Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:45

Саясат

Д.Ошуракунова: Курултайга 4 максат менен катышабыз

Ушул күндөрү айрым жарандык коомдор алдыдагы бийлик жана оппозиция курултайларына бирдей катышаарын билдирип жатышат. Алардын бири - “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы. Коалициянын лидери Динара Ошуракунова “Азаттык” менен ой бөлүштү.

Динара Ошуракунова
x
Динара Ошуракунова
Текст көлөмү - +
- Азыр эки курултайга тең үмүт арткандар көп деп айтуу эртерээк кылаар. Ушул коалиция курултайларга кандай максат менен баратат?

Динара Ошуракунова: Биринчиден, директорлор кеңеши ушуну атайын талкууга алабыз деген. Ушул аптада талкуу жүргүзүп, коалициянын 15 мүчөдөн турган директор кеңеши чечимге келишти. Бардык оппозиция, же бийлик болобу, же кандайдыр бир башка саясий күчтөргө ушундай аянтча берилип атканда барып, ошол жерден элдин кызыкчылыгы үчүн адамдардын укугу жөнүндө мамлекеттин да, коомдун да көңүлүн дайыма буруп туруш керек деп атабыз.

- Коалициянын максаты эмне?

Динара Ошуракунова: Курултайга төрт максат менен катышабыз. Биринчиден, Конституцияга киргизилип аткан өзгөрүүлөр, экинчиси, УТРКнын жумушу боюнча, үчүнчүдөн, журналисттердин, жарандык активисттердин коосуздугу жана албетте тарифтер маселесин көтөрөбүз.

- Тариф маселеси азыр коомчулуктун бүйүрүн кызыткан талылуу маселе болуп турат. Муну сиздер да диалогдор аркылуу далилдеп атасыздар. Жакында “220 кыймылы” кол топтой баштады. Бул коомчулук каалагандай кандайдыр бир жыйынтыктарга жеткире алабы?

Динара Ошуракунова: Мен ойлойм, эгерде элдер өзүнүн укугун билип, ошону коргой баштаса, анда бийлик иш жасап, көргөзүш керек. Эгерде биз ушинтип отура берсек, албетте башка иш-чаралар жүрбөйт. Ошондуктан элдер өз укугун билип, коргоп туруш керек.

Мына, Нарында митингдер өтүп атат, таластыктар айтып атат, негизи элдин баары нааразы. Бирок курултайга үмүттөнүп, ошон үчүн чыкпай атышат. Алар курултайга делегаттар барып, ошол маселени көтөрүп, анан президент болобу, бийлик болобу, чогулуп маселени чечип берет деп ойлоп атат.

- Азыркы учурда оппозициядагы элдин көйгөйлөрү деп төрт маселени көтөрүп жаткан экен. Ошол маселелерди Ынтымак курултайына сунуш кылабыз деп билдирип жатышат. Бийликке оппозициянын үнү жетеби, кандайдыр бир жооп болушу мүмкүнбү?

Динара Ошуракунова: Оппозиция Ынтымак курултайына катышпайбыз деп айтты. Бирок алар өзүнүн талаптарын ошол курултайга башка делегаттар мененби, же ооз эки болобу, Ынтымак курултайынын делегаттарына кайрылуу жасашы керек.

- Мисалы, жарандык коомдор ошондой билдирүүлөр менен чыгышы мүмкүнбү?

Динара Ошуракунова: Албетте. Анткени оппозиция көтөрүп аткан маселелер бүт эле коомдун маселеси болуп атпайбы. Ошондуктан жарандык коомдун өкүлдөрү сөзсүз ал суроолорду көтөрөт.

- Маегиңизге чоң рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бакыт каяктан: Москва
07.03.2010 09:02
Динара, бийликтин курултайына катышуу тууралуу чечиминер силердин саясий ан сезиминердин жетише электигинен кабар берет.
Алигече козунор жете элекпи? Кыргызстандын саясий сахнасындагы оюнчулардын он, терс каармандарынын чыныгы жузу ачылып, элге маалым болмоюнча, болуп жаткан трагедиялык комедия аягына чыкпайт. Бул ахвалда жол коргозчу силер минтип саясий сокурлуктун улгусун коргозуп жатсанар, калган карапайым эл кантет?

кимден: Adyl каяктан: Naryn
05.03.2010 22:32
Эң сонун! Динара, туура баарын айттың, НПОлор оппозиция менен да, бийлик менен тең, калыс түрдө болушу керек!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)