Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 11:49

Саясат

Б.Калмаматов: Эл бийликти колдоодон баш тартууда

Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал тууралуу “Ата мекен” партиясынын Ош облусундагы бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Калмаматов “Азаттыкка” маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- 6-мартта сиз Алайдагы Исаковду коргоочуларынын митингинде болгон экенсиз. Ошол митинг тууралуу кененирек айтып берсеңиз?

Бакыт Калмаматов: Алайда буга чейин да тынымсыз митингдер болуп аткан. Эл өзүнүн уулу, Кыргызстандын генералы Исмаил Исаковду коргоп чыгышкан. Кечээги митинг да Исмаил Исаковду бошотуу тууралуу болду. Буга чейин Исмаил Исаковду коргоо боюнча митингдер өтсө, мындан кийин Бакиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган мааниде өттү.

- Алар 15-мартта Ошко жөө жүрүш, атчан жүрүш уюштурабыз деп жатышкан экен. Бул канчалык чындыкка жакын?

Бакыт Калмаматов: Ошол жерде митингге катышкан миңге чукул адам президенттин Исмаил Исаковду түрмөдөн бошотпой койуусуна көзү жеткендиктен, алар мындан ары мыйзамсыз баш ийбөөлөргө, ошондон эле жөө жүрүшкө чыгып, бүгүнкү бийликти кетирүүгө аябай далбас уруп башташты.

- Жергиликтүү бийлик Кара-Кулжадагы, Алайдагы чогулган эл 100-200гө жакын болду, калгандар колдобойт деп айтып атышат. Негизи сиз эл аралап жүрөсүз, элдин маанайы кандай?

Бакыт Калмаматов: Эми бул 100 болду, 50 болду деген кошоматчы жергиликтүү башкаруучулардын кылып жаткан иштери. Булар эки миң, үч миң, он миңге чейин чогулганда деле Акаевдин учурунда деле ушундай көрүнүштөр болуп келген. Азайтып айтышып, эч ким келбей койду, мас адамдар чыкты дешет. Жок, андай эмес.

Бүгүнкү бийликке болгон элдин нааразычылыгы, жийиркенүүсү күндөн күнгө күч алган сайын элдер өздөрүнүн жашоосу үчүн өздөрү күрөшүп, аябай тынчсызданып калышты. Мамлекетте бүгүнкү акыбалдын оор экенин элдер өздөрү жон териси менен сезип, түшүнө башташты.

Мына, акыркы учурлардагы Кыргызстандан суюлуп, чет мамлекетке чыгып аткан адамдарды көрүп, бүгүн Кыргызстанда жашоонун аябай татаал жерге келип атканын, мамлекет туңгуюкта турганын элдер көзү менен көрүп түшүнө башташты.

- “Акжолчу” депутаттар Ош жергесине барып келип “ал жакта саясий абал тынч, эл бардыгына ыраазы” деп айтып атышат.

Бакыт Калмаматов: Саясий абал барган сайын курч алып баратат. Мына акыркы эле электр жарыгына, сууга болгон тарифтердин көтөрүлүшү кымбатчылык, деги эле жумушсуздук өтө көп болгон мамлекетте мындай кымбатчылыктын болуп аткандыгы элге бийликтин чыккынчылык менен жүргүзүп аткан саясатындай эле болуп калды. Эл бүгүнкү бийликти колдоодон баш тартып турат. Мындан ары да ушундай темп менен кете берсе, абал курчуп кете бериши мүмкүн.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Абдулла каяктан: Ош
11.03.2010 16:59
Урматтуу менин почтама кат жазган мырзалар, ачууга алдырбаңыздар?!...
Мага кат жазууну токтоткула! Мени менен жолугушууну, сүйлөшүүнү пландабай досуңарга (Бакытка) акыл-насаат айтып койгула: саясатка аралашкысы келсе артын тазалап алып иш кылсын. Эгер арты таза эмес болсо, өз абийиринин алдында эсеп-кысап кылып алсын. Менде башка сөз жок.

