Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 08:26

Басма сөз

Кыргызстандын экономикасын кимдер башкарат?

Гезиттердин башкы темасы эларалык аферист аталган Е. Гуревич, Нарын козголоңу жана башкалар тууралуу болду.

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин көпчүлүгү 10-мартта Нарында өткөн митинг тууралуу кеп козгошту.
x
Бүгүн жарык көргөн гезиттердин көпчүлүгү 10-мартта Нарында өткөн митинг тууралуу кеп козгошту.
Текст көлөмү - +
“Жаңырык апта”
гезити бүгүнкү санын “Кыргызстандын экономикасын башкарган Евгений Гуревич эларалык аферистпи?” деген баштема менен ачып, журналист Алым Токтомушевдин буга байланыштуу түшүндүрмөлөрүн кошо жарыялады.

-Маселенин тузу мында,- деп жазат журналист,- кыргыз президентинин уулу баш болгон бизнесмендердин чакан тобу Кыргызстандын калган-каткан “кырмычыгын” – стратегиялык ишканаларын, кенбайлыктарын, атүгүл сырттан алынган, алына турган кредит, гранттарын “кырып” кирди, тактап айтканда өлкөнүн бүт экономикасына ээлик кылып, өлкөдө туруктуулук көз көрүнөө бузулду.

Журналист А. Токтомушев андан ары, кечээ эле элдин көз алдында ит бекер сатылып кеткен ири ишканаларды санап келип: “Кыргыз бийлиги сатуу укугун азыр эларалык аферист катары атала баштаган Евгений Гуревичтин финансы тобуна өткөрүп берген. Россиянын Кыргызстан үчүн берген 300 млн. доллары да ушунун колунда. Гуревич башчылык кылган бул топ 0,7 пайыз менен алынган кредиттин айрым бөлүгүн 23 пайыз менен дыйкандарга беребиз деп каратаман калкты алдоо амалында. Президенттин уулу кызматка келип, өлкөдөгү саясый абалдын курчушуна шарт түздү. Мына бүгүн Евгений Гуревичтин былыгы чыгып, кечээ кыргыз бийлиги берген кызматынан баш тартаарын айтты, бирок Гуревич кеткен менен анын чапкан жолун уланта турган компаниясы калып жатат” деп жазды.

Аталган гезит: “АКШ Кыргызстанга дагы бир аскер борборун ачуу аракетинде. Сиздин пикир?” деп суроо салды.

Генерал М. Ниязов:
- Тышкы саясатыбыз туруктуу болбой “өлдү” десем жарашат. Себеби Кыргызстан ЖККУ, ШКУнун мүчөсү болгондон кийин алар менен кеңешиш керек эле. Акылга сыйбаган иш болду. Эми биз коңшу өлкөлөрдүн бетин карай албай калдык. Бул иштин аягы жакшылыкка алып барбайт.

Коомдук ишмер А. Артыков:
- Буга макулдук берерден мурда коңшу өлкөлөрдүн пикирин билиш керек эле. АКШнын 2-аскер бөлүгүнүн ачылышына каршымын.

Саясат таануучу Т. Какчекеев: - АКШнын дагы бир аскер борборун ачуу анын Борбор Азиядагы саясатынын бири.

Саясат таануучу Кубан Абдымендин макаласы “Түптүү мамлекет Түркия неге түпөйүл” деген ат менен окурмандарга тартууланды.

Гезит ошондой эле мурдагы бийлик аткаминерлеринин эң көрүнүктүүлөрүнүн бири Осмонакун Ибраимов менен маек курду.

