Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:20

Борбор Азия

"Камбар-Ата-1" Россия үчүн саясый долбоор

"Камбар-Ата-2" ГЭСинин 1-агрегаты ишке кирди. Узак жылдардан бери бүтпөй келаткан "Камбар-Ата-1" ГЭСинин келечеги жөнүндө москвалык эксперт Андрей Грозиндин жоромолу.

Камбар-Ата ГЭСинин курулушу.
Текст көлөмү - +

"Азаттык": 30-августта Кыргызстан “Камбар-Ата-2” ГЭСинин 1-агрегатын пайдаланууга берди. Эми курулушунун теңине жакыны бүтүп калган “Камбар-Ата-1” ГЭСинин болочогу эмне болот деген табигый суроо жаралат. Анткени "Камбар-Ата-1дин" долбоордо каралган кубаттуулугу 1900 МВт же "Камбар-Ата-2ден" дээрлик төрт эсе чоң. Анан да аны куруу боюнча 2009-жылы Россия-Кыргызстан менен акционердик компания түзгөн. Бу чала бүткөн теңорток ГЭСтин келечеги барбы?

 

Курманбек Бакиев. 4-апрель 2009

А. Грозин: Тилекке каршы, азырынча, "Камбар-Ата-1" ГЭСи боюнча ачык бир нерсе айтуу же баланча күнү башталат деп боолгоо мүмкүн эмес. Бир жактан, бул региондогу ири ГЭСти куруу боюнча Россия менен Кыргызстан ортосундагы келишимдин тарыхына байланыштуу.

Кыргызстандын мурдакы президенти Курманбек Бакиев былтыр жазда Москвага жасаган визити маалында өтө чоң шаң-тамаша менен "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу боюнча россиялык-кыргызстандык акционердик коомдун түзүлгөнү жана анын курулушуна эбегейсиз чоң сумманы - 1 миллиард 700 миллион долларды  салууга Россия даяр экени ырасмий жагдайда жарыя кылынган. Удаа эле Кыргыз тарапка 400 миллион доллар берилген. Анын 150 млн. доллары кайтарымсыз жардам ирети берилсе, 300 млн. доллары Республиканы өнүктүрүү фондусуна чегерилген. Жаңылбасам, бул кредит 40 жылга берилип, жылдык төлөмү 0, 75 процент болчу. Ошондон кийин эки өлкөнүн жетекчилери  арасында түшүнбөстүктөр башталбадыбы. Ал чатакташуу  "Манас" авиабазасын Транзиттик жүк ташуучу борборуна айлантууга байланыштуу келип чыкты. Ал эми 2010-жылдын жазында премьер-министр Данияр Үсөнөв "Камбар-Ата-1ди" каржылоонун башын ачуу үчүн атайын Москвага келди. Ошондо Россия өкмөтү Курманбек Бакиевдин режими бийликти турганда, 1,7 миллиард долларды инвестиция кылбасын ачык айтты.
 

Россиянын атактуу Таман дивизиясынын жоокерлери машыгуу учурунда. Москва. 24-август 2010

Кыргызстанда апрелде бийлик алмашкандан кийин "Камбар-Ата-1ди" Россия каржылайбы, ал жөнүндө бир нерсе деп ачык айтып болбойт. Бирок Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20-августта Ереванда өткөн саммитинден кийин Россиянын Тышкы иштер министрлиги жана РАО ЕЭС корпорациясы жасаган билдирүү Россия өкмөтү "Камбар-Ата-1ди" курууга катышат деп боолгогонго негиз берет. Ошондо да Россия курулушка мурдакы шарт боюнча катышмакчы. Тагыраак айтканда, ГЭСтин акциясынын негизги бөлүгү же контролдук пакетине ээ болгондо жана мурда айтылган технологиялык параметрлер сакталганда гана. Менин баамымда, Максим Бакиев атасынын бийлиги кулагандан бир аз мурда Бээжинге барган кезде ГЭСти курууда Россиянын ордуна Кытайды тартуу жөнүндө айткан идеясы Москвага жаккан жок. Ошон үчүн Россия анын курулушуна Курманбек Бакиев 2009-жылдын жазында Москвага визит менен барганда айтылган шартта гана катыша алат.


"Азаттык": "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу эки-үч жылда башталган учурда да, эксперттердин боолгошунча,  эрте дегенде 15 жылда бүтүшү мүмкүн. ГЭС бүткөн соң Борбор Азияда кышында болуп жүргөн энерготартыштыкты жабуу үчүн 4-5 ай гана пайдаланылат. Ошентип анын курулушуна кеткен чыгым 25-30 жылда барып кайтат. Россияга мындай долбоорго катшуунун эмне пайдасы бар?


А. Грозин:
Сиз туура айтасыз. Долбоор боюнча баштап жасалган эсептөөлөр азыркы экономикалык чындыктан алда канча айырмаланып турат. Ошентсе да эсиңизге сала кетейин. Россиянын өкмөттүк энерго корпорациясы- РАО ЕЭС  жана Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Камбар-Ата болочокто Борбор Азиянын электр энерегиясын Түштүк Азияга сатууда негизги энергия булагы болуш керек.

Электр кубаты Пакистандан башка да Индияга да сатылышы мүмкүн. Бирдиктүү энергосистемага келечекте Ооганстан да кошулары шексиз. Ошондо электр кубатынын наркы азыркыдан такыр башка болот жана "Камбар-Ата-1" ГЭСи ылдам өзүн актайт.  Россиянын бул ири ГЭСке кызыгуусунда финансылык жүйөдөн көрө, саясый кызыкчылык чоң роль ойноодо. Россия анын контролдук пакетине ээ болом деген үмүттө.

