Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:48

Эл үнү

Бурятияда үч кыргыз соодагерин атып кетишти

Бурятияда жети кишини атып кетти деп шектелген беш адам кармалды. Киши колдуу мерт болгондордун экөө Орусиянын жарандыгын алган кыргыз жигиттери экени аныкталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров маалымдады.

Россияга барган миңдеген кыргыздар жапыт орус жарандыгына өтүп, соода-сатык менен жак сактап келатышат
x
Россияга барган миңдеген кыргыздар жапыт орус жарандыгына өтүп, соода-сатык менен жак сактап келатышат
Текст көлөмү - +
Эки күн мурда Бурятиянын Жидин районунда ок жеген жети ишкердин өлүгү менен “Истана” чакан автобусу табылган. Кырсыкка кабылгандар Закаменск базарына Иркутскиден товар ташып иштеп жүрүшкөн. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен алынган маалыматка ылайык, Бурятияда киши колдуу болгон жети адамдын экөө ага-ини Адилбек жана Рахат Жыкыповдор Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Терек-Сай айылынын тургундары экени такталган. Ал эми Тушназарова аттуу аял Орусиянын жарандыгын алган өзбек улутундагы аял экени айтылууда. Элчи Раимкул Аттокуровдун ырасташынча, жети адамга ок атты деп шектелген Закаменск шаарынын беш тургуну кармалып, алар кылмыш кылганын моюндарына алышкан. Р.Аттокуровдун айтымында, учурда окуянын себептери Орусиянын тиешелүү органдары тарабынан иликтенүүдө. Ушул тапта элчилик мерт болгон мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөк көрсөтүүдө.

- Бурятиянын прокурорунун орун басары Антон Афанасьефтин маалыматы боюнча, ИИМ кызматкерлери тарабынан беш киши кармалган. Киши колдуу болгондор Орусиянын жарандары болгондуктан алар боюнча толук маалыматты прокуратура жактан бербей жатат. Мүмкүнчүлүк болушунча туугандарын издеп жана адвокаттан маалымат алганга аракет кылып жатабыз. Ал эми сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү жана документтерин чогултуу боюнча көмөк көрсөттүк, - дейт Р.Аттокуров.

Красноярск облусундагы кыргыз диаспорасы мерт болгондордун сөөгүн жөнөтүүгө көмөктөшүп Бурятияга унаа жөнөткөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Красноярск облусундагы диаспоранын өкүлү Назгүл Батаева кабарлады. Бирок ал окуянын чоо-жайын толук билбей турганын белгиледи:

- Мындан эки күн мурда бизге Бурятиядан кыргызстандык мекендештер чыгып, жети адамды өлтүрүп кеткендигин айтышкан. Алар киши колдуу болгондордун сөөгүн жеткирүүгө жардам бергиле деп кайрылышкан. Биз бул жактан унаа сүйлөшүп бердик. Биздин угушубузга караганда киши колдуу болгондор Кыргызстандын түндүк аймагында туулган ага-ини экен. Криминалдык кол салуу деп уктук, - дейт Н.Батаева.

Мерт болгон кыргыздар Орусянын жарандары болгон үчүн Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тергөө иштерине кийлигише албайт экен. Бирок ИИМдин башкы тескөөчүсү Рахматулло Ахмедов министрлик тергөө иштерине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

- Бул кылмыш иши Орусиянын аймагында болгондуктан жана жабыр тарткан адамдар Орусия Федерациясынын жарандары болгондуктан улам, бул кылмыш иштин тергөө, иликтөө амалдарын ошол өлкөнүн ички иштер органдары жүргүзөт, - деди Р.Ахмедов.

Ал эми Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы да бул маселенин үстүндө министрлик, консулдук департамент иштеп жаткандыгын билдирди.

Маалыматтарга караганда, каргашалуу окуядагы микроавтобус кыргызстандык жаранга таандык экендиги айтылууда. Ал эми кырсыкка кабылгандар Закаменск базарына Иркутскиден товар ташып иштеп жүрүшкөн. Акыркы жолу алар товарга 30-январда чыгышкан.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: kam kam каяктан: чымкоргон
05.02.2010 22:01
Бакиев етот плохой человек , никогда не думал о людей , и не собирается думать, когда медведев создаёт рабочие места для своих соплеменников , а наш падишах ни разу нигде не думает о людей своих земляков , и короче говоря кыргызга пока гром не грянет крестьянин не перекрестится.

кимден: Kyrgyz каяктан: Almaty
05.02.2010 17:45
Kazak baurdaska : Rahmet Kazak baurim !!!

кимден: Shorkuu каяктан: Kyrgyz
05.02.2010 14:42
Шооруң каткан кыргыз.
кайда кана сени турмуштун тамашасы алып барбады...
Бөтөн жер бөтөн елде Алатооңду бир жалт деп карай албай...
Атбашыңдын бир уурттам суусун ичеалбай арманда көздөрүңөрдү жумгандырсың.
Ех ех менин кыргызым КЫРГЫЗЫМ ДЕП......
жаткан жериң жайлуу топурагың тоорко болсун...
БиР БООР ШООРДУ КЫРГЫЗЫМ.

кимден: Қазақ каяктан: Алматы
05.02.2010 14:30
Қапыда қаза болған бауырларымыздың жандары жәннатта болсын, Аллах ол дүниеде істерін жеңілдетсін, Иншалла!

Қаза болған азаматтардың үй ішіне, туысқандарына көңіл айтамын. Бекем болыңыздыр! Аллах қайырын берсін!

кимден: Акыл каяктан: Куршаб, Узген
05.02.2010 14:21
Кыргыз бийлиги өзүнүн чет жерде жүргөн улутташтарынын тагдыры, өмүрү эмес, Кыргызстандагы атуулдарынын өмүрүн сактай албай жатканда жаман окуя болгон экен. Кор болдук го кыргыздар, кор болдук!!!

кимден: Nura каяктан: Bishkek
05.02.2010 12:36
kirgizstandin satchusun satip, berchusun berip, al emi eldin kiriliwin karap koyup jogorudagi biylik toboldoru kachankiga cheyin oturaar eken?

кимден: Nur каяктан: Bishek
05.02.2010 07:57

Kajtysh bolgon jergeshterdin ata-ene,bir-tuugandaryna konul ajtam.
Kajrat kylynyzdar.


кимден: Melnikoff
05.02.2010 03:34
Где еще в мире киргизов так расстреливают господин Бакиев?

кимден: Azamat каяктан: usa
04.02.2010 23:55
kachankiga chein kirgizdardi orustar oltyryp kelet , bizdi ech kim syilabait.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу