Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:45

Экономика

Кымбаттоолор токтобойт өңдөнөт

Өткөн айда Монополияга каршы агенттик отун-сууга баалардын жогорулашынан улам, азык-түлүк, курулуш материалдары, тейлөө кызматынын баалары өсөт деп маалымдаган. Адистер учурда кымбаттоолор башталганын, мындан ары да баалар жогорулоонун гана үстүндо болоорун айтышууда.

Текст көлөмү - +
Сексен жашка чукулдап калган Бурул апа жалгыз 2 бөлмөлүү батирде жашайт. Алган пенсиясы бир жарым миң сомдун тегерегинде. Мына ушундай өлчөмдөгү пенсия менен жашоо-тирлик өткөрүү кыйла эле кыйындап кеткенин айтат:

- Алган пенсиям жылуулук, газ жана башка үчүн төлөмдөргө эле кетип калат. Анын үстүнө алардын бааларын да көтөрүп жиберишти. Мен канчадан бери эт жей элекмин. Баалар асман чапчып атса кайдагы эт?

Жаңы жылдан тарта жылуулук, суу, электр кубатына баалардын жогорулашы сөзсүз түрдө кымбатчылыкка алып келерин адистер мурда эле айтып чыгышкан. Монополияга каршы агенттик өткөн айда тарифтердин өсүшүнө байланыштуу нан, эт жана сүт азыктары кеминде бир сомго кымбаттаарын, ошондой эле тейлөө тармагы, курулуш материалдардын баалары да өсөөрүн маалымдаган.
Алты саны аман адам өзү иштеш керек. Биз коммунизм эмес, капитализм куруп атабыз.


Айрым адистер аталган агенттик жасаган божомолдор чындыкка коошпой турганын, чын-чына келгенде баалар бир топ пайызга жогорулай турганын айтышууда. Мындай пикирге экономика боюнча эксперт Уран Абдынасыров толугу менен кошулат:

- Бул жөнөкөй гана математика. Мисалы, нан чыгарган фирма жаңы тарифтер боюнча электр кубат, суу жана башкага мурдагыдан бир канча эсе көп акча төлөй баштайт дейли. Албетте киреше алуу үчүн ал өз продукциясынын баасы көтөрөт. Же башка дагы бир жолу бар. Ал жөн гана ошол чыгарып аткан нандын салмагын азайтып, же арзан сырье сатып ала баштайт. Мунун натыйжасында нандын сапаты начарлайт. Акча агымынын көбөйүшү экономика үчүн жакшы, бирок калк үчүн албетте өтө жаман көрүнүш.

У.Абдынасыровдун айтымында, экономиканын эрежелери боюнча, электр кубаты өндүрүштөгү негизги оюнчу. Ошондуктан ага болгон баа рынокко чыгарылып аткан продукциянын арзан же кымбат болушун түздөн-түз шарттайт. Андыктан тарифтерди көтөрүүнүн ордуна өкмөт энергетика жаатындагы жоготуу, уурдоо, коррупцияны жойсо болмок, дейт адис.

Чакан дүкөн иштеткен Максуданын айтымында, жергиликтүү продукция баалары жаңы жылдан тарта көтөрүлдү:

- Арак-шарап, сүт, кондитер азыктары, айтор бардыгына эле баалар өстү. Себебин сурасаң баягы эле отун-суунун кымбатташынан улам деп айтышат. Керек болсо токочту да бир сомго кымбат сатып калдык. Айтор эң эле аз дегенде алтымыш тыйын кошулду. Мындан ары да кымбаттайт деп атышат.

