Алдыдагы берүү

Акча алмашуу

KGS /
RUB
1,5617
KGS /
EUR
61,275
KGS /
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Аскар Акаев: “Б.Обама Нобел сыйлыгына татыктуу”

09.10.2009

АКШ президенти Барак Обама Дүйнөлүк Нобел тынчтык сыйлыгына 205 талапкердин ичинен татыктуу болду. "Азаттыкка" Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев бул сыйлыкка Б. Обама абдан татыктуу деп билдирди.

“Азаттык”: Аскар мырза, мына азыр эле дүйнөлүк маалымат каражаттарында Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама эң даражалуу Нобел тынчтык сыйлыгын алды деген маалымат чыкты. Буга сиз кандай карайсыз? Барак Обама ушул сыйлыкка татыктуубу?

Аскар Акаев: Менимче, АКШнын жаңы президенти, мырза Барак Обама тынчтык боюнча Нобел сыйлыгына өтө татыктуу адам деп эсептейм. Себеби ал өзүнүн шайлоо учурунда да, президент болуп шайлангандан кийин да дүйнөдө өзгөчө саясат жүргүзүп атат. “Дүйнөлүк мамилелерди биргелешип чечебиз”, деп биринчи жолу жыйырма мамлекетти чогултту. Жыйырма мамлекет менен биргелешип экономикалык кризистен чыгабыз деп атат. Ошондуктан мен Барак Обаманын саясаты Америка Кошмо Штаттары үчүн чоң бурулуш деп ойлойм. Аны Нобел сыйлыгына татыктуу деп эсептейм.

“Азаттык”: Сиз билгендей, Нобел тынчтык сыйлыгынын тарыхында аны дүйнөлүк тынчтыкка салым кошкон адамдар алып келген. Барак Обама кечээ эле президент болду. Бүгүн ал кишиге ушундай даражалуу сыйлыктын ыйгарылышы - сыйлыктын тарыхый берилиш эрежелерин бузуп койгон жокпу?

Аскар Акаев: Карындашым, бир нерсени эске алышыбыз керек. Биринчиден, туура айтасыз, ошондой жакшы традиция болгон. Чындыгында өмүр бою тынчтык үчүн өзүнүн мамлекетинде, жалпы жер жүзүндө күрөшкөн адамдар Нобел сыйлыгына татыктуу болуп келген. Алардын атын өзүңүз атап кеттиңиз.

Бирок кээде идеялар, жаңы идеялар, жаңы бурулуш, бул да чоң маанилүү болот жана келечекте мунун үзүрүн бүткүл дүйнөлүк коомчулук көрөт. Ошондуктан, мына Барак Обамага азыр Нобел сыйлыгынын берилиши, менин түшүнүгүмдө, дүйнөлүк коомчулук, ошонун ичинде Нобел сыйлыгын ыйгарган комитет “биз Барак Обаманы колдошубуз керек” дегени. Себеби Барак Обамага Американын өзүндө эң чоң оппозиция бар.

Барак Обама АКШнын тышкы саясатын түп тамырынан буруп атат, бул чоң маанилүү маселе деп эсептейм. Ошондуктан, комитет колдогондо үмүттөнүп колдоп жатат. Американын ичинде согушчандар көп . Ошол эле Мамлекеттик департаментте “демократия орнотобуз” деп күчкө салып төңкөрүш уюштурган адамдар отурат. Мен Барак Обама бул сыйлыкка татыктуу деп эсептейм.

“Азаттык”:  - Аскар мырза, Барак Обамага эл аралык коомчулук Нобел сыйлыгын ыйгаруу менен ага абдан чоң жоопкерчилик жүктөп жатпайбы. Обаманын мойнунда өз өлкөсүн экономикалык кризистен чыгаруу, ага кошумча дүйнөдөгү үч чоң жаңжалды ирак, ооган согушун басуу, узактан бери тынчыбаган жөөт-палестин чатагын жөндөө милдети жүктөлүп турат. Эл аралык коомчулуктун өтө чоң жоопкерчилигин АКШ президенти канчалык деңгээлде аткара алат?

Аскар Акаев: - Мына карындашым, азыр өзүң эле айтып кетпедиңби, Барак Обаманын кандай бурулуштарга барып, кандай чоң жоопкерчиликтерди алып жатканын. Ал киши келгени Ирактан американын армиясын алып чыгып кетти. Бул чечим Иракта Буш туура эмес согуш баштаган дегенге барабар. Бул баскынчылык, бул агрессордун иши экенин мойнуна алды да. Ооганстанда болсо Америка чоң утулушка учурады. Азыр кантип жүзүн сактап Ооганстандан чыгып кетээрин ойлоп жатат.

Мусулман дүйнөсү менен христиан дүйнөсүн жакындатам деген аракетин жасап жатат. Мына ушул үч маселени алганда дагы, Обама чечкиндүү чоң бурулуштарга кадам таштап, чечкиндүү иштейли дегени үчүн гана Нобел сыйлыгына татыктуу деп эсептеймин. Ал эми ишке ашаарына мен күмөндөрмүн. Мен күмөндөрмүн...

Себеби Американын президенти айтканын ишке ашыргандай Кыргызстандын президенти эмес да. Америкада сенат деген бар, коомчулук бар, олигархтар бар, Уолл стрит бар. Ошонун баары чоң күч. Алар гегемонияга, дүйнөнүн баарын башкарууга, каалагынын жасап, каалаган өлкөдө төңкөрүш уюштурууга көнүп калышкан.Ошондуктан, менмче бардык нерселер ишке ашаарына көп ишене бербейм.

“Азаттык”:  - Рахмат маегиңизге.

Азаттыктын видео архивинен:

АКШ президенти Барак Обама 4-июнда Каирде дүйнө мусулмандарына кайрылып, эл аралык коомчулук көптөн назар кадап күткөн сөзүн айтты. ZMa.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
Кийинки
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Марлис каяктан: Бишкек
04.11.2009 12:45
Акаевдин бийликке келиши эң эле кыйын учурга туш келген, союз таркаган мезгилге, эгер ошол убакта 1991-жылы Бакиев президент болгондо Кыргызстан 5 жылдын ичинде жок болуп кетмек, эми деле кеч эмес "Кыргызым" жок болоорубузга аз калдык, буюруса карызыбыз 4 млрд. доллардан ашты (Акаев 15 жыл ичинде 2 млрд долларга жеткирсе, Бакиевдер 4 жыл ичинде эле 2 млрд. доллардан ашырып койду-бул процентин эсептебегенде эле). Акаевдин Б.Обамага карата айткан ой-пикири туура деп эсептейм.
Акаевдин Россиянын экономикасына жасаган анализине орустун улуу академиктери аябагандай баа берди эле, мүмкүнчүлүгү болсо Акаевдин ушундай эле анализди Кыргызстандын келечегине да берсе жакшы болот эле. Бул пикирди окуган окурманыбыз мени Акаевдин кишиси деп ойлоп калат болуш керек, менин эч кандай Акаев менен мамилем жок, болгону Акаевди-окумуштуу катары кылган эмгегин баалаймын.

кимден: рома каяктан: Москва
01.11.2009 12:10
Сынчы не деп атасын мен эч качан аял кишинин атын койбойм.
Жакпаса жакпайта мага. ар ким озунун ойун айтат бул жерде. анан 2/3 аты бир адам дегенге болбойт.
Мен жазгандай А келеби Б келекби жада калса Г келсе деле ошол эле система болот.
Бир хандаы айдап экинчи ханды такка отургузган экен. анан бир даанышмандан сураптыр. сиздин ойюнуз кандай, жаны ханга дептир. Ал болсо эски хандын куржуну толойун деген эле деп коюптур болгону.

кимден: Семетей
31.10.2009 18:58
Акаивге окшогон чыккынчылар жообкерчилике тартылыш керек!
Эгерде андай болбосо - чыккынчылар кыргызстанды жок кылат.
Эмне учун Бакиев- Акаевди жообкерчилике тартбайт?
Ойлон Кыргыз, ойлон!

кимден: Eliza каяктан: Talas
26.10.2009 11:12
Adilet men senin pikirine koshulam.Sen tartynbagan kayrattuu balasyn.Dayima kayratinan jazba.

кимден: Kyrgyz каяктан: Kyrgyzstan
19.10.2009 04:44
Урматтуу Аскар Акаевич! Сиздин маектериңизди окудум бирок Кыргызстан АКШ катнашы жөнүндөгү жоопторуңуз канагаттандырган жок. Сиз Россияда жашап жаткандан бери Кыргызстан жөнүндө эмнелерди түшүндүңүз кетирген кемчиликтер, жасалбай бүтпөй калган иштер жөнүндө ой жүгүртүп турасызбы? Сиздин Кыргызстандын келечегине жана саясий-экономикалык жашоосунда активдүү роль алышыңыз жакшы болот эле. Сизге жана сизди Нобел сыйлыгын албай калды дегендерге өзүңүздүн жазгандарыңыздан төмөнкүлөрдү жаздым.

