Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Б.Бешимов: Бакиевдин караңгы бийлиги орнотулду

25.09.2009
Аманбек Жапаров

АКШда жүргөн парламенттин СДП фракциясынын жетекчиси Б.Бешимов электрондук почта аркылуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык” : - 23-июлдагы президенттик шайлоодо түштөн кийин талапкер Алмаз Атамбаевдин маалымат жыйынын өткөрүп байкоочуларды чакыртып алышынын себеби эмнеде? Буга сиздин тиешеңиз барбы?


Б.Бешимов: - 23-июлда шайлоо деген нерсе таптакыр жоюлду. Бакиев бийликти экинчи жолу күчкө салып басып алды. Узурпация болду. Мындан ары Кыргызстанда бийликти тынч жана Конституциялык адилеттүү шайлоо аркылуу алмаштырыш мүмкүн болбой калды. Ушул өтө маанилүү нерсени элдин көпчүлүгү 23-июлда түшкө чейин эле түшүндү. Шайлоо аркалуу эл өкмөттү жана жалпы бийликти алмаштыра албаса эмне кылыш керек?

“Азаттык”: - Эл арасында Феликс Кулов баштаган 2007-жылы апрель митингисинде оппозициянын “колу- буту” сынса, 23-июлда прзиденттик шайлоодон СДПнын байкоочуларын чакыртып алышы оппозициянын “омурткасын” сындырып, элдин оппозицияга, келечекке ишенимин, акыркы үмүтүн жоготту деген пикирлер айтылууда. Буга сиздин баамыңыз кандай?

Б.Бешимов: - Оппозицияга жана келечекке ишенимин кетирген адамдар колун жайып отура берсин. Бул дүйнөдө элдердин көбү көп жыл бою күрөшүп, татаал жолдорду басып өтүп, кыйналып эркиндикке жана демократия жетишкен. А кыргыздын жолу башкача болот дейсиңерби?

“Азаттык”: - Президенттик шайлоого байланыштуу Балыкчыда айыпталып жаткан карапайым жарандарга карата соттук териштирүүгө жана депутат Кубанычбек Кадыровдун кол тийбестик макамынан ажыратылышына пикириңиз кандай?

Б.Бешимов: - Адилетсиз кадам. Кылмыш. Бул чечим менен ЖК өзүн-өзү жокко чыгарды. Мындай кадамды саясий өзүн өзү өлтүрүү дейт.

“Азаттык”: - Учурда КСДП менен Ата Мекен партиясынын биригүүсү боюнча аракеттер көрүлө баштады. Бул багыттан алганда
Кыргызстанда күчтүү оппозициялык партия түзүлөбү же мындан деле майнап чыкпайбы? Деги эле Кыргызстанда оппозициянын келечеги барбы?

Б.Бешимов: -
Оппозициянын келечеги элдин колунда. Мыкты саясатчылар асмандан түшпөйт, эл арасынан чыгат.

“Азаттык”:  -“Кыргызстан өз алдынчалуулугун жоготту, тыштан башкарылып калды”,-деген пикириңизге негиз барбы?

Б.Бешимов: - Негиз жаныңызда эле жүрөт. Жакшы ойлонуп көрүңүзчү, азыркы мамлекеттик чечимдердин көпчүлүгү канчалык улуттук кызыкчылыкка туура келет? Элибиз ошол чечимдерден утуп жатабы? Улуттук кызыкчылык бул мамлекеттин бекемдиги, элдин жакшы жашоосу. Бакиев кимдин саясатын өткөрүп жатат? Эмне үчүн кыска мөөнөттүн ичинде бир маселе боюнча эки башка чечимдерди кабыл алып жатат? Жакынкы арада баардыгыбыз дагы башка таңгалычтуу нерселерди көрөрбүз. Элдин байлыгы кайда кетип жатат?

“Азаттык”: - Кыргызстанда азыркы бийликтегилердин башкаруу монополиясы орноду, деген сын-пикирлерге сиздин көз карашыңыз?

Б.Бешимов: - Бакиевдин караңгы бийлиги орнотулду. Улуттук тарыхта бул жылдар эң трагедиялуу жылдар болуп калат окшойт.
Бакиев Кыргызстанды артка түртүп жардан кулатып жатат.

“Азаттык”: - Кыргызстандын Батыш, Орусия, Борбор Азияга байланыштуу жүргүзүп жаткан тышкы саясатына кандай баа бересиз? 

Б.Бешимов: -  Бакиевдин тышкы саясаты барбы?


Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Адам ата
29.09.2009 13:12
Баарыңар менин балдарымсыңар, батыш да чыгыш да, түндүк да түштүк да. Талашкыла, бирок согушпагыла айланайындар.

