Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:49

Кыргызстан

Кыргызстан: мигранттар ВИЧ/СПИДди жайган булакка айландыбы?

Бишкек жана Ош шаарларында эмгек мигранттар четке аттанган жайларда: аэропорт, бекет, ири базарларда, ошондой эле Эмгек, калкты ишке жайгаштыруу жана миграция министрлигинде ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуунун алдын алуу боюнча маалымат бериле баштайт.

Кыргызстанда жаштар СПИДге каршы күрөш күнүндө акция уюштурушкан
x
Кыргызстанда жаштар СПИДге каршы күрөш күнүндө акция уюштурушкан
Текст көлөмү - +
Мындай иш-аракеттер Кыргызстан аялдар конгрессининин жаңы долбоорунун алкагында ишке ашмакчы. Бул тууралуу 17-февралда аталган уюмдун жетекчиси Замира Акбагышова билдирди. Анын айтымында, эмгек мигранттары ВИЧ илдетинин жайылышына шыкак болгон учурлар азыр өлкөдө арбын кездешүүдө.

Айганыш (аты өзгөртүлдү) аттуу бул кыз иш издеп Орусиянын Москва шаарына мындан төрт жыл мурун кеткен. Анын айтымында, ВИЧ илдетин алдын алуу боюнча маалымат четке иш издеп кеткен кыз-келиндерге аябай керек:

- Айрыкча жаш кыздар арасында ооруга чалдыккандар көп. Азыр жумуш табуу кыйын болуп жатпайбы. Келип алып жумуш таппай үйдө отуруп калгандар көп. Үйдө көп отурганда алар эмне кылышат? Албетте жигит таап жандашат. Анан бузулуп кеткен учурлары кездешет. Мына өзүм эле жашаган квартираны айтсам жанагындай өтө олуттуу жаман оору деп айта албайм, бирок башка ооруларды жуктуруп алгандар чынында эле көп.

Адисттердин айтымында, Кыргызстанда соңку жылдары ВИЧ/СПИДди ийне аркылуу эмес жыныстык жол менен жуктуруп алуу тенденциясы көбөйүүдө. Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышованын пикиринде, айрыкча кары-күчкө толгон мигрант жарандардын ВИЧке кабылып жатышы бүтүндөй улуттун саламаттыгына терс таасирин тийгизет:

- Сезон маалында, жумуш кычап турган убакта эмгек мигранттардын саны 500-800 миңге чейин жетет экен. Мына ошол адамдар кайра кайтып келгенде ВИЧ илдетин Кыргызстанда жайылтууда терс жактарын көрсөтүп жатат. Бул өтө опурталдуу.  

Кыргызстан аялдар конгресси эмгек мигранттар арасында ВИЧтин жайылышына каршы иш-аракетке жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын, дарыгелер тобун, ошондой эле Кыргызстан мусулмандар башкармалыгын тартканы атат.

З. Акбагышова Муфтият бул илдеттин терс жактары тууралуу маалымат таратып кол кабыш кылууга расмий макулдугун бергенин кабарлады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Ден-соолукту чыңдоо борборунун башчысы Гүлмира Айтмурзаеванын айтымында, коомчулукта ВИЧ/СПИД жана андан коргонуу тууралуу ачык сүлөшүп талкуулоодо бир топ тоскоолдуктар бар. Мындай көрүнүш оорунун жайылышына ого бетер огожо болуп жатат:

- Биз элдерден ден-соолук, аны чыңдоо боюнча кандай маалымат алгыңар келет деп сураганыбызда алар ВИЧ/СПИДден башкасынын баарын айтышат. ВИЧ/СПИД, сексуалдык репродуктивдүү ден-соолук дегендерди эч качан айтышпайт. Анткени булар өтө жабык темалар.

Адисттердин айтымында кыргыз коомчулугунда дагы бир олуттуу жагдай - бул эл арасында ВИЧ/CПИДди жуктуруп алгандарды жектеп бөлүү көрүнүшү. Кыргызстан аялдар конгресси жаңы долбоору менен мына ушундай көрүнүштү азайтууну көздөйт. Долбоордун алкагында маалыматтар ар кандай формада таратылат. Талкуулар өткөрүлөт.

Соңку маалыматтар боюнча Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктуруп катталгандардын саны эки миң жети жүздөн ашты.

- Биз биздин арабызда ВИЧ инфекциясына кабылган адамдар жашаарын, мындай адамдардын саны жыл сайын тилекке каршы дагы өсөөрүн түшүнүп ага көнүшүбүз керек. Биз бул адамдар менен бирге жашаганды үйрөнүшүбүз керек, - Г. Айтмурзаева.

Ал арада Бишкектеги темир жол бекеттерде вагон вагон менен эмгек мигранттар сыртка агылууда. Байкоочулардын баамында, аларды азыр ден-соолугунан да, акча табуу амалы көбүрөөк ойлондурат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Рома каяктан: Москва
08.03.2010 22:56
Оба эми мигранттар эле жуктуруп үйлөрүнө кайтып атышат. Эмнеге мигранттар КЫРГЫЗСТАНДЫ БАГЫП АТЫШАТ деген тема жок. Ар бир мигрант үйүнө акча салып багып атат өз үй-бүлөсүн. ВИЧ/СПИД ке каршы ар бир инсан ойлонушу керек. Эртең кандай акыбалда болом деп, карып катнаштын алдында. САКТАНЫШ керек. Өнүккөн мамлекеттерде уйалбай эле балдарына кеңеш берет балам же кызым САКТАН ал үчүн бир нерсени эске тутуш абзел. А бизде уйят деген сөз бар кантип балама айтам. Ошого туугандар кичинесинен үйрөтүш керек 7 класстан баштап. ЖУКТУРУП АЛСА ОШОЛ УЙЯТ!!!!!!!!!!!

кимден: oljobay
19.02.2010 04:21
Bul ildetti aldyn aluu boiuncha islammi adister menen birgelikte ish alyp baruu negizgi masele dep bilem,jon gana eskertme beruu bul adamdyn nafsisin bailoogo alsyzdyk kylat!Al emi adamdyn jurogundo islam,jana kudaidan korkuu bolso.......!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)