Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:30

Кыргызстан

Ө.Текебаев: Бакиев кылмыш, тарых жоопкерчилигинен качуу аракетинде

Бүгүн убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде кылмыш иши козголгон К.Бакиевдин туугандарын өз эрки менен укук коргоо органдарына колго түшүп берүүгө чакырды. Ошондой эле президентти Кыргызстандан чыгарып кетүүгө кызыкдар тараптар бар экенин билдирди.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 12-апрели.
x
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 12-апрели.
Текст көлөмү - +
- Өмүрбек мырза, өлкөдөгү учурдагы абалга убактылуу өкмөттүн баасы кандай?

- Өлкөдө стабилдешүү бүтүп бара жатат. Негизинен Кыргызстандын бардык аймагында бүгүнкү убактылуу өкмөт таанылды. Албетте, бийлик вертикалы биз каалагандай түзүлө элек жана координация дагы биз каалагандай деңгээлге жете элек. Бирок ошого карабастан Кыргызстанда стабилдүүлүк түзүлдү, баш-аламандык, массалык тартип бузуулар негизинен токтоду. Бишкектин айланасындагы жер талаш болсо борбор шаарга мүнөздүү кубулуш болуп калган. Эми ошолорду эске албасак, тынчтык орноду.

Проблемалар да бар. Кээ бир бийлик органдарынын айланасында бир нече адамдар жетекчиликке доомат коюп, талаш болуп жаткан жерлер бар. Бирок бул 2005-жылдагыга караганда абдан аз. 2005-жылы жарым жылдан ашык өлкөдө баш-аламандык болгон. Бийлик органдары, мамлекеттик, жеке ишканалар көк бөрүдөгүдөй улак тартышка түшкөн. Мына азыр тез аранын ичинде абал көзөмөлгө алынды. Жалал-Абал областынын Барпы айыл өкмөтүндөгү окуяны эске албаганда менин оюмча, абал бардык жерде туруктуу.

- Соңку маалымат боюнча сиз айткан аймакта президент Бакиевдин тарапкерлери чогулуп каршылык акциясын өткөрүп жатышат. Эгер бул баш-аламандыкка айланса убактылуу өкмөттүн аракети кандай болот?

- Кечээ К. Бакиев кайсы бир чет элдик маалымат агенствосуна, “эгерде мени кармай турган болсо, анда күч колдонулса Кыргызстанды канга толтурам” деп жарыялаптыр. Бул анын айласы кеткендигин, өзүн-өзү көзөмөлдөй албай калгандыгын жана өлкөдөгү реалдуулукту адекваттуу түшүнбөгөндүгүнөн кабар берет.

Бакиев жана анын айланасындагылар алардын заманы өткөнүн, алар эч убакта кайрылып келип Кыргызстанда өз бийлиигин жүргүзө албагандыгын билишет. Алардын азыркы айла-амалы өз кызыкчылыгын, өмүрүн, ден соолугун, мүмкүн болушунча көбүрөөк сактап калуу, элден, жаңы өкмөттөн кээ бир кепилдиктерди алуунун айланасында гана болуп жатат. К. Бакиевди кармаганы Бишкектен аскер учуп кетиптир деген сөз чыккандан улам жанагыдай Кыргызстанды канга толтуруу тууралуу сөздөр айтылып кетти.

Мен К.Бакиев жана анын көптөгөн урук-туугандары акыл-эстүү адамдар, Кыргызстанда жарандык согушту баштаганга барбайт деп ойлойм жана барбагыла деп чакырам. Анткени анын арты абдан жаман болот, запкысы Бакиевдердин үй-бүлөсүнө, небере-чөбөрөлөрүнө тийет. Эл алдында, бийлик алдында жоопкер болгон Бакиевдер өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына келип, колго түшүп берүүсү керек. Бир нечеси үчүн Бакиевдердин теги каргышка калып, элдин каны төгүлүп, ынтымак ыдырабашы керек.

К. Бакиев менен убактылуу өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок. Мына ушул кырдаал К. Бакиевди кыйнап жаткан болуш керек. Ошондон улам өз жердештерин топтоп, кыр көрсөтүп, жаңы өкмөт менен сүйлөшүүлөргө барат элем деген белгилерди кайра-кайра жөнөтүп жатат.

- Азыр эле К.Бакиев “Азаттыкка” курган маегинде 7-апрелде ок чыгаруу биринчи эл тараптан башталган, Ак үйдүн үстүнөн элге ок атылган эмес, биз асманга гана ок атууга мажбур болгонбуз деп айтты. Ушул канчалык чын деп ойлойсуз?

