Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:44

Экономика

Өкмөт башчы буйругу: «Жокту» айтпагыла!

Өткөн жылы бюджеттин киреше бөлүгүнө 44 миллиард ашуун сом түшкөн. Ал эми чыгаша бөлүгү 63 миллиард сомду түзгөн. Бир жыл мурда бюджеттин чыгаша бөлүгү мындан 21 миллиард сомго аз болчу. Быйылкы жылдын бюджет таңкыстыгы 5 миллиард ашуун сомду түзөт.

Текст көлөмү - +
Өлкөнүн негизги экономикалык мыйзамынын аткарылышы, алдыдагы милдеттер Каржы министрлигинин өткөн жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында талкууланды.

Акча бар

Өткөн жылы социалдык секторго 14,5 миллиард сом сарпталганы, бюджетте көрсөтүлгөн каражаттардын текши баары бюджеттик мекемелерге бөлүнгөнүн Кыргызстандын Каржы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын башчысы Сайидбек Зулпуев маалымдады.

- Бюджеттин күндөлүк чыгымдоолору 55,9 миллиард сомду түздү. Бул планда белгиленгендин 98,9%. Күндөлүк чыгымдоолор өткөн жылдын ушул кезине салыштырганда 19,3 миллиард сомго көбөйдү же болбосо бул 52,5% көптүктү билдирет.

Экономикалык кризис шартында Кыргызстанда ички дүң продукттун көлөмү 2,3% көтөрүлүп, курулуш тармагындагы өнүгүү 17%, ал эми банктарга салынган депозит 17% арбыган.

Улуттук банк менен Каржы министрлиги мамыр-жумур

Жалаң миллиондор менен миллиарддаган сан эсебин ортого жайып, алардын кайда жумшалганын жарыя кылган Каржы министрлигинин коллегиясында көбүнесе ийгиликтер жаатында кеп болду. Өнүгүү, инвестиция, инновациялар борбордук агенттигинин төрага орунбасары Канат Асангулов топтолгон акчанын көбү жыл аягында каржы базарына ташталып, анын натыйжасында сомдун кунары кыйла түшүп кеткенине токтолду.

- Мунун баары декабрдын аягында болду. Мурдагы жылдарда жыл башында январда жасалчу эле. Оголе көп акча, 2,5 миллиард сом каржы базарына ыргытылды. Бул, албетте, акчанын алмашуу курсуна сөзсүз таасир тийгизмек, менимче, анын таасири тийди.

К.Асангулов Каржы министрлиги менен Улуттук банк апта сайын болбосо да, ай сайын ичара акча базарындагы ахывалды талкуулап, болжолду айтып турушу керектигин белгиледи. Мындай пикир менен макул эместигин билдирип, каржы министри М.Султанов акча-кредит саясаты эки мекеменин өз ара тыгыз кызматташуусунун аркасында туруктуу жүргүзүлүп келатканына токтолуп, өкмөт башчыга момундай сунуш менен кайрылды.

- Данияр Токтогулович, жума сайын Борбордук агенттикте жыйналып, апта сайын канча баалуу кагаз чыгарууну талкуулап отуруштун кажаты жок. Андай болсо стратегиянын ордуна эмнеге айланып каларыбызды билбейм. Ошонун баарын так айталы, так түшүндүрөлү, базарга туура эмес сигналдар түшпөсүн.

Өкмөт башчы Данияр Үсөнов быйылкы жыл бюджетинен 20 миллиард ашуун сом өнүгүүгө бөлүнүп жатканын, 500 миллион доллар акча реалдуу экономикага, кайрымжысы жогору болчу ишкердик долбоорлорго бериле тургандыгын кабарлады.

"Жокко" акча да, кызмат да жок

Бюджеттик акчаларды ишкердик долбоорлорго үстөк пайызы менен бөлүп берүү жөрөлгөсү мамлекет менен ишкердиктин өнөктөштүгү катары сыпатталып жүрөт. Ал үчүн өкмөт ири энергетикалык компаниялардан жыл аягында алынчу кирешесин айларга бөлүп Борбордук агенттиктин Өнүгүү фондуна өткөрүүнү көздөөдө.

Жыйын соңунда өкмөт башчы Д.Үсөнов “акча жок” деп айткан кызматкерди токтоосуз кызматтан алууну тапшырды.

- Себеп - жокко жок болуп кете беребиз. Жакшы тилек – жарым ырыс, дегендей, акча бар, жакшы тилек айтып, “байыйбыз, болот, жакшы, турмушубуз оңолот, казынабыз толот”, деп турсак. Адам катары бул да бизге жакшы жөлөк болот.

Өкмөт башчы Каржы министрлигинин казынасында канча акча бардыгын күн сайын ага көрсөтүп турушун, акчанын кайда жумшалганын маалында көрүп турушу керек керек экенин эскертти. Анын айтуусунда, өкмөт күндөлүк бюджеттин аткарылышы, социалдык секторго көңүл буруп, экономикалык өнүгүү стратегиясы президенттин уулу башкарган Борбордук агенттиктин милдетине кирген.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Такин каяктан: Бишкек
26.01.2010 21:13
Кыргыз чиновниктеринин баары эле чурулдап Онуктуруу фондуна т.е. Максимге акча топтоого киришкен го. Бу чиновниктер жытчыл болушат, билишет кайдан шамал согуп жатканын. Ошо жакка мурдун тосушат.
Онугуу фондуна акча издеп жатканы да ошондон болсо керек.

кимден: Marat каяктан: U S A 26.01.10.V.11-00.
26.01.2010 21:01
M.Sultanov ishke jarady, Makstyn kuirugun orduna koidu, Dusik aalasy ozuna tushup bashka temaga burup ketti. Chyndigynda brigadagylardyn muurdulary birdemeni sezip kalgango, myndan kiiin A.Keldibekov dagy ushundai kylsa, Dusik ailasyn tappai kalat, antpese Marat menen Axmat Alaiga kiralbai kalyshat, sebebi jerdeshi shinigi general Isakovtu koz koruno jalgan sottop jatyshsa.

кимден: Эсен
26.01.2010 20:48
Бири-бириңерди колдогон чогулуш болуптур.Эмне кылсын,эл аларды жеп жиберейин деп атса.М.Султановго сөз деле жок.

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия
26.01.2010 20:39
Данияр Токтогулович, канча акча бар экенин карап, билип туруштан башка жумушуңуз калган жокпу. Аты улук, супарасы курук болгон кызматты таштап эле койбойсузбу элге күлкү болбой. Сиз белгилүү ишкер адамсыз. Чындыгында премьер болушуңузду кубаттайт элем, бирок эгерде мурдагыдай ыйгарым укуктары болсо. Ал эми азыр Максимдин көзүн карап олтургандан коро оз эркиниз менен эле премьерликтен баш тартпайсызбы?!. Сиз туура кадам жасагансыз, "ЖОК" деген сөздүн өзү жок болуусу керек. Жоктун сазына баткан бийлик ээлерин жоготуу керек. Бирок ар бир адам оз оюна келгенди жасоого укуктуу. Мен КЫРГЫЗ элим бакубат, байманалуу турмушта ынтымактуу жашоосун, куттуу жерим бейпил, тынчтыкта болушун Теңирден суранамын.

кимден: немис каяктан: Германия
26.01.2010 19:40
Азаттыктын вебсайтында төмөнкү маалыматты окудум: Көбүнесе кара жумушка чегерилген кыргызстандык мигранттардан 2008-жылы 1 миллиард 300 миллион доллар акча которулган. Өткөн жылдын 11 айында кыргызстандык мигранттар 980 миллион доллар акча жөнөтүшкөнүн Орусиянын Борбордук банкы маалым кылды.
Бул маалыматтагы цифралар эмнени айтып турат? Кыргызстандын элин (элдин негизги бөлүгүн) чет өлкөдөгү кыргыз мигранттары багып атат дегенди билгизет. Ал эми ушул макалада келтирилген цифралар эмнени айтып турат? Бир жыл мурда бюджеттин чыгаша бөлүгү мындан 21 миллиард сомго аз болчу, б.а. 2009 жылы бюджеттен 21 миллиард сомго көбүрөөк чыгаша кылыптыр деп атат. Өткөн жылы социалдык секторго 14,5 миллиард сом сарпталган деп. Андан тышкары башка макалада белгилегендей Орусиядан 300 миллион доллар инвестициялар келди. Бир четинен карасаң, бул цифраларга карата жакшы ой пикирлер пайда болушу мүмкүн, өкмөт акчаны элге жакшы эле бөлүп берип, камкордук кылып атабыз дегендей. Бирок дүйнөлүк крисиз болду, анын ичинде Кыргызстанда продуктулардын баасы көп эсе өсүп, свет өчүп, эми быйыл дагы электрге, ысык сууга баалар дагы көп эсе өстү. Салыштырып айтканда, бюджеттин чыгашасы менен, элдин күнүмдүк жашосундагы продуктуга, жол киресине ж.башкага болгон расходдор келишкен жок. Баягы элдин кыйналып жашаган жашоосу уланып атат.
Ушул макалада айтылгындай, Өкмөт башчы Каржы министрлигинин казынасында канча акча бардыгын күн сайын ага көрсөтүп турушун, акчанын кайда жумшалганын маалында көрүп турушу керек керек экенин эскертти. Д.Үсөновдун бул аракети туура дейли, бюджеттеги акча кайда, канча өлчөмдө кетип аткан кыймылды көрүп туруусу зарыл дейли. Эгерде Д.Үсөнов 2010-жылы бюджетте иштегендердин айлык маянасын 2 эсеге көтөрө алса (мисалы, 5000 сом айлыкты 10000 сом кылып), анда быйылкы электр энергияга болгон тарифтердин көтөрүлүшү боюнча элдин нааразылыктары анча мынча билинбей калат эле, атүгүл элдин алдында бир аз болсо да актанган болуп калат эле. Мына ошондо, элде кичине жакшы ой пайда боло баштайт, бул өкмөт эл үчүн иштейин деп аткан го деп. Бирок, бул иш аракетти жасаганга азыркы коррупциялашкан бийлик жол бербейт. Ошон үчүн бул бийликтен жакшылыкты күтүү кур бекер кеп.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)