Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 11:26

Саясат

Шайлоо алдында оюн эрежелери такталууда

Шайлоону утурлай президент Роза Отунбаева өкмөт жетекчилеринин ыйгарым укуктарын тактаган буйрукка кол коюп, ким кайсы тармакты көзөмөлдөй турганын так аныктады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленген.
Текст көлөмү - +
Айрым партиялар шайлоо алдында административдик ресурстар колдонуларын айтып аткандыктан, бул кадам өз убагында жасалгандай болду.

Азыркы техникалык өкмөттө биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиевди кошкондо беш вице-премьер-министр бар. Президент Роза Отунбаева өзү премьер-министрдин милдетин аткарат.

Милдеттер так бөлүндү
Партиялардын бардыгынын куралданган канаттары бар. Ошондуктан бир нерсе боло турган болсо аябай чоң чатактар чыгып кеткенге көп шарттар түзүлүп атат...
Марс Сариев

1-сентябрда президент Роза Отунбаева атайын буйрук чыгарып, вице-премьер-министрлердин тескей турган тармактарын так аныктап койду. Президент өзү премьердин да милдетин аткаргандыктан, ал жалпы өкмөттүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт. Андан тышкары Тышкы иштер министрлиги, Коргоо министрлиги, Адилет министрлиги жана губернаторлор баш болгон жергиликтүү бийликтер президенттке түз баш ийишет.

Бул жерде милдеттердин так бөлүнүшү мындан мурдарак парламенттик шайлоого барарын айтып, өзү партия түзө койгон вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровго байланыштуу нааразычылыктарды азайтары бышык. Анткени А.Бекназаров Убактылуу өкмөттүн шайлоого аттанган мурдагы мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариевдер сыяктуу кызматын таштабай, акырында вице-премьерлик кызматка отуруп алган болчу. Өзү түзгөн партиянын тизмесинде ал шайлоого барбай турганын айтканы менен А.Бекназаровдун партиясы шайлоого аттанды. Мындай жагдай башка партиялардын нааразычылыктарын жарата баштаган.

Вице-премьер-министрлер арасында милдеттердин так бөлүнүшүнөн кийин А.Бекназаровго Ички иштер министрлиги менен Жаза өтөө мамлекеттик кызматы гана тийди. 7-апрелден кийин ал Убактылуу өкмөттүн курамында сот жана прокуратура тармагы баштаган күч структураларын бүт тескеп келген эле.
Маселен А.Бекназаровдун партиясы бар. Ал өзү вице-премьер-министр болуп турат. Анын ал киши шайлоого кийлигишпейт дегенге кепилдиктер кайда..?
Турсунбек Акун


Мындан ары шайлоого чейин сот жана прокуратура тармагы борбордук орган катары президентке баш иймекчи. Талдоочу Марс Сариевдин айтымында, бул жерде алардын эркинирээк иштөөсү жана шайлоо учурунда кайсы бир тарапка тартпай иш алып баруусу пландалганы көрүнүп турат.

Эми А.Бекназаров Жаза өтөө мамлекеттик кызматы менен шайлоого таасир этиши кыйын. Ал эми Ички иштер министрлигиндеги күчтүү, тажрыйбалуу министр Кубатбек Байболов өзүнө таасир этүүгө жол бере койбойт. Анын үстүнө президентке түз баш ийе турган борбордук орган болгон прокуратура жана сот тутуму да шайлоодогу мыйзамдуулукту камсыз кылууга милдеттүү.

Административдик ресурстарды азайтуу аракеттери көрүлүүдө

Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, президент Р.Отунбаева ыңкылапчы досторунун бири А.Бекназаровго компромисске барып, аны вице-премьер кылууга макул болгон. Бирок алдыда шайлоо тургандыктан талаш-тартыштуу фигура болгон А.Бекназаров көзөмөлдөй турган тармакты азайтканы туура болду:

Марс Сариев
- Бизде иш жүзүндө мыйзам иштебейт. Партиялардын бардыгынын куралданган канаттары бар. Ошондуктан бир нерсе боло турган болсо аябай чоң чатактар чыгып кеткенге көп шарттар түзүлүп атат. Ошондуктан Р.Отунбаеванын милдеттерди так бөлүштүрүү боюнча чечими туура болду. Анткени ушундай кырдаалдан чыгыш керек болуп атат. Буга чейин А.Бекназаров чынында эле чоң түйшүктүү фигура болуп аткан. Ал проблема буюрса азыр чечилип калды. Ошондуктан оппозициянын “административдик ресурсту колдонушат” деген көзүрү четке сүрүлүп калды. Менин оюмча, ушундай жол менен барса шайлоо таза өтөт го...

Ошондой эле М.Сариевдин айтымында, ушул таптагы ачыктык, сөз эркиндигинин болушу да шайлоо учурунда мыйзам бузуулардын болушун сөзсүз азайтат. Анын үстүнө бийлик үчүн эл аралык коомчулукка демократиялык багытка бурулгандыгын көрсөтүү, калыс шайлоолорду өткөрүү абдан маанилүү.

Ошентсе да Акыйкатчы Турсунбек Акундун ырасташынча, вице-премьерлердин милдеттеринин так бөлүнүшү шайлоону таза өткөрүүгө багытталган кадам болгону менен, бул жетишсиз. Анткени шайлоого аттанганына байланыштуу Убактылуу өкмөттөн кетишкен айрым лидерлердин партиясына мүчө болгондор азыр да аймактарда жетекчилик кызматтарда отурушат:

Турсунбек Акун
- Мурда А.Бекназаров бүт укук коргоо органдарынын баарын тейлеп жүргөн болчу. Менимче бул абдан туура эмес иш, бүт бардыгынын үстүнөн өзү жалгыз тескеп калган. Мисалы кээ бир жерлерде элдер “кийлигишип атат” деп айта башташкан. Ошондуктан ага дал ушул Жаза өтөө жайы менен Ички иштер министрлигин көзөмөлдөө тийгени жакшы болду деп эсептейм.

Маселен А.Бекназаровдун партиясы бар. Ал өзү вице-премьер-министр болуп турат. Анын ал киши шайлоого кийлигишпейт дегенге кепилдиктер кайда? Ошондуктан булардын милдеттеринин так бөлүнүшү шайлоонун таза өтүшүнө кандайдыр бир деңгээлде жардамы тийет. Эми бул деле өтө чоң реформа деп айта албайм. Партиялардын административдик ресурстарды пайдаланбашы үчүн башка да чоң чечимдер керек. Анткени айрым чоң партиялардын мүчөлөрү дагы деле жер-жерлерде жетекчи болуп турушат.


Акыйкатчынын айтымында, ушул тапта жер-жерлерде бийликте отурган айрым партиялардын жетекчилери боюнча да олуттуу чечимдер кабыл алынса дурус болмок.

Президент өзү да буга чейин парламенттик шайлоону калыс өткөрүүгө убада кылып, техникалык өкмөттүн миссиясы - экономика жана калыбына келтирүү иштери болорун, алар эч кандай саясий оюндарга кийлигишпей турганын айтып келатат. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму сыяктуу күчтөр да күздөгү парламенттик шайлоону калыс өткөрүүгө көмөк кылышарын айтышкан.

Буга чейин Убактылуу өкмөттө жана кийинчерээк техникалык өкмөттө кайсы вице-премьер-министр кайсы тармакка жооп берерин баары билгени менен атайы буйрук жок болчу. Дал ушул себептен улам өкмөт башчынын орун басарлары бири-биринин тармагына кийлигишкен учурлар болуп атканы айтылып келаткан. Эми милдеттердин жана ыйгарым укуктардын так бөлүнүшү менен андай маселе өзүнөн-өзү жок болду. Ушундай негизде техникалык өкмөт жаңы парламент шайланып, жаңы өкмөт түзүлгөнчө иштемекчи.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Каган каяктан: Бишкек
04.09.2010 17:49
Кыргызстан өнүгөт буюрса. Шайлоону жакшы өткөрүп алсак эле, анан накта демократия куруп баштасак эле развитый мамлекеттерден инвестиция келип баштайт. Сингапур, Малайзия, Түштүк Кореялар Азиянын арстандары болсо, биз Орто Азиянын АРСТАНЫ болуп калабыз туугандар. Азыр кошуна мамлекеттер бут тосуп, ичтери күйүп атыр.

кимден: Азамат каяктан: Талас
04.09.2010 14:31
Бири бирибизди сындабай ар бирибиз шайлоого оз салымыбызды кошолуу.

кимден: Азат каяктан: Бишкек
03.09.2010 19:09
Эркек болуш керек, Жигит болсо Текебаев ,Атамбаевга окшот кызматтан кетиш керек...

кимден: Jake каяктан: Bishkek
03.09.2010 17:54
Murda Bekievdi Baks deshchu ele. Beknazarovdu Beks dep kaldyk. Oshonchun any chektöö tuura.

кимден: чындык
03.09.2010 16:39
Биз дагы чынчыл шайлоону кутөбүз Ошондой болобу же болбойбу бир кудай билет. А л эми роза исаковна бир айылга барып БАШКАРМА болуп иштесе болмок , Кресло жарашпай КАЛДЫ ГОО!!!!!!!
ЧОҢ РАХМАТ АЗАТТЫКА чагылдырганына.

кимден: Бердибек каяктан: Бишкек
03.09.2010 15:56
Мамлекетибиз үчүн таза шайлоо болсун деп тилейли. Жарышка чыккан бардык партиялардын активисттери, саясатчылар, НПО кызматкерлери жана Өкмөт мүчөлөрү сүйлөгөндө жоопкерчиликтүү болгула. Өзгөчө НПО кызматкерлери жана өздөрүн коомдук ишмер, саясатчы сезген байке, эжекелер жети өлчөп бир кесип сүйлөй көргүлө, сураныч. Биз ушул өлкөдө тынчтыкта жашагыбыз келет. Бул бийликтен, байлыктан, гранттардан да маанилүү.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)