Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 10:51

Борбор Азия

Казакстанда майыптардын бий фестивалы өттү

Жакында эле Казакстандын түндүгүндөгү Костанай облусунда майыптар арасында жумурияттык бий фестивалы өттү. Алгачкы ирээт өткөрүлгөн бул фестивалга алты шаардан түркүн жаш курактагы майыптар катышып, бий өнөрүн көрсөтүштү.

x
Текст көлөмү - +
Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын алгачкы жумурияттык бий фестивалына Костанай, Астана, Актөбө, Тараз, Атырау жана Экибастуз шаарларынан катышуучулар келип, өз өнөрлөрүн ортого салышты.

Жуптардын сынагына 10 жуп бийчи катышса, ал эми өз өзүнчө бийлегендердин саны андан да көп болду. Фестивалдын катышуучулары вальс, румбо, танго өңдүү бийлердин түрлөрүн көрсөтүшүп, көрөрмандарды өнөрлөрү менен таң калдырышты. Майып адам арабасында отуруп бийлесе, өнөктөшү жанында аны коштоп турду.

Сынактын калыстар тобун Казакстандын спорт бийлери федерациясынын президенти Денис Есауленко жетектеди. Анын айтымында, спорттун параолимпиадалык түрү Казакстанда акыркы мезгилде кеңири канат жайа баштады. “Ушундай фестивалдар көбүрөөк өткөрүлүп турса, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга чоң дем бермек” дейт Есауленко мырза.

Бул фестивалдын жеңүүчүсү деп Костанай шаарынан ат салышкан Аруна Жаксыгулова менен Олег Лазарев табылды. Ал эми экинчи жана үчүнчү орундарды Экибастуз шаарынан келген катышуучулар ээлешти.

Оксана Лим менен Руслан Садвакасов саналуу айдан бери гана бий менен алектенишкен экен. Алар хореографиялык номерди тандап алгандан кийин гана сынакка катышууга бел байлашкан. Бул жуп жумурияттык сынакта үчүнчү орунду ээлеген.

Ал эми Дана Малгаждарова менен Владимир Каплич экинчи орунду ээлешти. Дананын бий өнөрүндө тажрыйбасы болсо, Владимир жарышка алгачкы ирээт катышты. Оксана да, Владимир да Казакстанда мурдатан белгилүү параспортчулар.

Владимир Каплич – стол тенниси боюнча Казакстандын 18 жолку чемпиону, көптөгөн эл аралык турнирлердин катышуучусу. Оксана Лим – майыптар арасындагы жарыштын чемпиону. Ал 400 метрди 1 мүнөт 4 секундада багындырган.

Бул фестивал үчүн Москвадан атайын майыптар үчүн бий өнөрүн үйрөткөн дисктер алдырылган. Ал эми бул бийге ылайыкташтырылган майыптар үчүн арабалар Санкт-Петербургдан келген.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бий фестивалы мындан ары салтка айланып, кийинки жылы да уюштурулары маалымдалды.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)