Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:38

Кыргызстан

24-март: Эл көтөрүлдүбү же Батыш төңкөрдүбү?

Кыргызстанда “жоогазын ыңкылабына” эртең төрт жыл толот. Ушул күнгө чейин өлкөнүн өзүндө да, дүйнөдө да анын чынында эмне болгону тууралуу карама-каршы пикирлер айтылып келет. “Азаттык” эки башка саясий жээктеги талдоочуларга кайрылат.

24-март, 2005-жыл
Текст көлөмү - +
Алексей Мухин – Москвадагы “Саясий маалымат борборунун” башкы директору. Ал мурдагы Советтер Союзунун аймагындагы үч мамлекетте тең “түстүү ыңкылаптар” Батыштын активдүү кийлигишүүсү менен орун алды деп ишенет. 

"Кыргызстанда болгон “жоогазын ыңкылабы” да постсоветтик аймактагы айрым мамлекеттерде болгон окуянын үлгүсү менен ишке ашты, - деди "Азаттыкка" А.Мухин. - Ал үлгү ушул аймакта саясий туруксуз режимдерди түзүүнү максат кылган эле. Тилекке каршы,
Ыңкылаптарды Батыш жасаган деген – жөн гана калп...
Украинадагы, Грузиядагы жана Кыргызстандагы кырдаал бул ойдун туура экенин далилдеди. “Түстүү ыңкылаптардын” натыйжасында түзүлгөн режимдер, биринчиден, тышкы факторлордон көз-каранды болоору айкын болду. Экинчиден, алар саясий жактан туруксуз экенин көрсөтүштү. Үчүнчүдөн, өздөрүндөгү жана аймактагы социалдык-экономикалык абалга да терс таасир этти".

Бирок океандын ары жагында анын пикирине караманча-каршы тургандар көп.

Андрес Ослунд (Anders Aslund) – АКШдагы Жоржтаун университетинин профессору, “Карнеги” корунун буга чейинки башкы эксперттеринин бири болгон. Ал постсоветтик бул мамлекеттердеги абал менен жакындан тааныш. “Кыргызстанда 2005-жылдын мартында болгон окуяларды Батыш даярдаган” дегенге Ослунд кошулбай турганын айтты. 

"Бул жөн гана - калп, - деп ишенет ал. - Орусия бүгүн – бул диктатура. Ыңкылап өзүнөн өзү болуп кетиши мүмкүн дегенге алар ишене алышпайт, анткени алар бүт эле нерсе “жогорудан айтылат” дегенге көнүп калышкан. Алар демократиялык күчтөр болушу мүмкүн экенин түшүнбөгөндөн кийин, окуяларга дурус анализ жүргүзүүгө да жөндөмү жок".

Ошол эле учурда профессор Ослунд “Кыргызстанда ыңкылап болду” дегенге такыр кошула албай турганын айтат. 

"Менимче, Кыргызстандагы окуяларды Украина же Грузиядагы окуялар менен бир мааниде алып талдаганга болбойт. Украинада, мисалы, азыркы мыйзамсыздыкка карабай, толук эркиндик бар. Грузияда эркиндик жарым-жартылай бар десек болот. Кыргызстанда болсо эркиндик да жок, мыйзамдуулук да камсыз кылына элек. Дээрлик эч нерсе өзгөргөн жок. Андыктан “жоогазын ыңкылабы” бүгүн, чынында, “куралдуу төңкөрүш” сыяктуу эле көрүнөт. Бакиев Акаевден эч нерсеси менен озо албады, тетирисинче, Акаевдин көп аракеттери азыркы жетекчиникинен дурусураак болчу".

Ослуддун айтымында, аталган үч мамлекеттин ичинде Украина үчүн элдик көтөрүлүштөрдүн болушуна ал жумурияттагы экономикалык, социалдык оор абал башкы деле себеп болгон жок. Анткени экономикалык жактан бул мамлекет дурус эле алдыда болчу. Анда ыңкылаптын чыгышына элдин чыныгы эркиндикке, демократияга умтулуусу себеп болду. Ал эми Грузия менен Кыргызстан, чынында эле, аймактагы жакыр мамлекеттердин катарында турган. Ошентсе да, ыңкылаптан бери экономикада өсүш болгону деле көрүнбөйт, - дейт ал. 

