Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Борбордук Азия

Фридом Хаус: Кыргызстан авторитардык өлкөлөр тизмесине кошулду

'Азаттыктын' Борбордук Азия боюнча серепчиси Брюс Панниер (солдо). Прага, 'Азаттык'. 2009-жылдын 30-июну.

"Азаттыктын" Борбордук Азия боюнча серепчиси Брюс Панниер (солдо). Прага, "Азаттык". 2009-жылдын 30-июну.

01.07.2009
Венера Сагындык кызы

Дүйнө жүзүндө эркиндик, жалпы демократиялык баалуулуктарды жайылтууну көздөгөн Freedom House уюму 13 жылдан бери мурдагы советтик жана посткоммунисттик өлкөлөрдөгү кырдаалга көз салып, жылдык отчетун жарыялап келет. 2008-жылдагы абалга арналган жаңы баяндамада уюм “өткөөл мезгилдеги” өлкөлөр ичинен 8 мамлекетти, анын ичинде Кыргызстанды да авторитардык бийлик орногон аймак атады. Эксперттер демократиянын артка кетишине глобалдык кризис да салым кошконун белгилешет.

Freedom House уюму өткөөл мезгилдеги 29 өлкө ичинен 18инде былтыр демократиялык көрсөткүчтөр төмөндөгөнүн, дегеле былтыр посткоммунисттик аймактарда демократия үчүн өтө “караңгы жыл” болгонун белгилейт.

Андай жыйынтыкка далил болчу мисалдардын  анабашында былтыр августта от алган Орусия-Грузия ортосундагы согуш, мунайга бай Азербайжан менен Орусияда өткөн президенттик шайлоодо ким утаары алдын-ала беш колдой белгилүү болгону, Армениядагы шайлоо көчөдөгү кагылышуулар менен аяктаганы баяндалат.

Грузин өкмөтү шайлоодо колдо бар башкаруу ресурстарын пайдаланып, каалаган натыйжага жетишкени, дегеле түстүү ыңкылаптар жеңип, бийлик алмашкан Украина, Грузия жана Кыргызстандагы кырдаал андай элдик көтөрүлүштөрдөн үмүттү өчүрө баштаганы өкүнүчтүү факт катары белгиленет.

Freedom House уюмунун эксперттери 28 өлкөдөгү жагдайга 7 көрсөткүч боюнча баа берген.

Алар – улуттук демократиялык башкаруу системасы, шайлоо өнөктүгү, жарандык коом, басма сөз эркиндиги, жергиликтүү башкаруу ыкмасы, соттордун көз карандысыздыгы жана коррупция деңгээли.

Ушул 7 көрсөткүч ичинен Кыргызстанда, мисалы, былтыр жарандык коом, же бейөкмөт уюмдардын абалы, басма сөз эркиндиги, жалпы өлкөнү демократиялуу башкаруу системасы начарлап, өлкө Азербайжан, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Орусия жана Өзбекстан менен бирге авторитардык мамлекеттер тизмесине кошулду.

Freedom House уюмунун Борбор Азия боюнча эксперти, Азаттыктын аналитиги Брюс Панниер Кыргызстандагы айрым окуялар жалпы региондун келечегинен күмөн саната баштаганын айтат.

2008-жыл жаңыдан башталаар алдында Кыргызстанда парламенттик шайлоо болду. Ал шайлоого эки ай калганда президент Курманбек Бакиев өзү түзгөн Ак-Жол партиясы парламенттеги көпчүлүк мандаттарга ээ болду. Кыргызстан ага чейин парламентте ар түрдүү пикирдеги саясатчылар, оппозициячыл депутаттар бар өлкө катары белгилүү эле, анан эле Бакиевдин Ак-Жол партиясы 96 орундун 71ин ээлеп калып, саясий кырдаал таптакыр өзгөрдү”, - дейт ал.

“Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр – 2009” отчетун жазган авторлордун бири Владимир Школьников Кремлдин саясаты көп жагынан терс баа алганына токтолду.

Ошону менен Орусиянын беш категория боюнча көрсөткүчтөрү төмөндөдү, шайлоо, жарандык коом, демократиялык башкаруу системасы, соттордун иши жана коррупция деңгээли мурдагыдан начарлап, эң башкысы Түштүк Осетиядагы согуштук аракеттер, грузин аймактарын басып алуу жана шайлоо кошумча терс баа кошту. Шайлоо маалында орус бийлиги өлкөгө чет элдик байкоочуларды киргизбей, аларга бут тосконун эле айта кетсек азырынча жетиштүү болчудай”, - деп жыйынтыктайт сөзүн Школьников.

Freedom House уюмунун изилдөөсү ошентип, посткоммунисттик өлкөлөрдө демократиялык өнүгүү артка кеткенин айгинелейт.

Эксперттер абалга глобалдык финансылык кризистин кесепети тийгенин, аны менен алпурушуп, АКШ, Батыш мамлекеттери адам укуктары маселелерине мурдагыдай басым жасабай калганын айтышат.

Айрыкча энергетикалык ресурстарга бай Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан өңдүү өлкөлөрдүн жетекчилери өзүлөрүн ишеничтүү кармап, Батыш менен бул жаатта соодалашууга даяр турганы укук коргоочуларды тынчсыздандырбай койбойт. АКШнын Ооганстандагы антитеррордук операцияларына пайдасы тийген база жайгашкан Кыргызстандын жетекчилиги да бул жагдайдан зыян тартпайт шекилдүү.

Владимир Школьников "Азаттыктын" жамаатына "Фридом Хаустун" 2008-жыл тууралуу баяндамасын тааныштырууда. Прага, 2009-жылдын 30-июну.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Zorro каяктан: ???
05.07.2009 00:09
Эээ, досум - БЕКЕН !
Ат эмне болуб калыбтыр, эшектин акылы болсо - керек болсо ырчы МАДОНА келиб оттоб кетет.

кимден: Бекен каяктан: Бишкек
02.07.2009 14:48
Ат ат менен, эшек эшек менен оттойт. СНГнын президенттеринин катарынан чыгып калсак бовойт да. Туура кылыптыр биздин президентти алардын катарына кошуп. Эмне, жалгыз жүрмөк беле. Общакта болгону эле туура.

кимден: Maksat каяктан: New York
01.07.2009 14:06
Kirgizstan'dagi bashkaruunun Ozbekistan'din rejimine okshop baratkanin oylop biraz kooptonum turam. Olkobuzdo demokratiyani ornotush elibizdin kolunda, shayloolordo elibiz taza shailoo uchun araket kilsa jaksi bolor. Ozuulorunun kelechegi uchun dobushtarini akchaga satpasa degen oy-tilek

кимден: Марат каяктан: Бишкек
01.07.2009 08:09
Гондурас президенти Конституциясына каршы экинчи моонотко барам деди эле, Конституциалык сот ага каршы чечим кабыл алды, ал эми аскер кызматкерлери Гондурастын Президентин олкодон чыгарып коюшту.Биз шылдындап жургон Гондураста ВВП бир кишиге 2000 доллар экен, а биздин президент мактаган Кыргызстанда -960 доллар - Ангола менен барабар. Авторитардык олкодо онугуу болбойт.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)