан: Москва
13.04.2010 13:20
Текебаев менен Атамбаев эл башкарганды токтото туруп адегенде оздорун башкарып алса болмок интерннеттен алардын кылганын коруп алып ушундай адамдар Кыргызстанды башкарып жатса анда кыргыз элимин тагдыры эмне болот деген ой пайда болот???

кимден: я каяктан: я
13.04.2010 13:17
ар ким оз очочгуна кул тартмай башталды бекназаров азыр бийликке баласын кошо суйроп журот орундарды бошоткула деп озунун туугандарын алып келип алганын кандай тушунсо болот. бул жон гана бийлик талашуу деп тушуном орто жолдо кан тогулду. анан исмаил исаков менен бекназаров телевизордон тартип коргоо органдарынын бир топ окулдорун кекетип кокодон алышты жакшы эмес эл кадырлап колдоп жаткан исаков андай кылбай эле жон журсо баркын сактап кала алат. анан атамбаев бизди алдап жатканын орустун сми лери айтып эле жатышат. путин менен жолугушканын карапайым калк кайдан билсин тим эле кобуртуп жабыртып жатышат. курманбек салиевич болсо эмне болсо ошо болсун ага да сооп жок экен туугандарын убагында тыйган жок.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)