Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Дүйнө

Иран: “Бийлик биринчи өлтүрөт, андан кийин гана териштирет”

02.07.2009

12-июнда Иранда өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык акцияларды бийлик күч менен басып, демонстранттарды куугунтуктады. Акыркы эки аптада Иранда миңден ашуун журналисттер, саясатчылар, студенттер жана укук коргоочулар камакка алынды. Айрымдар бийликтин кысымына чыдай албай мурдагы турумдарынан баш тартууга мажбур болушту. Бийлик кысымына кабылган студенттердин лидери “Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен баарлашкан.

Шайлоодон кийин башталган куугунтуктоолордон улам бийликти сындагандардын көбү жашырынып күн өткөрүүгө мажбур болушту. Ушундан улам, “бул адамдар кысымдан коркпостон, Ирандагы кырдаалды өзгөртүүгө салым кошсо болмок” деген сын-пикирлер айтылууда. “Азаттык” үналгысынын кабарчысына берген маегинде атын атагысы келбеген студенттердин лидери мындай сындарга макул болгон жок.

Лидердин айтымында, бийлик шайлоодон кийин чыккан нааразылык акцияларын күч менен басып, коомдо баш көтөрүп, макул болбогон оппозициялык күчтөрдү куугунтуктоону күчөттү.

Атын жашырган студенттердин лидеринин баамында, Ирандагы жарандык коомдун мүчөлөрү шайлоодон кийин көчө жүрүштөрүнүн чыгышына аз гана таасир этти. “Демонстрацияларды нааразы болгон карапайым калк өз алдынча уюштурду” дейт лидер.

Студенттердин лидери “Азаттыктын” кабарчысына Ирандагы кырдаалды мындайча түшүндүрүп берди:

“Ирандагы азыркы кырдаалды сүрөттөө үчүн биз бир азил икаяны колдонуп жүрөбүз: качып бараткан түлкүнү чогулуп турган топ эл көрүп калып, алардын бири “Эмне үчүн сен качып баратасың?” деп сурайт. Анда түлкү “Бийлик үч жумурткалуу түлкүлөрдү өлтүргүлө деп буйрук берген” деп жооп кайтарат. Чогулгандардын бири “а бирок сен эки жумурткалуусуң да” десе, түлкү “алар адегенде өлтүрүп, андан кийин гана санашат экен” деп айтат. Ирандагы кырдаал азыр дал ушундай. Бийлик саясий кризисти зомбулук аракеттерге баруу үчүн шылтоо катары пайдаланышат”.

Иранда шайлоодон кийин орун алган башаламандыктардан соң Тегеран жана башка шаарларда бир нече киши набыт болгон. “Алардын канчасы студенттер эле?” деген суроого студенттердин лидери так санын айта албасын билдирген. “Расмий түрдө 20 киши набыт болду деп кабарланган. Бирок мерт кеткендердин жана жараат алгандардын саны мындан да көп” дейт атын атагысы келбеген студенттердин лидери.

Анын айтымында, камакка алынып, кийин бошотулгандардын денелеринде көк-ала тактар бар. Аларды катуу сабашкан экен. “Жаштар учурда ызырынып, жиндери кайнап турган маал. Мүмкүн болгондо алар өз нааразылыгын кайрадан билдиришет” деп ишенет белгисиз калууну каалаган студенттердин лидери.

12-июндагы шайлоодон кийин жаштардын “Ирандагы демократия үчүн” кыймылы түзүлгөн. Студенттердин лидеринин айтымында, бул кыймыл өз максатына жетмейин, демократия үчүн күрөшүн токтотпойт.
Бул шерине жабылды
     
Пикир
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)