Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 11:40

Дүйнө

Германиянын канцлери АКШ Конгрессине кайрылды

Акыркы жарым кылым ичинде Конгрессте чыгып сүйлөгөн алгачкы немец канцлери Ангела Меркель АКШны дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө каршы жалпы күрөшкө кошулууга үндөдү.

АКШнын вице-президенти Жо Байден жана спикер Ненси Пелози немец канцлеринин сөзүн кол чаап кубатташты. 3-ноябрь, 2009-ж.
x
АКШнын вице-президенти Жо Байден жана спикер Ненси Пелози немец канцлеринин сөзүн кол чаап кубатташты. 3-ноябрь, 2009-ж.
Текст көлөмү - +
Немец канцлери эгерде Европа менен АКШ үлгү көрсөтсө, калкынын саны баарынан көп Индия менен Кытай глобалдык жылуулукка каршы тийиштүү милдеттенме алышы мүмкүн деп белгиледи. Жер жүзүндө аба-ырайы бара-бара ысып баратканы ушу тапта дүйнөдөгү эң кооптуу маселеге айланды, Улуттар уюму эмки айда Копенгагенде бардык өлкөлөрдү чогултуп, глобалдык климаттагы өзгөрүүлөр чукул аракет көрүлбөсө, адамзат башына түшкөн мүшкүлгө айланаарын эскертмекчи. Меркель айым дал ошол жыйында Америка менен Европа башкаларга өрнөк болушу керек деп басым жасады.

- Жалпы максат алдында биригип, жер жүзүндө аба ырайынын орточо температурасы 2 градустан ашпай тургандай абалды камсыздоого милдеттүүбүз. Ал үчүн ар бир мамлекет өзүнө эл аралык милдеттенме алууга даяр болушу керек.
Евробиримдик бул максатка жетиш үчүн АКШ баш болгон өнүккөн өлкөлөр абага көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну азыркыдан 25-40%га азайтышы керек деп эсептеп чыккан.

Ангела Меркель андан аркы сөзүндө Германия эч убакта Иран массалык кыруучу куралга ээ болушун кабыл албайт деп белгиледи. “Холокостту тааныбай, Израилди коркутуп, Израил мамлекетин жериген Иран президенти коркунучтуу куралга жетишине жол берилбеши керек”, - деди Меркель айым. Ал Америка Конгрессинин кош палатасынын биргелешкен жыйынына кайрылып, мындан туура 20 жыл илгери Германияны экиге бөлгөн Берлин дубалын жок кылууда АКШ ойногон рол үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Конгресске барардан мурун Меркель айым АКШ президенти Барак Обама менен жолугушуп маектешти. Обама эл аралык маселелерде Германия аркалаган ролду жогору баалап: “Канцлер Меркель дүйнөлүк климат маселесинде нагыз лидерлигин көргөзүүдө. Бул көйгөйдүн маанисин биз эми жаңыдан моюнга ала баштадык”, – деп тактай кетип, Германия АКШнын башкы өнөктөштөрүнүн бири экенин, немец өкмөтү Ооганстанда оор жүктү аркалап, жоготууларга туш болуп жатканын түшүнүп, терең урматтайбыз, - деди Барак Обама.

Ангела Меркель Чыгыш Германияда өткөн бала чагын эске салып, бириккен Германиянын канцлери болмок тургай, ал кезде качандыр бир Америкага барам деген кыял оюна келбегенин айтып берди. “Ушул күндөрү Берлин дубалы кулатылганынын 20 жылдыгы белгиленип жаткан чакта дүйнөдө жаңы дубал орноткусу келгендер азыркы заманды келечектен ажыраткысы келет”, - деп жыйынтыктады Конгресстеги сөзүн Германиянын канцлери.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)