Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:53

Эл үнү

Түшүмдүү, бирок кирешесиз жыл

Калкты азык-түлүк, ишканаларды сырьелор менен камсыз кылып келген айыл-чарба тармагында быйыл 106 миллиард сомдук продукция өндүрүлгөн.

Текст көлөмү - +
Кубанычбек Сарыкөбөнов - “Элдияр” кооперативинин жетекчиси. Ал “Замандаш” ассоциациясы тарабынан "2009-жылдын эң мыкты фермери" деп табылган.

Бирок жылдын мыкты дыйканында да көйгөйлөр бар. Ал да өз кесиптештери менен биргеликте кыйынчылыктарга дуушар болууда.

Былтыркы жыл кургакчыл болгону менен дандын наркы жогору болгон эле. Быйыл болсо түшүмдүүлүк жакшы, бирок баа төмөндөп кетип, киреше түшпөй калды. Алсак жылына 15-17-сомду түзгөн буудайдын наркы учурда төрт-төрт сом элүү тыйынга барабар.

- Кетирген чыгымдарыбыз күн санап өсүүдө. Бир гектар аянтка орточо 12-15 миңден короткон элек. Эми минтип кыйынчылыктарга тушугуп отурабыз. Буудай арзан болгону менен ундун баасы төмөндөгөн жок, - деди дыйкан Сарыкөбөнов.

Тамеки, пахта аз, буудай көп


Үстүбүздөгү жылы 305 миң тонна эт продукциясы өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге жогору.

Ошол эле маалда буудай өсүмдүгү 2008-жылдан 340 миң тоннага көп болуп, жалпы жонунан бир миллион тоннадан ашты. Негизинен дан, май, жашылча, бакча, мөмө жемиштеринин быйыл түшүмдүүлүгү жакшы. Жалпысынын айыл-чарба тармагында үстүбүздөгү жылдын 11 айында 106 миллиард сомдук азык-түлүк продукциясы өндүрүлгөн.
Бир гектар аянтка орточо 12-15 миңден короткон элек. Эми минтип кыйынчылыктарга тушугуп отурабыз.


Бирок тамеки, пахта өсүмдүктөрү өткөн жылдын деңгээлине жетпей, аз тигилген. Мунун себеби дыйкандардын кирешесинин төмөндүгүндө болсо керек. Кант кызылчасы болсо быйыл көбүрөөк эгилгени менен мурдагы жылдын көрсөткүчүнө жетпей келет. Алсак 2006-2007-жылдарга салыштырмалуу кант кызылчасынын аянты 10% да түзбөйт.

Айыл чарба министрлигинин дыйканчылык бөлүмүнүн башчысы Аскарбек Сагынбаев 2009-жылы бул тармакта өсүш болгондугун айтып, дыйкандарга ар тараптуу колдоо болуп жаткандыгына токтолду.

- Дыйканчылык жаатында бул жыл түшүмдүү болду. Көпчүлүк тармак боюнча 2008-жылга салыштырмалуу ийгиликтер бар. Биз жазгы талаа иштерине 15 миң тонна күйүүчү майды арзан баада жеткирип бердик. Ошол эле маалда 75 млн. сом айыл-чарба техникаларына сатып алууга, 30 млн. жер семирткичтерге, 22 млн. үрөөн сапатын жакшыртууга жумшалды. “Айыл банкка” 150 млн. сом которулуп, дыйкандарга төмөнкү пайыз менен таркатылды.

Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев үстүбүздөгү жылдын жай айларында мындан ары айыл-чарба тармагы беш багытта өнүгөт деп билдирген. Алар - техникаларды натыйжалуу пайдалануу үчүн машина-трактордук станциялары ишке киргизүү жана мамлекеттик лизинг компаниясы түзүү.

Ошол эле маалда Өнүктүрүү фондунан, Улуттук банктан жана кредиттик институттар тарабынан 1 миллиард сомдук ички инвестиция тартылып, айыл-чарба тармагы каржыланат. Багыттардын дагы бири болуп кластер принциптин киргизилишин айтууга болот. Ошол эле маалда мындан ары мамлекеттик керектөөлөр “тамак-аш” беренеси боюнча дыйкандардан түз сатылып алынаары айтылган.

Бул беш багыттын төртөө - келерки жылга белгиленген иштер. Ал эми дыйкандардан продукцияны түз сатып алуу багыты быйыл ишке киргени менен нааразы болгондор көп.

Дыйкандар колдоого муктаж

“Агропродкорпорация” мекемеси 200 миң тонна буудайды талаа ээлеринен бир килин 10 сомдон сатып алабыз деп жар салып келген эле. Бирок иш жүзүндө алар дыйкандардан жогорку сапаттагы дан өсүмдүктөрүн талап кылгандыктан, талаа ээлери буудайды аларга эмес, тегирмендерге эң арзан баада сатууга мажбур болушту.

- “Агропродкорпорация” дыйкандарга чоң талаптарды коюптур. Алардын бири - буудайдын жабышчактыгы 23% жогору болсун деген талап. Бул жагынан дыйкандардын көпчүлүгү аксап калышты. Себеби алар сапаттуу буудай менен камсыз болгон эмес. Ушул талапты жөнөкөйлөтүп, талаа ээлерин дагы ойлошсо жакшы болот эле, - деди дыйкан Кубанычбек Сарыкөбөнов.

Кыргызстанда 1 млн. 360 миң гектар айдоо жери бар. Учурда бул аянттан жыйылган продукция өлкө калкын толук камсыздай албай келет. Ошондуктан Кыргызстанга азык-түлүктүн бир нече түрү коңшу өлкөлөрдөн импорттолууда.
Дыйканчылык жаатында бул жыл түшүмдүү болду. Көпчүлүк тармак боюнча 2008-жылга салыштырмалуу ийгиликтер бар.


Адистердин баамында, мындай мисал акчанын сыртка чыгып кетишине шарт түзөт. Ошондуктан өкмөт талаа ээлери менен тыгыз иштешип, аларга кеп-кеңеш берүү менен заманбап дыйканчылыкка багыттып, насыя жагынын колдоп, арзандатылган жер семирткич, күйүүчү май менен камсыз кылышы зарыл.

Бирок мындай жардамдардын алдыңкы катарына өкмөттүк түз сатып алуулар туруш абзел. Дыйкандар жаз айларында буудайды же кант кызылчасын өкмөткө канчадан сатаарын билишсе, ойлонуп көрүүгө да убактылары жетмек.

“Укуктар да корголсун!”

2009-жылы дыйкандар укуктук жактан да кыйынчылыктарга тушугушту. Укукту жана Бизнести өнүктүрүү фондунун өкүлү Талант Солтобеков буларды айтат:

- Буга чейин дыйкандарда кандай көйгөйлөр болуп келсе, учурда да ошол маселелер чечилбей жатат. Дыйкандарда быйыл укуктук көйгөйлөр негизинен баага жана өндүргөн продукцияларын сатууга байланыштуу болду. Ошол эле маалда аянттарды каттоо жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижаралоо багытында, сатып алуу, сатуу боюнча түшүнбөстүктөр пайда болууда.

Негизинен 2009-жыл түшүмдүү болгону менен дыйкандар өндүргөн продукцияга суроо-талап жана баа төмөн болду. Ал эми Айыл чарба министрлиги болсо дыйкандарга жардам берилип жаткандыгын баса белгилөөдө.

"Азаттыктын" архивинен: Жаз жарыш

Бекболот Солтобаев Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынан ижарага 2,5 гектар жер алып арпа себүүдө. Анын айтымында, быйыл күйүүчү май арзан болсо да дан кымбат. МiT.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Умарали каяктан: Россия
03.01.2010 15:29
Кечирип коёсуздар, мен электрондук дарегимди калтырып коюупмун, ал мындай: uma-sheraliev@yandex.ru Баарыңыздарды жаңы жылыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

кимден: Умарали каяктан: Россия
02.01.2010 19:41
Жаңы жылыңыздар менен урматтуу кыргыз элим! Ушул жыл биздин олко у.чун жакшы жыл болсун!
Мен дыйкандарга жардамы тийип калаар бекен деген максат менен ушул катты жазып жатам. Менин Кок-Жаңгак шаарында жашаган досум бар. Билими 8 классты буткондон соң, Озгондогу Куршап айлында биринчилерден ачылган мехкадрды 70 жылдары буткон. Мындан 8-10 жыл мурда универсалдуу сокону оз уйундо чогултуп, кыргыз патенти тарабынан сыйлыкка да ээ бологн эле. Эми ошол соко кыймылсыз, эч ким колдонулбай турат. Соконун иштоо принцибин айта кетсем, мындай: 1. жер айдайт; 2. тегиздедейт; 3. кесектерин талкалайт; 4. себет; 5. жоок алат. Ушул аталган 5 ишти бир эле учурда аткарылгандын негизинде, куйуучу майга бир канча эконом болоорун эсептеп чыккан элек. Калп айтпасам 1 гектар жерге 55-60 л. куйуучу май кетсе керек эле. Соконун эни союуздун убагындагы сьелканын жарымы, 1,5 метр болсо керек. Ушул сокону бир нече заводдорго алып барып, сериялык турдо чыгара албады. Жардам беребиз дегендер алгач кызыгышып барып, аягы чыкпай калды. Эми ушул себуучу агергатты чыгарып, дыйкандарга таратса кандай болмок? Эгерде кимдир бироону кызыктырса ушул электрондук почта аркылуу мага чыксаныздар, мен ошол ойлоп тапкчтын дарегин берээр элем. Сиздерге бекем ден-соолук, ишиниздерге ийгилик каалайм! Жолборс (Барс) жылы майлуу, суттуу болуп, элибиз тынч болсун! Ачык асман каалайм!
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу