Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:32

Кыргызстан

Роза Отунбаева «Москва жаңырыгына» маек курду

Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынын лидери Роза Отунбаева орусиялык абройлуу «Москва жаңырыгы» («Эхо Москвы») үналгысына Кыргызстандагы учурдагы жагдай тууралуу кеңири маек курду.

Текст көлөмү - +
Роза Отунбаева Кыргызстандын расмий бийлигин кескин сынга алуу менен оппозициялык күчтөрдүн аракети жана өлкөдөгү сөз эркиндигине байланышкан суроолорго жооп берди. Саясатчы түз ободогу 20 мүнөттүк маегин Кыргызстандагы саясий абалга баа берип, мамлекеттик башкаруу "хандык башкарууга" айланды деп айтуудан баштады. 

- Хандыктын орногону – бир үй-бүлөнүн ордуна экинчи үй-бүлө келди. 2005-жылдан бери бул үй-бүлө Кыргызстанда, ошондой эле Ак үйдүн ичинде тамырын өтө бекемдеди,-деп сынга алды оппозициялык ишмер.  

Отунбаева ошондой эле президент Бакиевдин өлкөнүн башкаруу системасында иштеген жээк-жаатын атап, «тап-таза үй-бүлөлүк башкаруу" болуп, бийлик калк менен кеп-кеңешке келбей, аңкоо административдик ыкма колдонулуп жатканын айтып кетти.

Журналисттин «хандык башкаруу» карапайым элдин жашоосу менен кандай айкалышып жатат деген суроосуна  саясатчы айым Кыргызстандагы гүлдөгөн коррупция, сыртка агылган миграция жана башка социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү мисал келтирди.

Орусиялык үналгыдан жаңырган Роза Отунбаеванын маегин Интернет желесинен уккан Республикалык жаштар союзунун президенти Руслан Юсупов оппозициялык саясатчынын Кыргызстанда "хандык" орноду дегенине кошулбастыгын билдирди:

- Албетте, биздин ички саясатты сыртка чыгып алып айта бергенин туура эмес деп эсептейм. Орустарда эми Кыргызстан тууралуу башкача таасир пайда болот. Анткени расмий бийликтин көз карашы, өлкө тууралуу айтканы башкача болсо, анан оппозиция барып алып жамандаса, орустар терс кабыл алат деп ойлойм.

Роза Отунбаевага түз ободо бишкектик студент кыздын «Жоогазын ыңкылабынын» негизги сабактары эмнеде деген суроосу берилди. 

Отунбаева: «Бакиев бийликти алгандан кийин чечиле турган иштердин аягына чыккан жок. Мурдагы Акаевди курчаган министрлер азыр Бакиевди бекем тегеректеп алышкан», - деп жооп айтып, саясий партиялар сыяктуу дүйнөлүк тажрыйбада таанылган бийликтин институттары гана бүгүнкү туңгуюк абалдан Кыргызстанды алып чыгарын баса белгиледи.

Журналист Алексей Дыховичныйдын Кыргызстандагы саясий бийлик менен оппозициянын тирешүүсү эмне менен бүтөт деген суроосуна жооп берип жатып, президент К. Бакиевди дагы бир жолу мындайча күнөөлөдү:

- [К.Бакиев] Оппозиция менен сүйлөшүүгө барбайт. Оппозицияга эч текеге арзыбаган, эч кимге кереги жок жана мааниси жоголгон нерсе катары мамиле кылат.

Кыргызстандагы жаш укук коргоочу Гүлшайыр Абдрасулова бул маекти уккандан кийин, өз пикирин «Азаттыкка» билдирип, учурда өлкөнүн көпчүлүк жаштары бийликке да, оппозицияга да ишеним артпайт дейт.

- Мисалы, мен бийликти бийлик деп, оппозицияны оппозиция деп эсептебей калдым. Оппозиция-бийлик кыргыз элин ойлосо бир диалогго келет эле. Экинчиден, ошол эле бийлик бир кезде оппозиция, ал эми бийлик оппозиция болгон. Бүгүнкү күндө бул эки тарап тең эч нерсе кыла алышкан жок. Роза Отунбаеванын «Кыргызстанда эл оппозиция болуп баратат» деген бир сөзү жакты. Чындыгында, Кыргызстанды ойлогон жалгыз гана карапайым эл болуп калды.

Саясат таануучу Эмил Каниметов депутат Роза Отунбаеванын орусиялык абройлуу үналгыдан айткан кескин сын пикири Кыргызстандагы айрым бир топторго кооптонуу алып келиши мүмкүн, ал эми мамлекет ичинде эмне болуп жатканынан орусиялыктар, эл аралык коомчулук ансыз деле жакшы кабардар деген көз карашта.

- Орус дүйнөсү аркылуу дүйнөнөнүн башка булуң-бурчундагы прогрессивдүү, илим билимдүү адамдарга элдин үнү жетип калат деген бир гана коркунуч болушу мүмкүн. Андан кийин ал өлкөдө [Кыргызстанда] бийлик элди зордук-зомбулукка алып, карактап-тоноп жаткан турбайбы деген пикир жаралып, акыры анын бир залакасы тийип кетпесин деген коркунуч да.

«Москва жаңырыгы» үналгысынын журналисти Алексей Дыховичный Роза Отунбаевага «Кыргызстанда сөз эркиндиги кайсы бир деңгээлде бар турбайбы? Анын далили катары азыр биздин маекти бишкектиктер түз ободо угуп жатышат» деген сөзүнө мындай өңүттөгү жооп алынды:

- Сөз эркиндиги – бул биз өз күчүбүз менен жетишкен нерсе. Аны бизге эч ким жөн эле белекке берген жок да. Бул азыркы бийликтин кайрымдуулугу эмес. Бизде "Москва жаңырыгы", "Эркин Европа", ВВС үналгылары угулат.

«Москва жаңырыгы» үналгысынын Интернет баракчасындагы Роза Отунбаеванын маеги угармандардын кандай ой пикирлерин пайда кылып жатканын жана маектин өзүн бул даректен тапсаңыз болот. http://www.echo.msk.ru/interview
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кол каяктан: Каракол
22.02.2010 23:29
Роза эже Сиз жетектеген Фракциянын депутаты Мирбек Асанакуновко суроолорубуз бар, мумкун болсо сиз аркылуу болобу же Мирбек озу болобу жооп берип койсо, суранабыз
-Кесиптешиниз Кубанычбек Кадыровду сатып кеткениниз чынбы, колдо ушундай создор болуп жатат, жалган болсо айтып койсонуз?
-Сизди Балыкчы ГОВДсынан милиция кызматкерлери сабаганы чындыкпы, сабаса эмне себептен арыз жазуудан баш тарттыныныз?
-Кубанычбек Кадыровду сабашты беле, сабаса кимдер айта аласызбы трибунадан?
-Сизди Бакиев бийлиги менен суйлошуп соодалашып алган деп жатышат ошол чынбы?
-Сиздин Бишкекте 7-8 саунаныз, 2-3 ресторан кафелериниз жана гостницлараныныз барбы?
-Балыкчы окуясынан кийин 2-3 саунанызды берип кутулган деген ушак чынбы?
-Темировка айылына барып кесиптешиниз Кадыровду жамандаганыныз чынбы?
-Шайлоо убагында Ыссыккол областы боюнча СДПК координатору болгонунуз чынбы?
-Сиз Балыкчы ГОВДсына камалып калганынызда Кадыров Чолпонатадан атайы сиз учун келгени чынбы?
-Балыкчы окуясын ким уюштурган Сизби же Кадыровбу?
-Жети-Огуздо шайлоо убагында Сизге жардам кылып, балдарды бошоткон учун адвокаттардын 1500 долларын бербей алдап жургонунуз чынбы?
-Сиз кандай ойлойсуз, эмне учун Кадыровдун устунон кылмыш иши козголуп, Сизге козголбой калды?
-Бакиевдин резиденциясынын жанында Бишкекте укмуштуудай особняк уйунуз бар дейт, ошол чынбы?
-акыркы убакта Атамбаев менен урушуп тил табыша албай жатканыныз чынбы?