Түстүү ыңкылаптар саясий туруксуз режимдерди түзүүнү максат кылган...
"Башаламандык, менимче, башкы проблема болуп турат. Азыр өлкөдө чечимди ким кабыл алаары түшүнүктүү эле, бирок мыйзамдуулук жок. Чынын айтканда, Кыргызстанда аябай жакшы мыйзамдар бар. Алар 90-жылдарда эле кабыл алынган. Аскар Акаев аябай көптү билген адам, бирок ал үй-бүлөсүнүн эле курмандыгына чалынды. Анын үй-бүлөсү мамлекеттеги негизги ишканаларды ээлеп алганга аракет кылган. Бирок бүгүн деле абал ошол мезгилдегиден жакшырып кеткен жери жок. Менимче, азыр Кыргызстанда бизнесмендерге иштеш аябай оор, анткени алар “оюндун эрежелерин” билишпейт. Акаевдин тушунда деле ушундай болчу. Бирок ал тапта, жок дегенде, мыйзамдуулук жагынан абал дурусураак эле".

Алексей Мухин бирок өз оюнан кайткан жок. Ал Украинада да, Грузияда да, Кыргызстанда да сырттан киргизилген идея иштеп, ошонун негизинде күч менен ыңкылап жасалды деп эсептейт.

Мухин өзү Орусиядагы расмий бийлик менен тыгыз кызматташып келаткан аналитиктерден. Алгач саясий сахнада Владимир Путиндин аты атала баштаганда эле ал “Мистер Путин деген ким?” деп суроо коюп, атайын китеп да жазган. Андан бери Кремлдин негизги саясатын колдоп келатат. Бул жолу да ал “Кыргызстанда эл көтөрүлгөн”, “чыныгы идея болгон” дегенди четке какты. “Элдин атынан сүйлөп эле тим болбой, элдин толкунун колдонушту”, - дейт ал. 

"Элдик нааразылыкты туура колдоно билгендик – бул чоң курал, - деп оюн улантат. - Көп учурда бул курал кийин аны колдонгондорго каршы иштейт. Кыргызстанда дал ушундай болду. Кыргызстан менен Орусия, эң оболу, саясий да, экономикалык да өнөктөш өлкөлөр. Андыктан ыңкылаптан бир нече жыл өтүп, кыргыз жетекчилиги өзүндөгү саясий ал-ахыбалга көзөмөл кыла албай калганда, кайра Орусияга ык ала турган чечимге келди (“Манас” аба- базасынын жабылышы, Орусиядан эки млрд.долларлык кредит бөлүнүшү – ред.). Орус жетекчилиги муну жогору баалады. Анткени, жашырганда не, Орусия Кыргызстанда таасирин арттырууга кызыкдар. Андыктан биз эмне жөнүндө сүйлөп жатканыбызды билебиз".

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Абдумомун
12.04.2009 14:20
Кыргыз эч качан жоголбойт, жоголсо жарабас президент, паракор чиновниктер баягы жолдо жүргөн кызыл шапке тилемчилер жана ошого окшогон элдин канын соргондор жоголот. Худайым буйурса.

