Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:21

Кыргызстан

Урмат Барктабасов кармалды

5-августтагы митингдердин уюштуруучусу, мурдагы президенттикке талапкер У.Барктабасов кармалды. Аны кармоо операциясын Улуттук коопсуздук кызматкерлери менен Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ишке ашырды. Буга байланыштуу “Азаттыктын” айрым суроолоруна ички иштер министри Кубат Байболов жооп берди.

Ички иштер министри Кубат Байболов
x
Ички иштер министри Кубат Байболов
Текст көлөмү - +
- Бүгүн Урмат Барктабасовдун кармалгандыгы боюнча маалымат берсеңиз.

Кубат Байболов: Бүгүн мамлекеттик төңкөрүш жасоого кезектеги аракет болду. Анын жетекчиси болуп Урмат Барктабасов жана анын жан жоокерлери болгон. Алардын артында турган саясий күчтөрдүн шыкагы менен, ошолордун акчасы менен элди алдап алып чыгып, иш жүзүндө мамлекеттик төңкөрүшкө аракет жасашкан. Анын мааниси бизге эртең менен эле белгилүү болгон. Себеби “чү” дегенде эле биздин милиция кызматкерлерине кол салып, үчөө жаракат алып, алардын тапанчаларын тартып алышкан.

- Ал окуя Канта болдубу, же Балыкчыдабы?

Кубат Байболов: Балыкчыда болгон. Алардын жанында куралчан адамдар жүрүшкөн. Мамлекеттик төңкөрүшкө болгон аракети бизге эртең менен эле маалым болгон. Ошондуктан биз аларды шаарга киргизбей Канттан токтоттук. Биздин милиция кызматкерлерин ташбараңга ала баштагандан кийин чечкиндүү чараларды көрдүк. Ошондо Барктабасов качып жөнөгөн. Атайын кызматтар менен милициялардын биргелешкен куугунтуктоосунун, издөөсүнүн негизинде Барктабасов колго түшүрүлдү. Эми жоопко тартылат.

- Кайсы жерден колго түштү? Барктабасовдун тарапташтары “биз Киргшелк айылында турганда бизди атышты” деп айткан эле. Ошол жерде Барктабасов өзү да жүрдүбү?

Кубат Байболов: Жалган айтып атат. Ысык-Ата тарапка качканда тик учак менен барып кармадык.

- Ал киши азыр камактабы?

Кубат Байболов: Ооба, атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан ошол жактагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Унааларын таштап качканда курал-жарак жана ок дары табылган. Андан тышкары бир топ курал алынды.

- Ал куралдар апрель окуясынан кийинки куралдарданбы, же азырынча ал иликтеле элекпи?

Кубат Байболов: Аны азыр экспертизадан өткөрүп, номурларын текшерип, атып көрүп, анан тергөөнүн жыйынтыгында билинет да.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.08.2010 17:05
Барктабасты эмес Оштогу Кадыржан менен Иномжонду кармашпайбы. Дешевый пиар кылбастан өздөрүн

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.08.2010 13:24
Кээ бир ушул жакка жазган адамдардын акылы барбы же жокбу? Тынч митинг ёткёрё турган болсо, курал-жарактары менен келмекбиле? Акылынарды кичине болсо да иштеткилечи!

кимден: Кыргыз каяктан: KG
11.08.2010 11:17
менин оюмча бийликтен бир эле Бакыйдын балдары кеткени болбосо калган саясий сахнанын актерлору баягылар эле, кайрадан эски максатын коздоп бийлик акча талашып жатышат. Барктабастын баласын кармадык деп упай топтогондун ордуна толгон токой социалдык маселелерди чечсенер абзел болмок

кимден: АЗА
06.08.2010 21:18
мен убактылу окмотко ишенбейм алар тынч эле келаткан урматы кармашып камап салды булар менин ойумча бакиевтен айырмасы жококо деп койом

кимден: Назира каяктан: Бишкек
06.08.2010 18:02
Тим эле Урмат Барктабасов Кармалды деп айкыра бербегилечи, Бен Ладенди кармагансып мактанбай, канча адамдын канын жеген Бакиевди, баласын кармабайсынарбы андай кыйын экенсинер ?акырын акча алып аны кое берип, ал болсо каман атып жеп жыргап журот, элге кызмат кылам деген кишини кармап, озунордун жанынардан коркуп атасынарбы бийликти тартып алат деп? анткени, корунуп турат да силерге кучтуу соперник. Бийликсиз силер кантип жашайсынар Урмат Барктабасов тартып алса! Азыркы бийликтегилер деле элди ойлобойсунар, силерге бийлик эле керек, шайлоо болгуча дагы далай биринердикин биринер чукуйсунар го!

кимден: Gylsana каяктан: Italia
06.08.2010 13:34
KITAIDA JASHAGAN BAKTIBEKE JOOP:
Urmattuu Baktibek!Sizdin jazganiniz maga abdan jakti!Oshonu menen birge Sizdin oiunuz menen ten bolushkon birtop jerdeshterime iraazimin.Azir Elge tinchtik kerek!Anan Ubaktiluu okmottyn ishtegenine toskoolduk kilbashtari kerek!Men ministr bolboi kaldim,men deputat bolboi kaldim,men president bolboi kaldim dep ele bashkalarga ataandaship miting kila bergen ancha jakshi emes dep oiloim!
Salamim menen Gylsana

кимден: Ашым каяктан: Бишкек
06.08.2010 10:56
Туптуура кылдынар Барктабасов деген "болтунду" олтургузуп, созунон башка эч нерсеси жок купулдогону Эле болбосо. Жазында "азаттыктан" суйлогонун угуп, жаныман тунулгом. , Президент болом деген дымагын кантесин дагы! Бир аз озуно сын коз менен карасанар Адам деген. Сына эми Премьер-министр болом деп келим, СНБ нын камерасына олтуруп калды... Убактылуу окмоттун ишин толук , себеби Алан Кыргызстанды Бакиев деген жети баштуу желмогуздан куткарган!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.08.2010 09:02
Бул бийликтин Бакиевдикинен эмне айырмасы бар? Бакиевдикин бийлигинде курал тартып алган митингчилер ак үйгө чейин келип, анан ок атылган. Бул жерде митингге келе жаткандарды Канттан эле кууп таркатыптыр. Клин клином вышибают...
Тынч митингчилер Жогорку Кеңештин алдына келип, Урматты Бишкекке Курултайга өткөрүүсүн тынч гана талап кылып турушкан. 10 аксакалды Р.Отунбаевага делегаткылышкан. Алардын сүйлөшүүсү, натыйжасы эмне болду...Сөз айттырбай таркатышканында кеп бар го...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.08.2010 23:46
Камент жазгандар мындай башыңарды азмаз иштетип анан бир нерсе жазгылачы... Ваще мнеле болтасынар???
Убактылуу өкмөт эмес, мыйзамдуу өкмөт!
Кыргызстанды алар башкарбаса, башка кимдер башкарат???
Азмаз өлкөнүн келечегин ойлогон жан барбы араңарда, ынтымак, биримдик керек азыр бизге!
Азыркы өкмөттү кууп кетирүүгө эчкимдин акысы калган жок! Мыйзамдуу гана иштейт, убакыттары бүткөндө мыйзамдуу түрдө кийинкилерге өткөрүп берет!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: клоун
05.08.2010 22:39
Кубатбек байке, бүгүн сен кармап, камайсын,эртең сени кармап камашат. Келме кезек, терме тезек! Бул жашоодо бардык нерсе айланып турат эмеспи. 5 жыл откон сон сени да бироо кармадык деп теледен мактанып олтурбасын!?....
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине