Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:21

Борбор Азия

Казакстан: Рахат Алиевге каршы дагы бир кылмыш иши козголду

Казакстандын башкы прокуратурасы президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин “Кесеп кайын ата” (Крестный тесть) деген китебинин жарык көрүшүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Алматы шаарынын прокурор орун басарына шилтеме жасап, КазТАГ агенттиги маалымдады.

Казак президенти Нурсултан Назарбевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев
x
Казак президенти Нурсултан Назарбевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев
Текст көлөмү - +
Алиевге кызмат абалынан пайдаланып кат алышуу, телефон сүйлөшүүлөрү жана башка мааалыматтарда камтылган сырды шардана кылуу деген айып тагылууда. Мындан тышкары прокуратура гезит, журналдарды китептеги маалыматты басып чыгаруу үчүн кылмыш жазасы каралаарын эскертти.

Алматы шаарынын прокурор орун басары Багбан Таимбетов “Республика” жана “Взгляд” басылмаларынын баш редакторлору прокуратурага чакырылганын КазТАГдын кабарчысына бышыктады. Аларга Рахат Алиевдин китебинин мазмунун басып чыгарбоо көрсөтмөсү берилген. Башкы прокуратуранын кадамы сөз эркиндигин чектөөгө багытталбай, ал жөн гана кылмыш-жаза кодексинин урматталышын камсыздоону көздөйт, - деп ишендирди Таимбетов.

“Взгляд” деген эркин басылманын башкы редактору Игорь Винявский китептин мазмуну менен тааныш эместигин, анын гезити андан үзүндүлөрдү азыр басып чыгара албастыгын “Азаттыкка” айтты. Китептин өзүн болсо Европадагы кээ бир интернет сайттарынан заказ берип же Австрия менен Германиянын айрым дүкөндөрүндө гана сатып алса болот. Казакстанда болсо китеп сатылбайт, анын электрондук варианты да жарыяланган эмес.

Оппозициядагы “Республика” гезити нааразылыгын билдирип, Улуттук коопсуздук комитетине жана Башкы прокуратурага бир нече суроо менен кайрылды. Гезит асыресе прокуратуранын эскертүүсү Конституциянын “ар бир адам мыйзамдуу жол менен маалымат алууга жана аны таратууга укуктуу” деген беренесине канчалык дал келет деп кызыгат.

Башкы прокуратуранын жооптуу 2 өкүлү “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысына “бул иш жөнүндө маалыматыбыз жок” деп жооп беришти.

Казакстандын Жогорку сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын мурдагы төрагасы Утеген Исханов гезит редакторлоруна адегенде эскертүүнүн тексти берилүүгө тийиш эле, - деп комментариялады. Прокуратура мыйзамды түшүндүрүшү керек. Себеби мамлекеттик сыр жөнүндөгү мыйзамда келтирилген жабык маалыматтын тизмеси узун. Маселен, мамлекет башчынын маянасын, куралдуу күчтөрдүн санын шардана кылууга тыюу салынат, - дейт ардагер юрист.

Алиев китебинде президент Назарбаевдин жеке турмушу, ден соолугу, маянасы, армиянын, Ички иштер министрлигинин аскерлери тууралуу маалыматтарды келтирет. Мындай учурда прокуратура китептин кайсы бөлүгүндөгү же бетиндеги маалымат жарыяланбашы керек деп так көрсөтүүгө тийиш, - деп түшүндүрдү Исханов.

Винявскийдин айтымында, прокуратура жөн гана китептин мазмуну жөнүндө жазбагыла деп эскерткен.

Ал эми чуулгандуу чыгарманын автору кылмыш ишин козгоо менен бийлик китепте айтылгандар чындык экенин моюнга алды деп эсептейт:

- Китептин жарык көрүшүнө байланыштуу мага каршы дагы бир кылмыш ишинин козголушу - анда камтылган фактылар чындыкка дал келээрин дагы бир жолу айгинелейт.

Алиевдин 540 барактан турган китеби мындан 10 күнчө мурун Европада сатыла баштаган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Байышбек каяктан: Бишкек
27.05.2009 13:00
Эмне болгон күндө да мамлекеттик сырды ашкерелөө болбойт да. Бул деген өз өлкөсүн сатуу дегенге барабар. Эмнеси болсо да бизде андай болбосун, сөз эркиндиги болсун!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)