Осмонакун мырза өткөн 24-март окуясынын майрам катары маани-маңызына токтолуп: “Майрамга катуу даярдык көргөн жалгыз эле Үсөн Сыдыков агай болуп жатат окшойт. Башка деги эле эч кимдин шаңданганын же камданганын уга албадым. Кайсы алыбызга дуулайбыз? Же электр жарыгы үчүн 2005-жылдагы 40 тыйындын ордуна 1 сом 50 тыйын, 1 кило картошка үчүн 4 сомдун ордуна 20 сом төлөгөнүбүз үчүнбү, беш эсе чаап кеткен ысык суу үчүн шаңданабызбы? Мүйүздүү болобуз деп кулактан айрылуу эмне экенин түшүнгүдөй болодук. Чыныгы үй-бүлөлүк саясат кандай болорун эми көрдүк. Акаевдин 2 баласы депутат болот тура деп ичи тардык кылдык эле, азыр накта “алты доочу бир келсе, амалыңдын кеткени” деген акыбалга келдик” деп айтты.

Ушул эле гезит экс-спикер А. Матубраимов Баткенге губернатор болот экен деген божомол тарады деп, Финасы министри Марат Султанов Көк-Жар жаңы конушунун кире беришине өтө көркөм, “миң бир түндөгүдөй” мончо куруп салды, “Кыргызгаз”, “Жайсаңбаевдин иштери” боюнча жакшы билген Марат мырзага мурда эле суу жукчу эмес эле, эми буу да жукпайт болуш керек деп, 2008-жылдын күзүндө СССР кезинде учукуч болуп жүрүп отставкага кеткен Александр Настаев дегенди ошол кездеги өкмөт баштыгы Игорь Чудинов Араб Эмираттарына качып кеткен жеринен таап келип авиация департаментине начендик кылып салган эле, эми ушу тапта ал башкарган жерде нааразылык оту тутанып, ызы-чуу кайра күчөдү деп маалымат таратты.

“Алиби”
гезити “Нарында эл тынч эмес” деген маалымат басты. Чакан кабарда кечээ Нарында Роза Отунбаева, Темир Сариев, Топчубек Тургуналиев сыяктуу оппозиция лидерлери жана Акыйкатчы Турсунбек Акун башында турган нааразылык митинги болуп, катышуучулардын айтымында ага 5 миңге жакын адам чогулганын, митингке жаңы эле дайындалган губернатор Алмаз Акматалиев да келгенин, жыйында нарындыктар Бакиев баш болгон үй-бүлөлүк башкаруу дарегине катуу сын айтканын кабарлады. Митингдин аягында нарындыктар: “ Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди төмөндөтүү, бийик тоолуу аймакта жашагандар үчүн 50 пайыз жеңилдикти кайтарып берүү, электр энергиясы үчүн үстөк акы төлөөнү алып салуу, экс-коргоо министри Исмаил Исаковду актоо жана түрмөдөн бошотуу, “Түндүкэлектр” жана “Кыргызтелеком” ишканаларын сатууну жокко чыгаруу, Жетим-Тоо аймагындагы темир кен байлыктарын сатууга тыюу салуу талаптарын коюшту. Нарындыктар бул талапты аткаруу үчүн бийликке 16-мартка чейин мөөнөт берди. Эгер бул талаптар аткарылбаса 17-марттан баштап мөөнөтсүз митингге чыгарын айтышты” деп кабарлады.

“Аалам”
гезити “Кыргыз эл биримдигинин декларациясын” жарыя кылды. Андан ары уруучулук жөнүндө сарбагыш уруусунун өкүлү Шамшыбек Медетбеков, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун ойлорун жыйнап жарыялаган журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун макаласы сунушталды.

“Учур”
гезити “Кыргызстанды Италиялык мафиянын мүчөсү тоноп атабы?” деген ат менен макалалардын топтомун басты. Буга карата “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев төмөнкүлөрдү билдирди.

- Максим Бакиев эл аралык мафияга аралашып, Березовский жана анын шериктештери менен иштешип келатканы эбактан эле белгилүү болучу. Акыркы кезде мына ушулар башкарат деп Кыргызстанды алардын колуна кармата берген. Алар ырасмий бийликтин, Бакиевдин кеңешчиси болуп калышкан. Гуревич Италиядагы мафиянын мүчөсү экендиги жакында аныкталды. Рим соту аны камакка алуу боюнча чечимин чыгарды. Көрсө Гуревич Италиянын телекомунан 2,7 млрд. долларды уурдап чыгып кеткен экен. Мына ушул кылыгын Кыргызстанда дагы Максим Бакиев менен бирдикте жасай баштаган. Италия сотунун чечими Кыргыз бийлигинин көзүн ачты деп ойлойм. Кечээ шашылыш түрдө Максим Бакиев “Кыргызстандын байлыгын башкарып берет” деген Гуревичке ишеним көрсөткөн чечимин жокко чыгарды. Бирок Максим Бакиев өзү мыйзамсыз кызматта отурат. Мунун өзү кылмыш. Курманбек Бакиевдин кол тийбестиги бар, ошон үчүн Башпрокуратура ага кылмыш ишин козгой албайт, бирок Максим Бакиевге жана анын шериктештерине кылмыш козгоп, сотко өткөрүп бериш керек. Кыргыз соту да ушул Италия сотунан кем калбай иштесе жакшы болот эле.



Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Нарынбек каяктан: Нарын
13.03.2010 23:26
Бечара министирлердин куноосу ,креслосун кыя албаганында.Балапандай болуп ойдо жакты карап эле турушат. эмне суйлойт деп ,бизге да бир аз пул калат бекен деп . Артпай калса опозицияга кошулат Бул байкуштарды же Эл сылабаса , же оз ойлорун айта албаса ШЕФКЕ .Кыскасы турмуштары ото эле оор, мындай турмушту душманыма дагы каалабайм .

кимден: Немис
12.03.2010 13:50
М.Султановдун алган айлыгы мындай курулушка жетпейт эле.

кимден: Рустом каяктан: Бишкек
12.03.2010 10:28
Султанов Марат чооң олигарх экенин билбейсиңерби? Кыргыздар кыйкырып жүргөндө ал акча жасай берет. Ага баары бир ким менен иштөө. Чөнтөккө ура берет, шефти да унутпайт. Ошон үчүн бу кишини Акаев да алып жүргөн, Бакиев да алып жүрөт. Булардын кыргызың менен иши жок.

кимден: Генералын каматып каяктан: Кыргызына кас болду
11.03.2010 20:37
Текебаев туура айтат.Тезинен Максимге кылмыш ишин козгоо керек.Бул бийлик бүт Кыргызды сатып жиберүүдон кайра тартпайт.

кимден: Batken каяктан: BAtken
11.03.2010 17:13
Bakievdin sayasaty El menen bolboi, kaira chet jerlik adamdarga Ata-Jurtubuzdun bailygyn talatkandygy jakshylykka alyp barbait.Emi Batken oblusuna "BALYK" ketip orduna Matibrimov bolo turgan boldubu. "BALYKtyn" chontogu boskordu okshoit da... Kandai kundo da eldin talabyn atkarbasa, bul biyliktin ketishine da az kun kalgandygy talashsyz.

кимден: ASAN каяктан: OSH
11.03.2010 12:20
КЫРГЫЗДАР ИТАЛИЯ СОТУНА РАХМАТ АЙТЫШ КЕРЕК, БОЛБОСО КЫРГЫЗСТАНДЫ МУНДАНДА ЖАМАН АКЫБАЛА ЖЕКИРМЕК. БАКИЕВ ЭМНЕ ДЕЙТ ЭКЕН, ЭМИ ДАГЫ КИМ КҮНӨЛҮҮ БОЛОТ ЭМИ АКА?

кимден: Немис
11.03.2010 11:12
Бул кризис маалында М.Султанов кайдан акча таап,мындай сонун мончону кантип курду экен?Же россиялык кредитке долбоор жазып,алдыбы?

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)