Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 11:40

Дүйнө

Россия-Грузия: Дагы бир согуш тутанышы мүмкүнбү?

Грузия 26-майда эгемендүүлүк күнүн белгилөөдө. Бирок майрамдык маанайга Москванын чек арага жакын аймактарга аскерлерин топтоп жатышы көлөккө түшүрүүдө. Грузин жетекчилери менен катар Батыштын кээ бир дипломаттары Россия кол салууга даярданууда деген кооптонууларын билдиришүүдө.

Текст көлөмү - +
Армиядагы кутум, оппозициянын тынбай жаткан нааразылык акциялары, орус аскерлеринин эки өлкөнүн чек арасына тартылышы. Грузия эгемендүүлүк күнүн утурлай жарга такалаган өлкөнү эске салат.

Москва грузин мамлекет башчысы Михаил Саакашвилинин кызматтан кетишин кааларын жашырбайт. Мындан уламбы, Грузиянын расмий адамдары жана Батыштын бир катар дипломаттары дагы бир куралдуу жаңжалдын ыктымалдыгы жөнүндө айтышууда.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда бакулук саясий аналитик Шахин Аббасов Россиянын август айындагы оккупациясы Түштүк Кавказды өз көзөмөлүнө кайтаруу кампаниясынын бир бөлүгү болчу дейт:

Биринчи согушта Россия максатына жете алган жок. Алар Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендүүлүгүн эмес Батышты Грузияга жана бүтүндөй регионго жолотпоону көздөшкөн. Азыр кырдаал кандай нукта өнүгөт билбейм. Бирок дагы бир эскалацияны жокко чыгарбайт элем.

Грузин бийлиги Москва оппозициядагы айрым адамдарды колдоп, атүгүл каржылап жатат деп кыйытууда. Кээ бир аналитиктер Кремль москвачыл өкмөттү күч менен таңуулоо мүмкүн эместигин жакшы түшүнгөндүктөн, Саакашвилини башка, тил алчаак саясатчы менен алмаштырууну эп көрүшү ыктымал деп ырасташат.

Кремль ошондой тил алчаак жетекчи катары оппозиция лидери, мурдагы спикер Нино Буржанадзени карашы мүмкүн деген имиштер Саакашвилинин айланасында гана эмес аналитиктер арасында да айтылууда. Буржанадзенин Москвадагы кремлчил диаспора менен мамилелери жакшы экени белгилүү.

Москва кол салуу пландарын танганы менен, сепаратисттик Абхазия менен Түштүк Осетияга ракета аткычтар менен жабдылган Т-90 танктарын жиберди. Сөз болгон эки жумуриятта орустардын 10 миңдей жоокери жайгашкан. Былтыр августта Грузияга биринчилерден болуп кирген орустардын 58-Армиясы жаңы согуш тик учактары менен жабылды.

Москва Гудаута жана Цхинвалиде аскерий база ачуу пландарын шардана кылды. Мындан тышкары орус аскерлери Абхазия жана Түштүк Осетия менен Грузия ортосундагы чегараны кайтарышат. Жана эң башкысы Россия июнда Грузиянын чегарасына жакын жерде “Кавказ-2009” деген машыгууларды баштоодо. Бул – СССР кулагандан берки аймактагы эң ири аскерий маневр болуп калмакчы. Август согушу алдында да Россия ушундай эле машыгуу өткөргөн.

Коргонуу маселелери боюнча москвалык эксперт Павел Фелгенхауэрдин пикиринде куралдуу жаңжалдар коркунучу адатта жай айларында, тоолуу аймактардагы аба ырайы бузула электе күчөйт:

Абал абдан кооптуу. Бул – чындык. Согуш болот деп 100 процент айта албайбыз. Бирок сентябрдын этегине чейин, суук түшкүчөктө, уруш ыктымалдыгы жогору бойдон кала бермекчи.

Грузин оппозициясы болсо өкмөт элди ички проблемалардан алаксытуу үчүн Россиянын кол салуусу менен коркутууда деп сындап жатат.








Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)