Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Дүйнө

Дүйнө Ирандагы шайлоого сересеп салууда

Талапкер Мир Хусейн Мусавинин жактоочуларынын бири Тегерандагы нааразылык чаралары маалында. 2009-ж., 13-июн.

Талапкер Мир Хусейн Мусавинин жактоочуларынын бири Тегерандагы нааразылык чаралары маалында. 2009-ж., 13-июн.

14.06.2009
Тынчтыкбек Чоротегин

Ирандагы жума күнкү шайлоонун расмий жыйынтыгын айатолла Али Хаменейи баш болгон бийликтеги динятчылар колдоого алган чакта, Тегеранда миңдеген ирандык атуулдар бул жыйынтыкка нааразы болуп, полиция менен кагылышууга чейин барды. Батыш өлкөлөрү шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондордун пикирин эске алууга чакырып, кырдаалга тынчсыздануусун билдирсе, Сирия, Венесуэла сыяктуу өлкөлөрдүн президенттери Ахмадинежадды жеңиши менен куттуктап чыгышты.

Тегеран тынч эмес

Ишемби күнү Иран бийлиги 12-июндагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялаган соң, бул жыйынтыкты бурмалоо жолу менен жасалды деп нааразы болгон миңдеген демонстранттар Тегерандын көчөлөрүнө чыгышты.

Кээ бир көчөлөрдө алар полициянын унаасын өрттөгөнгө чейин барышты. Айрым жерлерде котолоп топтолгон нааразы кишилер дүкөндөргө кол салып, талап-тоногонго чейин барганы маалымдалды.

Полиция Тегеран университетинин жанына чогулган студент демонстранттарды көздөн жаш агызчу газ менен аткылады.

Экинчи мөөнөткө шайланганы расмий жарыяланган президент Махмуд Ахмадинежаддын негизги атаандашы, мурдагы өкмөт башчы жана реформачыл саясатчы Мир Хусейн Мусави расмий жыйынтыкты тааныбай турганын айтып, жума күнкү шайлоону “коркунучтуу сөз оюнуна” теңеди.

Ал эми президент Ахмадинежад болсо ишембиде сыналгыда чыгып сүйлөп, бул шайлоо эркин жана дурус өттү деген баасын берди. Аны колдоого алган өлкөнүн руханий жетекчиси, айатолла Али Хаменейи ирандык атуулдарды шайлоо жыйынтыгын урматтоо менен кабыл алууга чакырды.

Иран Ички иштер министрлигинин расмий маалымдашынча, учурдагы президент Ахмадинежад үчүн жума күнү добуш берүүгө катышкандардын 62 пайызы колдоо көрсөткөн, ал эми Мусави – болгону 34 пайыз добуш алган. Жалпысынан, 46 миллиондой шайлоочунун дээрлик 85 пайызы добуш берүү жараянына катышып, бул - өлкө тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Бул расмий көрсөткүчтү сынга алгандар Ахмадинежаддын жеңишке жеткени тууралуу алдын-ала жарыя ушунчалык тез убакытта расмий жасалганына шектенүү менен кароодо.

Алардын айтымында, айрым вилайеттердеги жергиликтүү көрсөткүчтөр шек туудурбай койбойт. Маселен, реформачы талапкерлердин бири Мехди Карруби өзү туулуп-өскөн Олигударз шаарында Ахмадинежаддыкына караганда алда канча аз добуш алып калганы ишенбестикти туудурууда.


Дүйнө жүзүндө Ирандагы шайлоо жыйынтыгына карата ар кыл баалар айтылууда.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кошмо Штаттар Ирандагы кырдаалды кылдат байкоого алып жатканын айтып, шайлоо жыйынтыгы иран калкынын чыныгы каалоосуна төп болсо экен деген үмүтүн билдирди:

- Кошмо Штаттар Ирандагы шайлоого комментарий берүүдөн өзүн оолак тутту. Албетте, биз шайлоо жыйынтыгы иран элинин чыныгы каалоосун жана тилегин чагылдырса экен деп үмүттөнөбүз.

Ал эми Британиянын Тышкы иштер катчысы Дэвид Милибэнд болсо расмий Лондон Ирандын бийлиги добуш бурмалоолор тууралуу айыптоолорго астейдил мамиле кылат ко деп үмүттөнөөрүн билдирди.

Европа Биримдигинин жетекчилиги болсо шайлоонун талаш-тартыштуу жыйынтыгы жана калайыктын нааразылыгы боюнча өз тынчсыздануусун билдирди.

Сириянын президенти Башар ал-Асад жана Венесуэланын солчул президенти Уго Чавес Ирандын президенти Ахмадинежадды жеңиши менен куттукташты.

Мусавинин колунан эмне келмек?

Серепчилердин бир даарынын айтымында, эгерде Мусави Ирандагы президенттик шайлоодо жеңген болсо, анда Ирандын өзөктүк долбоору тууралуу болочокку сүйлөшүүлөр үчүн жагымдуу жагдай түзүлүшү ыктымалдан алыс эмес эле.

Батыш өлкөлөрү Ахмадинежаддын өкмөтү тынчтык максаттагы өзөктүк долбоорго жамынып алып, иш жүзүндө өзөктүк согуш куралын өндүрүү үчүн тымызын аракет кылууда деп шек санап келет. Расмий Тегеран болсо мындай доолорду эч жуутпай четке кагып келет.

Бирок, башка бир серепчилер тобунун оюнча, өзөктүк долбоор боюнча негизги чечим Ирандын президентинин колунда эмес. Мындай олуттуу маселенин ачкычы – айатолла Али Хаменейи жетектеген бийликтеги шийи диниятчылардын колунда. Балким, Мусави жеңгенде деле акыбал олуттуу өзгөрмөк эмес.

Маселенин өзөгү – Ирандагы президенттик ат салышууга катышкандардын баары тең оболу бийликтеги диниятчылардын “батасын” алгандыгында, ал эми режимдин алкагына таптакыр сыйбай турган саясатты көздөгөндөр бул “ат салышууга” эч жолотулган жок, дешет бул серепчилер.

Видео тасма.


Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: а3 каяктан: Кант
30.06.2009 17:24
Элинин акыл эс, ыйманына жараша Жараткан да ошого ылайыктуу падыша берет. Туура бийлик оңойчулук менен экинчи бир кишиге бийликти өткөруп бербейт.Себеби жасалма жолдор менен шайлоо өткөрөт. Демек калкыбыз да азырынча ошого татыктуу.. Эгер татыктуу эмеспиз десек эртең эле кайра жасалма жолдор менен Бакиев шайланса ошондо бүт баарыбыз нараазы болуп чыгалы. Тилекке каршы элибиз ага барбайт..Коркот и кошоматчылар бар, жаман болсо деле биздикилер болсун деген жердешчилдер бар.Мусулман туура айтат. Акбар, ААА аны менен макул болгула. Мен макулмун.

кимден: talas каяктан: talas
25.06.2009 15:15
AAA JRO BER KYL KOOMDO. SAGA JARASCHAT.

кимден: Акбар каяктан: РФ
20.06.2009 16:17
Мусулманга!ААА туура айтат-макаланы жакшы оку-түшүнбөсөң!

кимден: Бакай каяктан: Бишкек
20.06.2009 06:28
Ирандагы бийлигинин оорусу - авторитаризм менен диндик фундаментализмдин коркунучтуу кошулмасы.Кудай жалгап биздин оорубуз азырынча бироо эле - авторитаризм.
Бирок,фундаментализм да бизге туштуктон жылып келатат - сак болушубуз керек.Бул оорудардан кутулуш учун чон аракет керек,
биздин,кыргыздардын, колубуздан бир нарсе келээр бекен?

кимден: Shoola каяктан: Bishkek
20.06.2009 02:03
Торгойго,
"Бирөө ооз ачайын десе эле албууттанган ОБОНдор (отряд баб особого назначения) жумурткаларды көтөрүп, арак жыттанып, албууттанып чыгат. Ошо боюнча эле дымып калабыз," деп сиз айткандай жана ушул сыяктуу,криминалдашкан уюм Иранда да бар экен.Ал уюмдун аты"Басижи" деп аталат экен.
Бул уюмду молдо башкарып,ар кандай лидерлерден туруп,ал уюмга кирген мүчөлөрүнүн такай жумушу жок, ушундай өкмөткө каршы чыккан эл кыймылдарын ар кандай жол менен басып турган уюм экен.Так эле биздин өлкөдө болуп жаткандай.

кимден: Musulmanin каяктан: Kyrgyzstan
18.06.2009 18:37
Assalom aleikum!!!
кимден: ААА каяктан: Бишкек
15.06.2009 08:21
Ким эле бийликти оной эле берип койот-кызык ээ адамдар!
Emne biilik emne atasinan kalgan muras beken??? bugyn bar erten jok... Allah (SWT) kaalasa kirpik kakkan4a jok bolot. El kandai bolso Allah owondoi prezidentti beret!!! owon y4un biroony jamandagandan koro birin4i ozubyzdy karaily4y???? tuura joldobuzby? Allah bizdin kylgan iwteribizge yraazi bolup jatabi??? eger mamleket baw4ibiz jaman bolso anda Allahtan nakazaniya!!! antkeni azyr karap korson ar bir toy araksiz otpoit, toidun korky 4ykpai kalat dep suudai arrakty togobyz... Zina(nikesiz jinistyk katnaw) bul jonokoiu korunuw bolup kaldy. kee4e klubdar mindan kop.. ata enesin tebelep tepsegen mindan kop....bulardin baarin korup tyrup kantip bawkalarga syn taga alabyz... Allahtan korkyy degen sezim jokpy bizde???owonduktan kalaiyk kalk kelgile4i terenireek oilonup tyrup jyintyk 4ygarali....Assalom aleikum Warahmatulahi....

кимден: торгой каяктан: Бишкек
16.06.2009 13:40
Кыргыздардын минтип чыгаарына көзүм жетпей турат. Акыркы мезгилдерде бийлик өкүлдөрү каалашынча бурмалап эле референдум өткөрдү, позорный "Ак жолун" откорду. Лам деген киши жок. Бирөө ооз ачайын десе эле албууттанган ОБОНдор (отряд баб особого назначения) жумурткаларды көтөрүп, арак жыттанып, албууттанып чыгат. Ошо боюнча эле дымып калабыз.

кимден: Askar каяктан: Osh
15.06.2009 16:32
Kyrgyzstandy da shayloodon kiin ushundai okuyalar kutup turu go deym...

кимден: ААА каяктан: Бишкек
15.06.2009 08:21
Ким эле бийликти оной эле берип койот-кызык ээ адамдар!
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)