кимден: Улан каяктан: БАЛЫКЧЫ
18.02.2010 22:51
Роза эже Сизге чон рахмат, Кыргыз элинизге тоодой эмгек кылып жатасыз, ишинизге ийгилик каалайм, омурунуз узун болсун. Атамбаевка карганда сиз адам экенсиз. РОЗА ЭЖЕ СИЗДЕН СУРАНЫЧ СИЗ ЖАНА ОМУРКУЛОВДОН БАШКА БИР ДАГЫ ДЕПУТАТТЫНЫЗ УНЧУКПАЙТ ГО, БАЛЫК ДЕПУТАТТАРДЫ КЕТИРИП БАШКА ТЫНЫРААКТАРЫН АЛСАНЫЗ. МИРБЕК АСАНАКУНОВГО БИЗ БАЛЫКЧЫЛЫКТАР НААРАЗЫБЫЗ, АЛ ЭМНЕ БИР ДАГЫ ЖОЛУ СУЙЛОБОЙТ, ЖЕ БАКИЕВДЕР МЕНЕН СУЙЛОШУП АЛГАНБЫ.

кимден: asel каяктан: Kyrgyzstan
15.02.2010 02:11
Roza Otynbaewa ot wsey dushoy jelayu Wam ucpexow.BRAWO edinctwennaya shehshina w Kyrgyzstane kotoraya boretca za demokratie za sprawidliwoct.Mne i moix druzey udiwlaet to chto Glawa gocudarctwo ne xochet prinimat w priyom,Bakiew K ne imeet chastnuy prezidenturu kogo xochet primet ,a kogo ne xochet ne primet,kogda est edinctwo togda budet razwitiya w ctrane.

кимден: мелис каяктан: чуй
12.02.2010 15:24
анча мынча эркек саясатчыларга караганда эже миң эсе өйдө турат

кимден: Шакир каяктан: Бишкек
11.02.2010 14:35
Роза айымды Секретариат баш болуп,аябай чоңмун дегендердин баары угушту.Колдоруна калем алышып!!!

кимден: Нур каяктан: Бишкек
11.02.2010 10:49
Башта бир замандашым пикирин айтып кетиптир го, Орусиялыктар Кыргызстандагы окуялардан эң сонун кабардар дегенге кошулам. Роза айым туура айтыптыр... Азыр эл оппозиция болуп калды. Бакиев менен баласы ушинтип эле элди кыйнай беришсе бардыгы бир күнү жабыла көтөрүлүп чыгат. Ансыз деле кыжыры кайнап араң турушат. Бийликтин көзүн май басып калды. Өздөрүн гана ойлоп жатышат. Бакиевдин татыксыз президент экенин калк билип эле калды. Ал өзү кайсы жакты карап жатат түшүнүксүз, өтө кыйтыр киши экен, бардыгын көрүп билип туруп эле көрмөксөн болот.

кимден: Берене каяктан: Россия
10.02.2010 22:34
Роза эже чынында эле начар суйлоптур "Эхо Москвадан", созу азыр да сайтта турат, "горячие интервью" деген порталда: "ECHO.MSK.RU". "Исаковдун куноосу бар, бирок чон жаза берип койду"- деп эжекебиз ото жанылып алды. "Ханство" дегенди чечмелей албай бир топ кыйналды. Оруссиядай болушубуз керек деп, орустардын диктатурасын мактады. "Бироонун аялы,башкага кыз корунот" - дегендей. Создору,терминдери саясатчыныкына эмес, кочодогу жон эле кишинин созуно окшоп турду. "Бакиев кабыл албай атат" - деп орус журналисине ыйлактады. Айтор, эжеке бир аз болсо да кыргыз оппозициясыныннын денгээлин тушуруп койду. Мен ушундай ойго келдим,озунор да окуп ойунарды айтсанар оппозицияга да, эжекеге да пайдалуу болоор.

кимден: Алмаз каяктан: Бишкек
10.02.2010 18:12
Роза эженин сөзүнө асылбасаңар, туугандар! Башкалар айталбаган сөздү ушул киши жөн эле айтпастан, чын жүрөктөн күрөшүп келетат! Бул кишиге байлык же бийлик керек болсо, эчак эле табылмак! Роза эже азыркы учурдун Курманжан Даткасы!

кимден: Рус каяктан: Ош
10.02.2010 15:40
Эже кыйын эй

кимден: Курманбек каяктан: ош
10.02.2010 15:06
Роза эжеке сиздин ички саясатты сыртка айтканыңызга толук кошулбаймын, Сизге бүгүн бир министрликти сунуш кылса макул болуп,менин айткандарым калп деп чыгасыз, силерге эл ишенбейт, элдин атынан сүйлөгөндү токтоткула. силер дем алгыла жаштарга орун бергиле
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)