Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 11:19

Экономика

Европада рецессия күчөдү

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөгү рецессия, же жөнөкөй сөз менен айтканда, экономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу төмөндөөсү, мурдараак күтүлгөндөн эки эсе күчтүү болмокчу. Тактап айтканда, мурдараак Еврокомиссиянын билермандары Шериктештиктеги экономикалык төмөндөө быйыл 2%га айланат деп айтышса, эми рецессия 4%га барат деп эсептеп чыгышты.

x
Текст көлөмү - +
Еврокомиссиянын эксперттери быйыл жыл аягына чейин экономидагы төмөндөө 4%ды түзөт деп мурдагы маалыматтарын эки эсе жогоруталып оңдоп чыгышты. Мурдагы маалыматтар мындан 4 ай гана мурдараак жарыяланганын эске алганда, Евробиримдик аймагындагы экономикалык кырдаал кыска убакыт ичинде кыйла начарлай түшкөнүн баамдай алабыз. 4-май күнү Брюсселде өткөн маалымат жыйынында Еврокомиссиянын экономика жана валюта иштери боюнча комиссары Хоакин Алмуния Европада жакын арада жумушсуздук өсөөрүнө басым жасады.

- Евробиримдикке мүчө 27 өлкөдө эмдиги жылы жумушсуздук 11%га айланса, улуттук валютасын еврого алмаштырган 16 мамлекетте андан бир аз жогорураак болоору күтүлүүдө.

Брюсселдик комиссардын бул айткандары – Европа Биримдиги аймагында 2010-жылы жумушсуздардын саны 8 жарым миллион адамдан ашат дегенди түшүндүрөт. Алмуния тереңдеп бараткан рецессиянын дагы бир катуу соккусу экспортко тийээрин эскертти.

Мунун баары акыры келип дүйнөлүк рецессиянын кесепетинен келип чыккан көрүнүштөр, деп белгиледи Евробиримдиктин экономика боюнча комиссары Хоакин Алмуния андан ары.

- Эл аралык финансылык кризистин ыкчамдашы, дүйнөлүк соодадагы айрым чектөөлөр акыры барып Европанын экономикасын 2-дүйнөлүк согуштан кийинки эң терең, кеңири рецессияга алып барып такады.

Ошентсе да, тарыхта боло жүргөн рецессия да аяктайт, келээрки жылы экономикада турукташуу жараяны башталып, андан ары акырындап оңолуп кетиш үчүн банк секторун чайпалтпай тезирээк бутуна тургузуу керек деп эскертти Брюсселдин өкүлү.

Ага чейин Евробиримдикке кирген Чехия, мисалы, ишсиз калган чет элдик мигранттарды мекенине кайтаруу программасын кабыл алды. Ал программадан пайдаланып, соңку бир ай ичинде чех өкмөтү берген 500 еврого билет сатып алып, үйүнө кайткан өзбекстандыктардын саны 151 адам болуптур. Биз менен көчөдө маектешкен 30 жаштагы Өктөмбек да Чехияда ишсиз жүргөндөн көрө туулган жерге кайтып барып, бакыт издөөнү туура көрөөрүн айтат.

- Ишсиз калдык, эч жерде иш жок. Анан паспортумду алып, полицияга барып, өз ыктыярым менен каттоодон өттүм. Атайын мөөрүн басып коюшту, буюрса эртең канчасында Ташкенге кетээримди айтышат, билет алып берип, самолетко чейин коштоп барып отургузуп коюшат экен. Бул жакта көчө таптап жүргөндөн көрө мекенге кайтып барган туура деп эсептейм.

Тасмада: Өзбек мигранттары мекенине кайтууда

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Тынчтык каяктан: Москва
29.05.2009 11:54
Кризистин айынан бул жактан иштеп үйлөнөм, үй салам, агамын же карындашымдын контрагын төлөйм дегендердин тилегин таш капты. Аттиң Путин Россиядан крисиз чыкса 2010 бир болсо чыгат деп билдирди. Эксперттер калыбына 2 жылсыз келбейт деп чекит койуп койгон. Кризистин айынан 5 айдан бери акчо көтөрө элекмин. Мага окшогон кыргыздар миңдеп саналат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)