Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:14

Саясат

И.Исаков: Алгач армияны оңдоюн, анан атамдын үйүн...

11-февралда Исмаил Исаковдун 8 жылга кесилип, УКМКнын абагына түшкөнүнө туура бир ай болду. Исаковдун кичи мекени Алай районунда анын камалышына нааразылыктар күчтүү.

Текст көлөмү - +
Борошологон кар, тайгак жолдо Сопу-Коргон айылына жетүү жеңил боло берген жок.

Сопу-Коргондо Исмаил Исаковдун атасынын үйү бар. Исаков камалгандан кийин 86 жаштагы апасы Анипа Маматисаева да Сопу-Коргонго келип, Исмаил Исаковду бошотууну талап кылган ачкачылык акциясына кошулган.

9-февралда журналисттер жана саясатчы Топчубек Тургуналиев Анипа Маматисаева баш болгон он адам ачкачылык кармап отурган
 
үйгө келип, алар менен жолугушуу учурунда Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев ачкачылык акциясын токтотууга үндөдү. Ачкачылыкта отургандар ага макул болушту.

86 жашка кадам койгон Анипа Маматисаева уулунун камалышына карата президент Курманбек Бакиевге нааразылыгын жашырган жок:


- Акаев иштеп кетти. Андан кийин муну шайлап алышты. Бул эми жакшы иштейт десе... Бул эми кызматын жакшы кылып жатабы, жаман кылып жатабы айта албаймын. Бирок чыгаан жигиттерди куугунтукка алганы жаман экен. Ушул жерине мен өтө нааразымын. Курманбек өтө нааразымын. Сотко да нааразымын. Ушу балам аппак эле, торго салып койгону эмнеси ботом!? Киши өлтүргөндү, мамлекетти бузган же ууру кылганды торго салчу эле. Ак иштеп, ак жүргөн баламдын бетине көө сыйпап отурат. Кудайга койдум. Аллага койдум. Улуу кудай аны да торго салаар. Бул дүйнөдө адамдар торго салбаса, Кудай өзү торго салып коет, деген Анипа эне уулун бийик болууга үндөдү.

Мүмкүн Исмаил Исаков кээ бир саясатчылар сунуш кылгандай президенттен кечирим сурашы керек беле деген суроого мындай жооп берди:

- Кечирим сурасын деп кантип айтам. Ушундай таптаза, сүттөй таза баламды торго салып отурса. Эмнесине кечирим сурайт? Кудай буюрса, эли бар, журту бар, тууган-уругу бар, жакшы санаалаштары бар. Чыгаар деп үмүттөнүп отурам. Кудай кааласа чыгат. Чыгып алса болду. Бийликти ошол Курманбекке эле бердик.

Топчубек Тургуналиевдин жана журналисттердин келгени тууралуу кабарды уккан сопу-коргондуктар дароо чогулушту. Алардын катарына келген сексен жаштан ашкан, Сопу-Коргон мектебинде убагында тарыхтан сабак берген, Исмаил Исаковду окуткан жана атасынын Сопу-Коргондогу эң жакын кошунасы Сурма эжеке, Исмаил Исаков министр кезинде Сопу-Коргонго келгенде, “ай Исмаил, министр болдуң, жогору кызматтарда иштедиң, мына бу атаңдын үйүн оңдотуп койбойсуңубу?” деп сураганда, эми Коргоо министри кызматына киришкен Исмаил Исаков минтип жооп берген:

 Армияны оңдоюн. Андан кийин атамдын үйүн оңдоймун.

Сопукоргондуктар жолдун алыстыгына жана кар, күн сууктугуна карабай 10-февралда район борбору Гүлчө айылына митингге келишти. Район борборундагы стадиондо митингиде алгачкылардан болуп сексен жаштан ашкан карыя Ороз Мусаев сөз сүйлөп буларды белгиледи:

- Максатыбыз бир гана Исмаил Исаковду бардык чиндери менен кылын коротпой камактан бошотуп алуу. Биз бийликтин кетирип жаткан кемчиликтерин айткан жокпуз. Атап айтканда, жер сатканын айткан жокпуз, кен сатканын айткан жокпуз, жарыкты кымбаттатканын айткан жокпуз, суу сатканын айткан жокпуз жана башка толуп жаткан кемчиликтерин айткан жокпуз. Биз бир гана Исмаил Исаковду ошол жерден аман-эсен бошотууну талап кылып отурабыз.

Ороз Мусаев бул максатта Курманбек Бакиевге көп кайрылышканын кошумчалады:

- Биз Бакиевден суранганбыз, Бакиевге жалынып кат жазганбыз. Чыгарып коюңуз, ушул сиз менен кошо жүрдү эле, үзөңгүлөш болду
эле, сизди бийликке алып келгендердин бири эле, ушуну чыгарып коюңуз деп суранган элек. Эми жалынбайбыз. Эми талап кылабыз.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Нургазы Айдаров жана Ажыбай Калмаматовго нааразылыгын жашырган жок:

- Бул Алайдын эли жөн эле жатат. Беш-алты туугандары менен чүңкүлдөшүп жүрөт деп Жогорку Кеңешке айткан имиш. Оо уяты жоктор, ушундай да болобу!?

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Ажыбай Калмаматов баары мыйзам чегинде болушун билдирген.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Арапбай каяктан: Екатеринбург
23.02.2010 20:26
Биринчиден Азаттыктарга чоон ракмат айткым келет.Себеби башка каналдарга окшоп коркуп отуруп калбай,курч айтылган создорду сын пикирлерди жарыялап жаткандары учун !!! Бул деген озу Эрдик,Сиздердин тайманбастыгыздар учун Алай элинин атынан жалпы Азаттыктарга ТААЗИМ! Дайыма Эркин,Азат болунуздар. Анипа эне сизди тушунуп турам албетте, оор болуп, журогунуз канап, сыздап турганын,Бирок ушул кайратыныздан эч качан кайтпаныз.Кайра сыймыктансаныз болот ушундай эр журок, тайманбас Баатыр уулду тороп,тарбиялап остургонунуз учун. Бар болунуз демдуу болунуз.узак жашап оорубаныз! Генерал биз дайыма сиз менен биргебиз!!! Бугунку накта сиздин Майрамыныз менен кутуктайм! Алла Таллам колдоп жигит пири Шаймерден жандап журсун!

кимден: Чындык каяктан: Айтпайм
16.02.2010 21:59
Азаттыктын окурмандарына кайрылар элем.Бүткүл СНГ боюнча эч бир Генералдын үйү Кыргыздын Исаковундукундай болбосо керек.Жеке кызыкчылыгыңарды унутуп, кыргызды ойлоп, жүрөгүңөрдү тыңшап, калыстыгыңарды билдиргиле.

кимден: Майрам каяктан: Россия
16.02.2010 14:15
Анипа апа сизге кудай күч -кубат.кайрат берсин, тилегиңиз кабыл болсун.Эненин ичиндеги ойду Эне гана туйа алат.

кимден: Тоолук каяктан: Алай
16.02.2010 13:38
Алайлыктар актык үчүн күрөштөн тайбагыла. Аргымагын азса, тайың бар, тайың тайса кулунуң-Биз барбыз. Кагылайын карапайым момун элим сенден айлансак болот!!!

кимден: Тарыхчы
15.02.2010 09:54
Плакатыңар укмуш ко я, кыргыздарга жарашпаган. Кыргыздар плакат көтөрбөй эле баатырын ээрчип келип басып алчу эле. Ай, оюн кылып атышат ко укук коргогучтар

кимден: Азим каяктан: Жаллабат
14.02.2010 22:41
Ушул үйдүн жанына Бакиевдердин Сузакка салдырган үйүнүн да сүрөтүн коюп койсоңор, эл өзү таразалап көрсүн.

кимден: травертин каяктан: россия
14.02.2010 21:44
Ажыбай мырза Алай эмес Ошко да баргыс болду окшойт

кимден: Известняк каяктан: россия
14.02.2010 21:32
Саясатың менен самыран кал 85 жаштагы карыя мештин алдында ысык чайын ууртап кыбырасына жомок айткандын оордуна момунтип нааразычылык билдирип олтурат Ылайым 100 го жетиңиз Сотторго наалат Курманжандай күчтүү кайрат берсин сизге кудай Сизге ТААЗИМ.РФ,

кимден: Алик каяктан: Туркия
14.02.2010 19:08
Исмаил Исаков-Азаматсыз! Бул Аллахтын сыноосу. Ал сыноонун ичинде өзүңүз үчүн жана өзгөлөр үчүн да чоң сабак бар. Кудайга шүгүр деңиз,сизден башка эрки бош бирөө болсо акыйкатсыздыкка багынып бермек. Аллах бар! Бекем болуңуз! Элге эмес, Аллах үчүн да чындыкктан, адилеттүүлүктөн тайбаңыз!

кимден: Дуйшон каяктан: Кербен
14.02.2010 14:36
Карагылачы чыныгы кыргыздын энесин, эмнеге кечирим сурайт деп айтып жатат, кайсы куноосу учун деп. Аман болун эне.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)