Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:22

Эркиндик

Өзгөндө ишкер айымга күн көрсөтпөй жатышат

Өзгөн районундагы «Касым ата» дыйкан чарбасынын башчысы, мамлекеттик бир катар сыйлыктардын ээси Зайнап Базарбаеваны коркутуп-үркүтүү күчөп, буга күч органдары аралашып жаткандыгы айтылууда. Акыркы мезгилде небереси катуу сабалса, жаңы жыл алдында ага караштуу үч чабанды күч органдары уурдап кетип, «ишкер айым Өзбекстандын малын багып жүрөт деп көрсөтмө бересиңер» деп кыйнап, буга көнбөгөндө токмоктошкон. Үч чабанды туугандары облустук милициядан таап, жаңжал чыгарышканда гана кое беришкен. Арийне, аймактык ички иштер башкармалыгы бул окуяларды четке кагууда.

Текст көлөмү - +
Жердештеринин айтымында, Өзгөн районундагы «Касым ата» дыйкан чарбасынын башчысы Зайнап Базарбаева он жылдан ашуун ак эмгегинин аркасында өлкөнүн Ардак Грамотасына татыган, президенттин «Агрардык элита» улуттук сыйлыгынын ээси. Ушул аралыкта өрөөндө анын жакшылыгын көрбөгөн адамдарды табуу кыйын.

Зайнап Базарбаеванын эсебинде учурда карамагында аcыл тукумдуу 115 жылкы, 57 уй жана 1600 чакты кою бар. Мындан тышкары Өзгөн шаарындагы бир чайкана жана кийим тигүү цехи ишкер айымга таандык. Мында жалпысынан жүздөн ашуун киши эмгектенет. Маектештешибиздин кебине караганда, былтыр күздөн баштап анын мээнет менен тапкан байлыгына көз арткан кылмыштуу топтордун ага карата тымызын жана ачык түрдө коркутуусу күчөдү.

Зайнап Базарбаева жээни өлөөрчө сабалгандыгын, тилекке каршы, укук коргоо органдары буга реакция жасабагандыгын, ушундан улам милициянын криминалдык топтор менен байланышы бар деп күмөн санап жаткандыгын билдирди.

Ишкер айым эстешинче, узаган жылдын 26-декабрга оогон түнү «Касым ата» фермердик чарбасынын малын баккан үч чабанды күч органдары Өзгөндөн уурдап кетип, Ош облустук милициясынын имаратында «Зайнап Базарбаева Өзбекстандын малын багып жүрөт деп көрсөтмө бересиңер» деп кыйнап, буга көнбөгөндө токмоктошкон. Буларды туугандары издеп таап, жаңжал чыгарышканда гана ички иштер кызматкерлери кое беришкен.

Токмок жеген чабандардын бири Касымжан Мамаковду Ош шаардык ооруканасынан таптык. Ал өзү менен кошо иниси Расулжан, уулу Авазбек да сабалгандыгын, алар да райондук ооруканада дарыланып жатышкандыгын ырастады. Шаардык оорукананын дарыгерлери Касымжан Мамаковдун мээси чайкалып, кулагы укпай калгандыгын белгилешти.

 Ал эми куугунтукка кабылган Зайнап Базарбаева учурда Ош облустук ооруканасынын кардиохирургия бөлүмүнө жеткирилип, адистер маалымдашынча, кан басымы көтөрүлүп, инфарк болуу даражасында турат. Ишкер айым акыркы үмүтү президент Бакиевде калгандыгын билдирүүдө.

Жабырлануучулар Ош облустук прокуратурасына кайрылышкандыгын, ушуп тапта териштирүү жүрүп жаткандыгын айтышты.
Анткени менен аймактык ички иштер башкармалыгы «Касым ата» дыйкан чарбасынын башчысынын жана анын чабандарынын дооматтарын жалган жалаа катары эсептейт. Мекеме жетекчисинин биринчи орун басары Таалайбек Акбаевдин жообуна караганда, Зайнап Базарбаеванын үстүнөн бир нече жарандардан арыз түшкөн, ошол себептүү ага карата алдамчылык кылгандыгы үчүн кылмыш иши козголгон, бирок айыпталуучу ооруп калгандыгына байланыштуу тергөө ордунан жылбай турат.

Жергиликтүү талдоочулардын белгилешинче, өткөн жылдын акырында Ош шаарында жана облусунда ишкерлерге кол салуу жана карактоо фактылары көбүрөөк катталган эле. Эми минтип жыл башында Өзгөндөгү белдүү ишкер аялдын өмүрүнө коркунуч туулуп жатышы кооптондурбай койбойт. Бийлик ишкерлердин коопсуздугу боюнча чукул чараларды көрбөсө, алар үй-бүлөсүнүн жана керт башынын кызыкчылыгын ойлоп, көмүскө экономикага ооп кетиши ыктымал.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: zamir каяктан: bishkek
05.01.2010 01:38
salam
tuura adam ukugu sakatlyshy kerek anan shamal bolboso baktyn bashy kyimyldabayt degendey bul maselenin da arky berkisi bar da
akyikaty baari bir chygat ertebi kechpi shashpai turuu kerek tez ele dubalap kirbey.

кимден: Ozgon каяктан: Myrzake
05.01.2010 00:26
Kudayga tooba kyldyyyym!!! Kim bul nerseni kylyp jatat? Kuday urbadyby emi. Kudaydan korksonor bolo ya. Algan uchurunarda dele bul nerse jaryp nasip bolot dep turasynarby ? 100 ese bolup bir jerinerden chygyp ketpesin. Kudaydy karasanar bolo ya. Kandai adamdarga kalganbyz degi ? Arky duynonu da oylogulachy. Eje siz ishinizge taymanbay ulanta beriniz. Kuday bir jerinen chygarat kim kilip jatsa da.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)