Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:39

Арай көз чарай

Айкөл Манас болгондо

«Азаттыктын» «бетме-бет» студиясынын бул күнкү көчмө жыйыны «Манас» дастанынын Кытайдагы аз улут өкүлдөрүнүн көркөм табериги катары ЮНЕСКОдо катталышы боюнча Бишкектеги талкуудан уюштурулду.

Текст көлөмү - +
Элдик бай мураска коомдук мамиленин кандайлыгын кашкайта ачып көрсөткөн бу талаш маселенин талкуусу экинчи жылга баратат.

Уулдардын бирөө уктап, экинчиси чуркап

Кытайдын Шиңжан педагогикалык университетинин профессору Мамбеттурду Мамбетакун коомдук жашоо-ыңгайдын кескин өзгөрүшү кылымдап оозеки сакталып келаткан көркөм табериктердин сакталышына терс таасирин тийгизип, аларды мамлекеттик коргоого, колдоого алуу маселеси келип чыкканын айтты. “Манас” дастанынын ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилиши мына ушул максатты көздөрүн белгиледи.

- 2007-жылы “Манас” эпосу алгач жолу ошол Кытай мамлекетинин бейзаттык маданий мурастар тизмесине кирди. Бизде ошондой аталат, тизмеге кирди деп аталат. Мында муңгулдардын “Жаңгыры”, кыргыздардын “Манасы”, тибеттердин “Гисары”. Мына ушул үч эпос кытайдын адабият тарыхтарында болсун же аз сандуу улуттарды тааныштырган китептерде Кытайда үч чоң көөхар, мамлекеттин байлыгы бар деп айтылат. Ал биринчи кыргыздын “Манасы”, муңгулдардын “Жаңгыры”, тибеттердин “Гисары” деп айтылат. Атүгүл кытай адабият тарыхында, ханзуларда, биз чындап айтканда кытайлар өзүн ханзу дешет. Ханзу деген хан улуту деген кеп. Хан улутунда эпос жок деп айтылат адабият тарыхтарында. Бул эл байыркы замандан отурукташып кеткендиктен буларда эпос болбой калган деп айтылат. Тек эпос деп аткан жанр Кытайда жашап жаткан 55 аз сандуу улуттар ичинде түндүктө жашаган урууларда көп, түштүктө жашаган улуттарда азыраак.

Мамбеттурду Мамбетакун Кытайда аз сандуу көчмөн калк эпосторун илимий изилдөөгө көп көңүл буруларын, өнөр адамдарына каржылык колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи. Ал ошондой эле айрым кыргызстандык маалымдоо каражаттарында “Манас” эпосунун ЮНЕСКОдо катталышы жайында туура эмес маалыматтар берилип жатканын, иштин жөнүн билбеген окурман, угармандарда ал иш боюнча так түшүнүк ала алышпай жатканын токтолду.

- Эгер сиздер ЮНЕСКОго программа жолдонуп, принциптерин билсеңиздер бир түрдү он мамлекет кайра-кайра жолдосо боло берет. Киргизсе боло берет. Бул патент эмес. Тек гана маданий мурастарды коргоонун тизмесине кирет. Ал жоопкерчилик ошол мамлекетке, ошол элге, ошол районго гана жүктөлөт. Сиз канчалык коргойсуз. Анан бири, бул китепти коргобойт. Эгер сиздер Саякбайдын “Манасын” коргойбуз деп жолдосоңуздар ЮНЕСКО тастыктабайт. Бул китепти эмес, оозеки салтты коргойт. Кытай кыргыздарында шаарлашууга байланыштуу информациялардын айылдарга телевизор аркылуу жалпылашына байланыштуу манасчылык салты өтө оор сынактарга бет келишип жатат. Эгер муну тез арада коргобосо бул салт өчөт. Манасчылар ааламдан өтөт, чоңдору, жаштар муну баспайт. Ушундай кезде кытай кыргыздарында бул салтты коргоп калуу эң зарылдыр. 5-6 жылдан бери Кыргызстан маданият министрлиги менен башка бөлүмдөр менен биздин байланышыбыз күчтүү болгон. Ал кезде ЮНЕСКОдо мындай бир эреже болгон. Эгер эки мамлекет бирлешип жолдосо, жиберсе, бул ошол жылдык санды ээлебей туруп, ашыкча сан кошуп тастыктаганга мүмкүнчүлүк бар эле.

