Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 11:51

Дүйнө

Президент Ахмадинежаддын "орой тилинин" жандырмагы

Президент Ахмадинежад эл алдында сүйлөгөндө Иранды дүйнөдөгү бакубат мамлекеттердин бири деп атаганды, Батыш өлкөлөрүн Ирандын ийгиликтери алдында алсыз экенин баса белгилегенди жакшы көрөт. Махмуд Ахмадинежад былтыр Исфахан шаарына барганда АКШны “региондун сазына төрт аягы менен баткан айбан” деп сыпаттаган.

Президент Махмуд Ахмадинежад
Текст көлөмү - +
Ал эми АКШ президенти Барак Обамага “биз силерден кубаттуу өлкөлөрдү көргөнбүз” деген мааниде айбат кылган. Башка бир жолу Вашингтон менен чогуу Иранга кысым көрсөткөн өлкөлөрдү “мойнунан каргы менен жетеленген итке” салыштырган. Август айында Израилдин жетекчилерин “акмак сионисттер” деп атап, “мени өлтүргөнгө адамдарды жөнөтүштү” деп күнөөлөгөн аларды.

Ахмадинежад эки жума мурда берген телеинтервьюда, ошондой эле кийинки аптада Тегеранда чет өлкөлөрдө жашаган мекендештери алдында сүйлөп, “жок” же “на” дегендин ордуна “ноуч” деген. Бул сөз ирандыктар үчүн обу жоктуктун, оройлуктун белгиси.

- Мен Жакынкы Чыгыштагы бир өкмөт башчы менен сүйлөшүп жатканымда, ал мага АКШнын саясатчылары өтө коркунучтуу адамдар экенин айтып, ошон үчүн мени ийкемдүү болгун деди. Ал мени ишендирдим деди окшойт, бир же бир жарым сааттан кийин: “Эми өз саясатыңды бир аз жумшартасыңбы?” деп сураганда, мен “ноуч” дедим.

Албетте Ахмединежаддын көчөдө жана базарда айтылчу сөздөрдү колдонуусу, Батыш өлкөлөрүн сындап сүйлөгөнү карапайым ирандыктарга жагат.

Сүргүндөгү ирандык журналист жана жазуучу Фараж Саркухинин оюнча, Ахмадинежаддын бу сыяктуу сөздөрү жөнөкөй элдин улуттук сезимине тийүүгө багытталган:

- Жөнөкөй сөздөрдү колдонгон берегидей тил күчтүн логикасына таянат. Бул патриархалдык тил. Бул акылга таянып иш жүргүзгөнгө үйрөткөн эмес, кара күчтү даңазалаган, күчкө укук берген тил. Менимче, Ахмадинежад жана башка ага окшогондор бу тилди атайылап колдонушат. Бул сөзсүз эле алардын маданиятын билдирбейт. Бирок ушундай орой сөздөрдү калайык-калк менен байланыш түзгөнгө пайдаланышат. Мен муну демагогиянын бир түрү деп айтмакмын.

Иран парламентинин мүчөсү Насрулла Тораби жогорку кызматтагы адамдар өлкөнүн аброюна шек келтирген сөздөрдү колдонгондон сак болуш керек деп санайт. АКШнын Огайо штатындагы Веслей университетинин профессору Акбар Мехдинин айтышынча, Ахмадинежад интеллигенттик чөйрөлөр орой же олдоксон санаган сөздөрдү саясый жүйөдөн улам калың эл алдында кеңири колдонот:

-Анын (президенттин) орой сөздөрдү кайра-кайра пайдаланганы, өзгөчө, чет өлкөлөргө карата тайманбай айткан каяша сөздөрү элдин айрым катмарларына жагат.

Ахмадинежаддын көчө тилинде сүйлөгөнү элдин өзүнө ток ортоңку катмарындагы билимдүүлөр, интеллектуалдар менен реформачыл парламентарийлер эчен ирет сындашкан. Бирок Ахмединежаддын жактоочулары да көп. Алардын ичинде өкмөттүн мурдакы басма сөз өкүлү Гулам Хусейн Илхам өлкө президенти жөнөкөй эл менен жеңил байланыш түзүү максатында аларга жакын тилде сүйлөшөйт дейт. Алар профессор-президенттин билимдүү, маданияттуу адамдар үчүн орой санаган тилде сүйлөгөнүн эрөөн көрүшпөйт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бактыгул
13.08.2010 17:51
Ирандын президентин мен эн мыкты лидер катары кором.Албетте.Иранда кемчиликтер жок эмес,ошого карбай Ахмадинежад оз элинин эн мыкты лидери.Бул адамдын тайманбай,тартынбай,кемчиликтерди жузуно суйлогондугу менен копчулукко жагат.Бетке айткан создун заары жок дейт,албетте Батыш олколорун сынга алганы батыштагылардын кыжырын келтирет.Бирок алар да билишет туура сынга алып жаткандыгын.Ошол себептен Батыш олколору Иран президентинин атын уккусу келишпейт.Иран эч кимден эч нерсеге мутаж эмес бирден бир олко катары билем. олкосунун кучтуулугуно,эч кимден коз каранды эместигине ишенген гана адам жогорудагыдай айтыша билет.Же болбосо,биздин олко башчылар бир да Америкага каршы бир нерсе дей алышабы?Эч качан.Анткени олко жакыр,алсыз.

кимден: Kesh каяктан: Naryn
13.08.2010 13:09
Ahmadinejad birinchiden prezident, demek al oto ele madaniyattuu adam, bul talashsyz. Al USAdin, jana batyshtyn sayasatyn besh koldoy bilet. Alarga karshy turgan birden bir olko bul Ahmedinejadtyn olkosu (Iran). Al bul sozdordu keebir olkolorgo atayin koldonot. Elderdin kopchuluk katmary koldoso albette korkpoyt echkimden.

кимден: Гуланда каяктан: Бишкек
13.08.2010 11:35
Ар кайсы элдин психалогиясы,кабыл алуусу,эстетикасы ар кандай.Эгер бул биз учун жаман болуп эсептелсе,алар учун балким кадимкидей.Бирок прнзидент болгондон кийин ар бир олко менен болгон мамилени сактоо учун алардын маданиятын билуу керек. Жок,деги эле президент оз ордун, журум турумун булуусу зарыл

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине