Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:37

Саясат

Депутаттыкка татыктуу талапкерлер барбы?

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын тизмесин аныктады. Ага ылайык жалпы 29 партиянын талапкерлери депутаттык орун үчүн ат салыша турган болду. Анткен менен парламентке барам деп белсенип жаткан талапкерлердин деңгээли жана дарамети коомчулукта күмөн суроолорду жаратып, шек саноолорго себеп болууда.

Референдумдагы добуш саноо, 27-июнь, 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
Шайлоого катышам деп бел байлаган партиялардан 3400дөн ашык талапкердин тизмеси август айынын акырына чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылган. Комиссия жалпы 29 партияга шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берип, акыркы беш партиянын талапкерлерин каттап бүттү. Каттоодон өткөн партиялар менен бирге буга чейин кылмыш иши козголуп издөөдө жүргөн партия өкүлдөрү депутаттыкка талапкер макамын алышып, шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканга чейин кол тийбестик укугуна ээ болушту.
Партиялардын тизмесинде бир ишканада иштеген вахтер, кароолчу жана башкаларды да киргизип салган учурлар да болду

Шайлоого бет алган партия талапкерлеринин 25 пайыздан ашыгын убактылуу жумушу жоктор түзүп, алардын көбү келечектеги үгүт иштеринен үмүт этип, депутаттык кызматты эңсеп турган кездери.

БШКга тапшырылган талапкерлердин тизмесинде кылмыш иши козголгон жарандардын болушу комиссия мүчөлөрүн түйшүккө салды. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимовдун билдиришинче, бир-эки партияны эсептебегенде буга чейин каттоодон өткөн партиялардын дээрлик көбүндө кылмыш иши козголгон талапкерлер болгон:

- Мындай алып карасак биз үчүн күтүүсүз нерсе болду. Мындай учурлар аябай көп болду. Бир-эки эле партияда жок болбосо калган бардык партияларда бар. Кээ бирлеринин кылмыш иши козголгон бештен-алтыдан кишилери бар. Бул деген албетте кылмышкерлер кирип калды деген сөз эмес.

Шайлоо кодексине ылайык, талапкерге каршы кылмыш иши козголгону менен соттун чечими чыкпагандан кийин БШКнын андай талапкерлерди каттабаганга чарасы калган жок. Талапка ылайык партиялардын талапкерлери 120 кишиден туруп, алардын ичинде бир жыныстагы адамдар 70 пайыздан көп болбошу керек. Айрыкча партияда 35 жашка чейинкилер 15 пайыздан кем болбой, ошондой эле өлчөмдө ар кыл улуттун өкүлдөрү болушу абзел эле. Абдымомун Мамараимовдун айтымында, бул талаптар одоно бузулган учурлар болгон:

- Анан кээ бир партияларда ушундай нерселер кездешти. Партиялардын тизмесинде бир ишканада иштеген вахтер, кароолчу жана башкаларды да киргизип салган учурлар да болду. Жашы 21ден өтө электер да тизмеде кездешти.

Талапкерлердин тизмеси жарыяланары менен эле партиялардын курамында мурдакы бийликтин өкүлдөрүнүн болушу көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ал түгүл “Ак жол” менен “Алга Кыргызстандын” атактууларынын депутат болууга ашыкканын сындагандар да болду. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев депутат болууга бел байлагандардын ар кимисинин ар башкача максаты бар экендигине көңүл бурат. Анын айтымында, алдыдагы шайлоодо чындап эле парламенттик башкарууну каалап, өзгөрүүгө жол ачкысы келгендер менен катар эле дасыккан кылмышкерлер да депутаттыкка камданып жатат. Талдоочу партиялардын тизмелерин карап, бир айдан кийин түптөлө турган жаңы парламенттин чоң өзгөрүүлөрдү алып келери күмөн туудурганын билдирет:

- Деңгээли боюнча илимий, саясий, билим жагынан келгенде басымдуу көпчүлүгү “Ак Жол” партиясынан өйдө чыгып кеткен эмес. Кем да калган эмес. Мамлекет түзүү жагынан көз караштары булардыкы чаржайыт. Кээ бир партиялардын курултайларына катышып көрдүк. Ошондуктан бүгүнкү күндө куру сөз, куру ураан, куру тилек. Андан башка чекени жылыта турган эч нерсе жок.

Ошентип 10-сентябрдан баштап парламенттик шайлоо үчүн үгүт иштери башталат. Партиялардын мамлекеттик телеканалдар, гезит, радиолор аркылуу дебаттары жана тегерек үстөлдөрүнүн тартиби 13-сентябрда кагаз кармоо жолу менен аныкталат. 