Однажды, в дни пришедших ко мне в молодости успехов в науке, моя жена сказала, что мечтает видеть меня Нобелевским лауреатом. Получив огромный жизненный опыт, пройдя со своим народом трудности переломной эпохи, пропустив через свое сердце насущные народные нужды и заботы, посмотрев в глаза сотням тысяч соотечественников, пришел к твредому убеждению, что востребованность временем и доверие родного народа выше Нобелевской премии.
Аскар Акаев. книга Трудная Дорога к Демократии 2002 г.
Наверное, разный ответ на вопрос С чего начинается Родина? дают люди, которые выросли на асфальте и на земле. Моя родина началась с босоногого детства на теплей Кыргызской земле, в традиционной Кыргызской семье со своими, идущими из веков, традициями и привычками. Счастлив, что вышел в большой мир из этой среды.
Аскар Акаев. книга Трудная Дорога к Демократии 2002 г.

Сиздин эмгектериңизди сыйлаган кишилер көп. ошондуктан сизден сураныч жазгандарыңыз кылган ишиңиз менен айкалышыны тилейм. Азыр да кеч эмес. Кыргызстанды ойлонуу эч качан кеч эмес.
О чем мечтает Президент? Преодоление бедности...
Ушул кыялдарды ишке ашыруу мезгили жетти.
Сый урматым менен.

кимден: Anvar каяктан: London
17.10.2009 03:11
emi biz bardigibiz eli Askar Akaevga jamandagangu tura bolboyt deb oyloyum, sebebi, anin uchurunda Kyrgyzstanda jashoo ochikrak ele, hozir, Bul Bakiev emni kilatat, emnini kuzdo atat bilib bolboyt, bir kun kelib tokum tushurib koyot.

кимден: Айдар каяктан: Бишкек
12.10.2009 17:59
Аскар агай, Кыргызстанды сагынгандырсыз... Деги кыргыз калкыныз жөнүндө ойлоносузбу? Биз Кыргызстан эмей эле, Тезекстанда жашып жатабыз, свет өчүп атат...

кимден: Айке кыз каяктан: Бишкек
12.10.2009 17:19
Эгер Сиз Президент болбой, окумуштуулук менен кеткениңизде Сиз да Нобел сыйлыгын алмаксыз.

кимден: Kamila
12.10.2009 16:49
Barak Obama jonundo soz bolup jatsa Askar Akaevdi talkuulaganga men karwymyn. Sebebi, kandai bolso da ozunun oiun, baasyn aitkanga ar bir "insan" mildetuu. Askar Akaevge "En jogorku Intelektualduuluk dengeeli" bouncha Nobel syilygyn berse bolot. Men belgilep ketmekchimin, Askar Akaev Kyrgyz elinin IILIMII DUINOSUNUN JUZU!!! Al emi kemchilikti kim gana ketirbeit, kemchiliksiz bir gana ALLAH! Owonduktan Kyrgyz elim Askar Akaevdi kechirsek jakwy bolot ele. Tigi ketsin, bul kelsin! degender dele biilikke kelgende kop otpoi bawkacha adam bolup kalywat... Menin oiumcha ar bir adam oz peilin ondoso, yimanduu bolso, oz jeri uchun patriot bolso Kudai buiursa baary jaiynda bolot. Arabiadan kelgen daabatchylar aitkandai "KG-Silerge Kudaiym baaryn bergen,birok bir gana YNTYMAK, YIMAN jetiwpeit. Kudai buiursa "koch bara bara onolot "degendei Kyrgyzstanybyz guldop osot...!

кимден: Almenbet каяктан: Bishkek
12.10.2009 16:06
Menin oyumcha Nobeldi Akaev alysh kerek ele. 24 Martty estegile, adam kaalasa bir "prikaz" menen tazalap koymok. Jash Gvardiya bulvarynda 2000 asker kuraly menen dayar turgan, bir "prikaz" kutup. Buyruk kelgende askerler albette borbordu tazalashmak, tolkundu basmak, birok kan da togulmok. Akaev munu jasagan jok. Elin oylop , biylikten bash tartyp ketti. Nobel Akaevge!!!!
Кийинки
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Мултимедиа

Үндү жүктөө

Аскар Акаев: “Б.Обама Нобел сыйлыгына татыктуу”

Көңүл чордонунда

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)