Айып өзүбүздө

ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик комиссиянын жооптуу катчысы Нур Күлчоро Керим “Манасты” айыпты эң алгач өзүбүздөн, кенебестигибизден издөө туура болорун белгилеп, Кыргызстанда маданий мурастарга болгон мамиле жылдан-жылга начарлап баратканына токтолду. Аны улуу дастандын мисалында бекемдөди.

- Келгиле 1995-жылы “Манастын” 1000 жылдыгын өткөргөндөн бери эмнелерди иштегенибизди эми карап көрөлү. Чын эле эмне кылдык? Эмне үчүн көп сүйлөп, аз иш жасайбыз? Бул бир деп коелу. Өткөн жылы болгон иш жалаң эле коомчулукка эмес, коомчулук козголду, өкмөткө карата кулак кагыш эле. Маданиятка көңүл бургула деген коңгуроо болчу. Азыр иштелип жаткандарга көңүл буруп, мамилени өзгөртүү абзел эле. Жаңылоо зарыл болчу. Бирок кантип жаңылоо керек? Анан да этномаданий баалуулуктарды сакташ зарылдыгы турат, туурабы?

Нур Керим кенебестиктенби, кайдыгерликтенби, улуттук көөнөргүс мурастарды сактап калуунун аргасын издеп аракет кылуунун ордуна андай ишти жүзөгө ашырган кытайлык кыргыз окумуштууларын кинелеш туура эместигин, “Манас” дастанын ЮНЕСКО тизмесине киргизиштен тышкары 1995-жылы Улуттар уюмунун резолюциясы аркылуу ырасталганын, манасчылык, айтуучулук өнөрү өзүнчө номинацияда белгиленгенин ырастады.

Анткен менен Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков Кытайдагы көз боочу, аянчылар Манастын жаркын энергиясын жамандыкка үндөгөн күч катары өзгөртүп, дүйнө алдында жаманатты кылып коюш мүмкүндүгүн айтып, кабатыр оюн ортого салды.

- Канкор деген сөз “Манастын” ичинде турат. Сагымбайдын “Манасында” турат. Айкөлдүк жагын да биз билебиз. Анан мына өзүңөрдө “канкор” деген турбайбы, деп туруп анан ошол сөзгө таянып алып жанагындай кылып коюшу бул топтолук болчу иш да.

Манасың өзү болгондо

Белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев “Манас” дастанынын Кытайдагы аз сандуу кыргыздардын коргоого муктаж көркөм мурасы катары ЮНЕСКОдо катталышынан чоң трагедия жасаштын кажаты жок, деген пикирде.

- Өзүбүздүн “Манасыбыз” деп шалаакылык менен жүрө берип, анан жанагы биздин чоңдорубуз айтып атпайбы, бийик жакта тиги аралашып турган, ошолорго булар эскерткен күнү дагы, ошону ойго албай туруп тим коюп, анан тигилердин аракети менен өтүп кеткени туура болуп атат да. Эми алардын аракети деле жаман эмес, ал жакта деле кыргыздар бар. Ошо кыргыздын Жусуп Мамай атабыз баштаган биртоп манасчылары бар экен. Аны деле өтө жамандабаш керек. Мисалы, ал айтпаган күнү деле, жазуучу болгон күндө деле килейген китепти “Манасты” жазып чыгаргандын өзү да анда төкмөлүк, жазуучулук акындык бардыгын айгинелейт.

Кытайдын Шиңжаң педагогикалык университетинин профессору Мамбеттурду Мамбетакун “Манас” эпосунун ЮНЕСКО тизмесине мамлекет тарабынан корголчу көркөм таберик катары киргизилиши анын иликтениш, изилденишине оң таасирин тийгизет деп эсептейт.

- Сөзсүз активдешет. Менин пикиримде бир да кыргызды “Манасты” сүйбөгөндүгүнөн, аны билбегендигинен салкын мамиле кылынды деп айтышка болбойт. Сен “Манасты” жакшы сүйбөйсүң, мен жакшы сүйөм, деш туура эмес. Бардык адам сүйөт. Бирок шартына жараша, өздөрүнүн экономикалык мүмкүндүктөрүнө жараша кызматтар кээде тез, кээде акырын болгон. Эми Кудай буюрса, Кыргызстандын экономикасы жалпы коомчулуктун колдоосу менен “Манас” эпосу академиялык деңгээлде изилденип, эларалык конференциялар, чоң жыйындар өтүп, кинолор тартылып дегендей чоң иштер жасалышы мүмкүн. Мен буга терең ишенем.

«Манас» дастанынын айланасында ар заманда кызуу талаштар болуп келген. Оозеки көркөм чыгармачылыктын кайталангыс керемети улам мезгил өткөн сайын жаңы ачылып, улуттун өткөнү менен бүгүнкүсү кезектешип угармандар менен окурмандарды эпос дүйнөсүнө жетелеп кире бермекчи. Элдик улуу чыгарманын чоң касиети ушунда окшобойбу.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: okurman
12.11.2010 09:52
Мына силер Манас дейсинер, кыргыз улуу эл, кыргыз эски эл, кыргыз баландай-тукундой деп.. Туура, тарыхты изилдеш керек, бирок ошол эле учурда азыр Кыргызстанда бир дагы БИР ДАГЫ келечекти караган, КЕЛЕЧЕККЕ умтулган, келечекке конкреттуу, ачык ПЛАН же оптимисттик коз караш же орусча айткандай ВИДЕНИЕ эч кимде жок!! Кыргыз кантип ушул саздан чыгабыз, канткенде жонокой карапайым элдин турмушун ондойбуз деген адам жок! Бийликте турганы саясатчылар(мындайча айтканда –балаболы и бекерпостор) калаганы тарыхты чукуп отурасынар. Чукулда менин досум(ал кыргыз бала) орусияга кочуп кетти. Ал илимге кызыгат. Билимин бул жерге жумшайын десе аны эч ким туалетный бумага катары коргон жок! Ал эми орусияда аны жумушка алып чакырып кетишти. Уй-жай жумуш беребиз дешти. Зарплатасы жакшы. Бул эмнени билдирет? Кыргыздын денгеели томон! Ал эми конкретно Манас боюнча, озунор билгендей Саякбай Каралаев колдун Ак-Олон деген жеринен. Балыкчы деген шаарда этажный уйдо жашаган, биздин домдо наркы подъезде биздин кошуна болчу экен. Мен анда жаш балуп билбей калдым. Ата-энем айтат раматылык Саякбай аба эн эле жакшы киши болчу деп. Душасы колдой болбон. Жонокой эле адам болгон. Убагында аны тиешелуу денгелде эч деле сыйлай билген эмес. Уйуно откон кеткенди чакырып жарма тамак бере берчу экен. Азыр ал домдо жада калса памятный табличка илип койгон киши жок хотя ал гений болгон

кимден: Жоошбайтегин каяктан: Кытайдын Үрүнчү шаары
07.11.2010 22:35
Манас бүт дүйнөдөгү Кыргыздардын рухий байлыгы.
Кыргыз калкы мына ушул байлыктын аркасында өчкөн сайын өрчүп, кылымдардын кыйчалыштуу сапарын карытып өзүнүн нарк насилин сактап Кыргыз деген атын өчүрбөй келген.
Кытайда жашаган бир ууч Кыргыз элинин мллярд элдин арасында өз тили, каада салтын жоготбой карманып келишинин себебин мына ушул азчылыктын арасында улуу байлыгыбыз "Манас" жана анын айтуучуларынын болгну менен байлап караса болот.
Замандашуунун арааны жүрүп, анын жөрөлгөлүү маданиятка соккусу оор болуп турган бүгүнкү күндө Кытайда жашаган Кыргыздар өзүнүн бул байлыгын коргоп калуу үчүн, зор эмгектерди жасап, "Мнас"ты мамлекет деңгеелинде ошондой эле дүйнөлүк деңгеелдее корголуучү маданий мурастардын тизмесине сунуштап киргигизгизишкен эле.

Бирок тилекке каршы Ала- Тоолук бир туугандар мундан абдан капа болушуп залкар манасчы Жусуп Мамайды көчүрмөкечке, Манас үчүн күйүккөн маданият ишмери Макелек Өмүрбайды тыңчыга чыгарып жиберишти.
Албетте бул жалпылык көз караш эмес дечи, ошндой болсода мундай көз караш кытайда жашаган Кыргыз журтчулугунун кытырын келтирбей койгон жок.

Жогоруда айтылгандай Манас дүйнөдөгү бүт Кыргыздын орток байлыгы эмесби? бул байлыкты ар кандай жерде жашаган кыргыз басынын өзүнүн улуттук дукун өчүрбөй пайдалануусу үчүн укугу бардыр.
Манастын сегиз урпагынын жомогун айтып, кийинкиге калтырган Жусуп ата деле Кыргыз эмесби? Кыргыздын көзү тирүү залкар Манасчысын төгүнгө чыгаруунун кайсы Кыргызга пайдасы бар?
колунда бийлиги да байлыгы да жок туруп кыргыз маданияты үчүн көшөрүп иштеп жүргөн бир инсанга ошондой тил тийгизген туура жоорукбу?

Айкөл манас урпактары антип араны бөлүп- жарган кур талашты кылып отурбай улуу манас рухун улуттук биримдиктин уйуткусу катары пайдалануунун камын көрсөк болбойбу?

кимден: Искен
07.11.2010 17:53
Ынтымактуу, биримдиктүү, бирдиктүү бололу!!!

кимден: moke каяктан: USA
07.11.2010 14:14
Assalamu aleykum кыргыз туугандарым манас эпосу деген озу жомок деп эсептейм.эпос-кыялдануу деген создуктон чыккан.Бул эепосту бир адам кыяалданып олтуруп кыргыздарданда баатырлар чыкса экен деп жазып койгон.Келери-кечке маанас маанас болуптур.манас атабыз арбагы колдосун дей бербей Аллахым колдосун дейли.Аллах баардык кыргыз мусулмандардын куноосун кечирсин....
Пикирге жооп

кимден: kyrgyz kyzy каяктан: Кыргызстан
10.11.2010 11:59
Салам, ыйык журтум, кутман элим! Создон ишке отсок кана? Ар ким озунон баштаса, ар ким оз ишин жакшы жасаса, жакшыраак жашайт элек. Манас жомок деген адамдар билимдери тайкы экенин билдиришет. Башка жактан келген адамдар бизге суктанышып, Манаска таандык тарыхый маалыматтарды казып чыгып жатышса, кыргыздын Мыркымбайлары (не в обиду будет сказано, но это так) жо-ок, бул жоомооок деп отургандары тан калтырат. Манаста айтылат го "Кобу жалган, кобу чын, коруп келген киши жок" - деп. "Манастын" негизги сюжети жана анын каармандары 16 кылымдын «Маджмун-ат-Таварих» аттуу кол жазмасынан копчулукко белгилуу. Бир нерсени айтаардан мурда ойлонуш керек. Кыргыздар айткандай, "Озун сыйлабаганды - озго сыйлабайт". Манас - бул дин эмес деген ой жакшы айтылган. Кыргыздар-тоолуктар, Тенирчилер, бардык ыйык деп эсептеген нерселерди кошуп айта беришет. Идеологиябыз жок деп оозубуздан кобук чыкканча айкырабыз. Идеялуулук ар кимдин озундо, Журогундо. Уй-булодо, Коомдо. Манас кыргыздын башын бириктируучу туу боло ала турганынан ким кумон санайт? Мына Бубу Мариям эженин 10 (!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!) томдук "Манасы" чыкты!!! Кыргыздар аракка, башка арам нерсеге жумшаган акчасына ушундай кыргыздын, дуйнолук адабияттын башка баалуулуктарын сатып алып окуса, кандай гана сонун болор эле! (эми бул фантастика болуп калды го)....
Пикирге жооп

