Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 11:24

Маданият

Атай Өмүрзаков: Чакыруулар көп, бирок Кыргызстандан кетпейм

Орусиянын Биринчи канал аттуу негизги сыналгы каналындагы “Даңазанын бир мүнөтү” (Минута славы) сыналгы берүүсүнүн катышуучусу Атай Өмүрзаков 29-мартта президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болду.

Атай Өмүрзаков "Азаттыктын" студиясында.
x
Атай Өмүрзаков "Азаттыктын" студиясында.
Текст көлөмү - +
Курманбек Бакиев Атай Өмүрзаковго эки бөлмөлүү батир убада кылды.

“Азаттык”:
Жаңы конушуң менен куттуктайбыз. “Атай мыкты төрт катышуучунун арасына кирбей калды, өзгөрткүлө” деген да маселе чыкканын айтышууда. Ушул тууралуу айтып берсең?

Атай Өмүрзаков: Биринчи каналдын интернет барагында берүүнүн уюштуруучуларына “Атайды киргизгиле” деп жазып жатышат. Режиссер бул пикирлерди угуп көрүп, азыр оюндун шарттарын өзгөртүү керекпи деп ойлонууда.

“Азаттык”: Атай он мыкты катышуучулардын катарына кирген. Бирок төрт мыкты катышуучулардын катарына кошулбай калган. Анткени ошол финалга чыккандардын арасынан бирөө гана тандалган жана Атайды эмес, башка эгиз балдарды тандашкан эле. Эми болсо интернеттеги көрүүчүлөр “Атай мыкты, ошол болсун” деген сунуштарын киргизишүүдө. Сенин бийлериң эмне деп аталат? Стили кандай?
Жакында Москва шаарында бүткүл дүйнөлүк бий фестивалы болот, ошого чакыруу алдым.


Атай Өмүрзаков: Он беш жаштан бери бийлейм. “Электр буги” деп аталат. Бирок мен бул стилге башка өзгөчө пластикалык кыймылдарды, образдарды, өзгөчө номерлерди кошуп жатам.

“Азаттык”: Он беш жашыңан эле баштадыңбы же ага чейин эле ийримдерге барчу белең?

Атай Өмүрзаков: Мен бийди кыздарга ылайыктуу деп анча жактыра берчү эмесмин. Бала бийлесе уят, кыздар эле бийлейт дечүмүн. Он төрт, он беш жаштарымда байкемдин бийлегенин видеодон көрүп калчумун. Аны жактырып өзүм да кызыгып кеттим. Өзүм да бийлеп, пластиканы чыгарып, машыгып кеткем.

“Азаттык”: “Даңазанын бир мүнөтү” берүүсүнө сенин тасмаңды ким жөнөттү. Ага кантип катышып калдың?

Атай Өмүрзаков: Ал идея өзүмдөн чыккан, эң башынан эле досторум берүүгө катышпайсыңбы деп айтып калышчу. Байланыштарын издеп, видео жиберсем болобу деп алар менен сүйлөшүп калдым. Анан ошентип эле тасманы жөнөтүп калдым, аны режиссер көрүп, абдан жактырып, тандап алды. Режиссер да ушундай образдарга кызыкчу экен. Жактырып калды.

“Азаттык”: Келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттуу инсандардын бирисиң. Эми алдыга койгон максаттарың кандай? Башка өлкөлөрдөн чакыруулар келдиби?
Мен бийди кыздарга ылайыктуу деп анча жактыра берчү эмесмин. Бала бийлесе уят, кыздар эле бийлейт дечүмүн.


Атай Өмүрзаков: Албетте азыр чакыруулар көп келип атат. Максаттарым эң жакшы. Ири фестивалдарга чакыруулар келип атат. Жакында Москва шаарында бүткүл дүйнөлүк бий фестивалы болот, ошого чакыруу алдым. Андан кийин дүйнөлүк чемпионатка, Европадагы чемпионатка да чакырып атат. Учурда ошолорго даярданып атам.

“Азаттык”: Демек келечекте башка өлкөгө барып, ал жакта калып калышың мүмкүнбү?

Атай Өмүрзаков: Жок, калышым мүмкүн эмес. Мен Кыргызстандан кетким келбейт. Бирок жакшы сунуштар Кыргызстандан келбей жатат. Ошон үчүн иш боюнча балким барып калам, бирок азырынча эмес. Жарым жылдай, бир жылдай Кыргызстанда эле болом.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: dilek каяктан: KTUM
08.04.2010 14:58
Азаматсың Атай сени менен кыргыз элиң сыймыктансын

кимден: Meri Dina каяктан: austria
07.04.2010 22:19
Azamattsyn Atay! Saga den-sooluk, amanchilik jana okuuna ishine iygilik kaalaym. Kyrgyzdyn jelegin jelbiretip aliska kadam shilte.
Teren urmattoo menen
Merim.

кимден: chet jerden
06.04.2010 19:06
Atai alga .
Kyrgyzstandyn jelegin dagy dagy jelbirete ber.
Tuugandar Ataidyn katyshkanyn,je videosun kantip,kaisyl saittan korsok bolot.
Bilsener adresin berip koigulachy
Aldyna ala choon raxmat.

кимден: Роллан каяктан: Москва
06.04.2010 15:27
Азаматсың Атай сага кудайым күч-кубат берсин.Сага дагы Кыргызстандан спонсорлор болот.Болгону күтсөң болду.Сендей таланттуу балдарды колдон чыгарган Кыргызстан үчүн уят.Ийгилик сага.аман бол,бар бол.

кимден: ТУНУК каяктан: ЕВРОПА
02.04.2010 10:13
Атай азамат экенсиң, ишиңе ийгилик каалайм, Кыргызстандын Желеги менен секиргениң жакты.

кимден: Кыргыз каяктан: Австралия
01.04.2010 08:52
Сага чын жүроктон чоң-чоң ийгилик каалайбыз.Ар дайым бар бол. Бактылуу бол!

кимден: Рома каяктан: Орусия
01.04.2010 02:00
Атай сага чын ден соолук калайм жана өсүп өнүгө бер кайда болбосун, Кыргызстандык экениңди унутпа.

кимден: Чолпон
31.03.2010 21:23
Азамат жигит экенсиң. Кыргызстан желеги менен секиргениң да жакты. Патриот да уул окшойсуң. Бар бол! Чын дилимден ыраазы болдум, талантыңа таазим!!!

кимден: aia каяктан: EU.
31.03.2010 20:04
Eto super!Tak derjat Atai!

кимден: Nasyr
31.03.2010 16:37
Бул балада күч бар. Ошонусун жоготпосо экен деген тилегим бар. Бул балага шарт түзүп бериш керек, болбосо ал канчалык каалабасын, башка жак чакырса кетип калышы мүмкүн. Өз таланттарыбызды сактайлы. Азаттыкка видео үчүн рахмат
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)