Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:49

Экономика

А.Сарыбаев: Кыргызстан 15-20 миллион кишини багалат

Кыргызстандын экономикасынын келечегине байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жооп берди.

x
Текст көлөмү - +
- Мына бүгүн убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Түркиянын тышкы иштер министри менен 11 миллион доллар өлчөмүндөгү грантка кол койгону жатат. Жаңы Конституция кабыл алынып, Кыргызстан мыйзамдуу жолго түшкөндөн кийин айрым чет мамлекеттер убада кылган акчалай жардамдар эми келе баштайбы?

Айылчы Сарыбаев: Албетте бүгүнкү инаугурация Кыргызстандагы мыйзамдуулукту, тартипти сактоонун эң биринчи кадамы. Мындан ары жаңы президентибиз мурдагы президенттерге окшоп эки күндөн кийин калп айта баштабай улантса анда бизге сөзсүз түрдө чет өлкөлөрдөн жардам келери бышык. Себеби Кыргызстанга оң көз менен караган, боор тарткан, Кыргызстан менен иштешсем деген мамлекеттер тегерегибизде толтура. Ошолордун бардыгы сөзсүз жардам берерине мен ишенем.

- Айрым чет элдик саясатчылар Кыргызстанды экономикалык кыйроо алдында деп чыгышты. Алардын болжолдору канчалык жүйөлүү?

Айылчы Сарыбаев: Экономикалык кризисти Акаев менен Бакиев алып келген. Кыйроо алдында деген эмес, бизде кыйраган экономика бар. Ал эми Ош, Жалал-Абаддагы жаңжал биздеги болгон кыйынчылыктарды бир топ көбөйтүп койду. Эгерде өлкөдө мындан ары тартип орноп, жаңы өкмөт курамына жакшы адистер келсе жаңы президент айткан ой-тилегине жараша бизде экономикалык бир калыптуулук, андан ары өнүгүү баштала бериши толук мүмкүн.

- Кыргызстандын экономикасы кандай болот? Ушунун айланасында ой жүгүртүп көрсөңүз?

Айылчы Сарыбаев: Бүгүнкү күнгө чейин жыйырма жыл ичинде эки президенттин тең биринде да экономиканы башкарайын, өнүктүрөйүн деген ойлору болбогону белгилүү. Анын негизинде 7-апрель чатагы чыкты. Андыктан эмки өкмөт экономикалык программаны иштеп чыгыш керек. Иштеп чыккандан кийин жөн эле кагаз жүзүндө “биз ушуну кылабыз” деп мурдагыдай декорация кылып айтпастан, ошону ишке ашыруу механизмдеринин бардыгын тактап, иштеп чыгып, ошол механизмдердин талуу жерлерин ишке ашыра ала турган күчтүү адистерди алып келиш керек.

Талапты катуу мыйзам алдына коюп иштетиш керек. Мына ошонун негизинде биз кадимкидей эле эки-үч жылдын ичинде бутубузга туруп кетебиз жана андан ары бизде өнүгүү темпи тездеп кетет. Бизде экономикалык потенциал абдан чоң. Биздин элибиз 5 эле миллион. Кыргызстан 15-20 миллионго чейин кишини багууга мүмкүнчүлүгү бар. Биз жөн эле жатып, же талап-тоноп эле оокат кылып атабыз. Эгерде биз өнүгүү жолуна түшсөк бизде өнүгүү сөзсүз болот.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Айым каяктан: КГ
28.07.2010 16:10
Сарыбаев агай, ООЗУҢУЗГА МАЙ! Ошондой эле болсун, бирок ал учун ар бир жаран салымын кошуп, бизде темирдей бекем жана "тирүү" мыйзамдар иштеп башташы керек. Ошондо гана өз ырыскыбызды Кудайым өзүбүзгө буюрат.
Антпесе кечке чейин тилемчилене эле берип, Кыргызстан болбой эле Сыгаанстан болуп калбайлы.
Кантсе да мен Кыргызстандын жаркын келечегине ишенем!!!

кимден: Kanat каяктан: Tokmok
28.07.2010 04:02
Сарыбаев туура айтат( кыргызыстан обший дом) деп башка мамлекеттен дагы15 миллион киши алсак бизге боору оруган мамлекеттер акча берсе 5 миллион киши иштебей эле которулуп кетебиз,балким.

кимден: Nurik
27.07.2010 16:28
Men Aiylchy Sarybaevdin aitkandaryn tolugu menen koldoim.Kyrgyzstandyn ekpnomkalyk jaktan onugup ketuugo potensialy chong.Men BEK tin aitkandaryna koshulbaim. Kelechekke optimistuu turdo karash kerek.Men KYRGYZSTANDYN KELECHEGINE ISHENEM!

кимден: БЕК каяктан: ОЗГОН
05.07.2010 10:15
Бу макаланы: бир бар экен, бир жок экен деп баштап, аягында эконимика илимдеринин доктору алдар кесе деп бутурсо окуган кишини настроениеси бузулбайт эле. Эмне булар элди жинди деп ойлойбу? Же мне десе ишеневерет деп ойлошобу?

кимден: NURLAN
04.07.2010 15:01
siz ne dep jatasiz aldin bolgonu 5 million kalkti baksin anan 20 nillion du bagiwti oylowsun.
ne sirazu bardik nerseni joluna koyup akcalardi jeewke dayardanip jatiwat prezidentibiz. i bir kirgizstanda partiyalardin sanin azaytiw kerek i adam bolup adamga okwop iwtesin.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)