Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:40

Мултимедиа / Окурман куржуну. Блог. Мултимедиа

Кытайдан кат

Кытайдагы кыргыз студенттер.
Текст көлөмү - +
"Азаттыктын" дарегине учурда Кытайда жашаган Искендер кызы Нуржамалдан кат келди. Автордун стили сакталды.

Чет жерде туруп, интернет барактарынан Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларды окуп абдан тынчсызданып турам. Мен өзүмдүн атыман жана Кытай жеринде окуп билим алып, иштеп жаткандардын атынан Кыргыз элиме, өзүмдүн мамлекетиме кайрылгым келет.

Улуу Кыргыз элим! Азыркы мезгилде бизге сабырдуулук жана тынчтык керек! Биз өзүбүздүн жакшы сапатыбыз менен дүйнөгө таанылып, өнүгүп-өскөн мамлекетке айланышыбыз керек! Азыркы мезгилде бардыгыбыз кол кабыш кылып мамлекет тарабынан түзүлгөн убактылуу өкмөткө жардам беришибиз керек. Убактылуу өкмөттүн башындагы турган адамдар өзгөчө жаштарга көңүл буруп, бири-бирине кол сунуп, жаштар менен бирдикте иштеп Мамлекетибизди сактап, экономикалык жактан жана саясий кырдаалды тынчтык жолунда бийиктетсек! Келечек жаш муундарда!

Мамлекетибиздин келечеги жаштар менен бирге. Ошондуктан Кыргыз элинин жаштары, бардыгыбыз биригип, өзүбүздүн салымыбызды кошсок! Эл ичинде, улуттар ортосунда ынтымак болуп, токчулук, тынчтык, жакырчылыкты жоюп, жаштарыбызды жумуш менен камсыздандырып, коңшу мамлекеттер менен бирге достукта болуп чоң эреселерге жетсек!

Азыркы жүргүзүп жаткан убактылуу өкмөттүн саясатына мүмкүнчүлүк берип, күч бирдикте дегендей, бирдиктүү болуп мамлекетибизди кыйын акыбалынан акырындык менен чыгарып алсак!

Кыргыз элинин жаштарын жана чет жерде билим алып жаткан, иштеген атуулдарыбызды ынтымакка чакырып, Мамлекетибиздин келечеги үчүн Бирдикте болушубузду үндөйт элем!

Искендер кызы Нуржамал. Кытай эл Республикасы 2010.04.21.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: КЫРГЫЗ каяктан: Бишкек
02.05.2010 08:57
Урматтуу четте жургон Мекендештерим! аранарда "Манас" БАРБЫ???!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.04.2010 11:58

azamatsinar baldar!! batirak oz kyrgyz jerinerge kelip bir iwtep bersener bolo! kyrgyzdin jeri azir sizderge muktaj, owonu uchun bili ilim alip sozsuz jardam bergile, al sizderdin ata jurtunar, el jeriner aldinda mildetiner! iigilik anda, kutobuz

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)