Талапкерлердин дараметине массалык маалымат каражаттарындагы үгүт иштерине карата баа бере тургандар да бар. Анткен менен жаңы түзүлө турган парламент өзгөрүүлөрдү алып келерине үмүт кылгандар да жок эмес. Талдоочу Александр Князев тизмедеги жаңы ысымдардын жаңылыктарды алып келиши мүмкүн экендигин айтат:

-Жарыяланган партиялардын талапкерлеринин тизмеси мени оптимист болууга чакырууда. Анткени тизмеде буга чейин белгисиз болгон адамдардын аттары жүрөт. Алардын деңгээлин азыр айтуу эртерээк. Бирок кандай болгон күндө да шайлоодон кийин элитанын, анын ичинде парламенттин жаңыланары турган иш. Эгер жаңы адамдар келе турган болсо өкмөттө жаңы дайындоолор болоору бышык.

Ошентип алдыда бешинчи жолу парламент чакырылганы турат. Ушул жылдын 27-июнунда кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш 120 депутаттан туруп, беш жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоонун жыйынтыктары боюнча эң көп добуш топтогон партияга парламентте 65ке чейин гана депутаттык мандат берилет.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: БАЛА каяктан: РАША
10.09.2010 19:00
Менин оюмча 29 партиянын 10 партиясы чын журоктон иштеп берсе кыргызстан алга карай жылат, калган 19 партиянын максаты 1- акча 2-бийлик. копчулук партиялар сатылган болуу ыктымалы бар.Орустардын кызыкчылыгын ойлогон, АКШнын кызыкчылыгын ойлогон партиялар жок эмес. 2 айдын ичинде 5-10 жолу москвага каттап калган ак соокторду кордук.

Эми элибиз чын эле тундук туштук эмес эле 29 га болунуу алдында турабыз. 29 партия деген 29 ой пикир деген 29 ой пикир деген 29 карамакаршылык деген. биз акылдуу мамиле кылбасак жараандык согушка кирип кетуу коркунучу бар. Биздин денгел ошого алып барат.кыздуу канбыз 1 нерсе болсо эле мушташа кетебиз.

Эми эмне болсода аман бололу.

ПС.оштун мери корунбой калдыго.!!! youtube сайтында Мелисти уруп согуп машинага салып алып кеткен деген видеолор чыгыптыр. канчалык туура ушу инфо????

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.09.2010 18:35
Ууру тойгуча жеп .олгучо карганат . Кээ бир оорулар бар организимден кесип алып ташташ керек мисалы аппендицит. Ушу сыйяктуу эле толук ан-сезими жетилген адамдын ата-мекенге ,элине , эн негизгизи байлыка ( акчага ) болгон коз карашы озгорбойт. Коп партиялардын тизмесин карап корсон баягы эле кошоматчы жегичтер тизменин башында журушот. Алардан кутулмайынча Кыргызстан дегеле онолбойт,бул деген эртен тан атып кун чыгат дегендей эле чындык.
,

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.09.2010 15:22
120 депутат деп 5 миллион калка анчалык коп жегичтердин не кереги бар эле. Ошончосунун 1 тыйындык пайдасы жок алар келет бюджеттин баарын 120 депутаттардын айлыгына, машинасына, квартирасына дагы толгон токой расходуна жумшап бюджетте эчнерсе жок,же онугĥу

кимден: Зайирбек каяктан: Лейлек
10.09.2010 14:38
чындап эми болунот окшойбуз 29 жакка.мисалы менин айлымдан 3 адам 3 партияда екен да,азыртан болунуу,ушактар,кайым айтышуулар башталыптыр.ошо партия тузгондор ойлонушпадыбы екен мурдакы бийлик адамдарын тизмеге алып атанда. Сариев,Текебаев,Ташиевдедин бир убактагы оппозиция болуп жургон кездердеги создору азыр неге жок

кимден: Айкыз
10.09.2010 13:41
Мен жакында боло турган шайлоонун таза өтүшүнө да ишене албай турам. Анткени баары өз кызыкчылыгын ойлоодо, элди ким ойлоп жатыптыр? Болуп өткөн шайлоолорду көрдүк го, каратып туруп булгашат. Өлкөбүздө бирдиктүү идея жок, чаржайыт, ар ким өз билген намазын окугандай. Ошондуктан элим, биригеличи.

кимден: кыргыз
10.09.2010 13:05
Кыргызым койчу ушул партиялык тизме менен шайлоого барганды, ушул эле жетишпей жатты эле. Озубуз зорго турганда. Алды артыбызды карап иш кылайлы. Шайлоодон кийин дагы бир нерсе баштала тургандай болуп жатат, бийлик талашып. Анын артынан жалпы эл кыйналып жатат. Бизге партиялык тизме менен шайлоого барышты ким коюптур, ушундай оор учурда. Жон гана мурдагыдай эле аймактардан эл озу ишенген окулдорун гана шайлап койсок жакшы болот эле. Ошол депутаттар гана элдин ишенимин актай алат. Партиялар парламентте отуруп алып озунун гана кызыкчылыктарын ойлойт. Кыргыз.

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)