Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:14

“Азаттык” TV / Азаттык+ TV

"Азаттык+": Азык-түлүктөр жана саламаттык

“Азаттык+” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы “Гени өзгөртүлгөн азык-түлүктөр жана саламаттык” деген темага арналды.

Текст көлөмү - +
Окумуштуулар саны 6 миллиарддан ашып бараткан калкты азыктандыруу үчүн өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн арттыруу, суук менен ысыкка чыдамдуулугун көтөрүү жана көпкө бузулбасы үчүн гендерин лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде өзгөртүп, мөмө-жемиштердин, жашылчалардын көп түрлөрүн өзгөртүшкөн.

Бирок кийинки кезде өнүккөн өлкөлөрдүн көбү, анын ичинде Европа биримдигине кирген мамлекеттерде гени өзгөртүлгөн азык-түлүктөрдү колдонууга чектөө киргизип, кээ бирлери тыюу салып жатышат. Буга христиан, католик диндери да каршылык билдирип келет. Бирок Кыргызстан сыяктуу жакыр же өнүгүүдөгү мамлекеттер ал тууралуу ойлоно элек. Себеби гени өзгөртүлгөн азык-түлүктөр табигый өсүмдүктөрдөн жасалган тамак-аштарга салыштырмалуу арзан.

Бирок кыргызстандык адистер 2006-жылдан тарта Дүйнөлүк банктын колдоосу менен мындай азык-түлүктөргө чектөө салууга негиз берген мыйзам долбоорун даярдашкан. Тилекке каршы, ал ошондон бери парламент менен өкмөттүн ортосунда топ болуп келатат.

Гени өзгөртүлгөн азык-түлүктөрдү колдонууга тыюу салуу же чектөө киргизүү зарылбы? Кыргызстанга башка жактан алынып келип жаткан азык-түлүктөрдүн сапаты текшерилеби? Кыргызстандын этин, балын, өрүк-алмасын башка мамлекеттер экологиялык жактан таза деп сатып алууда. Аларды өндүргөн фермерлерге өкмөт колдоо көрсөтүп, өзүбүздүн базар үчүн иштетсе болобу?

Мына ушул жана башка маселелер “Азаттык+” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында козголду.

Азык-түлүктөр жана саламаттык. 1-бөлүк






Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: bakyt каяктан: Stockholm
16.02.2010 16:51
Чымырбай акеге.
Өмүрдүн узун болушуна жалгыз эле тамак таасир бербейт.
Социалдык жашоо шартыныз, жашаган жердин климаты баары таасир этет. Оюбуздан проблемалар кетпей жүрөктө көйгөйлүү маселелер турса кайдан узак жашайбыз. Биз таза эт жейбиз деген менен ошол эт, майдын холестерини жашоону алда канча ылдыйлатып Кыргызстан жүрөк, кан тамыр, басым оорулары боюнча алдыңкы орунда. ГМО зыян экени аныктала элек. ГМО нун терс таасирин билиш үчүн балким узак убакыт изилдөөлөр керек. Муун алмашыш керек.

кимден: Чымырбай каяктан: Бишкек
16.02.2010 00:41
Ошо гени өзгөргөн өсүмдүктөрдөн жасалган тамакты кайдан тапса болот? Мен ошол тамак менен тамактансам деп жүрөм. Анткени ошол гени өзгөргөн тамак жеген америкалыктар орто эсеп менен 80 жаш жашашат экен. А биздин таза натуральный чөп- чар жеген Баткендиктер, же таза эт жеп, таза кымыз ичкен Суусамырдыктар араң эле 60 жашка чыгат дешет.

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)