Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:55

Эркиндик

Алай: суракка чакырылгандар жана тартипке үндөгөндөр

Сегиз жылга кесилген мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун таламдаштары 3-февралда Алайдын Сопу-Коргон кыштагында митинг уюштурушкан. Нааразычылык акциясына катышкандардын бири – “Ата Мекен” партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү, уюмдун Ош облусу боюнча орун басар координатору Төлөгөн Келдибаевди аймактык Улуттук коопсуздук кызматы суракка алып, “элди баш аламандыкка чакырып, конституциялык түзүлүштү кулатууга үндөгөнсүң” деп айыптады.

Текст көлөмү - +
Төлөгөн Келдибаев 14-февралда аймактык Улуттук коопсуздук кызматына чакыртылды. Бул туурасында ал “Азаттыкка” төмөнкүчө кабарлады:

- Менин мойнума элди конституциялык түзүлүшкө каршы үндөп, баш аламандыкка чакыргансың деген беренелерди илип коюшту. Бул эч кандай мыйзамга сыйбаган жорук. Улуттук коопсуздук кызматы мындан кийинки кадамдарыма тыюу салган жок, бирок этияттанып сүйлөшүмдү талап кылып жатышат.

Төлөгөн Келдибаев ага карата мындай мамилени саясий көз караштары үчүн куугунтук катары сыпаттады. Ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматынын эскертүүсү аны көздөгөн максатынан тайдыра албастыгын билдирди.

Оштогу мыйзамдуулукту коргоо комитетинин төрагасы жана Бириккен Элдик кыймылдын аймактык штабынын жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев Сопу-Коргондо Төлөгөн Келдибаев да, андан тышкары башка митингичилер да жарандарды массалык баш ийбөөгө жана мамлекеттик төңкөрүшкө чакырбагандыгын айтып, буларды кошумчалады:

- Алайдагы нааразычылык акцияларын өкмөтчүл маалымат каражаттары таптакыр чагылдырбай коюшту. Ушундан пайдаланып ал жактагы Исмаил Исаковду колдоп чыккандардын жаалын Келдибаев, Кангелдиев сыяктуу саясатчыларга, укук коргоочуларга жүктөп, ошолорго байланыштырып, “мына ушулар элди көкүтүп атышат, алар үгүттөшпөсө, карапайым калк тынч жатмак” деп, күнөөнүн баарысын экөөбүзгө үйгүлөрү келип жатышат. Андан ары бизге жанагындай жалган жалаа жаап, жоопкерчиликке тартуу буларга жеңил эмеспи.

Коомдук ишмер жана саясатчы Абдыкайым Кангелдиевдин баамында, “Ата мекен” партиясынын Ош облусу боюнча орун басар координатору Төлөгөн Келдибаев өлкөнү туташ кризиске кептеген азыркы бийликтин кемчиликтерин жар салгандыгы үчүн куугунтукка кабылып олтурат.

Бул арада жергиликтүү укук коргоочулар жана саясатчылар Төлөгөн Келдибаевге окшогон оппозициячыл ишмерлерге карата мамлекеттик органдардын аңдуусу күчөгөндүгүн белгилеп жатышат.

“ЭрК” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Юруслан Истанов буларды АЙТТЫ:

- Оштогу саясатчыларга жана укук коргоочуларга ушинтип кысым көрсөтүп, алардын оозун жапканга эч кимдин акысы жок. Кыргыздар илгертеден айтат эмеспи “Баш кесмей бар, тил кесмей жок”. Демек бул жогорку бийликтин саясий тапшырмасы. Болбосо, Улуттук коопсуздук кызматы жалгыз адамдын же үй-бүлөнүн камчысын чаппастан, жалпы мамлекеттин, бүтүндөй улуттун коопсуздугун ойлошу кажет. Бүгүнкү жосунсуз жоруктары үчүн алар эртедир-кечтир жооп берээрин унутушпасын.

Ал эми Ош облустук жана шаардык Улуттук кооопсуздук кызматы айтылгандардын бардыгын четке кагып, “Ата мекен” партиясынын өкүлүнүн суракка алынышы боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Сопу-Коргондо чогулган элдин алдында азыркы бийликти кескин сындаган Оштогу мыйзамдуулукту коргоо комитетинин төрагасы Абдыкайым Кангелдиев да аз күн мурда аймактык Улуттук коопсуздук кызматына чакыртылып, расмий түрдө эскертүү алган эле. Ага улай шаардык милиция тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 173-беренесине ылайык анын үстүнөн былтыр козголгон кылмыш иши кайра жандандырылып, жергиликтүү укук коргоочу электр кубатына, жаратылыш газына жана жылуулукка 57 миң сом төлөгөн эмес деп айыпталып жаткан чагы.

"Азаттыктын" архивинен: Алай эли акыйкат чечим күтөт

Исмаил Исаковдун жети жүздөн ашуун таламдашы Гүлчө кыштагындагы борбордук спорт майданында митинг өткөрүп, генералдын, Петровкадагы жана Балыкчыдагы оппозиция өкүлдөрүнүн абактан токтоосуз бошотулушун талап кылышты. AiT

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Мирбек каяктан: Бишкек
15.02.2010 15:36
Бугун Исаковду актайт Тилек карап жаткан сот айтты

кимден: Жанат каяктан: Москва
15.02.2010 14:24
" Алайда бороон кар калың,
Адам жок айтаар арманын.
КыГыБы жүрөт кубалап,
Пикетке чыккан балдарын".

Кандай таамай айтылган сөздөр. Президент деген неме 37 -жылды алып келди окшойт элиме.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)