кимден: Мухтар каяктан: Бишкек
24.03.2009 17:54
Олдо байкуш мал кыргыз! Шордуу кыргыз! Качан силер чыныгы чындык менен жасалма чындыктын айырмасын билесиңер? Качан адамдай ойлоносуңар? 24-март - чыныгы элдик революция. Аны эч ким атайын жасаган эмес. Бул өзүнөн-өзү бышып жетилген. А. Акаев 14 жылда Кыргызстандагы Союздан калган эбегейсиз байлыкты жок кылып, мамлекетти банкрот кылган. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү: баардык тармагы талкаланган 2 млрд. доллар карызы бар өлкөгө ким президент болууну кааламак эле? Андыктан Курманбек Бакиев башында турган Элдик революцияны жасоочулар чыныгы мекенчил болушкан. Алар биздин мамлекеттүүлүгүбздү сактап калышты. Болбосо Кыргызстандын жарымы Казакстанга, жарымы Өзбекстанга өтүп, бүтүндөй бир өлкө, улут жок болмок. Биз азыр улут катары кайра жаралып жатабыз.
Ал эми А. Акаев сенин кыргыз экениңди уруп ойнобойт болчу. Андыктан ар бирибиз туура түшүнүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө мамлекет Бакиевдики эмес сеники, меники, аныкы. Ошондуктан баарыбыз биримдикте гүлдөгөн Кыргызстанды бутуна тургузууга аракеттенели. Мен Элдик революциянын баркы жыл өткөн сайын өсө берерине ишенем.

кимден: Chanto
23.03.2009 21:30
Бакиевге миң жолу айттык, ой Осмоналиев экөөң диний укуктарды тепселебегиле, кадрларды өзгөртүңүз, кошоматчылыкты күчөтпөңүз, тышкы саясатта баланс кармаңыз, коомдук палата түзбөңүз, деп. Ал баарын тескери кылды.

кимден: Торпок каяктан: Тянь-Шань тоолору
23.03.2009 13:33
24-мартта мамлекеттик төңкөрүш болгону анык. 24-март ошол эле учурда биз кыргыздар дүйнөгө шылдың болгон, уят болгон күнүбүз! Себеп дегенде өлкө башчысы президент Аскар Акаев элин-жерин таштап, бөлөк мамлекеттин учагы менен ууруга окшоп качып кеткен. 24-март окуялары болмок эмес, эгерде бир Чоң Киши Акаев менен жолугуп сүйлөшүп койсо. Акаевдин Ак үйдөгү кабылдамасында күтүп отурганда Чоң Кишиге жакын бирөө телефон чалып, алдагы жерден чыгып кетиңиз деп жолуктуртпай, сүйлөштүрбөй койгон. Бул бир. Экинчиси, кээ бир кишилер ошол кездеги атактуу криминалдык топтун башчысы менен жолугушуп, мен сени актаймын бирок мага жардам бер деп алдап кетпесе, анда 24-март күнү Бишкекте тынч эле бир күн болмок. Оппозиция чыкмак, бирок болгону борбор аянтта туруп тарап кетишмек. Ошол атактуу криминалдык лидер мени акташмай болду деп алданып кээ бир кишилерге колдоо көрсөткөнгө макул болгондон кийин Бишкеке ар кайсы жактан кишилер келе башташкан. Бирок криминалдык лидер макулдугун бербесе, Бишкек шаарында куш учмак эмес. Айтор, ошол атактуу криминалдык лидер март айында айрым жерлерде бийлик жок болуп жана уюштурулган топтор тарабынан бийлик имараттары басылып алынганда ошол жакты башкарып жаткан бир кишиге телефон чалып ашууну ашсаңар эле өлдүңөр деп коркутуп тургандыгындан Бишкекке уюштурулган топтор келалбай жатышкан. Үчүнчүдөн, 24-март окуяларын уюштургандар жазасын алыш керек. Себеби мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп бийликке мыйзамсыз келишкени анык. Бешинчиден, 24-март түнү менен мародерлорго шаарда андан мурун белгиленген соода борборлорун атайын ким тонотту? Акаевдин бийлигин жыгып бергениңерге чоң рахмат, эми барып тоногула дегенге окшоп турат. Акыркысы, эгерде чындап эле ыңкылап болсо анда жашоо турмушубуз өзгөрүп оңолмок эле. Баякы эле коррупция, баякы эле көз бойомолор, баякы эле 50-100 сом алган ГАИшниктер. Өзгөрүү болду деп төшүн каккылагандар бар. Туура, өзгөрүүлөр болду. Мисалы, взяткалардын ставкалары көбөйүп кетти! ГАИ мурун 20-30 сомго ыраазы болсо, азыр 50 сомдон кемге башын ийкебейт. Таможняны айтпай эле койдум!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)