Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:21

Эл үнү

Кадамжайда жаштар мушташа кетти

1-август түнү Баткен облусунун Кара-Дөбө айылындагы эс алуучу жайдан чыккан жаңжал улуттар аралык тирешүүгө айланып кетейин деди. Өз убагында күч кызматтарынын аракети жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында топтолгон 300дөн ашуун киши таратылып, азыр аймакта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

x
Текст көлөмү - +
Эки күн мурда Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын четинде кафеде эс алып отурган эки кишинин ортосунда жаңжал чыккан. Аны четтен байкап турган кимдир бирөө жакынкы айылдарга барып, 300дөй жаштарды топтоп келип тирешүү күчөгөн. Ошол замат эле Кадамжай райондук жана Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана кийинчирээк окуя болгон жерге атайын багыттагы кызматкерлери тартылып, топтолгондор таркатылып, таш тийген эки киши ооруканага жеткирилген.

Облустук тартип коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев учурда кырдаал туруктуу болгонун айтат:

- Натыйжада эки киши таштан жараат алып, бир аял, бир эркек киши Кызыл-Кыя ооруканасына жеткирилди. Ал жерге өзбек улутундагы 300дөн ашык жигит келип, ошол жерде тополоң кылып, таяктар менен турушту. Ошол жерге Кызыл-Кыядан мэр, аким, милиция кызматкерлери келип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин тарап кетишти. Бүгүнкү күндө саясий абал жакшы, биздин көзөмөлүбүздө турат.

Тирешүү болгон жерге жакын турган Кара-Дөбө айылынын тургуну Жалил азыр аймакта абал туруктуу экенин, болгону соода жайларында алкоголдук ичимдиктер сатылбай, күч кызматтары көбөйүп калганын айтты:

- Кечээ адамдар топтолуп, тополоң болот деп айтышты эле, бирок тынч. Өткөндө өзбек менен кыргызбы, же тажиктер мененби башаламандык болуп кеткен экен. Мушташ болот деген сөз болду. Бирок азыр тынч. Негизгиси дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин саттырбай койду.

Конфликтолог-серепчи Эсен Урмановдун айтымында, эки улут өкүлдөрүнүн ортосундагы майда тирешүүлөрдү, же чоң жаңжалдарды алдын алууда мамлекеттик деңгээлде алып барчу иштер көп. “Учурда улуттук тирешүүлөрдү алдын алуу маселеси алдыңкы орунга чыгышы керек” деп эсептейт серепчи:

- Эгерде биз жаңжалдарды алдын алабыз десек байланышты оңдошубуз керек. Биринчиден, азыр эки улуттун арасындагы маалымат ачык чыгып туруш керек, анан маалыматтар жашыруун болбой бири-бирине жетип туруш керек. Сабырдуулукту мектеп, университеттерде билим берүү аркылуу улуттук азчылыктарга үйрөтүшүбүз керек. Кыргызстанда жашап аткан улуттук азчылыктар дайыма “биз – кыргызстандыкпыз” деп туруш керек. Аналитиктер мамлекеттик аппаратта, милицияда жетпей турат. Эгерде ушундай күчтүү аналитиктер болгондо биз көп жаңжалдарды алдын алат элек.

Ошол күнкү окуяда топтолгондордун негизги бөлүгүн жаштар түзгөн. Билим берүү жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Жамалидин Эшенкулов аймакта жаштар өзү демилге көтөрүп, элдик кошундарды түзө баштады. Буга мамлекеттик бийлик колдоо көрсөтүп жатат:

- Эгерде биз жаштар ушинтип жүрө берсек орду толгус нерсени кайра толтуруу өтө кыйын болуп калат. Бүгүнкү күндө биз жер-жерлерде маселени чечпесек, кийин орду толгус жоготууга учурап калабыз. Кийин кыйын болуп калат деген ойду айтып атышат.

Облустук акимчиликтин маалымат катчысы Мамажан Бердишев облустук деңгээлде ар кандай иш-чаралар уюштурулуп жатканын, майда пикир келишпестикти кимдир бирөөлөр чоң чырга айландыргысы келгенин айтат:

- Үч-Коргон айыл округунда болгон окуя боюнча тиешеси бар адамдар бүгүнкү күндө укук коргоо органдарында сурак берип атышат. Ошол жерде тартипти көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Рахман каяктан: Москва
24.08.2010 19:12
Ассалому алейкум урматуу Кыргыз калкым. Кырыгыз өзбок Москва шаарындада мушташып жатышат. Дүйно жузу билди, биз кандай калк экенибизди, дүйного жаман жагыбызды көргөзуп койдук. Москва шаарында азыр кыргыздарды жаман көруп калыштылар. Келгиле урматуу ага инилер, эже карындаштар барыбыз жакшы жолго барайлы.

кимден: chynygy_kyrgyz каяктан: kytai
09.08.2010 18:23
ALHAMDU LILLA dep bashtaiyn.Myna kyrgyz eli da musulman tuuraby?Baaryny yimanduulukka chakyrabyz,yntymakta bololu deidiz a birok bizdin azyrgy prezidentibiz Roza Otunbaeva bir pressaga aityptyr<Men kudaiga ishenbeim>dep bashchybyz oshentshe kandai bolot.oshonun aiybynan urush topolon.....e mi silerdin koz karashynar.......

кимден: oshtuk каяктан: korea
08.08.2010 16:51
urmattu kirgizistandiktar ozunorgo kelgile biylik bizdi jaman kiynab jatat mina jerdegi oy pikirler baardigi abdan tuura aytilgan birok spirtnoy ichib urush chikdi degenge men ishenbeym misali 100 ozbekten 5 je 6 spirtnoy ichishi mumkun kalgani ichishbeyt provakatciyadan olis bolgula

кимден: Замир каяктан: Баткен
06.08.2010 20:56
Замира эн туура пикирди айтып жатат. Айылдын борборундагы арак саткан дукондорду саат 6-дан кийин иштетбеш керек себеби ошол жерде соода кылган башка дукондордогу элдерди да иштетпейт башка улуттар арасында да урушка себебкер болот орган адамдары иштеш керек.

кимден: Дастан каяктан: Иркутск
05.08.2010 23:24
Салам кыргыз калкым,биз мусулманбыз кудайыбыз бир билгин Аллах а пайганбарыбыз Мухаммед. Сыйыналы ушул эки улуу затка бугун башта а эртен кеч болот ойлон ойлонгула мусулмандар баарына аманчылык каалайм.

кимден: АКЫЛБЕК каяктан: БАЗАРКОРГОН
05.08.2010 20:14
Кадамжайда жашагандар уруштан менин досторум коз жумду мен жашым 19 ушул жашта бутумдан айрылдым сиздерге сабак болсун кыргызтанга башка уруштун кереги жок

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.08.2010 19:43
Кадамжайда жашаган жаштар уруштан пайда жок биздин аймактагы уруш дагыделе терс тасирин тигизудо менин денсоолугум ошондон азыр баспай жатам

кимден: Мен атуулмун-мусулманмын каяктан: Жалал-Абад
05.08.2010 17:27
Эй менин мекендеш туугандарым.
Кыргыздар, Озбектер, Арабдар, Турктор ж.б.
чукур ойлонолу. эмне эле шайтандын суусун ичип алып бири бирибиз менен уруша беребиз. Баарыбыз Аллахтын алдына барабыз. ойлонуп калыс Аллах учун бир туугандай жашай албайбызбы Индия Кытайда 2 млрд. адам шугур деп жашап келуудо. ойлонолу. шугур дейли. бизди башка жакта жыргатат деген ойдон алыс бололу. ынтымак озубузго керек. Ойлонбосок омур бою эки дуйно кыйналып азап чегип отуп кетебиз. болгону ошол. душман жана шайтан жыргайт бул учурда озуно тозокко шерик тапканы учун

кимден: Көзү ачылган кыргыз
04.08.2010 15:44
О дүйнөдө мусулмансыңбы же капырсыңбы деп да сурабайт. Күнөөсүнүн куну төлөнбөгөндөр сразу эле эң улуу Соттун алдына барат. Соттолуу үчүн эмес, өкүмүн угуу үчүн эле. Күнөөсү тазалангандар ал Соттун алдына барбайт. Ошондо бул дүйнөдө бейишке барам деп жулунгандардын тозок отуна ыргытылганын, ал эми каапыр, акмак, саткын делип кор болуп жүргөндөрдүн бейишке өткөрүлгөнүн көрүп, көп адамдар таң калышат.

кимден: Зама каяктан: Ош
04.08.2010 12:29
Ассалому алейкум урматуу мекендештер! Бул маселе дагы эле боло берет. Качан Аллахтан коркуп, сабырдуу, кечиримдуу болбосок. Турмуш көрсөтүп жатат, кайсыл жерде даават иши жакшы жүргөн жерлерде тополоң болгон жок. Оо дүйнөөдө кыргыз, өзбек деп суралбайт МУСУЛЬМАНсынбы же капырсынбы деп суралат! Бардыгыбыз бир кемедебиз бироогө жамандык кылсак айланип кайра өзүбүзгө тийэт
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу