Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:23

Кыргызстан

О.Молдалиев: Өлкөнү каалагандай башкарганга шарт түзүлдү

2-августта президент Курманбек Бакиев эл алдында ант берип, ырасмий түрдө экинчи мөөнөткө президент катары ишине киришти.

Текст көлөмү - +
Белгилүү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев "Азаттыктагы" маегинде президент К.Бакиевдин биринчи мөөнөтүндөгү төрт жыл тууралуу айтып, кийинки беш жылдан эмнелерди күтсө болору тууралуу пикирин билдирди.


“Азаттык”:
- Орозбек мырза, бүгүн Курманбек Бакиев өлкө башчысы катары эл алдында антын берип, ырасмий түрдө экинчи мөөнөткө кызматына киришти. Анын биринчи мөөнөтүн, артта калган төрт жылды кандай баалайсыз. Ушул төрт жыл Кыргызстанга эмнелерди берди, кандай кемчиликтер жана жетишкендиктер болду?

О.Молдалиев: - Албетте бул төрт жыл жөнөкөй жылдардан болгон жок. Бакиев бийликте бир аз отургандан кийин эле президент болордун алдында айткан убадаларынан четтей баштады. Ошондо эле президенттин айланасындагы адамдардын оозунан “Баш мыйзамды өзгөртпөй койсок деле болот турбайбы. Бул жакшы эле конституция экен (А.Акаевдин тушундагы баш мыйзам – ред.)”,- деген сөздөр чыга баштады. Ага оппозициялык маанайдагы депутаттар каршы чыгып, оппозициянын кысымы алдында конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип отуруп, кээде бир жылда эки жолу баш мыйзам кабыл алган учур болуп кетти. Эң белгилүүсү ушул.

Булар эми укуктук мамлекет курабыз деген жолдогу тайсалдоолорду көрсөтүп, мүнөздөп турат.

Акыры жүрүп отуруп 2007-жылы бир конституция кабыл алынды. Анын негизинде азыркы парламент бийликке келип, “Ак жол” партиясы түзүлдү. Жыйынтыктап айта турган болсок, ошондо авторитардык бийликти күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү, мыйзамдуу түрдө. Анткени парламентке бийликтин адамдары келди. Парламенттеги эки фракция өтө азчылыкты түзөт. Жөн гана башка фракциялар бар деген сөз болуш үчүн жасалган. Алардын добушу эч кандай мааниге ээ эмес.

Ошентип ушул төрт жылда Орусия менен Казакстандыкына окшогон саясий башкаруу модели түзүлүп калды.

Андан тышкары бул аралыкта оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчылар камакка алынды. Сөз эркиндиги жаатында сөз кылсак, эркин гезиттер куугунтукка алынып, жабылып, журналисттердин бир тобу мамлекеттен чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Оппозициянын бир топ депутаттары да Жогорку Кеңештен кетип калууга аргасыз болушту. Оппозиция ошентип алсырап, азыр бийликке анча каршылык кыла албаган күчтөр гана калды. Эми мындан ары өлкөнү каалагандай башкарганга шарт түзүлүп калды.

“Азаттык”: - Ушул өтүп кеткен төрт жылда, К.Бакиевдин башкаруусу маалында адам өлтүрүү, болгондо да жогорку даражадагы адамдарды буюртма өлтүрүү көбөйдү окшойт. Бул боюнча эмне айта аласыз?

О.Молдалиев: - Эми кылмыштуулук чөйрөсүнө келсек, коррупцияны жоёбуз деп, аны жоюуш үчүн атайын уюмдар түзүлгөнү менен коррупция мурдагыдан да өркүндөп, өсүп кетти. Бир дагы коррупционер камалган жок ушул төрт жыл ичинде. Майда чиновниктер камалган фактылар болуп жатты. Бирок алар деле биртке убакыт өткөндөн кийин коррупциянын жардамы менен жазалоодон кутулуп кетишти.

“Азыр бийлик менен кылмыш чөйрөлөрү бири-бири менен айкалышып иштеп калышты” деп эксперттер айтып жүрүшөт. Ошентип айтканга негиз бар деп ойлойм. Себеби канчалаган буюртма өлтүрүүлөр болду. Ошолордун көбүнүн бети ачылбай калып атат.

Мына, эң эле кийинкилерден алалы. Мурда президенттин администрациясын башкарып турган Медет Садыркуловдун өлүмү табышмактуу бойдон калып калды. Ушул киши жана биз айткан саясий схеманы куруп берген авторлордун бири эле. Ошондой даражадагы чиновниктин иши кандайдыр бир жол кырсыгынан каза болду деген өтө ишенимсиз негиздер менен жабылып калды.

“Азаттык”: - Орозбек мырза, бүгүнкү ант берүү аземинен кийин Курманбек Бакиев ырасмий түрдө өз ишине киришип, кийинки беш жылга президенттик сапарын баштады. Ушул кийинки беш жылдан эмнелерди күтсөк болот. К.Бакиев өзүнүн бүгүнкү сөзүндө реформалар болорун, жаңы-жаңы иштерди баштаарын айтып атат. Өлкөнү өнүктүрө турган жаңыланууларды күтө алабызбы?

О.Молдалиев: - Күтпөгөндөн башка аргабыз жок. Күтүшкө туура келет. Негизи бул айткан иштерди аткарыш үчүн саясий эрк керек. Ошол саясий реформалардын баары кагаз жүзүндө калып калышы мүмкүн. Реформаларды жасаганга эң негизги эле тоскоол бизде – коррупция. Коррупция жоюлмайынча, кандай реформа болсо дагы ага бут тосуп коюшуп, чиновниктер мурдагы жасагандарын жасай беришет. Коррупция жоюлмайынча чоң кызматтарга иш билгилик сапаттарына карабай башкача сапаттагы адамдар келип калат. Анда эле реформалардын жылбай калат дегени ошол.

Ошол реформаларды жүргүзүш үчүн адегенде коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүш керек.

“Жаштарды бийликке алып келебиз, башкаларды аткарабыз” деген менен жаш коррупционерлер да бар да. Азыр бизде пара бергенди студенттер окуп баштагандан кийин эле үйрөнүп атышат.

“Азаттык”: - Биздин учурдагы бийлик системасын, бийлик түзүлүшүн эске алганда айтылып аткан убадалар, реформалар ишке ашышы мүмкүнбү. Анткени маселе алардын аткарылышында экенин сиз да айтып атасыз. Ушул бийликтин системасы аларды аткарганга жол береби?

О.Молдалиев: - Жок. Аларды аткарганга жол бербейт. Себеби бизде реформалардын эң негизин конституциялык реформа түзөт. Ал боюнча жана айттым.

Мына бизде бийликтин тең салмактуулугу түзүлгөн жок, баланс жок. Сот системасы бийликтин көзүн карап турганда акыйкаттуулук болбойт. Акыйкаттуулук болбогон жерде реформа жүрбөйт. Булар бири-бирине байланышкан нерселер. Ошондуктан реформаны сот системасын жана укук коргоо органдарынан башташ керек. Адамдар адилеттүү жол менен өзүнүн укуктарын коргоп алгандай мүмкүнчүлүккө жеткенде, ошондо гана реформалар өзүнөн-өзү алга жыла баштайт.

Азыр болсо парламент дагы, соттор дагы бийликтен көз каранды. Мындай абалда реформалар жүрбөйт.

“Азаттык”: - Маегиңизге чоң рахмат!
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Таза улутчулдар уюму каяктан: Бишкек
26.08.2009 17:01
Ушул агай жакшы, калыс сүйлөп келатат саясат таануучулардын ичинен. Азыркыдай түздүгүңүздөн жазбаңыз, агай.

кимден: Акылбек каяктан: Бишкек
04.08.2009 10:14
Оптимист бололу, урматтуу мекендештер. Ар нерсенин оң жана терс жактары болот эмеспи. Бүгүнкү мамлекеттик башкаруудагы кетирилип жаткан кемчиликтер менен кошо толгон токой жетишкендиктерди айта жүргөнүбүз оң.

кимден: Азат каяктан: Бишкек
03.08.2009 20:21
Ороке оркойгон кемчиликтерди омкоро айтыптыр ай.Азамат!.ошентип кошоматка кой сойбой ачык ачык айтып журолучу туугандар.Акты ак,караны кара деш керек.
Оз элинен жашынып кан болгон ажо эч качан жыргатпайт.Адинистративдик ресурсту колдонбойм дептир,ай азыр айылдагы балдар да билип калды муну.Окуй элек балдар эле ал эмне дебесе,алиппени уйронгондор атвет берет жон эле.
анан асмандан тушконсугон ажонун ушул созун бир уккула да эртен Кыргызстанды гулдотом дегенине ишене бергиле.Албетте айла жок болсо!....

кимден: бешкелтек каяктан: Бишкек
03.08.2009 11:33
"Башмыйзам жана барымта..." Кыргызстан бийлик төбөлдөрүнүн барымтасында калды. Бар болгула, кара курсагы менен жайлуу креслонун кулу болгон чиновниктер! Силердин күнүңөрдүн астында кылмыштуулук менен коррупция гүлдөй берет! Элдин кусуру акыры силерге болбосо, бала-бакыраңарга тиерин унутпагыла!!!

кимден: dos каяктан: orusia
03.08.2009 02:06
Конституцияны көйнөк алмаштыргандай эле алмаша берсек ал байкушта эмне деген абийир калат. Мамлекеттин негизги мыйзамы болгондон кийин, аны чоңбу кичинеби сыйлообуз керек, мыйзам талаптарын аткаруубуз керек. Кечээ Акаев, бүгүн Бакиев, эртеңки күнү дагы башкасы келип эле өзгөртө берсе келечекте кантип жашоо мүмкүн? Мыйзам алдында президент да катардагы атуул да бирдей укуктуу, бирдей жооптуу болуш керек деп ойлойм. Бүгүнкү күндө эки түрдүү жоопкерчилик, миллиондорду жегенге жаза жок, кокустан жаңылып жазган бечараны жоопко тарткан мыйзамды эмне деш керек. Мамлекеттүүлүгүбүздүн тамырына балта чаба турган мыйзам болуп тургандай. Эң биринчи катардагы атуулдун укугун коргогон, бийликтегилеринин аткарган ишин, баскан турганын тескеген мыйзам керек. Антпесе теңсиздик бир күнү өлкөбүзгө кыямат алып келиши мүмкүн.

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive