Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:38

Кыргызстан

“Ак үй” айрым гезит-журналдарды каттатпай атабы?

Соңку кездери Кыргызстанда коомдук-саясий маанайдагы гезит-журналдарды каттоого тоскоолдуктар болуп атканы айтылып келет. Белгилүү журналист Улугбек Бабакулов жакында эле ушундай маанайда макала жазып, президенттин катчылыгын күнөөлөдү. Ал арада борбордук бийлик бүтүндөй маалымат айдыңын колго алуу, медиа-холдинг түзүү аракетине өткөнү айтылууда. Ал эми ак үй өкүлдөрү андайдан кабары жоктугун айтышат.

x
Текст көлөмү - +
Акыркы убактарда Медиа өкүл институтуна гезит-журналдарын каттата албай жүргөн бир канча адам кайрылган. Алардын катарында коомдук-саясийден тарта, рекламалык, шоу-бизнес, маданият сыяктуу багыттагылары да бар.

Журналист Жаныбек Жанызак алты айдан бери гезитин Адилет министрлиги каттабай келатканын айтат. Катталчу басылма уставынын үтүрүнө, чекитине, жазылган тилине да тийишип, улам созуп келатышканын айткан журналист, бул жерде коррупция жыттанып турганын кошумчалады:
Жаныбек Жанызак

- Мен булардын министрине да кайрылып көрдүм гезит аркылуу. Булардын министринин мурдун балта кеспейт экен. Орусча айтканда буларга “до лампочки” экен. Бүт мамлекеттик органдар ошол мамлекеттин жарандарынын кызыкчылыгы үчүн иштеши керек эле. Булар андай эмес окшойт. Булар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп атышат да.

Каттай турган гезити саясий эместигин Адилет министрлигинин адистерине бир канча жолу какшап билдиргенин айткан Ж.Жанызак, “булар каттоого тапшырылган документтерди өздөрүнүн тааныш ишканалары аркылуу оңдотумуш болуп акча табышат окшойт” деп шекшип калганын билдирди.

Андыктан гезит-журналдарды каттоодо толгон-токой бюрократиялык тоскоолдордуктарды арылтуу үчүн, аны жөн гана министрликке билдирүү иретинде ача берүү эрежеси кирсе жакшы болмок. “Ал басылма мыйзамга туура келбесе кийин деле соттой беришсе болмок”,- дейт Ж.Жанызак.

Медиа өкүл Акмат Алагушевдин айтымында, Кыргызстанда маалымат каражаттарын каттоодо бир эле токтом бир канча жылдан бери иштеп келатат. Бирок эмне себептен соңку кездери жаңы гезит-журналды каттоо кыйын болуп атканы белгисиз:
Акмат Алагушев

- Адилет министрлигинде бир чиновник отуруп алып ары-бери айдап, ойной берет экен деп бизге деле айтып атышат. Каттоодон өтө албай аткандар келип атат.

Эми чынын айтканда булар эмне себептен болуп атканы азыр түшүнүксүз болуп атат да. Анткени бул сыяктуу окуялар баягы шайлоо убагында катталган да. Анда деле биз маселе саясат жагында жатат деп ойлогонбуз.


“Московский комсомолец - Кыргызстан” гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов да бир канча айдан бери орусиялык бир басылманын өкүлчүлүгүн каттата албай жүрөт. Бул тууралуу ал жакында эле кенен макала жазып, Кыргызстанда кайсы бир гезит-журналды каттоо президенттин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеванаянын уруксаты менен жүрүп калганын, Адилет министрлигинде каттоо жагын тейлеген Болот Саипов “катчылыктагы айым бул гезитти каттоого тыюу салган” деп айтканын жазат.

Азырынча Адилет министрлигинен гезит-журналдарды каттоодогу маселелер тууралуу жооп алууга мүмкүн болбой турат. Президенттин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеваная да анын дарегине айтылгандарга жооп кыла элек. Ал эми ошол эле катчылыктын эксперттик-аналитикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Султан Жумагулов болсо, биринчи жолу “катчылык каттоо иштерине кийлигишет” дегенди У.Бабакуловдун макаласынан окуганын, катчылыкта андай маселе жок экенин билдирди.

Медиа адистеринин баамында, жаңы медиа каражаттарын каттоодогу маселелер былтыркы президенттик шайлоодон кийин көбөйдү. Буга чейин кайсы бир сын макаласы үчүн соттошо кетишкен басма сөз каражаттары сотто чоң доого жыгылып, жабылууга мажбур болушкан. Гезитти жаба коюп, кайра башка ат менен каттаткан учурлар да болгон. Медиа өкүл Акмат Алагушевдин пикиринде, катуураак сын айтып ийчүлөрдү кайра каттап албоо үчүн бул процесс айрымдарга узакка созулуп аткан болушу мүмкүн.

Бирок журналист Ж.Жанызак каттатам деген басылманын саясатка тиешеси жок. Ал өзү муну министрликтеги эле коррупцияга байланыштырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Maratix каяктан: TR-Batken
05.03.2010 01:28
Janibek bayke kirgiz tili uchun internet barakchalarinda jakshi ish kilip atat birok ushu hristian dinin tuu tuutup "Manas" "Semetey" hristiyan bolgon dep kaydagini jorugani jakpayt. Men musulmanmin birok ech kimdi bashka dindensin jep jek da korgon jokmun oz dinimdi da aga zorduk menen kabul kildiruuga areket kiklgan jokmun. A bul Janizak bake men Semetey tuu tutkan hristiyan dininen bolom dep atip ele biraz suyloy bashtasan jok men ata-babadan kelgen koko-tenirchilik bolom dep suudan kuruk chikkani jandi keyitet.

кимден: Пикир
03.03.2010 20:04
Урматтуу Жаныбек ага. Гезитинизди каттата албай жүргөнүңүздү гезиттен окуганыма бир нече убакыт болду. Азыр окуп алып Сизге жан тартып турам. Себеби, идея башка келгенде эле "Оо жактагылар" кыялыбызды бууп жатышат. Сайтынызды эле иштет бергениниз жакшы го. Бийлик кеткенден кийин бир эмес, бир нече гезит ачаарсыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)