Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:05

Саясат

“Ата мекен” Ынтымак курултайына катышпайт

Март айына белгиленген Ынтымак курултайы тууралуу “Ата мекен” социалисттик партиясынын лидерлеринин бири Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” маек курду.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын координатору Алманбет Шыкмаматов.
x
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын координатору Алманбет Шыкмаматов.
Текст көлөмү - +
- Кыргызстанда оң, сол, ичкилик деп уруулук саясатты жүргүзгөндөр чыкты. Буга сиздин көз карашыңыз?

Алмамбет Шыкмаматов: Биздин угушубуз боюнча азыр алдыда өтө турган курултайга уруучулук факторун көтөрүп, ар бир уруудан курултайга делегаттарды шайлайбыз деген маалымат келип атат. Дегеле биз курултайды саясий фарс, саясий спектакль деп эсептейбиз.

Илгери кыргыздар ар бир уруудан бирден өкүлчүлүктөрдү, же болбосо ар бир уруунун өкүлчүлүктөрүн шайлоо менен курултай өткөрүп, мамлекеттин көйгөйлүү маселелерин ортого салып келген. Себеби ал кезде заманга ылайык уруучулук фактору керек болуп колдонулуп келген. Кыргыздар ошол тапта өзүнүн өнүгүү жолундагы феодалдык баскычтан өтүп аткан убагы болчу. Ал кезде азыркыдай парламентаризм, мамлекетти башкаруу институтунун башка түрлөрү жок болгондуктан ушундай уруучулук өкүлдөрүн чакырып, курултай өткөрүү өзүнүн жемишин берип келген.
Уруучулук факторду саясий деңгээлге чыгарып, мамлекеттик башкаруудагы бирден бир механизм катары колдонобуз дегени өтө опурталдуу.


21-кылымдын босогосунда турганда башка мамлекеттер өзүнүн башкаруу системасында парламентаризмге, башка мамлекеттик институттарына таянып иш алып барып келатканда биз кайра феодалдык психологияга кайрылып, уруучулук факторун мамлекеттик саясат деңгээлине көтөрүп, Кокон хандыгынын башкаруу механизмдерине таянып калганыбыз өтө өкүнүчтүү.

- Бийлик өкүлдөрү бул саясатты жүргүзгөндөр менен жолугушуп, Ынтымак курултайына байланыштуу маселе талкуулаганы да белгилүү. Бийлик тараптан бул кадам жасалганы туурабы?

Алмамбет Шыкмаматов: Бул - бийликтин өзүнүн так, анык идеологиясынын жоктугунун далили. Бул - бийликтин азыркы парламентаризм институтунан башка башкаруу механизмдерине таяналбай калгандыгынын далили. Бул - элдин башын айландырып, түркмөн вариантына салып, бийлик элге таандык, биз эл менен эсептешип кылып атабыз деп элге көрсөтө турган декорация фактору.

Албетте ар бир адам, ар бир кыргыз өзүнүн ата тегин, санжырасын, уруусун билиши керек. Ал эми уруучулук факторду саясий деңгээлге чыгарып, мамлекеттик башкаруудагы бирден бир механизм катары колдонобуз дегени өтө опурталдуу.

- “Ата мекен” партиясы бийлик уюштурган курултайга карата кандай мамиледе? Катышабы?

Алмамбет Шыкмаматов: Жок, “Ата мекен” партиясы бул курултайга катышпайт. Себеби биз башында эле айтып кеткендей, бул - саясий фарс, бул - демократиянын декорациясы. Бул өзүнүн эч кандай жемишин бербейт.

- Бириккен Элдик Кыймыл 17-мартта Элдик курултай уюштурууда…

Алмамбет Шыкмаматов: 17-марттагы курултай БЭКтин форматында өтөт. “Ата мекен” партиясы БЭК уюмунун расмий мүчөсү. Ошондуктан биз да ушул иш-аракетке башынан аягына чейин катышабыз.

