Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:38

Кыргызстан

Кыргызстандагы кытайлашуу сарсанаасы

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети кытай тили боюнча мектеп куруу тууралуу кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн келишимин жактырды. Ага ылайык, кытай өкмөтү элүү миллион юанды Бишкекте мектеп куруу үчүн кайтарымы жок берет. Мектеп бир жарым жылдын ичинде салынып бүтөт. Ал арада айрым серепчилер Кыргызстанда кытайлашуу жараяны башталганын, мунун алдын алуу боюнча иш-аракеттер көрүлүшү керектигин айтып жатышат.

Соңку жылдары Кытайдын экономикасы өтө тездик менен өнүгүүдө
x
Соңку жылдары Кытайдын экономикасы өтө тездик менен өнүгүүдө
Текст көлөмү - +
Бекбол Бишкектеги №68 мектепте төртүнчү класста окуйт. Ал мектепте кытай тил сабагын жакшы көрөт, мугалим эжеси берген тапшырмаларды тырышып убагында аткарат. 

Кичинекей Бекбол кытайча  ата, талаа жана башка көп сөздөрдү жакшы билерин, кытай тилин пайдалуу деп үйрөнүп жатканын, анткени чоңойгондо Кытайга барганда сөзсүз пайдасы тиерин айтат. Ал Кытайга үй-бүлөсү менен баргысы келет. 

Бекболдун кытай тил мугалими Мэри Улуттук университетте бешинчи курста окуйт. Мэри балдар кичинекей кезинде айрыкча кытай тилине окшогон татаал тилдерди бат кабыл алышаарын айтат. "Мен 1-курста окуган нерселерди булар (балдар) тез кабыл алып, мага кайра ошону айтып беришсе таң калып жатам", -  дейт Мэри.

Ал кээ бирде ар кандай оюндарды уюштуруп балдарды эс алдырып туруу керектигин,  анткени кытай тили баарыбир татаал тил экенин, балдардын мээсин чарчатпоо керектигин айтат. "Балдар жазганда, доскага чыкканда эстеп сүрөттөрүн жакшы тартышат. Бирок ошол сөздүн айтылышып жакшы айта алышпайт. Бирок жыйынтыгы жакшы", - дейт жаш мугалим.

Учурда кытай тили Кыргызстан боюнча төрт мектепте - Ош менен Каракол шаарларында бирден, Бишкекте болсо эки мектепте чет тилдер сабагынан окутулат.

Адисттердин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда кытай тилин үйрөнүүнү каалагандар бир топ көбөйдү. Бир убактарда бала бакчаларда да бул тилди окутуу демилгеси көрөтүлгөн болчу.

Эми Бишкекте жети жүз орундуу кытай тил мектеби бир жарым жыл аралыгында курулуп ачылганы жатат. Бишкек Гуманитардык университетинин кыргыз-кытай факультетинин деканын, аталган окуу жайдагы Конфуций институнун деректири Владимир Люнун айтымында, бул мектеп үчүн кадрлар даяр. 

"Кытай биздин улуу кошунабыз. Экономикалык жактан өтө ылдамдык жактан өнүгүп жатат. Ошондуктан Кытайга кызыгуу чоң. Мындай кызыгуу кыйнап-кыстоонун негизинде эмес, кадимки эле шартта жаралып жатат. Мындан коркуунун эч кажети жок. Эгерде жаштар каалап, кытай тилин үйрөнүп алса алар үчүн бүтүндөй түштүк-чыгыш Азиянын эшиги ачык болот", - дейт В. Лю.

Айрым адисттер Кыргызстанда кытайлашуу процесси башталганын айтып, бул боюнча кабатырланып келишет. Социология илимдеринин профессору Кусеин Исаевдин баамында, өлкөнүн келечегин экономикалык кызыкчылыктан эмес, андан да тереңирээк ойлоо зарыл: 

"Кыргыздын миң жылдарга созулган баатырлык жашоосунда Кытай менен дайыма өтө ымалашып, ысык болуп кирип кеткен эмес. Баягы Манастан кийин согушкан эмес, бирок алыста туруп салкын мамиледе болгон. Кыргыздар өздөрүнүн экономикасын өнүктүрбөйбү. Эмне үчүн жалдырап эле “тигиники өнүгүп жатыптыр, мунуку өнүгүп жатыптыр” деп карап отурушат".

Чынында эле экономикасы дүркүрөп күн санап өскөн, элинин саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган Кытайдын таасири анын жанындагы кичинекей Кыргызстанга канчалык болоору канча болжогон менен так айтуу кыйын. Эмнеси болсо да кытайлашуу процесси азыр коңушу Казакстанды да, Орусияны ды кооптондуруп, бүтпөгөн талкууларды жаратууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Тынчтыкбек каяктан: Бишкек
18.02.2010 15:58
Мектепти кайтарымсыз акча бөлүп ачып берет деп эле сүйүнүп эле макул боло береби биздин бийликтегилер? Бекер быштак капканда гана болоорун билбейби?
Ооо, барсыңарбы Кыргыздын мекенчилдери, улутчулдары?! Баарыңар эле чет өлкөдөн жазып атасыңар го... кыргыз чындап эле чилдей тарап кетти окшойт...

кимден: jok каяктан: al dagu jok
16.02.2010 02:50
ar kimdin urun urdap ele juro beret eknbiz da orustar da kuui bascvhtadu chetinen oltyro baschtadu ybagunda algan 200 somdorunardun artugu chugup atat go ee kurguz elim

кимден: немис каяктан: Германия
14.02.2010 17:13
Аты-жөнү жазылбаган, Кыргызстандагы оор акыбалды даана, болуп турганындай кылып чагылдырып, айтыптырсың. Азаматсың!!! Ушул Кыргызстандагы оор акыбалы, өлкөнүн, кыргыз элинин, улут катары жок болуп кетүү коркунунчу жалпы эл билип турса керек, же эгерде билбегендер болсо, айтып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалымдаш керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.02.2010 13:15
Бул жөн эле кытайлашуу эмес,бул экспансия,биз эч качан кытай менен достук мамиледе болгон эмеспиз.Бүгүн кара курсактын айынан биздин оома элибиз бир кезектеги кыпчактар сыяктуу жок болуп кетүү коркунучуна кабылдык.Улуттун көрөңгөсү болгон МАНАСтан да кол жуудук,эми болсо кытай тилин пропогандалоо башталды.Мындай саткындарды ата бабанын арбагы урат. Кыязы патриоттор бийлике келип улутту сактап калбаса тентип кетүүгө аргасыз болобуз.Кийинки учурда АКЫР ЗАМАН тууралуу көп айтыла баштады,жакшылап көз чаптырсаңар Кыргызстанга ал эчак эле келип алган,ички ынтымактын жоктугу, саткынчылык, кошоматчылык, патриоттуулуктун жоголуусу мунун күбөсү.Кечээ эле еврокульттун тарапкерлери болуп өз тилибизди,маданиятыбызды жерип келсек,бүгүн араб маданияты каптап баратат,кыргыздын кыргыздыгым билдирген асыл дөөлөттөрүбүз кыйроодо.Буга дейре айтылып келген ТҮНДҮК - ТҮШТҮК проблемалары мамлекеттин кыйроосуна алып келет деген түшүнүк бүгүн суу кечпей калды.Мамлекетибизди биздин кайдигерлигибиз, саткындыгыбыз, эрксиздигибиз талкалап салганы калды.Бүгүн ары намысы жок кыздарыбыз жүздөп,балким андан да арбындыр,кытайларга тийип алышкан,биздин динибиз да,ата бабаларыбыз да буга
жол берген эмес.Биз жок болуп кетүү коркунучуна туш болдук,ар намыстуу азаматтарыбыз бийликтен мурда элди ойлошсо жакшы болот эле

кимден: Ильяс каяктан: РФ
08.02.2010 10:20
ким кытайча үйрөнгүсү келсе сабактан сырткары үйрөнө берсин мектепке аралаштырбай эле койсо болмок 4тө болсо да ансыз деле шаардагы жаш балдар кыргызча сүйлөгөндөн уялышат орусча сүйлөп

кимден: ELBEK каяктан: Kytai EL Respublikasy
07.02.2010 21:41
Dostor 50million iuan bizdin somgo 300million som bolot

кимден: Rysbek каяктан: Russıa
06.02.2010 11:47
Urmattuu bizdin Germanialyk mekendesh, Orto Aziyadagy abalga evropalik koz karash menen karagandin ozu tuura emes. Sebebi evropada eldin sani ech kachan koboyboyt jana bashka evropalik olkogo kirgenge miyzam jol berbeyt, al emi bizde bolso kim regiondo kuchtuu bolso chechuuchu roldu oshol oynoyt, bul korunush bolup kelgen jana tileke karshy ulanyp jatat oshonduktan Kitay (china) menen oto jakindoo bizdin olkogo kooptuu bolup eseptelet. Al emi ekonomikalik abaldi karasak eki el ortosunda jakshy ele onugup jatat (bizge jaksa da jakpasa da) birok any bilim beruu tarmagina aralashtirbay ele koysok bolmok. Al eldin CCCP kulagan ubakta Orto Asiany ekonomikalik eelo maksati bolgon mina aga jetishti emi eldin madaniy jana ruhani bayligin ozuno karatuu bolup eseptelet al uchun mektepten,TVden (Osh taraptagi china tv) bashtagan onoy bolot emespi??? Oygonolu Kyrgyz elim!!!

кимден: ELBEK каяктан: Kytai El Respublikasy
05.02.2010 20:36
Urmattuu dostor,jerdewter(kyrgyzdar) biz az bailykty oiloboi,kyrgyz elinin kele4egin,tubolugun oilosok.Men iwenem bir kun kelip kyrgyz elim en aldynky onukkon olkolordun kataryna kowulat,al u4un baarybyz birimdikte,yntymakta bugunkubuzdu emes,ertenkibizdi oilosok.KYRGYZ ELIM ALGAAAA!

кимден: ELBEK каяктан: Kytai El Respublikasy
05.02.2010 20:28
Urmattuu dostor kandai nerse bolbosun anyn kele4egi kandai bolorun oilowubuz kerek.Kytailar bizge bekerinen mektep a4pasa kerek?,alardyn da ozdorunun maksaty bardyr.Menin biliwim4e dagy 4-5-jyldan kiuin kytai tili duino boiun4a en 4on abroigo ee boluwu mumkun.Birok biz kim,kaida bolboilu kyrgyz ekenibizdi,kyrgyz tildi unutpasak!Men uwul ubakta Kytaida okup jurom,kytailardyn internetinde jurot "MANAS" kytailardyky dep.Owon u4un bular bekerinen mektep a4pasa kerek.Bizge kim,kandai jardam berse alyp oz olkobuzdun,oz elibizdin onuguwu u4un araket kyla bereli birok,kyrgyz ekenibizdi unutpasak.KYRGYZ ELIM ALGAAAAAA!

кимден: Barsbek каяктан: Iznik
04.02.2010 12:19
Urmattuu Azattyk, bul pikirdi jazriyalabasanizdar dele bolot.
50 million yuan kancha somgo tete ekenin da bildirip jazsanyzdar jakshy bolmok ele, kyrgyz jurnalistteri ushuga jakshy konul burushpayt eken.

Iygilik!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)