Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Өзгөндөгү түнкү атышуу

28.06.2009

27-июнь күнү кечки саат алтылар чамасында Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында белгисиз куралчан топ менен Кыргызстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү ортосунда ок атышуу болуп, куралчандардын үчөө өлтүрүлдү. Ок атышуу таңкы саат сегизге чейин уланып, куралчандардын дагы эки өкүлү милиция тарабынан колго түшүрүлдү.

Өзгөн шаарынын четиндеги Кош-Коргон айылында ок атышуу башталаар замат, айыл жашоочулары шаарга карай качууга аргасыз болушкан. Атайын даярдыктагы жоокерлер үч жоочуну атып өлтүргөндөн кийин, алар убактылуу жашап жаткан үйдүн айланасынан жардырууга даярдалган гранаталарды табышкан. Жалпысы куралчандардын жанынан төрт граната, эки «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча, дагы бир ок атуучу курал, онго чукул уюлдук телефондор жана маалымат сактоочу флешкарталар табылган. Ош облустук улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери Нурлан Мурзахунов «Азаттыкка» буларды айтты:

- Аларды кармоодо бир топ каршылык көрсөтүштү. Ар бир террористтин жанынан «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча табылды. Аларда граната дагы болгон. Азыр ал куралдардын баарын алып, иликтоо иштери башталды.

Окуя болгон жерде жүргөн укук коргоо органынын кызматкерлеринин айтымында, жоочулардын Кош-Коргон айылына келип, ээси жок үйгө жашап жатышканына 4-5 күндөн ашкан. Ал эми коопсуздук кызматы болсо, буларды 23-июндагы Жалал-Абаттагы террордук окуяга да байланышы бар деп шектенип жатышат. Ал үйдөн табылган спорттук кийимдер, Жалал-Абаттагы жоочулардын кийимине окшош чыккан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өлтүрүлгөндөрдүн айрымдары 12 жылдан бери Өзбекстанда издөөдө, ошондой эле «Өзбекстан ислам кыймылынын» мүчөсү болушу да толук мүмкүн.

Учурда ок атышууда өлгөндөрдүн биринин аялы жана окууну аяктап калган баласы колго түшүрүлдү. Милициялардын айтымында аял да, бала да эч нерседен коркпогон, курал колдонууну да мыкты өздөштүрүшкөн.
 
Жоочулар менен жүргөн бул аял атын атоодон баш тартып, «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

Азаттык: - Сиздер Кош-Коргон айылына качан келдиниздер эле? 

-20-июнда келгенбиз. 

Азаттык: -Жалпы канча адам келгенсиздер? 

-Күйөөм экөөбүз эле келгенбиз. Дагы үч-төрт адам кийин келишти. Жума күнү.

Азаттык: -Алар эмне үчүн келгенбиз дешти сиздерге?

-Күйөөм меймандар келди деди. Башка эч нерсе айтпады.

Азаттык: -А сиздер эмне үчүн бул айылга келдиңиздер эле?

-Биз ушинтип ижарадан ижарага көчүп жашайбыз.

Азаттык: -Негизи кайсыл жактан болосуздар?

-Ханабаддан.

Азаттык: -Ханабаддан Кыргызстанга эмне үчүн келгенсиздер?

- Күйөөм Орусияга кетебиз деген эле.

Азаттык: -Курал кармап жүрүшкөнүн билчү белеңиз?

-Жок. Куралдарды азыр үйдөн алып чыгып баратканда көрдүм.

Азаттык: -Сиздер буга чейин Жалалабатта да жүргөнсүздөрбү?

-Ооба, Жалалабатта ижара турдук, бир ай. Күйөөм ар күн сайын барып турчу.

Учурда улуттук коопсуздук кызматы бул беш адамды тең Жалал-Абаддагы окуядан сон Өзгөн тарапты көздөй качышкан деп болжоп жатышат. Бирок кошкоргондуктар жоочулардын өз айылында бир жума бою жашашканын көргөн эмеспиз дешет.

Айыл тургуну Арапжан Эшатов:

-Бул адамдарды биз көргөн эмеспиз, каерден келгенин да билбейбиз. Биз эртеден кечке талаада иштеп жүрөбүз да.