кимден: Sairagul каяктан: Europa
27.09.2009 16:04
Сын да объективдүү болушу керек, б.а. агын "ак", карасын " кара" деп. Сындайт десе бир жардан экинчи жарга секире берүү биздин өзүн "оппозиция" (албетте убактылуу эле да) атаган жарандарга "мода" болуп бара жатат окшойт.Ар саясаттын, лидердин ишинин эки тарабы болоорун урматтуу саясатчы ңз жеке мисалыңызда эстей жүрсөңүз. Анан, күлкүнү келтирген нерсе, "Бакиев кимге иштеп атат" дегени болду. "СДПК, өзү Бешимов кимдин акчасына бир буту океандын ары жагында-экинчиси бери жагында болуп, чет университеттерде тынбай Кыргызстандын саясатын жамандап презентация берип жүргөнү-кимдин каражаты болду экен" деген митайым суроо :)

кимден: Шамши каяктан: Бишкек
26.09.2009 19:40
Бул кишинин саясий карьерасына чекит койом. Бакыт эми Ошко барып коюңду кайтара бер!

кимден: Кыке каяктан: Бишкек
26.09.2009 17:04
Тагайга: Сен митинг жонундо кыйын болбой эле кой. Сага ким жооп берип атканын билбейсин. Биз митингге чыканбыз жана чыга беребиз, керек болсо Б.К.С кантип келсе, ошонтуп кетиребиз, ага убакыт керек.Эмнеге Бакыт Бешимов Шайлоону токтотту? Эмнеге митингтерди токтотту? Эмнеге куроштуу токтотту? Эмнеге конструктивный подход (жансыз -кошоматчы оппозиция) деп бийлик менен кызматташабыз деди! Анан коп узабай жок болуп (орумуш болуп) журду. Жанжал башталганда Балыкчыга эмнеге барган жок? Ошол Шайлоо токтогондон кийин канча деген адамдар, байкоочулар токмок жеп, эмнени гана корбоду. Мына Балыкчыдагы камоолор баардыгы ошонун айынан.Сенин оюнча Бешимовко рахмат айтыш керекпи? Ал аз келгенсип канча деген элдерди "баргыла эч нерсе" кереги жок деп оппозицияны таркатты. Бунун кылыктары эмнегедир Эшимканов менен окшошуп кетет. А.Атамбаев ошону бекер начальник штаб кылган жана бекер анын тилин уккан. Корсо анын ою башкада турбайбы? Акырын туруп башкаларга оодарып атканын, карасанар. Мына бир убакта Кулов карапайым элди жана жаштарды кунолоп, аларга куноону оодарган, суудан кургак чыккан. Аларды бийлик камап соттогон, куноосуз кунолуулорду. А бул да ошол жолго тушуптур, интервюсунда камалгандар жонундо жооп бергиси жок. Атка минерлер силер кыргыз элин коргош керексинер, кызматка сатылбашынар керек, курошко чыккандан кийин Кулов менен Бешимовдой кылбашынар керек!

кимден: Камчы каяктан: Бишкек
26.09.2009 11:08
Азаттык эмне учун конкретту суроолорду берген эмессинер? Ал эмне учун АКШга кетип калыптыр, эми келет бекен? Баш ппанек алат дегени чынбы? ж.б.

кимден: Bozulan каяктан: USA
26.09.2009 03:18
Abailagyla jon gana talasha berbei
al bugun Beshimov a erten oshol ele Eshimkanov
myrzadai bolup karangy biyliktin butagynda jyltyrap oskon momo bolup jurbosun. patriot adam tilinen emes kylgan ishinen bilinet. katuu ketsem kechiresiz Bakyt myrza ???

кимден: Bir kyrghyz каяктан: USA
26.09.2009 02:51
Beshimov agay siz chynynda tuura emes kylgansyz, "kashany" zavarit' etishi etip koup anan kachyp ketkeniniz bolboitda. Eki uulunuz Harvardta okuganyna karaganda Kyrghyzstandy zhakshy ele oturguzgansyzgo,,, Antkeni Harvardtyn kontragy zhylyna minimal'no alganda 25000$ tuzot (en azy bul), oshondo ekoono 50000$ dy kaydan alyp berip zhatasyz???? Albette sizdin zarplatanyz aga zhetpeit... Baykush Kyrgyzdar, shorduu elebiz, kimge ishenip zhashap zhurobuz?

кимден: Тагай каяктан: Бишкек
26.09.2009 00:47
Бешимовду эмне эле куноолойсун.Митингди токтоту тигил бул деп. Кыйын болсон чык митингке. Эмне сенин колунду бироо байлап отурабы.Уйдо баатыр жоодо жок сыяктуу оз коркоктунарды бироодон коросунорбу. Оппозиция Атамбаевди шайлап чон жанылыш кетирди Негизги маселе бул жакта жатат

кимден: Айба каяктан: Ош
26.09.2009 00:30
Ырысбай, туура айтасын! Мисалы, оз убагында Жекшенкулов Америкада журуп, ИИМ "уголовное дело" ачкан, бирок ал качпай кайтыпкелген.
Бакыт Жолчубекович, сиз эмнеге качтыныз? Сизге эчкандай иш козголгон жокко?

кимден: Алмаз каяктан: Москва кочосу
25.09.2009 23:49
Бакыт,Отунбаевага тез фр.башчылыкты откор-лидер сендей болбойт!
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)