- К.Бакиевдин ким экенин баарыбыз жакшы билебиз. Ал оппозиция өзүн-өзү атты дегенге чейин барат. Кыргыздар “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деп айтат. Кайдан атуулар болуп жатканын элдин баары билет. Адамдар өрттөлүп, сайылып кеткендерин эл билет. Мисалы, М. Садыркуловду сүзүп өлтүргөн делип 12 жылга түрмөгө кесилген Осмонов эбак эле түрмөдөн шарттуу түрдө бошонуп кеткен. Мына ушунун өзү М. Садыркуловдун өлүмүнүн артында бийлик турганын далилдейт. Дагы бир топ күндөн кийин ушулардын бардыгы ачыкка чыгат. Алардын баарын К. Бакиев сот, прокуратура, чек арачыга шылтап мойнуна албайт. К.Бакиев кылмыш, тарых жоопкерчилигинен качууга аракеттенип жатат.

- Президент К. Бакиев менен эмне үчүн сүйлөшүүлөргө бара албайсыңар?

- Бүгүнкү бийлик Жаныш Бакиев, Марат Бакиев, Максим Бакиев жана Курманбек Бакиевдин жанындагы эң жакын адамдарды мыйзам бузуп, элди атууга буйрук берген аракеттери үчүн укук коргоо органдары кармап, аларды жоопко тартуу процессин баштообуз керек. Мына ошондон кийин гана чоң Бакиев менен байланыш болуусу мүмкүн. Ансыз ага иммунитет берүү, өлкөдөн жылуу жумшак чыгарып жиберүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Анда бизди жарадар болгон, окко учкан, камалган, сабалган адамдар эч убакта кечирбейт. Бул кылмышты жасагандар жооп берүүсү керек. 2005-жылдагыдай болуп мыйзам алдында, эл алдында эч ким жооп бербей калса өлкөдө мындан кийин дагы тынчылык болбойт деп ойлойм.

- Өмүрбек мырза, сиз айткан К. Бакиевдин жанындагы айрым адамдарды: уулдарын, бир туугандарын кармоону укук коргоо органдары качан ишке ашырат?

- Бул укук коргоо органдарынын өзүнүн купуя сыры, алардын өздөрүнүн ыкмалары, мүмкүнчүлүктөрү бар. Аны биз убагында билебиз. Бирок мен сиздердин эфирден пайдаланып, күч колдонуп кармаганды күтүп отурбастан эле келип колго түшүүнү сунуштайт элем. Убактылуу өкмөт тарабынан колго түшкөн Бакиевдердин өмүрүнө, ден соолугуна кепилдик берип, өзүнчө камераларга камоо жагынан убада беребиз.

- Ал эми мыйзамдык жактан кол тийбестик укугу бар президент Бакиевдин абалы кандай чечилет?

- Анын иммунитети, кол тийбестиги дагы талаш жаратууда. Анткени былтыр жайында өткөн президенттик шайлоо мыйзамсыз, элдин эрки бурмаланып уурдалган деген ой-пикир элде бар. Ал ой-пикирди биз жакынкы күндөрү коомчулукка жарыялашыбыз толук ыктымал. Ошондуктан К. Бакиевдин кол тийбестиги бүгүнкү күндө талаш маселе. Талаш болгон үчүн К. Бакиев тынчсызданып, өз туугандарын жыйнап, коргонуп жатат. Бул маселелер жакынкы күндөрдүн ичинде талкууланат.

- Сиз убактылуу өкмөт президент К. Бакиев менен эч кандай сүйлөшүүгө барбайт деп айтып жатасыз, ошол эле учурда Кыргызстанга келген эл аралык ортомчулар эки тарапты тең сүйлөшүүгө чакырып жатат. Демек, убактылуу өкмөт эл аралык ортомчулардын бул сунушун кабыл албайбы?

- Эл аралык уюмдар, кээ бир мамлекеттер тез аранын ичинде жаңы бийликти мыйзамдаштырып, расмий таанысак (алар азыр иш жүзүндө тааныды), андан кийин өз жардамыбызды берет элек деген ой-пикирлерин айтып жатышат. Бирок биз алардын айтканына жетеленип бүгүн эле К. Бакиев менен сүйлөшүп, анын кол тийбестик укугун таанып, Кыргызстандан чыгарып жиберүүгө бара албайбыз. Саясий кырдаал, курман болгондордун арбагы буга жол бербейт. Бирок мен айткандай, К.Бакиевдин кылмыш кылган урук-туугандары колго түшүп берип, жан соогаласа, тергөө иши башталып, сотко өтө турган болсо кырдаал балким өзгөрүүсү мүмкүн. Бардык нерсе кырдаалдан, элдин каалоосунан көз каранды.

- Кечээ убактылуу өкмөттүн мүчөсү Топчубек Тургуналиев Курманбек Бакиевди туугандары менен Кыргызстандан алып чыгып кетүү аракети Казакстан тараптан болуп жатканы тууралуу маалымат бардыгын айтты. Ушул маалыматты тастыктай аласызбы?

- Кээ бир эл аралык уюмдар ачык, айрым мамлекеттер өз каналдары менен мындай сунуш жасап жатканы жашыруун эмес. Бул стандарттык сунуштар. 2005-жылы Аскар Акаев качып кеткенде дагы бир топ эл аралык уюмдар, мамлекеттер тез аранын ичинде анын кызматтан кетүү тууралуу кагазын алып, мыйзамдаштырууга чакырган. Антпесе, качкын президенттин коргоочулары көбүрөөк, жаңы өкмөттүн тарапкерлери азыраак болсо өлкөдө кош бийлик түзүлөт. Мен президентмин деп ал кол курап, эл экиге бөлүнүп, жаңжал чыгат деген стандарттык кооптонуу бар. Эл аралык уюмдар мындай кырдаалда маселени тез аранын ичинде чечип, мурдагы президенттин “качкын президент” макамын алып, экинчи ал орунга кагаз жүзүндө, ал тургай түшүндө дагы аракет кылбай турган шартты түзгөнгө аракет кылышат. Ошондуктан, расмий казак бийлиги ушундай сунуш менен чыкса, аны биз татаал кырдаалдагы стандарттык жүрүш жана бейкуттукту алып келүүгө мүнөздүү жол-жобо катары кабыл алуубуз керек.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Burul каяктан: alystan
18.04.2010 01:51
Немис Германия.Жаңылыктарга чыккан глобальный суроолордун бардыгына өз пикириңизди жазып жатасыз.Абдан туура жазылган ой пикирлер,толугу менен колдойм.Сиздей жигит парламентке шайланса кыргыз элибизге көп салымыңызды кошот белеңиз деп ойлойм.ой пикириңизге чоң рахмат.Аман болуңуз.
Кээ бир пикирчилер өтө орой жазылган,ким кайда жүрсө дагы турмуштун кыйынчылыгынан,бийликтегилерден үмүттөрүн үзүп чет жактарга иштеп кеткенге туура келген.Алар да өз элине,бир тууган,эл жеринде калган ата-энеге өз салымдарын кошууда.Чет жактан жиберилип жаткан акчалар.
Эртеби, кечпи кан өз жерине тартат эмеспи.Орой жазылган сөздөр менен кыргыздын улан кыздарын кемсинтпесеңер! Абдан чоң өтүнүч! Кайда жүрсөк дагы аман бололук.

кимден: Бакыт каяктан: Ош
17.04.2010 19:40
Текебаевдин жеке амбициясы кучтуу. Бакиевден бийликти тынч, цивилизациялык жол менен алууга козу жетпегендиктен мына ушул жолду тандады. Эми элдин башын мангыратпай, ойду-келди суйлобой ишти жасаш керек. Бакиевди сындаган менен элдин казанында оокаты озгорбойт. Карапайм калк саясатчыны созу менен эмес, турмушундагы озгоруулору менен баалап алат.

кимден: Даанышман каяктан: Кыргызстан
15.04.2010 18:59
Урматтуу пикир айтуучулар:
Сиздерден сураныч: Кыргызстандык дегенден уялсаныздар айтпай эле койгула. Себеби силер эчак эле кыргыз болбой калгансынар. Кыргызстанда таза аба жутуп, талаасын иштетпестен, чет жерде пол жууп, кочо шыпырып жургонунорду угуп, мен уялам. Кыргыз эчак эле силер жонундо томондогулорду айткан: "Башка элде султан болгуча, оз элинде ултан бол"- деп. Ал эми учурдагы убактылуу окмот жонундо "Коч бара-бара онолот" деген.

кимден: sanjar каяктан: rossiya,ulyanovsk
15.04.2010 01:28
kyrgyz elim ozubuz alakandai bolsok bolunboi ele koeluchu........ kyrzyzmyn dep uyalganynarga tuwunoi jatam!!!!! biz bul jakta kirgiz dese uruwabyz KYRGYZ dechi dep. ATA MEKENIMDI sagyndym,okum butso ele kelem,anan e4 ka4an KYRGYZstandan ketpeim!!!!!!