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын «Азаттыкка» билдиришинче, өлтүрүлгөн жоочулардын бирөөсү 2004-жылы 20-ноябрда террористтер менен күрөшүүдө каза тапкан жоокер Нурлан Сайдиевдин өлүмүнө тиешеси бар деп издөөдө жүргөн адамга бет түзүлүшү окшошууда.

Канткен менен түшкө жуук абал жөнгө салынганы менен, ок атышуудан катуу коркуп калышкан жергиликтүү жашоочулар дале кооптонуп турушат. Укук коргоо органдары болсо азырынча бул окуя тууралуу так маалымат бералбастыгын айтышып, иликтөө иштери башталганын кабарлашты.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
кимден: mr.maks каяктан: Москва
23.07.2009 16:19
Азаматсыңар кыргыздын аскердик коргоо бөлүмдөрү. силер бар болсоңор кыргыз элим аманчылыкта жашайт. Кыргыздын аскерлерине ДАҢК!!!!!!!!!!!!!

кимден: Kyrgyz jigiti каяктан: AKШ
14.07.2009 03:25
Kyimylybyz Kyrgyz ychyn!!!bolsunchu Kagylaiyn Kyzgyz kalkym!Ozybyz alakandai ele kalkbyz go.Ozybyzgo ozybyz bek bolbosok boton elden ushundai korynyshtar ataiyn jasalyp jatpaiby.Bul aitpasa dele tyshynyktyy.Basaa bul Biilikten emes konshu Ozbek elinen.Kyrgyz elim Biz buga katuu chara korbosok kech bolup kalat,suberendyy olkobyz dep aityp koiyy onoi byrok emnebiz menen?kantken kyndo da <<Kyimylybyz Kyrgyz ychyn>>bolsun.AKШdan Kyrgyz jigiti

кимден: КАЙЫП каяктан: рф
10.07.2009 02:02
Бул шайлоонун алдынан чондордун чыгарган политикасы.

кимден: nazo каяктан: bishkek
08.07.2009 13:27
Menin oyumcha bular теrrorister. Bulardi koldogon kishilerdi/bashin tabish kerek/

кимден: Ильяз каяктан: рф
02.07.2009 22:19
Кыргыз элин коргойлу туугандар.

кимден: Altynbek каяктан: Uzbekistan
01.07.2009 23:30
azamatsynar spesnasdar ...

кимден: Арыстан каяктан: Куршап
01.07.2009 10:00
Эркинбек сен сүрөт баянды кара

кимден: Арыстан каяктан: Куршап
01.07.2009 09:58
Эркибекке жооп катары сен бир сүрөттү эле көрүп алып аларды спецназ экен деп ойлобо сүрөттөрдү жакшылап карасаң комуфляж эле кийип жүрүшөт сүрөттөрдү көрүш үчүн курсорду ошол сүрөткө алып барып бас.

кимден: insan каяктан: jer
30.06.2009 19:48
Ал жерде болуп көрүп күбө болбогон соң бир нерсе айтуу кыйын, балким чын эле террорист-жоочулар чыгар, а балким коңшу өлкөдөн качып, куугунтук жеп, кандай баш калкаларын билбей жүргөн сабатсыз адамдар чыгар... ким билет... алгач алардын ким болгонун тактоо керек болчу! Алардын качан каяктан келгенин билишпейт дагы өлтүрүп алгандан кийин өздөрүн актоо максатындабы же чынындабы аларды тааныган адам болушуп болжолун айтышат... Сакалчандын баары эле террорист-жоочу эмес го, аны да эске алуу керек. Же болбосо мындай маалымат кызматтарына так маалыматты жарыялоо керек, бүдөмүк бойдон калтырган кабарын жарыялабай. Эч кандай негизге таянбастан аткарылган иш чара сыяктуу кылып жазыптыр, кабарчы да. А бирок террорчу-жоочуга Кыргыз жеринде жай жок болуш керек!!! Антпесе Америка эртеге эле согуш талаасына айлантып жиберет, Кыргызстанды да... Американ пииплга террордун жыты чыкса болду, чычкан андыгандай кылып андып калат... ана ошондо коросун да, жашоонун керемет болгонун!!! Террорго Кыргыз жеринде жол ЖОК .

кимден: Kylym каяктан: Bishkek
30.06.2009 17:06
Эн негизгиси сценарий жаман эмес жана биздин политтехнологдор ушинтип "болит технологияларын" дагы тартынбай аткара баштаганы өкүнүчтүү.
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Мултимедиа

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)