Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:25

Саясат

Алматыда сот сынчыл маалыматты тыйган чечимин жокко чыгарды

Казакстанда сот өлкө президентинин күйөө баласы Тимур Кулибаевге байланыштуу коррупциялык жаңжал тууралуу маалымат таратууга тыюу салган мурдагы чечимин жокко чыгарды.

Алматыдагы Медеу райондук соту. 9-февраль, 2010-ж.
x
Алматыдагы Медеу райондук соту. 9-февраль, 2010-ж.
Текст көлөмү - +
Алматыдагы Медеу райондук соту казак президентинин күйөө баласы Тимур Кулибаевге байланыштуу коррупциялык жаңжал тууралуу маалыматты жарыялаган 5 көз карандысыз гезитке каршы ачылган иштерди да токтотту. Алар Тимур Кулибаевди убагында Кытайлык ири корпорациядан он миллиондогон долларлык акча алган деп айыптаган оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун билдирүүсүн басышкан. Өткөн жумада ушул эле Медеу райондук соту Кулибаевдин аброюна шек келтирген маалымат жарыялоого тыюу салып, ага чейин басып ийген беш басылманын сатыла элек нускаларын камакка алган.

Алматыдагы соттун андай чечими ушу тапта Казакстан өзү төрагалык кылып жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан катуу сынга кабылган. Тимур Кулибаев өзү шейшембиде соттун жаңы чечими чыккан күнү окуяны комментарийлөөдөн баш тартып: “Азырынча а-бу дебей туралы. Себеби жөнөкөй - күч органдары ушу тапта иликтөө жүргүзүп жатышат. Алардын бүтүмү чыккандан кийин айтаар сөздү айтабыз”, - деп кутулду.

Кулибаев өткөн айда бозгун саясатчы Мухтар Аблязовдун аны айыптаган билдирүүсүн жарыялаганы үчүн “Республика”, “Голос Республики”, “Взгляд”, “Курсив” жана “Курсив-ньюс” гезиттерин сотко берген эле. Шейшембиде соттун экинчи чечими чыккан күнү аталган басылмалар эми Кулибаевдин өзүн сотко берип, аларга каршы мыйзамсыз иш козготкону үчүн акчалай компенсация төлөтүп алууну көздөп жатканын билдиришти.

Эмнеси болсо да, Алматыдагы райондук соттун өткөн жумада гезиттерди кодулап, маалымат каражаттарына Кулибаевге шек келтирген материал жарыялоого тыюу салган чечими ушу тапта ЕККУга төрагалык кылып жаткан Казакстанды бат эле эсине келтирген өңдүү. Анткени дүйшөмбүдө Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Мусабек Алимбеков райондук сот ката кетириши мүмкүн деп жымсалдады.
“Адам болгон соң ката кетирбей койбойт, туурабы? Соттор деле ката кетирет. А бирок, соттун чечими күчүнө кире электе аны кайра оңдоп койсо болот. Сот системасы ошондой түзүлгөн эмеспи”, - деп актанды Алимбеков.

Тимур Кулибаев - казак президенти Нурсултан Назарбаевдин экинчи кызы Динаранын күйөөсү, ал келечекте кайнатасынын ордун басуучу мураскер деп да аталып жүрөт. Ээлеген кызматы – Казакстандагы бардык энергетикалык компаниялардын ишине үстүртөн көз салуучу “Самрук-Казына” улуттук фондунун төрага орун басары. Кулибаев андан сырткары Казатомпром, Казмунайгаз жана Казакстан темир жолдору компанияларынын директорлор кеңешинин төрагасы.

Аны Кытайлык ири мунай корпорациясынан мыйзамсыз түрдө он миллиондогон доллар алган деп айыптаган билдирүүнүн автору, саясатчы жана экс-банкир Мухтар Аблязов ушу тапта Лондондо жашайт.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Максат каяктан: Бишкек
10.02.2010 00:37
Казакстандын демократия үчүн күрөшүп, түрмөгө да отуруп чыккан Аблязовду "бозгун" деп атоо туура эмес. "Бозгун", "качкын" деген сөздөр айыптоо (отрицательный смысл) маанисин алып жүргөн сөздөр. Бул сөздөр негизинен күнөө кылып, качып жүргөн ууруларга жана бандиттерге карата айтылат. Бу жерде тышка кетүүгө мажбур болгон же журт тышында жүрүүгө мажбур болгон Аблязов десе туура болмок.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)