Камбар-Ата ГЭСинин контролдук пакетине ээ болуу экономикалык гана эмес, саясый да контролго ээ дегенди түшүндүрөт. Москвабы, Бээжинби, же Вашингтонбу, айтор ким  ГЭСтин контролдук пакетине ээ болсо, ал  постсоветтик Борбор Азия түгүл, андан да кең мейкиндикте  Түштүк Азия регионунда экономикалык таасири эбегейсиз өсөт. Москва жана башка оюнчулар үчүн бул биринчи кезекте нукура геосаясый долбоор болгондуктан, анын экономикалык жактан пайдалуулугу экинчи орундагы маселе.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кыргыз каяктан: Кыргызстан
20.09.2010 19:00
Убактылуу Окмот, техникалык мыйзам ченемине жооп бербеген, жонокой соз менен айтканда, торт донгологу жок рульу жок машинаны айдап элге корсотту да, «мана кордунорбу! Кандай ыкчам журот!» -деп ишендиргенге аракет кылышты. Мурунку бийлик торт айга пландаштырган, бийлик кеткенден кийин аткарылбай калган ГЭСтин техникалык жетишпеген себептерин, Камбар-Ата 2нин туптоочулорунун оз ооздорунан укканда чынында Уого ишенген элге боорун ооруйт.
Алар томонку себептер
- агрегатка кетчуу сууну кое берчуу краны жок. (ал эчаак эле заказ берилип, бийлик алмашкандан кийин, , AGIS Engineering деген кранды алып келчуу фирмага карыздын суммасы 140миллион руб боюнча алынбай калган)
-Питердеги «Ракус» аттуу компания ГЭСти авариядан сактап турчуу система алып келинип орнотулган эмес.( Ансыз ГЭСтин ишке кируусу жомокто да болбойт-дейт жаныбызда турган ушул системаны орнотчуу шеф-инженер. А мен аны орноткон жокмун да –деп башын жерге салып уялбаган Впдан озу уялып.)
-ГЭСке ток кетчуу провоттор сатылып алынып, бийлик алмашканына байланыштуу камсыздалбай орношо элек экен.
-АРУ учун , Шветсиялык АВВ компаниясы тарабынан алынып келинген трансформатор тетикти толук колдонулушуна орнотулган эмес.( Аны орнотчуу атайын АВВдан келчуу шеф-инженерлер орнотмок тургай Кыргызстандын бетин да корушпоптур);
-агрегаттын системаларын муздаткыч трансформатору, Запорожский шаарындагы Трансфарматор заводунан 2милл долларга туура эмес жасалган абалында алынып келинген. Оордуна башка трансформатор жасалып да жетишкен эмес. Муздаткыч трансфарматору жок Роза Отунбаева кнопкасын баскан агрегат жомокто да иштемек эмес.
Мындан келди Убактылуу Окмоттун бугунку кундо ар бир жаны кадамын элди алдоо жолу менен таштап жатышы, Оздорунбу,окмоттубу, олконубу, айтор кимди сооротуп жатышканына акыл калчап болбойт.
-2010жылдын 7апрелинен бери, эчендеген каргашалуу окуяларды башынан откоруп, олкону жанылануу жолуна алып барабыз деп кокурогун койгулаган жаны окмот оздорун болбогон шумдукту болтуруп, кудайдай эле сезип жатышканы айдан ачык болуп жатпайбы. Кун откон сайын элдин кокурогун ойугон койгойлор кобойуп, Уонун баатырдыгынан былыгы ашып жатканда, Роза айымдын сыйкырчы таягын калп да болсо шилтеп турмай адатка айланды корунот.
Бул жагы кандай болот кыргызым. Ушинтип эле утур бироосуно алдана беребизби?

кимден: Жанызак каяктан: www.presskg.com
01.09.2010 09:24
••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••
Ошондон кийин эки өлкөнүн жетекчилери арасында түшүнбөстүктөр башталбадыбы. Ал чатакташуу "Манас" авиабазасын Транзиттик жүк ташуучу борборуна айлантууга байланыштуу келип чыкты.
••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••••

Россия бечара Кыргызга "Америкадан айрыл..." дегендей былжырак шартты койбой эле, экономикалык жагдайга жараша жөн эле иштей бербейби дейм да?
Бүгүнкү күндө Америкасыз болобу?
Антсем биердегилер: "Баланча миңдеген кыргыз Россияда..." деп жатышпайбы.
Алардын Россияда болуп жатканына Орусия өзү да кызыкдар болсо керек...
Роза Исаковна Америка ким экенин, Орусия ким экенин жана да Кытай дегенин да мурдакы элчи катары жакшы эле билсе керек...

кимден: Кыргыз Кыргызович каяктан: Кыргызстан
01.09.2010 00:42
Суйлошуулорго Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргой турган, бул долбоорду болочок парламентке сунуш кылып, анын колдоосун алууга мумкунчулугу бар, энергетика тармагын жакшы оздоштургон адистерден, окмот мучолорунон турган топту даярдаш керек. Келечекте суунун запастарынын мааниси биздин региондо осот. Ошондуктан чет олколук инвесторлордун компетенциясын суу маселесин кароодо чектоо зарыл.

кимден: Эмиль каяктан: Санкт-петербург
31.08.2010 13:42
Саламатсынарбы урматту Кыргыз элим бугунку майрамыныр м-н эгемендуу болгонубузга 19 жыл болуптур 19 жылдын ичинде эки президент алмашты элибиз америкадандагы откон демократияга жэтишти биз ушул камбар ата 1 гесин орустарга ж-а башкаларга жалдырабай озубуз курсак болбойбу жок дегенде элдин жардамы м-н .коп тукурсо кол болот деген элибиздин макалы бар келечекте муундарыбыз алкыш айтатурган болсун

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине