Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 11:51

Кыргызстан

Т.Акун: Авас Саиповдун айткандарынын жөнү бар

2007-жылы 24-октябрда киши колдуу болгон Алишер Саиповдун атасы Авас Саипов уулун өлтүрдү делип кармалган адам чынында күнөөсүз экендигин айтып келатат. Ал буга чейин президентке, күч органдарына, сот органдарына ачык кайрылууларды жасап, шектүү адамдар бош жүргөнүн, уулун өлтүрүүгө Кыргызстан менен Өзбекстандын күч органдарынын катышы бар экенин айткан. Бул ишти өткөн айда Жогорку Сот кайрадан Ош шаардык сотуна жөнөткөн. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун бул тууралуу кабарчыбыздын айрым суроолоруна жооп берди.

Турсунбек Акун, Кыргызстан Акыйкатчысы.
Текст көлөмү - +
“Азаттык”: -  2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саипов киши колдуу болду эле. Ошондон бери соттук териштирүүлөр бүтпөй келе атат. Мына былтыр, мурдагы жылдан бери Алишер Саиповдун атасы Аваз Саипов Жогорку Сотко, Ички иштер иинистрине, Генералдык прокуротурага, президентке чейин ачык каттарды жазып, уулунун өлүмүнө тиешеси бар делген фамилияларды дагы ачык айтып атат. Ал Ички иштер иинистрлигин дагы айыптоодо, “ушулардын дагы катышы бар” деп. Бул боюнча сиз кандай ойдосуз, деги эле Аваз Саиповдун “арыздарым колго алынбай жатат” деп айтып атышынын жөнү барбы?

Турсунбек Акун: -  Менимче жөнү бар. Анткени мен 2007-жылы мамлекеттик делегациянын башчысы катары президенттин айтуусу боюнча Варшавага барып, мамлекеттин атынан доклад жасадым. Ошондо бизге эл аралык коомчулук, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) күнөө койду. Алишер Саиповдун өлүмү ушул убакка чейин Кыргызстандын бийлиги, укук коргоо органдары тарабынан ачылбай атат, ушуну ачканга жардам бериңиз же ачканга жетекчиликке айтыңыз деп айтышкан мага. Ошондон келгенден бери бүткүл кыргыз бийлигине айтып атам колумдан келишинче.

Аваз Саиповдун айтканы туура.

Анткени биз ошол Алишер Саиповду өлтүргөн адамдын бетин ачып, сотко берип, буга чекит коюшубуз керек эле. Биз анте албай келатабыз. Бул - кыргыз мамлекетинин аброюна аябай шек келтирүүдө. Андан кийин канчалаган журналисттер өлтүрүлүп кетти, канчалаганы сабалып атат. Ушунун баары Алишер Саиповду өлтүргөндөр жазаланбай жүргөндүктөн, табылбай аткандыктан, аягына чыкпай жаткандыктан болуп атат. Башка дагы өлтүрүүлөр, башка дагы уруп кетүүлөр болуп атат.

Бирок мен айтып коёюн, Аваз Саипов дагы бир жактуулукка жол берип атат.

Ал адам дагы кичине баласынан кийин нерв жагынан жабыркаганбы билбейм. Мисалы, мага келиптир, мен кабыл алайын десем 15-20 мүнөт күтүп эле кетип калган экен. Акыйкатчы институту менен биргелешип иштешсе дагы көп нерсе болот эле. Антпей эле ал адам ар кайсы жакта жүрөт. Кичине чыдамдуурак болуш керек да. Эми ал киши жамандык көрдү. Билип атам. Бирок ошентсе да биз менен иштешсе деген менин каалом бар.

“Азаттык”: -  Былтыр киши колду болгон Алишер Саиповду өлтүргөн адам табылды деген маалымат чыкты эле. Аны Абдуфарид Расулов деген адам өлтүрүптүр, мойнуна алып атат деп Ички иштер министрлиги президентке дагы кабарлаган эле. Билесиз, бул иш президенттин көзөмөлүндө. Бирок жанагы кишини Алишер Саиповду өлтүргөн эмес деп Аваз Саипов такыр ишенбей жатат, өлтүргөндөр такыр эле башка деп..?

Турсунбек Акун:
-  Мындай да, Аваз Саипов бекер айткан жок. Ал өзүнүн божомолдоосун айтып жатат. Өзүнүн канынан чыккан баласы да.

Эгерде тергөө процесси ачык-айкын болгондо, убагында оперативдик иш-аракет жасалганда, ИИМ катуу аракет кылганда андай түркүн  божомолдор чыкпайт эле. Тергөө жакшы иштебей, издөө жакшы жүрбөгөндүктөн ушундай божомолдорго жол берилүүдө. Күчтүү фактылар менен ошол А.Расуловду эл алдына алып чыкпайбы, басылмаларга чыгарбайбы. Ошондой иштерди жасабагандыктан биздин ИИМ өздөрү күнөлүү болот да. Анткени далилдүү фактырар жетишпей атат, коомчулуктун алдында Алишер Саиповду өлтүргөндөрдү далилдешибиз керек. Албетте андай болбосо Аваз Саипов айтат, мен да айтам, журналисттер даайтышат. Анан түрдүү адам түрдүүчө жазат.

“Азаттык”:Аваз Саиповдун айтымында, Ички иштер министрлигинин айрым кызматкерлери да буга тиешелүү. Оштогу жергиликтүү чиновниктердин арасынан айрымдардын, Бахтияр Токтоматов сыяктуу бир катар адамдардын ысымдарын айтып, ошолор суралбай атканына ал киши абдан нааразы..?

Турсунбек Акун: -  Менин тергөө ишине кийлигишкенге акым жок. Бирок бул киши баласы өлгөн адам.

Анан ал түрдү адамдарды айтат. Айтканга акысы бар. Мунун баардыгын тергөө амалдарын жүргүзүп, бийлик өзү буга чекит коюп, фактылар менен далилдеш керек.

Бул кишинин айтканынын да жөнү бар, бүткүл шектүү делген адамдардын баары суралышы керек.

“Азаттык”: -  Маегиңизге чоң рахмат!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Рудбек каяктан: Нарын
15.01.2010 22:43
Бийликте бир баля бар эй ал жердин эшигин ачып ичине кирген эле адам 0000-номерлу машынасын эч бир нерсеге алмаштыргысы келбей жазып берген кагаздагыны окуп секретаршасынын созун суйлоп отуруп эле калат Турсунбек аке туурабы. Эл сизден башканы кутот!

кимден: Barsbek Kyrgyz каяктан: Bishkek
13.01.2010 22:43
Турсунбек байке, кыйын болсонуз, акыйкатчымын десениз. Генерал Исмаил Исаковдун адилетсиз соттолушу тууралуу акыйкат созунузду айтынызчы. Ошондо сиздин чын ким экенинизди эл даана корот эле.

кимден: кубан каяктан: Бишкек
12.01.2010 22:16
Турсунбай байке адам укугун коргоочумун деп бош жургондо эл алдына коп кыйкырып чыкчу элениз. Эми азыр укук чегинде айтып чыкканга укугунуз бар кезде коп унчукпай отуруп калдыныз го.
Олкодо эмне болуп атканы сизге таптакыр корунбой турабы?
Ишинизди таштасанызчы убагында?

кимден: asema каяктан: turtsiya
11.01.2010 04:33
balik basinan sasiyt demekchimin,jurnalisterdin kalemi alardin korkuusu.al ucun suunun basina jetkirbey kozun tazalap jatishat.

кимден: Замир каяктан: Бишкек
10.01.2010 23:39
"Бул иш президенттин көзөмөлүндө". Совет убагында да миңдеген күнөөсүз адамдар өлтүрүлүп жатканы Сталиндин көзөмөлүндө болгон. Казактар ачык эле айтышпадыбы, журналист Павлюкту кыргыз КГБ сынын кишилери өлтүргөн деп.

кимден: Салымбек каяктан: Ош
10.01.2010 22:04
Актанбай эле кой,Турсунбай!!!...Башка эле жумуш кылчы,куйуп жургон адамга мораль окубай!Аман эле бол.Кудай силерге ишибизди тушурбосун!

кимден: Kyrgyz каяктан: Osh
10.01.2010 21:56
Турсунбек, сенин коркоктугунан журналистер катарынан атылып, жок болуп жатышат!
Орустар айтмакчы, сен "Сабака на сене" болуп калдын окшойт?
Озун иш кылбайсын же иштей-турган адамга бербейсин ишти!
Элге уят болбой - кетсен кетбейсинби же бийликтен бекинбей иштебейсинби?

кимден: bakit каяктан: Stockholm
10.01.2010 20:54
Кылмыштын бети ачылышына убакыт откон сайын мумкунчулук азаят.
Далилдер, куболор жоголот. Жасаган адам дагы эмгиче жок кылынышы мумкун. Ал киши ушунчалык жооптуу иш менен келсе куттурбой кабыл алсаныз болмок. Сиздин зарыл иш учурунузда келип калган го.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)