Коммунизм эмес, капитализмдин жолунда

Коом пикирин изилдөөчү “Эл пикири” борбору бир нече жылдан бери калктын экономикалык, социалдык абалын иликтеп келет. Борбордун акыркы изилдөөсүнө ылайык, өткөн жылы сурамжылоого катышкандар кирешесинин элүүгө жакын пайызын салыктар менен коммуналдык төлөмдөргө жумшаган. Борбордун жетекчиси Эльвира Илибезованын айтымында, жаңы тарифтер менен эми калк андан да көп каражат жумшайт. Ал эми кымбаттоо чынжыр сымал бири-бирине байланган бир топ орчундуу проблемаларды жаратат:

- Тарифтердин жогорулашы тамак-аш жана башка керектүү нерселердин кымбатташына алып келет. Буга байланыштуу бардыгы үнөмдөөгө өтүшөт. Анткени алардын кирешеси жогорулаган жок. Өзгөчө колунда жоктор сапаты төмөн, арзан тамак-ашка качырып, азык-түлүктү азыраак ала баштайт. Мындан улам, саламаттык начарлайт. Ошондой эле билимге да үнөмдөшөт. Анын натыйжасында калктын жалпы билим деңгээли жабыркайт.

Ошентип Эльвира Илибезованын айтымында, кымбаттоолор экономикалык, социалдык, медициналык көйгөйлөрдү жаратат.
Керек болсо токочту да бир сомго кымбат сатып калдык. Айтор эң эле аз дегенде алтымыш тыйын кошулду.


Ал эми биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров отун-суунун кымбатташы мезгилдин талабы экенин, антпей коюуга өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жок болгонун айтты:

- Кымбаттоо айла жоктон жасалган иш. Албетте калкка жеңил болбойт. Биз кедей-кембагал, көрөөр-багаары жокторго, пенсионерлерге жардам беришибиз керек. Ал эми алты саны аман адам өзү иштеш керек. Биз коммунизм эмес, капитализм куруп атабыз.

Ал арада отун-суунун кымбатташынан улам жакындан бери өлкөдөгү дээрлик баардык уюлдук операторлор байланыш кызматынын баасын жогорулатышты. “Мегаком” компаниясынын өкүлү Оксана Бедаш буларды айтат:

- Мунун себеби рынокто орун алган кымбаттоолор, анын ичинен электр энергияга баанын жогорулашы болду. Биз менен иштешкен компаниялар да өз кызматынын бааларын көтөрүшкөн. Ошон үчүн ар бир чалуу үчүн алтымыш тыйын кошумча алып туруу чечими кабыл алынды.

Ошентип отун-сууга баалардын өсүшү жалпы кымбаттоого алып келди. Серепчилер мындан ары баалар жогорулоонун үстүндө гана болоорун айтышууда.

"Азаттыктын" архивинен: Кыргызстанда энергетика каатчылыгы курчуйбу?

Энергетика тармагындагы кырдаалга байланыштуу суроолорго Улуттук электр тармактар ишканасынын башчысынын орун басары Мурат Дурусалиев жооп берди.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жапар каяктан: Бишкек
11.02.2010 16:35
А.Жапаровдун созун карасан - бул барып турган илимсиздин созу! Бул адам деги адашып журобу?...

кимден: Актилек
05.02.2010 04:21
Отун энергиясына баалардын көтөрүлүшү экономиканы гана кыйратпастан. экологиябызды да тыптыйпыл кылып талкалап бүтүрөт.
Мисалы үчүн, мына мындай нерсени эске алалы. Адам баласы отко муктаж. От болбосо жашоону элестетип көрүңүз. Жылынуу үчүн, тамак аш бышыруу үчүн сөзсүз от жагыш керек. Эми, электр энергиясы пайдаланылып келсе, анын баасы асмандап анысы да мезгил мезгили менен өчүп турат. Газ, көмүр деген Кыргызстандын баардык эле жеринде жетишип кеткен жери жок. Ал эми тоолук айылдарда көмүр газды айтып деле кереги жок. Эл жабыла токойдон отун даярдап алууга мажбур. Отун запасы да түгөндү дегенге азыр толук негиз бар. Токойлорубуз дээрлик суюлуп бүткөн.
Канча жылдардан бери токой чарбалары көчөт тигип токойду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп атышканы менен натыйжа жок.
Токойлорубуз күндөн күнгө кыйылып жок болуп бара жатат. Жакынкы 5-10 жылда токойсуз калуу коркунучу бар. Токой жок болгондон кийин аны калыбына келтирүү таптакыр мүмкүн эмес. Мына ушул жагын да эске ала жүрсөк жакшы болоор эле. Экономикалык кризистен чыгуу мүмкүн, ал эми экологиялык кризистен чыгуу абдан оор иш.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)