Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 13:53

Маданият

Нурбек Эген: Кыргыздын жүрөгүндөгү Манасты тарттым

Кинорежиссер Нурбек Эген кыргыз элине “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмасын тартуулаганы турат. Фильм Ата Мекен идеясын көтөрүп, бүдөмүк абалдан чарчаган кыргыз калкынын нагыз жол башчысын, Манастын кайра жаралышын күткөнүн сүрөттөйт.

Нурбек Эген "Азаттыктын" студиясында
Текст көлөмү - +
Шайырбек Эркин уулу: - Нурбек, “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмаңыздын “Манастын балдары” деген аталыштагы эл аралык варианты буга чейин эле даяр болгонун мурда айткан элеңиз. Азыр кыргыз элине сунуштаганы турган бул тасманын биринчисинен кандай айырмачылыгы, өзгөчөлүктөрү бар?
"Манастын төрөлүшүн утурлап" тасмасын тартуу учурунан

Нурбек Эген: - Бул жерде бир тактап коё турган нерсе бар. Туура, башында эле тасма “Манастын төрөлүшүн утурлап” деп тартыла баштаган. Анан монтаждап баштаганда эле кыйынчылыктарга кабылдык. Бир эле окуяны айтсам, мен бул тасманы монтаждап жаткан абройлуу эле бир компанияда үч-төрт ай өтүп, монтаж бүтөйүн деп калганда бүт бардык материалдар жоголуп кетти. Бул аябай ойго салды, Манастын касиети жөнүндө көп нерселерди уккам, ошондой окуялардын бириби деген ой да келбей койгон жок. Ошондой кыйынчылыктар улана бергендиктен фильмдин атын өзгөртсөкпү, Манас атабыздын атын көтөрө албайт окшойт, башка жеңилирээк эле атка которсокпу деген ойдо болдук.

Ошентип анан эл аралык вариантын “Манастын балдары” деп өзгөрттүк. Бирок атын алмаштырганда андан да кыйын болуп, дегеле бул фильмдин аягына чыгышына көз жетпей калды. Анан кайра “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген мурдагы атына көчтүк. Ошондон кийин гана жаңы дем келип, жаңы толкун менен ишибиз жүрүп, мына эми 30-августта Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында бет ачаарын өткөрүп, 31-августтан тарта "Октябрь" кинотеатрында элге сунуштаганы турабыз. Андан ары тасманы көрсөтүү Ош шаарында уланат. Тасманын азыркы эл аралык түрүнө чет элде кабыл ала турган маалыматтар, түшүнө турган ойлор, каармандар гана кирди. Мен топтогон калган материалдар бул фильмдин Кыргызстан үчүн даярдалчу алты сааттык кийинки түрүнө кирет.

Анан мага “Манастын ролун ким ойноду, Коңурбайдын ролун ким ойноду?” – деген суроолорду аябай көп беришет. “Мен Чубактын ролун ойномокмун, мен ага аябай окшошмун", "Мен Сейтектин ролун ойношум керек” деп кайрылгандар канча. Айрым аттуу-баштуу эле адамдар ушундай суроолорду бергенине таң калам. Себеби мына эки жылдан бери маалымат каражаттары аркылуу бул көркөм эмес, даректүү тасма экенин, Манас баатыр жөнүндө эмес, кыргыз коомчулугунун жүрөгүндөгү Манас жөнүндөгү тасма экенин айтып келатабыз. Мен кыргыздардын жүрөгүндөгү Манас тууралуу тасма тарттым. Бул тасма кыргыздын тарыхын чагылдырат. Манас деген биз жашап аткан жердеги мейкиндикти, түндүк менен түштүктү, чыгыш менен батышты, асман менен жерди бириктирип турган борбор деп айтса болот. Манас - бул аябай чоң түшүнүк. Бул кинодо Угуз хандан баштап бүгүнкү күнгө чейинки кыргыздын тарыхын учкай айтып кеткенге аракет кылдым. 
Тасмадан бир көрүнүш

Шайырбек Эркин уулу: - Тасма тартылып бүтүп калганда Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда чоң-чоң өзгөрүүлөр болуп кетти. Маселен, 7-апрелде бийлик алмашып кетти, андан кийин өлкө түштүгүндө кайгылуу окуялар болду. Тасмага ушул окуяларды камтый алдыңызбы?

Нурбек Эген: - Тасма бүтүп калганына карабай, бул окуяларды үстүртөн болсо да чагылдырганга аракет кылдык. 7-апрелдеги Бишкектеги жана Оштогу июнь айындагы окуялардан бир аз кадрлар кошулду.

Шайырбек Эркин уулу: - Ошол 7-апрелдеги окуядан кийин атайын Минскиге барып, азыр ошол жакта жашап жаткан мурдагы президент Курманбек Бакиевди да тасмага тартканыңызды уккан элек. Мурдагы президент Бакиев да кирдиби бул тасмага ?

Нурбек Эген: - Мен ал кишиге тарых үчүн жолугуп, маектештим. Курманбек Бакиев эле эмес, ушул сыяктуу мен үчүн кызык болгон кишилерден интервью алып койгонго аракет кылам дайыма. Бул материалдар кайсы киного кирээри, качан чыгаары азырынча белгисиз. А азыркы тасмага Курманбек Бакиев кирбейт, андай ой башында эле жок болчу.

Шайырбек Эркин уулу: -Тасманын эл аралык варианты буга чейин кайсы бир жерлерде көрсөтүлдүбү?

Нурбек Эген: - Азырынча киночулардын арасында гана көрсөтүлдү. Француз, немис киночулары, анан Орусиядагы кесиптештерим көрдү. Эл аралык коомчулукка алып чыгуудан мурда биринчи кыргыз элим көрсүн деген максатта элге көрсөтүүнү алгач Бишкектен баштасакпы деп турабыз.
Тасмадан бир көрүнүш

Шайырбек Эркин уулу: - Бул тасманы тартып баштаганда анын “Манастын төрөлүшүн утурлап” деп аталышын кыргыз эли дайыма кыйынчылыкка, кыйын күндөргө кабылганда ошол туңгуюктан алып чыгып кетчү Манастай инсандын келишин күтүп келгени менен байланыштырдыңыз эле. Кыргыз коомчулугунда акыркы убакта, өзгөчө өлкө кыйын абалга туш келип калган азыркыдай шартта ошол сиз көтөргөн идеяга үндөш пикирлер көбүрөөк айтыла баштады, “бизге азыр дагы бир Манас керек, же Манастай инсан гана бизди азыркыдай кыйын абалдан чыгарып кете алат” дегендей... Сиз болсо биз менен буга чейин болгон маегиңизде андай инсандын келишине ириде кыргыз коомчулугу өзү даяр болушу керек деген пикирди айттыңыз эле. Андан бери бир жылдай убакыт өтүп кетти. Коомчулукта ошол сиз ойлогон нерсеге даярдык байкалабы?

Нурбек Эген: - Арийне, кыргыз коомчулугунда аябай чоң өсүш болуп жатат. Бирок көпчүлүгү азыркынын, же келечектин Манасын сыйкырчы катары көрөт, Манас келсе эле бардыгы өз ордуна келет, жашоо жакшырат дегендей. Ал үчүн коом ошого даяр болуш керек. Адегенде эл өзү оңолуш керек, ар бир адам оңолуш керек, ошону түшүнө билиш керек. Коомдо чаржайыт идеология болбош керек. Манас – бул менимче, тарых менен келечекти бириктирип турган, Манастын өзүндө айтылгандай жакшы менен жаманды топтоп турган чоң күч. Манас төрөлүш үчүн дагы бир аз убакыт бар деп эсептейм. Менин оюмча, азыркыдай абал дагы өөрчүйт, Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө. Анан биздин жаңы Манасыбыз туңгуюктан кыргыз элин эле алып чыгабы, же дүйнө элин алып чыгабы, бул дагы келечектин маселеси.

Шайырбек Эркин уулу: - Сиз буга чейин тасмага 10 чакты каарман тартылганын айтып, бирок алардын ким экенин сыр кылып келдиңиз эле, алардын сиз козгогон идея менен кандайдыр бир байланышы болсо керек, балким азыркынын Манасы ошол каармандарыңыздын арасынан чыгаар?
Тасманы тартуу учурунан

Нурбек Эген: - Фильмди ошондой максатта баштаганбыз. Мен тандаган ар бир каарман Манас эпосундагы каармандарга кандайдыр бир окшоштугу болсо деп ойлогом. Келечектин Манасы азыр эл тааныбаган, эл маани бербеген инсан деген сезим менен чыктым эле. Ар бир тандалган каарман "Манастагы" айтылган, сүрөттөлгөн каармандардын бирине окшош. Бирок бул тасманы көргөндөн кийин айрымдар “ушундай да каармандарды” тандайбы деп күлүшү мүмкүн. Албетте, ар кимдин ою ар башка. Менимче, бул тасманы беш-он жылдан кийин көрсө балким таптакыр башка таасир, башка пикирлер пайда болот. Мен тандаган каармандар Манас болобу, болбойбу бул убакыттын иши, аны мезгил көрсөтөт. Бул фильмге манасчы, чек арачы жоокер, комузчу, жазуучу, ишкер, сыртта жүргөн мандикер (гастарбайтер), студент, кыргыздын бир келини каарман катары тандалып алынган. Тасманын эл аралык түрүнө кирген каармандар ушулар, кирбей калганы мындан да көп.

Шайырбек Эркин уулу: - Тасма тартылып бүткөндөн кийинки таасирлер кандай болуп жатат, максатына жетти деп ойлойсузбу?

Нурбек Эген: - Фильмдин азыркы эл аралык бул түрүн караганда, башында койгон максат аткарылбай калды деген тыянак чыгышы мүмкүн. Анткени чет элдиктердин көбү кыргыздын ким экенин, Манастын ким экенин биле бербейт. Ошондуктан бул тасма кыргыз элин дүйнөгө таанытуу максатын көздөйт. Бирок эми кыргыз эли үчүн тасманын толук вариантын, алты саат убакытты камтыган сегиз сериялуу бөлүгүн бүтүрүү аракетин жасайм. Себеби бул тасма кыргыз эли үчүн, айрыкча кыргыз жаштары үчүн тартылды.


Шайырбек Эркин уулу: - Фильмде азыркы кыргыз коомчулугундагы талылуу маселелерди козгогон, эл арасында карама-каршы пикирлерди пайда кылчу жагдайлар барбы?

Нурбек Эген: - Андай учурлар бар. Маселен ислам дини жана кыргыздар. Мага бул тасмада теңирчиликке басым жасапсың дегендер да болуп жатат. Менимче, биздин өлкөдөгү, Борбор Азиядагы ислам менен бул диндин мекени болгон араб өлкөлөрүндөгү ислам менен байланышы аз эле. Биздин ислам - бизге ыңгайлаштырылган ислам. А теңирчилик бул дин эмес, бул -дүйнө тааным. Жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү, бул биздин тарыхыбыз. Кинодо исламдын келиши, теңирчил кыргыздар тууралуу да сөз болгон. Дагы бир сөз, Манас мусулман болгон деп жүрөбүз. А Саякбай атабыздын вариантында ислам жөнүндө бир да сөз жок. Сагынбай атабыздын вариантында болсо ислам кошулган. А Манастын жаралышы исламга чейин болгон, ошондуктан Манас мусулман болгон-болбогону да талаш маселе.

Ислам кыргыздарга 9-10-кылымдарда арабдар тарабынан таңууланган дин. Канткен менен бул дагы биздин тарых. Ислам таңууланганын дагы бир далили - бир дагы кыргыз ыр-күүлөрүндө арабча кайрыктар жок. А ыр-күү элдин ички дүйнөсүнүн күзгүсү. Азыр деле биздин элде ошол теңирчилик дүйнө таанымынан калган, ислам менен айкалышкан көп үрп-адаттар бар. Арабдарда, "Куранда" андай нерселер жок. Ошол үчүн бул кино элге сунушталгандан кийин ушул маселеде аябай көп, кызуу талаш-тартыштар болоорун сезип турам...


Нурбек Эген 1975-жылы Ноокат районунда төрөлгөн. 1999-жылы Москвадагы кино институтун (ВГИК) аяктаган кинорежиссер "Аталар керээзи" аттуу алгачкы көркөм тасмасы менен кыргыз журтуна жакшы таанылып калды. Ага чейинки кыска метраждуу фильмдери да бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Нурбек Эген тарткан телесериалдар Орусиянын телеканалдарынан да көрсөтүлүп келет.





Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Алымкул каяктан: Орусия
23.09.2010 21:36
Эй, бул кыргыздарды озум кыргыз болуп туруп тушунбой кетем кээде. Чынын айтканда Нурбек мырза американы деле ачкан жок бул интервьюсу менен (кинону мен коро элекмин), бирок болгонду болгондой айтып койгонуна мусулманмын деген кыргыздардын ушунчалык жини келгенине аябай тангалып атам. Эмне, Ислам дини кыргыздардын маданиятын, илимин, тарыхын зордук менен бурмалантканы жалганбы же сырбы же бул жонундо айпаш керекпи? Азыркы бизде арабдардын кийимин кийип сакалын остуруп ислам динине угуттоп жургондор кыйратып бир чон ийгиликтерге жетишип ата мекенге пайда алып келип жатабы? Менин айтайын дегеним, динчилер менен саясатчылар - эл бузарлар! Ар кимдин кудайы, ар кимдин оз журогундо, кудай менен кишинин ортосунда ортомчунун эч кимге кереги жок. Ислам эле эмес, динмин дегендин баары бул ошол ортомчулук деп эсептейм. Нурбек иничектин айткандарын колдоп, чон ийгиликтерди каалап, кинонусун орусиядан кутобуз!

кимден: Тамыраа каяктан: Баткен
20.09.2010 22:38
Маскөөдөгү кыргызга,

Кыргыз тилинде илгертен эле калыптанып калган нукура сөздөрү бар. Сиз күчкө салып Аллах дебесеңиз деле КЫРГЫЗдын өзүнүн Алла-Таала дегн сөзү бар. Харам эмес эле арам, халал эмес эле адал, алал, илхом эмес эле-эргүү деген кыргыз тилинин адабий нормасына ылайык келген сөздөрдү айтуу керек. Нурбек Эгенге окшогон интеллигент режисерлор ылайым эле көп болуп, КЫРГЫЗДАР КӨКӨ ТЕҢИР деген дүйнө таанымына кайтышын каалайм. Сакалчандар, селдечендер, жалкоолор, арап-параптар, хижап-пижаптар АК КАЛПАК, ЭЛЕЧЕКтен айланып садага болбой, өпкө жүрөгүн какпай өз өлкөсүнөн чыкпай эле коюшун каалайм.

кимден: кыргыз каяктан: москва
19.09.2010 20:54
Ассалом Алекум Нурбек мырза. Талантыныз бар экен Кудайга шугур дениз, Кудай бул - АЛЛАХ. А КУРАН - бул Кудайдын сзу. Ошол АЛЛАХ сизге ушунча талантты, ушунча шыкты берди Алхамдулиллах. Ошон учун гана сиз КУРАНды "Манаска" тенегениниз туура эмес болуп калды. Туура "Манас" дуйнодо эн узун чыгарма, кыргызыбыздын журогу, "душасы" дегендей, бирок КУРАНдай ыйыктыкты эч бир жан, эч бир эл же киши жаратаалбайт. Же кудуретиниз жетсе кана жаратып корунузчу... Же дуйно элин танкалтырган нерсени да танасызбы: Майкл Харттын китеби бар "100 великих людей мира", мына ошол китепте адам баласы жаралгандан бери 100 мыкты кишинин аты тандалган. Ошол изилдоо боюнча Мухаммад (С.А.В.) - АЛЛАХдын элчиси биринчи орунда турат, 2 - Исаак Ньютон,, анан гана 3 орунда Иисус Христос (мир ему). 4 - Будда, .... А Майкл Харт озу мусулман эмес, ал рейтингди компьютр корсоткон, биринчисинде ишене алган жок алар оз коздоруно, 3-4 жолу компьютерге салышты эле кайра кайра эле 1 местага Мухаммад алейхи салам чыгып жатты. Ал Кудайдын элчиси, а КУРАН - Кудайдын созу, Сизге окшогон интеллигенциянын айынан Нурбек мырза кыргыз эли АЛЛАХды унутуп салдык, КУРАНды тааныгыбыз келбегендиктен бир элдин камын коротурган падышага туш келбей элибиз тентип кетти. Же жалганбы... АЛЛАХды унуткандыгыбыз учун ар кандай балакеттерге кабылып жатабыз кыргыз-озбек урушуна окшогон , же бу да жалганбы... Бул нерселер баардыгы АЛЛАХдын амири менен болот. Ошол сиз ойлоп чыгарган МАНАСты да АЛЛАХ берет бизге, эгер чыныгы элибиз каалап АЛЛАХга ыйман келтирсек, сурансак. Ошол биз туу туткан МАНАСыбызды да бизге АЛЛАХ ТААЛАМ берген. Ээсинизге тутуп коюнуз кыргыздын мыкты журт башылары, кара кылды как жарган, адилет бий, датка, хандары оздорун таза, пакиза алып журушкон, беш убак намазын окуп КУРАНды журогундо сактап журушкон ал Улуу инсандар. Ошол эле Акаевге, Бакиевге, ийгиликтерди АЛЛАХ ыроологон, а тигилер АЛЛАХды унутканы учун эмне болушту акыры... Ошол эле атагы алыска жеткен Чынгыз абабызга да улуулукту, талантты бир гана АЛЛАХ берген. Адашпаныз Нурбек агай, Сиздин ийгилигиниз да бир АЛЛАХдын колунда. Путин да бийликке жаны келгенде Россияда КУРАНДЫН копиясын алтындын эн жогорку пробасынан кылышкан, балким ошондон кийин Путиндин суру кучоп Россия дуйнону титиреткен денгеелге жеттиби бир АЛЛАХ билет аны. СУБХАНАЛЛАХ ишинизге ийгилик каалайм, Сизда АЛЛАХдын амири менен кыргыз киноискусствосун дуйнолук денгээлге чыгаруунузга мен чын дилимден тилектешмин, АЛЛАХ АКБАР.

кимден: кыргыз бала
15.09.2010 09:19
Эсимде Союз кулаганда мен осупурум болуп Колдун бир шаарында чонойгом. Орустардын таасириби айтор кичинесинен карысына чейин ичкилик ичишчи эле. Биз дагы топ топ болуп балдар бандиттерге болунуп, ичкиликке берилип, мушташып, дегеле бизде терс корунуш коп болчу. Ичкилик ичкен адамдын жашоосу –бул «розовые очки», козуно коп нерсе корунбойт арактан башка. 2000чи жыл. Ислам дини элдин арасында сине баштады. Балдар кызыгып мечиттерге барып, намаз окуп онолушту. Баягы тартипсиздик жоголду. Азыр арак ичкен киши аз, ичкендер болсо да коншу айылдардан келген анча-мынча адам ичет. Бири бирине Ассалам Алейкум деп учурашат. Кобу ишкер, турмушу жакшы журуп, онолуп атышат акырындык менен. Эгер баягыдай болсо элестете албайм. Туура айтат бул жерде, биз кыргызбыз. Ишенич, дин болуш керек анпесе мал болуп калабыз. Адам менен айбанды УЯТ деген эле тушунук айырмалайт. Эсинердеби 90чу жылдан бери биз демократия куруп келе жатабыз? Демократия –бул маданият. Образ жизни. Эгер бироо бетин жаап, денесин жамынып журсо –анда ал ошол образды тандап алды. Аны тушунуп, анын выборун сыйлаш керек анткени анын жанында кыска миниюбка кийген башка кыз турат. Биз 21 кылымда жашайбыз. Кее бироолор «биз 21 кылымда жашайбыз, азыр бетти жаап кереги жок» деп атышат. Мисалы жакында Россия кинотеатрна суйлошкон кызым экообуз Пираньи деген тасманы коргону бардык. Аны коруп отуруп Рахат Алиевдин китеби оюма келди. Эротический сценалар, разврат дегенди даана коргозушуптур продюсерлер. Залда толгон токой жаш балдар, кыздар, 14-15 жаштагы оспурумдор... Илгери до 16 и старше дечу эле..
Ислам бул арабдардын дини, бизге ылайыктуу эмес дегендерге айтаар элем. Эмнеге анда батыштын ак тустуу эли ошол эле чолдо жашап жургон элди «избранный богом народ» деп алардын динин озуно ылайыкташтырып алды? Откондо бироо менен суйлошуп отуруп менда сурадым арабдарын динин кобу азыр жаман корот, алар илгери бир дуйнолук цивилизацияга салым кошуптур, андан бери коп байкалбайт, батыш болсо онугуп кетти десем, «кайдан билесин балким кудай аларды деле сюйот? Чолдо жашаган элге нефтти берген да кудай. Ошолордун нефтисин алып эле батыш онугуп атпайбы. Ал жок болсо эмне болот эле? Батышта деле дин неактуальный азыр. Церковко барган адам ото эле аз, анын устуно скептиктер кобойуудо деди.
Ал эми Эген творческий адам. Озунун коз карашы бар. Аны да сыйлашабыз керек.

кимден: Kara Balta каяктан: China
15.09.2010 07:28
Менин оюм бул кино Нурбеке окшогон дилетандардын киносу, дегеним биринчи киносун деле коргонбуз колдукторду алкаш кылып тойдо мушташтырып ит акмакыбызды чыгарганы и колдуктор эч качан уйлонбогон жигитке сандык камдачу эмес балким ноокатта ошондой го ,Аты затына жарашбаган,Кыргыздын, Манастын атын булгап, анан жада калса Манасты утурлап деп идеа тупкулугу жок,даректуу дейсин дареги жок фильм,жалан комерчиский фильмдеди тартып журушуп ойду тоону чапчыганында.Ошончолук кино тартабыз десенер , келгиле ортого салып Эл алдына тушуп кенешпейсинерби,анан Москвада жатып алып эле ойунарга тушунорго Манастын келишин тим эле укмуш кылбай.Озубуздогу Оскар болбосо дагы башкасына чыкчу мыкты таланттар коп Семетей,Сыргака окшогондор четтен эле чыгат,так что Нурбек мырза жон бекер бизди опузалаба мусульман эмесинер деп, силер Эл аралап издеп аракет жасагыла да анан озунордун ойунардагы тушторду жорубай,Манас менен ойнобогула,Манас деп ураан чакыргыла мына ошондо болот Манас!!!

кимден: Кыргыз аялы каяктан: Кыргызстан
14.09.2010 13:41
Ооба, силер мусулмансынар, бирок андан мурун силер КЫРГЫЗСЫНАР!!! Манастын духу, руху бизде куч экенин сонку окуялар корсотту.
Биз араб элдериндей болуп эч качан басмырланып жашаган эмеспиз. Биз эркинбиз, биздин дуйно таанымыбыз кенен, биз эрктуу, кучтуу элбиз. Батыштын идеологиясы деп коесунар, а бирок ошол эле кезде кытай, араб олколорунун, Туркиянын идеологиясы да силердин жан дуйнонор учун курошуп жатканын сезбей элесинерби.
Ооба, биз исламды озубузго ылайыктайбыз, кыргыздар ар бир агым менен кошо кетпей аны озуно ыкташтырып, озун ага ыкташтырып жургону учун гана кылымдарга аман калды.
Ошондуктан мини юбка кийиген кыз менен хижжаб кийген кыздын эч айрымасы жок, себеби алар ойлонбой туруп эле кандайдыр бир идеологиянын КУРМАНДЫКТАРЫ болуп калды.
КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИ КЫРГЫЗ БОЛГУЛАЧЫ, АЙЛАНАЙЫНДАР!!!!

кимден: Жодар каяктан: Алматы
14.09.2010 01:46
Диндин чапанын жамынып Нурбек агабызды жамандап жаткандарга кайрылгым келет, Нурбек агабыз айтып жатпайбы Арабиядагы Ислам менен Орто Азиядагы Ислам айырмасын. Мына ошол Арабиядагы исламдын окулдору силерсинер, онугууну жек коросунор, 9- кылымдын кийимин кийип, короонордогу дараткананы уйунорго алып коюну ойлобойсунар,артта калгандык жана карангылык, ийгиликти короалбастык силердин озгочолугунор. Ал эмесе Ренесанстын башталышы болсо Орто Азиядагы Ислам болгон, ал болсо онугууну коздогон Ибн-Сина, Фараби, Улугбек сыяктуу окумуштууларды берген. Ал эми айткылачы акыркы жуз жылда Арап олколору кайсы окумуштууну берди, кайсы режиссерду берди? Силер ишенген Ислам Пайгамбарыбыздын исламы эмес, кийин бурмаланган Арап Фундаментализм Исламы. Ошондуктан ийгиликти силерге жакса да жакбаса да баалай алганды билгиле. Оорундуу критика кылгыла. Сизге Нурбек аке ийгилик каалайм!

кимден: kyrgyz каяктан: kg
30.08.2010 15:43
filmdi korbodum. buyursa korup chygyp toluk pikirimi aytarmin. birok islam dini boyuncha soz kepke jyldyzbekke koshulam. kyrgyzdar sogushpastan kabyl algan din islam dini. sebebi taza tushunukko en tuura kelgen din.

кимден: Алмаз каяктан: Ош
30.08.2010 12:00
Бул даектуу фильмди тарткан режиссер бул озунун фонтазиясы менен ааламдрган бакшыларга окшоп калыптыр. Менин ойумча бул Манас деген баатыр болушу мумкун, бирок мынчалык силер апыртып мактагыдай болгон эмес. Ал эми Ислам дини боюнча Манас айткандарды карасак. булар айтып жатат "бизге аяан келет анан биз ошону айта беребиз" деп, бул деген ошол адамга жин кирген дегенди тушундурот себеби кудайга ишенбеген такыбасыз адамдардын ичинде жин болушу мумукун, а Ислам дининде пайганбарлардан башка эч кимге аян тушпойт, азыркыларга аян жиндерден келет. толук маалымат алам десенер: Almazkg@yandex.ru

кимден: Сынчы каяктан: Бишкек
30.08.2010 10:50
Нурбек ушул уылагын уят эмеспи. Укмуштай атты коюп алып, анан фильмдин ичиндегиси гана. Ашкабак го. Бул эмне сен кимди алдайын дедин. Алган акчаны актабапсың, уют Нурбек сага коммерциялык фильмдер менен иштеп журуп ушундай муноздо болуп калганыды билбейт эл. Уят Нурбек кечирим сура элден
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)