- Рахмат.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Баки каяктан: Баткен
17.02.2010 13:06
Ынтымак курултайын өткөрүү -бул айласы кеткенден баштап жатат, кыргыздарда ынтымак жок бекен, бар, ынтымак Президенттин үй-бүлөсүнүн ортосунда жок. Конституцияны өзгөртүү менен баласын же Жанышын Президенттикке тартуу. Бул сценарий өтпөйт, кыргыздар азербайжан эмес. Ата-Мекен партиясындагылар патриоттор, алар элдин калың катмарын ойлогон эр-азаматтар. Бийлик ушулардын колуна тийсе сазайын берет элек, азыркы бийликтегилерди жылаңач кылып Кыргызстандан кууп чыгарат элек, жегендерин кустурат элек, элдин байлыгын элге берет элек.

кимден: патриот каяктан: Аксычы
17.02.2010 10:25
Туугандар ! "Акыл жашта эмес, башта" деген макал жөн жерден чыккан эмес кыргызда. Алманбет Шыкмаматовдун айтканы туура, бул жөн гана демократиянын декорациясы. Саясий шоу. Бакиевдин айласы кеткендеги иш чарасы. Кудай урбадыбы, Түндүк Түштүк деп бөлүп бүтүп, эми уруу урууга бөлгөнү калыштыбы ? Акылым айран, Бакиевке мындай кеңешти ким берди экен. Бул бийликтин кылганын карап олтуруп, жакаңды кармайсың. Бакиев кудум эле Кыргызстанды жок кылып берем деп ант бергендей ой калтырат. Элдин,улуттун убалынан корксоңор боло. Мен бул курултайга ишенбейм. Мендейлер Кыргызстанда миллиондогон экенине ишенем. А. Шыкмаматов азаматсың! Айтмакчы Алманбеттин жакында кыздуу болгонун бир газетадан көзүм чалган.Алманбет мырза Бешик бооң кут болсун, кызың Акжолтой, ден-соолуктуу, ата энесин сыйлаган данектей кыз болсун дэйт элем.. Өзүңүздүн иштериңизге да ийгилик каалайм. Ушунуңдан жазба. Эл деп күйгөн, кыргыздын көзгө басаар жигити деп билем. Сиздей жигиттер КЫРГЫЗДА көп болсун.

кимден: Актилек
16.02.2010 21:59
Ынтымак курултайы болгон болсо, бийлик оппозицияны сөзсүз катыштырыш керек эле. Бул курултай бийлик жана дүжүрлөрдүн ынтымак курултайы эле болот.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
16.02.2010 18:49
БИЗ БИР УУЧ ЭЛЕ ЭЛБИЗ,УРУУЧУЛУКТУ САЯСИЙ ДЕҢГEЛГЕ АЛЫП ЧЫГУУ АКМАКЧЫЛЫК,БУЛ ЧОҢ ЧЫРДЫН ЧЫГЫП КЕТИШИНЕ КАНА СЕБЕПЧИ БОЛУП БЕРЕТ.
ЭСТЕП КОЙГУЛА,БУГУ МЕНЕН САРЫБАГЫШ ЧАБЫШЫ БОЛБОГОНДО БИЗ РОССИЯНЫН КОЛОНИЯСЫНА АЙЛАНМАК ЭМЕСПИЗ,АЗЫРКЫ ЖАЙНАГАН КИРГИЗДЕР ДА БОЛМОК ЭМЕС,ӨЗ МАДАНИЯТЫБЫЗ ӨЗҮБҮЗГӨ ЖЕТМЕК

кимден: жаке каяктан: ош
16.02.2010 16:55
туура кылышат эмне биз кайра 19 кылымга артка кетейл деп жаткан окшойбуз кыргызстан өзү кенедей болсо анан уруу кокту колок болуп жатсак бул туура эмес,менин жеке пикиримде ынтымак деген аты болгондон кийин баардык эл каалаган келип катышы керек ачык асманда өткөрүш керек ар бир жаран өз ойун айтыш керек

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине