Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:44

Саясат

Ынтымак курултайы: өкүлдөр тарашты, Төркеңеш калды

Ынтымак курултайында улуттук деңгээлдеги улук сөздөргө караганда жергиликтүү чарбалык маселелер көп айтылды. Айтылган пикир-сунуштардын текши баары жоопсуз калбастыгын курултайдын Төркеңеш төрагасы Садыкбек Аблесов 25-марттагы маалымат жыйынында билдирди.

Текст көлөмү - +
Эки күндүк жыйында сөз сурап жазылгандардын үчтөн бирине гана сөз берилип, талкуу негизинен президенттин кайрылуусунда козголгон маселелер тегерегинде жүрдү.

“Кеңешме демократия” кимге керек?

Президент К.Бакиевдин кайрылуусунда шайлоо менен адам укуктарына негизделген Батыш демократиясынын Кыргызстан элине жакпай, аны кеңешме демократиясына алмаштыруу сунушу айтылган. Президент жер-жерлерден келген өкүлдөр алдында: “Кеңешме демократия Кыргызстандын азыркы кырдаалына төп келет деп ойлойм” деп билдирген. Ага кошумча, “кеңешме демократия” курултайлар аркылуу ишке ашырыларына басым жасаган.

Курултайда жаңы демократия демилгеси Көлдөн келген өкүл Мурат Жетимишбаевдин өзгөчө колдоосуна ээ болду.

- Атасы баптист, энеси Иегова, баласы «Хизбут-Тахрир». Мына ушуну алып келди европалык демократия.


Ынтымак курултайынын Төркеңеш төрагасы Садыкбек Аблесов “кеңешме демократия”, үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу алдын-ала бүтүм чыгарууга эртелик кыларын белгилейт.

- Мүмкүн Максимди Борбордук агенттикке алып барганы туурадыр. Туура дегеним, муну менен президент өзүнө чоң жоопкерчиликти алды. Эң чоң жоопкерчиликти алды. Бир жагынан караганда. Экинчи жагынан караганда, иш башталбай жатып эле чуу салып жатабыз. Анан кыргыздардын жакшынакай бир макалы бар го. “Карындагы баланын кан болорун ким билет? Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?” деген, туурабы? Бир жыл иштеп көрөлүчү. Анан жыйынтыгы билинет го. Анан ошондон кийин сындап, ошондон кийин чыксак туура болор беле дейм ыя, Түгөлбай?

Чарбадан оор маселелер бар го

Төркеңеш төрагасынын орунбасары Абдыжапар Тагаев “кеңешме демократияга” басым жасоо өлкөнүн буга чейинки алган багытынан четтөөнү түшүндүрбөйт, деген пикирде.

- Андай болушу мүмкүн эмес.

Ынтымак курултайынын Төркеңеш төрагасынын орунбасары Түгөлбай Казаков улуттук жыйында жалпы өлкө, эл тагдыры, келечегине, өткөнүнө байланыштуу маселелер козголушу керектигин белгиледи.

- Мындан тышкары мамлекеттин бүтүндүгү деген бар. Чек ара маселеси бар. 1924-жылды жайына эле коелу. Кийинки 60-жылдардагы эле чек араны такташ үчүн аскер картасы деген турат. Ар бир сантиметрине чейин чийилип турбайбы. Биз эмне үчүн аларды колдонуп делимитация, демаркацияны аягына чыгара албай жатабыз?

Ынтымак курултайга өкүл болуп келген Курманбек Баякунов чоң жыйында үй-бүлөлүк башкаруу жайында кеп болбогонун айтты.

- Мына азыр бу кишинин уулу дагы Өнүктүрүү фондун жетектеп жатпайбы. Эми ушул жерден туура эмесирээк болуп турат. Өзү эле жалгыз башкарса болмок. Үй-бүлө менен башкарбай.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин пикиринде, Ынтымак курултайында чарбалык-экономикалык маселелер эмес, улутту ойлонткон маселелер жайында акыл калчап, кыргыз эли ушу тапта кабылган кыйын жагдайдан чыгуунун жолдору жайында кеп болсо жакшы болмок.

- Аксатып аткан нерсе, бизде улуттук ар намыс жок. Улуттук ар намыс болбой атат. Улуттук ар намыс болбогон жерде эч кандай урмат-сый, ынтымак, ийгилик болушу мүмкүн эмес.

Ынтымак курултайында шайланган Төркеңеш жетекчилери ушу тапта жыйында айтылган кеп-сөздөрдү иретке салып, мындан ары ишти кандай нукта улантуунун камылгасына киришүүдө. Жыйынга азыркы бийлик атаандаштары катышкан жок. 17-мартта өткөн Элдик курултайга расмий бийлик өкүлдөрүнөн бир да бирөө басып барган эмес. 

Элдик курултай бийликке 7 талап койгон. Алар тарифтерди арзандатуу, "Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелеком” ишканаларынын сатылышын мыйзамсыз деп табуу, Исмаил Исаков, Эркин Булекбаев, Уран Рыскулов, Сагын Аргымбаев акталып, камактан бошотуу, Балыкчы жана Ноокат окуялары боюнча соттолгондорду актоо, Аликбек Жекшенкулов менен Кубанычбек Кадыровду куугунтуктоону токтотуу, Конституциялык реформаны токтотуп, Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикти жоюу, Бакиевдин балдары Максим менен Марат, биртуугандары Жаныш, Адыл жана Марат ээлеп турган мамлекеттик кызматтарынан бошотуу, Евгений Гуревичтин, анын шериктеринин, ага тиешелүү компаниялардын Кыргызстандагы ишмерлигин териштирүү, сөз эркиндигин калыбына келтирип, “Азаттык” радиосунун берүүлөрү бүтүндөй өлкөгө уктуруу талаптары коюлган.

Бийлик демилгеси менен чакырылган Ынтымак курултайында алар каралган да, аткарылган да жок.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кыргыз атуулу каяктан: Россия
05.04.2010 19:34
Бетеге кетип, бел калат, бектер кетет эл калат. Бул күндөр да өтүп кетээр. Илгери айтышчу эле го, жаш келсе ишке , кары келсе ашка деп, бул аксакалдар эми капа болушпасын, бирок неберелерин ойнотуп үйлөрүндө эле олтурушса болмок. Азыр заман өзгөргөнүн, жаштар өз келечегин өздөрү аныкташса жакшы болушун түшүнүшсөлөр. Эми алар жашаган заман менен азыркынын ат менен төөдөй айырмасы бар. Келечек жаштардыкы, биз келечегибизди өзүбүз курабыз...

кимден: Нургул каяктан: Владивосток
28.03.2010 14:01
Эл эмне үчүн сырттан эле сүйлөп, ишке киришпей жатат. Исаковдой адамды каматкан адамдан кайсы жакшылыкты күтсөк болот.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
26.03.2010 19:16
Асыл Мамырова "Президентибиз өзү каткырып жатпайбы «мен эчтекени билбептирмин, прокуратуранын ишине мени аралаштырбагыла деп. Демек биздин Президентибиз ушундай элинин кордолуп, сабалып, камалып жатканына аралашкысы келбегенин түшүнсө болот."

Ушул айтканынызга мен толугу менен кошулам.Телевизордон А.Абдырасулова эже адам укугу жонундо суйлоп жатса,элдин астында мыйыгынан кулуп отурганын коруп абдан тунулдум... Анан кайдагы КЫРГЫЗДЫН салтын,маданиятын ,тарыхын айтып башты оорутуп жатат билбейм.Булар ошол кыргыздын салтын,маданиятын,тарыхын да оз кызыкчылыктарына колдонгону жатышат.Эмне учун Кыргыздын жерин,байлыгын сатканда ЭЛДЕН сурабайт,анда Зайнидин профессор агайыбыз айткандай "эл карангы, суйлой берет" болуп калат да,оздорунун кызыкчылыгы болгондо чыныгы эл толкуй баштаганда, "ЭЛ" деп карбаластап,жалан даярдалган,кошоматчы кишилерди чогултуп келишип, Кыргыздын салтын колдоно калып жатышат.
Акылы,ан сезими ордунда кишинин баары эле Бакиевдин тобу кандай гана тенсиздик,баш-аламандык, эн негизгизи мыйзамсыз иш болсо да, баштары оорубастыгын коргозду.Булардын ой-максаты жеке бийликти бекемдоо деп эле тушунуп калдым.
Бул бийликке мурда кичине болсо да умутум бар эле, эми жеке оз бийлигин сактап калуунун аракетин коруп "кенешме демократия " деп чыккандан бери такыр эле очту.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
26.03.2010 12:41
Урматтуу Садыкбек Аблесов мырза, сизге окшогон кишилер дүйнөгө кандай көз караш менен карашат түшүнбөйм. Бакиевдин ой жүгүртүүсү туура эмес, Акаевдин катасын кайталап жатат. Окендер айткандай "дурак учится на своей ошибке" болуп жатпайбы. Туура эмес болгон нерсе 1-чи даражадакы жакындарын бийликке тартуу. Мындай акыйкатсыздыкка чыдабаган милиондогон кишилер толкундап жатат. 1 жыл эмес бир күн күтүү болбойт! Улуттук Ар-Намысыңыз болсо Бакиев бир тууганыңыз болсо да "кой" дебйт белеңиз.

Корош.

кимден: Нарынбек каяктан: Нарын
26.03.2010 10:29
Мурат Жетимишбаевке. Атасы баптист.энеси иегова динине өтүп жатышына батыш демократиясынын эч тиешеси жок. БУГА Эл башында тургандар КУДАЙДАН коркпой эле 10-15 жылдан бери жалаң калп сүйлөп элди алдап келсе,курсагы ач болсо.кийми жыртык болсо . Аталары атейист болсо , көчөдө калган эл ар кандай агымдарга үмүт менен өтүп атышат да , бул метериальный мукташтыктан келип чыккан нерсе ,

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
26.03.2010 10:14
Кеңешме демократиясы бизди кайда алып бара турганы ,дүжүрлөр кулултайында жасалма, алдын ала такталган сөздөр болгону ачык көрүнүп турду.Бул деген Хан болуш керек( бийлик атадан-балага өтө турган) , тегерегинде увазирлер кошоматчылар башкаруу системасын түзүү деген. Бүт дүйнө жүзү алдыга жылса, биз арка феодальдык түзүлүшкө,ТЕЗЕК терип оокат кылыш керек деген сөз.

кимден: Omur каяктан: Moskva
26.03.2010 07:19
Kurultay degen bizde dagi ele eski tushunuk boyuncha kalganday.. Jogorudagi surottogu aksakaldar mamlaketibizdin problemalarin checheturgan bolso anda bizdi kuday ozu saktasin. Eyy kunubuz ushularga kaldibi. Kaida kizuu kanduu jash sayasatchilar, kaida jani pikir jaratkan bashkaruuchular, kantivele bizde jok ushular. Aksakaldar emneni chechmek ele. Bul kurultay eldi birdemeke kilip alaksituunun jolu bolup kaliptir. Emi kichine chir chiksa ele kurultaydi bashtatatuu adati bashtalat ekenda......

кимден: Мирлан каяктан: Тогуз-Торо
26.03.2010 02:06
Жашына берсин мээнетти,карыга берсин дөөлөттү. Балпайган ак-сакалдар саясатчы болду ,дөөлөт күтүп,( карыганын билбей),жаштарыбыз бүт дүйнөгө тарады мээнет издеп .Кыргызда карысы берип батасын,төрдө отурчу эле калыс сөзүн сүйлөп, жаштары эл жерине кызмат кылчу эле ууру- душмандан коргоп.Ханы болчу эле жанынан да,канынан да,бала-бакырасынан да ,Эл кызыкчылыгын жогору койгон. Биз КИМ болуп калганбыз ??? .Ма....Ай....Ку...Ман.....Жо............................................... ишенбейм !!!!

кимден: Baptist emes birok...
25.03.2010 23:45
Baptistter emne jamandyk kyldy. 200 jyldan beri oshol baptistterdin jardamy kelip jatat batyshtan. Batysh degen bul baptist.

кимден: Роллан каяктан: Москва
25.03.2010 22:13
Урматтуу! Садыкбек Аблесов Кыргызда жакшы соз бар: "Жоо кеткенде кылычынды жерге чап" - деген убагында ишти бутурбосо анан кеч болот. Садыкбек байке!, кошомат кылбаңышчы, бийлике.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)