кимден: Кыргыз каяктан: РФ
14.04.2010 16:58
Салам Кыргыздар! Ойунарга келгенди эле жаза бербестен, Немис (Германия) нын жазганын жакшылап окуп чыккылачы.
Анан кыргызмын дегенден уялгандар, бул жерге эч кандай билдируу жазбай эле койгула силерден сураныч (ким экенинер тушунуктуу).
Наилия эже, Атанбаев, Бекназаров, Текебаев, булардын эмне учун Бакиевтин учурунда иштебей кеткенинин себебин билиниз алдын . бибилиаланасссссссссссын айтыныз

кимден: Кайран эл каяктан: Ош
14.04.2010 10:19
Отунбаева балансты сактай албайт. себеби бардык орунга эле СДПКнын окулдорун отургузуп жатат. Ал эми Ата-мекенчилер, Жаны Кыргызстанчыла, Эркиндик, Туран эмне эске алынбайт. Текебаев болсо эски ызасын кантип чыгарып алуу туралуу гана ойлонуп жатат.

кимден: Askar каяктан: Osh
14.04.2010 10:14

Omuke,kanchaga cheiin kutobuz,oshto bakievchiler tirilip,bash kotorup kyiynsyp, silerdin kolungardan ech nerse kelbegensip basyp kalyshty,oshko Chotonovdoi okul kerek,oshto ata mekenchiler ech nerse dei albai,kyla albai oturabyz...az kelgensip Bakievchiler any koldop erteng oshto miting otkorot imish ,bir chara koldongulachy,bolboso eldin ishenimin jogotup alasynar

кимден: Алыста Жургон Кыргыздар каяктан: Турция, Америка, Германия
13.04.2010 22:54
Урматтуу боордоштор, бул форумдагы ой-пикирлерди окуп, бир чети катуу ойго батсак, бир чети кыжырыбыз кайнады. Албетте, Кыргызстандын башынан откон акыркы окуялар абдан окунучтуу. Бирок, алакандай Кыргыз элибизди экиге болуп, эл кызыкчылыгын эмес жеке кызыкчылыгын ойлогондорду бирден таап (оппозиция болобу, мурунку бийлик болобу), катуу жазалап, келечектеги саясатчыларга сабак кылуу зарыл деп ойлойбуз. Бул учурда элибиздин биримдигин, ынтымагын бузбай, калыс бололу, иштейм дегендерге мумкунчулук берели, сындап жатканда далилсиз жалган жалаа жабуудан, жамандоодон алыс бололу.
Кыргыз элим, оркундой бер осо бер, Эр азаматтарын ар дайым сенин учун кызмату кылууга, керек болсо жанын берууго даяр!

кимден: АКЫЙКАТ каяктан: РОССИЯ
13.04.2010 22:42
ЧЫНДЫГЫНДА АКЫРКЫ ЖЫЛДАРЫ КАЯКТАНСЫНАР ДЕП СУРАГАНДАРГА КЫРГЫЗСТАНДАН ДЕП АЙТКАНДАН УЯЛЫП КИЧИРЕЙЕБИЗ.СЕБЕБИ ЖЫЛ ЭМЕС АЙ САЙЫН БИЗДЕ МИТИНГ.БОЛООРУ БОЛУП БОЕСУ КАНДЫ. ЭМИ КИМИН ОКМОТ БАШЧЫ БОЛСОНОР ДАГЫ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БАШЫН ЖЕР КАРАТПАГЫЛА

кимден: АКЫЙКАТ каяктан: РОССИЯ
13.04.2010 22:24
ОМУРБЕК БАЙКЕ БАКИЕВГЕ УШУНЧАЛЫК ЖЕК КОРУУНУЗДУН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ ЭГЕРДЕ ЧЫНДАП ЭЛЕ ЭЛ УЧУН УШУНЧАЛЫК КУЙУП БЫШЫП ЖАТСАНЫЗ АНДА СИЗГЕ ДАНК БИРОК АГРЕССИВНЫЙ ЖУРУМ ТУРУМУНУЗ СИЗДИ САТЫП ЖАТАТ БАКИЕВДИН 5ЖЫЛ ИЧИНДЕГИ КЫЛГАН ИШ АРАКЕТИ ЖАКШЫ ЭЛЕ БОЛДУ ГО.ОЛКОДОН ЖУМШАК ЧЫГАРБАШЫБЫЗ КЕРЕК ДЕЙСИЗ. ЭЗЕЛКИ КЕГИНИЗ БОЛСО ЭЛДИ АРАЛАШТЫРБАЙ АЛЫНЫЗ ЖЕ КЕЧИРИМДУУ БОЛУНУЗ ОШОНДО ИЙГИЛИКЕ ЖЕТЕСИЗ
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)