кимден: Абдулла каяктан: Ош
09.03.2010 13:22
Менин пикиримди (суроомду) анчалык саясатташтыруунун кажети жок болчу. Же сураганга акым жок беле? Бакыт акени адам катары жакшы тааныбаймын. А силер жакындан тааныйт экенсиңер. Башканы, бийликти сындагандаганына караганда таза адамбы деп кызыгат экенсиң да. Таза болсо өзүнө эле жакшы, мага бир пул эмеспи.

кимден: Askar каяктан: OSh
09.03.2010 08:15
Abdulla,Abdulla,ech bolbogondo biz jashtar ushul aram ishterge aralashpai,"chernyi PR" jok ele jursok,kyrgyzstan saga okshogon sasytkylardyn aiynan onukpoi turu...Kalmamatovdoi bolo albasaң koio kaal....jigit bolsong pochtama jaz,kerek bolso jolugaly...mr_leader@mail.ru

кимден: Azat Argenbaev каяктан: Akman
08.03.2010 22:36
Сиз туура айтыныз Бакыт мырза жергиликтуу чиновниктер жалган айтып бийликтин урашына алып келишет . Биз Акмандыктар Алай Каракулжаны колдойбуз БАЗАРКОРГОНДОН ТЕКЕБАЕВ КАРАКУЛЖАДАН ЧОТОНОВ АЛАЙДАН ИСАКОВДУН ЭЛИ ЧЫГЫП БУГУНКУ БИЙЛИКТИ КЕТИРЕБИЗ бизди бутун КЫРГЫЗСТАН колдойт...

кимден: Канатбек каяктан: Туркия
08.03.2010 21:49
Абдулла мырза! Акыйкаттык издеп КЫРГЫЗГА куйгон жигит болсонуз кочого чыгып БАКЫТ окшогон ЭР-АЗАМАТТАРГА жолок болуп озунузду корсотунуз,уйдо отуруп алып ушак териштирбей! Жооп берем десениз менин эл.почтам: k.sopiev@gmfil.com

кимден: Наргиза каяктан: АКШ, Лос-Анжелес
08.03.2010 19:32
Бакыт абдан жакшы маек берипсиң. Окуп алып сүйүндүк. Жанагы, пикир жазган балага: Мурда ошол мен окуган ОшМУнун чоңдору майыптар эмес жетим-жесирлердин акчасын деле жеп жатышса керек? Же калппы? Аа Бакытты биз шайлаганбыз, аны эптеп жок кылып тынышты. Чындыкты сүйлөгөндөр ошондой болот Кыргызстанда.

кимден: Тилек каяктан: Ош
08.03.2010 18:46
Оштук Абдуллага! Абдулла, мен мисалы Бакытты азыр деле патриот, эл үчүн жаралган инсан катары тааныйм. ОшМУдагы шайлоодо Бакыт кандай айырма, миңдеген студенттердин колдоосу менен утуп чыкканын, ректораттын тамагына сайылган кылкан болгонун да жакшы билебиз. Азыр Ата-Мекен партиясынын Оштогу лидери болуп жүрөт, а башкалар бийлике жөнөкөй эле сын-пикир айтып коюуудан коркушат. Так что досум, Бакытты ректоруңар коркуп, жанындагы кошоматчылары эптеп айып таап иштен алышкан. Болбосо билесиңби Бакытты болоор-болбос шылтоо менен айдашкандарын. Мен өзүм күбө болгом, Бакыттан азыркы ректоруңар аябай коркчу. Себеби Калмаматов студенттер тарапта эле. Андан кийин төрага болгондор жарыттыбы? Айтчы досум? Так что коррупционерлердин сөзүнө кулак салбай эле кой.

кимден: Абдулла каяктан: Ош
08.03.2010 17:48
Бакыт мырза, Сиздин акыйкаттын сары изине чөп сайган жаш саясатчы катары таанып, сыйлап жүрчүмүн. Жакында бир сөз уктум, ушакпы, же чынбы өзүңүз тактап койсоңуз: ОшМУда Жаштар Комитетине төрага болуп шайланып, кийин майып студенттерге бөлүнгөн акчаны жеп коюп иштен айдалган экенсиз, ошол чынбы? менин эл.почтам: zamanbap@rambler.ru

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)