кимден: patriot
07.11.2010 16:26
Сиздин пикириниз ("Келери-кечке маанас маанас болуптур.манас атабыз арбагы колдосун дей бербей Аллахым колдосун дейли") тануулоо сыяктуу сезилет, себеби Аллах менен Манасты аралаштырууга болбойт. Бирок адамда кандай кана болбосун бир нерсеге ишенуусу болуш керек, ал кудайгабы (Аллахка, Буддага, Иисусска ж.б.), же дагы башка бир нерселергеби. Манас менен Аллахты салыштырууга болбойт, себеби Манас бул дин эмес. Манас кыргыз элинин рухий жана тарыхий байлыгы. Манасты изилдеп жана дуйно жузуно жайылтуу керек, бул кыргыз деген улут кандай эл экени жана кандай тарыхы бар калк экени жонундо жакшы маалымат болуп саналат. Манас бабабыздын арбагы колдосун деген создун терен мааниси бар. Илгертен бери кылымдан-кылымга кыргыз элинин улут катары башын бириктирип келген баатыр бул -Манас баатыр. Бугунку куну баарыбыз коруп турабыз, олкобуздо улуттук биримдик жокко эсе, эл арасында болунуп жарылуу болууда, акча жана мансап биринчи орунга отуп калды. Бул кайгылуу корунуштун негизги себеби болуп, 70 жыл союз учурунда КПСС кыргыз улутун системалуу турдо орусташтыруу саясатынын жыйынтыгы десем жанылбайм, бийликте эл башчы болуп жургон манкурттар (орус болуп калган киргиздер, озгочо Акаев менен Бакиев) улутубуздун биримдигин ойлогон жок, себеби алардын руханий байлыгы тесекери жакка озгоруп калган. Кыргызды кайра улут кылып бириктирип, болунуп жарылууну токтотуш учун, руханий байлыгыбызды кайра оордуна алып келуубуз керек. Бул процесс кучуно кирип, эффективтуу иштешине кандайдыр бир убакыт керек корунот. Эл башчыбыз чыныгы кыргыздын патриоту болсо, бул улуттук биригуу процесси жакшы тездейт эле, манкурттуктан тезиреек арылат элек.

кимден: kyrgyz
07.11.2010 04:23
Бардык эле мамлекетте маданиятка конул буруу, же тарыхка конул буруу жана аны изилдеп, дуйного таанытуу ачка отурган окумуштуулардын, же башка улуттук инсандардын каалоосу аз болоруун далилдеп атат. Же бугунку кундо олкобуздо тарыхыбыз учун куйгон фанат окумуштуулар жок окшойт. Жалпы жагынан караганда, адам, адам болуп жаралгандан кийин, муноозуно жараша, озуно башка адамдардан сыйлоону кутот экен. Биздин кыргыз чойросун атап айтсак, кыргыздар башкалардан озуно сый мамилени кутушот. Озгочо биздин кыргыз коомунда колундан бир нерсе келип, бай жана бардар адам болсон, сени сыйлашат. Ошон учун баары эле оокаттын жана мансаптын артынан тушуп калышты. Олкобуздо илим-билим тармагы экинчи-учунчу планга эбак эле отуп калган. Ошон учун биринчи иреетте элдин жашоо денгеелин которуу керек, экономиканы онуктуруп, илимий-эл агартуу кызматкерлеринин айлык акысын жеткиликтуу кылып которуу керек, анан бийлик тараптан катуу талаптарды койсо, "Манас" эпосу тез эле ЮНЕСКО тизмесине тушот жана дуйно жузуно жайылтылат, таанылат. Эл ачка отурганда рухий байлыктарыбыз комускодо тура берери бышык нерсе.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)